Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет53/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   49   50   51   52   53   54   55   56   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

4. Перифериялык нерв системасы. Булар өздөрүнүн өсү-
шүнө жараша баш мээнин жана жүлүндүн нервдери бо луп эки-
ге бөлүнөт. Баш мээден чыккан нервдер 12 жуп нервден турат. 
Алар өздөрүнүн аткарган кызматтарына байланыштуу сезгич
кыймылга келтирүүчү жана аралаш нервдер болуп үчкө бөлү-
нөт. 1) сезгич нервдер, аларга: көрүүчү (II), угуучу (VIII) жана 
жыт сезүүчү (I) жуп нервдер кирет. 
2) кыймылга келтирүүчү нервдерге көздү кыймылга келти-
рүүчү (III), блок түрүндөгү (IV), көздүн көргөзгүч нерви (VI), 
бет (VII), кошумча (XI) жана тилдин астындагы нервдер (XII) 
кирет. 
3) Аралаш нервдерге – үчүлүк (V) тил, кулкун (IX) жана адаш-
кан (тентиген) (Х) нервдер кирет. 
Баш мээнин сезгич нервдери ар түрдүү сезимдерди жумушчу 
органдардан нервдин импульстарынын жардамы аркасында ка-
был алат да, борборду карай жүрүп отуруп, эң акырында мээ нин 
кыртышындагы сезгич клеткаларына барып бүтөт. Ал жерден 
кабыл алынган сезимдер синапстардын (бириктиргичтердин) 
жардамы аркасында кыймылга келтирүүчү нервдерге өтөт. Кый-
мылга келтирүүчү нервдер кыртыштагы өзүнүн клеткаларынан 
башталат да, төмөн (сыртты) карай жүрүп отуруп, булчуңдарга 
келип бүтүп, кабыл алынган сезимдерге жооп кайтарат. Ал эми 
аралаш нервдер болсо сезгич жана кыймылга келти рүүчү нерв-
дерден турат. Баш мээнин нервдери баштын сөөктөрүнө, тиш-
терге, шилекей бездерге, ооздун, тилдин, кулкундун былжыр чел 
кабыктарына, териге жана беттин, жаактын, чыкыйдын, моюн-
дун булчундарына тарайт. Жүлүн мээден чыккан 31 жуп нервдер 
скелеттин булчуңдарына жана ички органдарга тарайт. 


- 124 -
Баш мээ (сагиталдык кесилиши).
1-сүйрү мээ; 2-төртүнчүлүк карынча; 3-көпүрө мээ; 4-каракуш мээ; 
5-ортоңку мээнин жогорку пластинкасы; 6-мээнин суу өткөргүчү; 7-мээ 
бутакчалары; 8-үрпүчөлүү денече; 9-гипофиз; 10-көрүү сезиминин 
кайчылаш бөлүгү; 11-таламус; 12-мозоль телосу; 13мээнин төбөсү; 
14-майдай; 15-төбө; 16-желке;




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   49   50   51   52   53   54   55   56   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет