Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет49/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   45   46   47   48   49   50   51   52   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 117 -
НЕРВ СИСТЕМАСЫ 
План:
1. Нерв системасы
2. Рефлектордук жаанын түзүлүшү
3. Борбордук нерв системасы
а) Баш мээнин түзүлүшү
б) Жүлүн мээсинин түзүлүшү
4. Перифериялык нерв системасы
Жайланышы боюнча нерв системасы борбордук жана перифе-
риалык болуп бөлүнөт. Нерв системасынын борбордук бөлүгүнө 
жүлүн жана баш мээ, перифериялыкка болсо – бардык ткандар-
га жана органдарга таралган, жүлүн жана баш мээден чыккан 
нервдер жана нерв түйүндөрүнө кирет.
Б
орбордук нерв системасынын пайда болушуна жана өрчүшү-
нө эки кырдаал көмөк берди. Биринчиден, организмдин өз 
алдынча кыймылдоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу аларды ата-
йын жөнгө салуу үчүн нерв аппаратын талап кылды, экинчиден, 
атайын сезүү органдары түзүлүп, бул кийинчерээк нерв систе-
масын калыптандырууга себепкер болду. Эволюция процессин-
де анын өрчүшүнүн эки негизги тенденциясы пайда болду. 
Биринчиси – дифференцияланышы, башкача айтканда, айрым 
нерв клеткаларынын иш-аракети боюнча белгилүү бир тартипте 
адистештирилиши. 
Экинчиси – концентрацияланышы, башкача айтканда, нерв 
ткандарынын дененин белгилүү участокторунда топтолушу 
жана жалпы салмагынын өсүшү. Нерв системасынын функция-
сы боюнча соматикалык жана вегатативдик деп бөлүшөт. Сома-
тикалык жөнгө салууга – таяндыргыч кыймылдаткыч аппаратты 
чырмаган нерв системасынын бир бөлүгү жана бүткүл сезүү ор-
гандары кирет, вегетативдикке – зат алмашуу процессин жана 
бүткүл ички органдардын – жүрөк, бөйрөк, өпкө, ички секреция 
бездеринин иштешин жөнгө салып турган бөлүгү кирет. Нерв 
системасынын негизги кызматы организмдин айрым бөлүктө-
рүнүн ортосундагы оптималдык өз ара катышты түзгөндүгүндө 
жана организмдин айлана-чөйрөгө жекече ыңгайланышын кам-


- 118 -
сыз кылгандыгында турат. Нерв тканынын түзүлүшү нерв систе-
масы нерв ткандарынан түзүлгөн, ал нерв клеткаларынан – ней-
рондон жана глиядан турат. Нерв системасынын негизги струк-
туралык жана функционалдык бирдиги болуп адистештирилген 
нерв клетка – нейрон эсептелет. Ал денесинен жана талчалары-
нан: бир узун – аксон жана көптөгөн кыска дендриттерден ту-
рат. Нейрондун денеси мембрана менен капталган. Ичинде бар-
дык клеткалар үчүн мүнөздүү органоиддер: ядро, митохондрия, 
гольджи аппараты, рибосома, эндоплазмалык торчо жана баш-
калар болот. 
Нейрондун негизги функциясы дүлүгүүнү кабыл алышы, аны 
кайра иштеп чыгарышы, информацияны (импульсту) бериши жана 
жооп кайтаруу реакциясын түзгөндүгү болуп эсептелет. Аткарган 
функциясы боюнча нейронду бир нече түргө ажыратышат. 
Ар бир жандуу нерсе дүлүгүү өзгөчөлүктөрү менен мүнөз-
дөлөт. Кандай гана жандуу организм болбосун, алар сырткы 
айлана-чөйрөдөн ар түрдүү дүлүгүүлөрдү кабыл алат да, алар-
га ошондой эле реакцияда жооп кайтарат. Организмде тыным-
сыз түрдө жүрүп жаткан ар түрдүү заттардын алмашуулары ор-
ганизмдин өз учурунда, ошондой эле ар түрдүү дүлүгүүлөргө 
таа сир этишинен болуп эсептелет. Организмге таасир этүүчү 
дүлүгүүлөр жана организмдин ошол дүлүгүүлөргө өз учурун-
да жооп кайтарышы нерв системаларынын жардамы аркасын-
да аткарылып турат. Себеби, нерв системалары өздөрүнүн көп 
сандаган майда тамырлары аркылуу бардык клеткаларга, ткан-
дарга тарап, аларды бири-бири менен байланыштырып, бардык 
системаларды жалпысынан бириктирип, бир бүтүн тулку бойду 
түзөт. Адамдын тулку бою көздүн, кулактын, теринин нервдери 
аркылуу сырткы айлана-чөйрө менен тыгыз байланышып турат. 
Маселен, көздүн жардамы аркасында сырткы чөйрөдөгү болуп 
жаткан ар түрдүү өзгөрүүлөрдү көрүп билип турат. Кулактын 
жардамы аркасында ар түрдүү үндөрдү, добуштарды ажыратат. 
Теринин жардамы аркасында температураны ажыратат. Ички 
чөйрөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү нерв тамырлары аркылуу 
өтүүчү дүлүгүүлөрдүн жардамы аркасында сезип турат. 
Нерв системанын анатомиялык элементи болуп нейрон эсеп-
телет. Нейрон – нерв клеткасынан, нерв клетканын майда бутак-
чалары – дендриттен, клеткадан чыккан узун нерв бутакчасы 


- 119 -
– нейритден (аксондон) жана органдарга келип бүткөн учу – ре-
цепторлордон турат. Рецептор деп, ар турдуу сезимдерди кабыл 
алуучу майда нерв тамырларынын учун айтат. Кабыл алынган 
нерв импульстары бир нейрондон экинчи нейронго синапстар 
(грекче «синапс» – бириктиргич) аркылуу өткөрүп турат. Мына 
ошентип, нервдердин дүлүгүүсү (возбуждениясы) нерв клетка-
сынын майда бутакчалары ар кылуу кабыл алынып, бир нейрон-
дон экинчи нейронго, экинчи нейрондон үчүнчү нейронго жана 
ушу сыяктуу эле бири-бирине өткөрүп турат. Буга тизенин реф-
лекси мисал боло алат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   45   46   47   48   49   50   51   52   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет