Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет51/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

3. Борбордук нерв системасы. А. Баш мээ пайда болушу 
боюнча адегенде алдыңкы, ортоңку жана арткы мээ ыйлаакчала-
ры болуп үч бөлүктөн турат. Андан кийинки өсүшүндө алдыңкы 
жана арткы мээ ыйлаакча лары өз ара экиге бөлүнүп, акырында 
мээнин беш ыйлаакчасы түзүлүп, алар сүйрү, көпүрө каракуш, 
ортоңку, аралык, алдынкы мээ болуп бөлүп. Баш мээ баш сөөгү-
нүн ичинде жатат, салмагы 1360 гр жетет. 
Арткы мээге – сүйрү мээ, көпүрө, каракуш мээлери жана 
мээнин IV карынчасы кирет. 
Сүйрү мээ – өзүнүн багыты боюнча жүлүндүн уландысы бо-
луп эсептелет да, желке сөөгүнүн ич жагында жатат. 
Сүйрү мээ өзүнүн аткарган кызматы боюнча дем алуу орган-
дарынын, жүрөктүн жумушунун жана кан тамыр системалары-
нын, шилекей бөлүп чыгаруучу бездердин, жутуу жана коргоочу, 
сактоочу рефлекстердин борбору болуп эсептелет. Жогорудагы 
айтылган борборлорго сезимдер тилден, ооздун ичиндеги был-
жыр челдерден, кулкундан, өпкөдөн, кан тамырлардан, шиле-
кей бездеринен башталган сезгич нервдердин импульстарынын 
жардамы аркасында кабыл алынып турат. Бул сезимдерди кабыл 
алуучу нервдерге тил менен кулкундун нерви, адашкан (тен-
тиме) нерв, жардамчы жана тилдин астындагы нервдер кирет. 
Ушул нервдердин борбору сүйрү мээде жатат. 
Көпүрө мээ – сүйрү мээ менен мээнин бутчаларынын орто-


- 121 -
сунда жатат. Көпүрө мээ аркылуу сезгич жана кыймылга кел-
тирүүчү нервдердин майда талчалары өтүп турат. Андан баш-
ка көпүрө мээде үч ача нерв менен угуучу нервдердин ядролору 
жатат. 
Каракуш мээ – эң орчундуу кызматты аткарат. Каракуш мээ 
булчуңдардын чыңалышын, кыймылдын координациялык жана 
тең салмактуулугун дайыма сактап, башкарып турат. 
Мээнин IV карынчасы – сүйрү, көпүрө жана каракуш мээ-
лердин ортосунда жатат. Бул карынчада мээнин суюктуктары 
бар. 
Ортоңку мээ – бул мээге мээнин эки бутчасы, ортоңку мээнин 
төрт дөмпөкчө бөлүгү жана мээнин суюктуктары өтүүчү түтүгү 
кирет. Мээнин бутчалары аркылуу акыркы мээге баруу чу сезгич 
нервдердин жана акыркы мээден чыккан кыймылга келтирүүчү 
нервдердин майда талчалары өтуп турат. Мээнин бутчаларында 
көздүн кыймылга келтирүүчү ядролору жатат. Ортоңку мээнин 
үстүнкү эки дөмпөкчөсү көрүүчү нервдердин төмөнкү (астын-
кы) борбору болуп эсептелет. Ал эми төмөнкү эки дөмпөкчө 
болсо угуучу нервдердин астынкы борбору болуп эсептелет. 
Аралык мээ – ортоңку мээ менен алдыңкы мээнин орто-
сунда жатат да, эки көргөзгүч дөмпөкчөлөрдөн жа на мээнин III 
карынчасынан турат. Көргөзгүч дөмпөкчөлөргө сезгич нервдер-
дин сырттан келуучу экинчи нейрондору, көргөзгүч жана угуучу 
нервдердин үчүнчү нейрондору келип бүтөт. Мээнин III карын-
чаларында мээнин суюктуктары бар. Ал суюктуктар ортонку 
мээнин түтүктөрү аркылуу IV карынча менен байланышып ту-
рат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет