Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет48/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   44   45   46   47   48   49   50   51   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Дененин өтө чымырканышы. Бир жолку, бирок өтө ыкчам 
булчуң жумушун аткарганда спортсмендердин денеси катуу чы-
мырканган абалга келиши мүмкүн. Мүмкүн келип чыгышына 
спортсмендин организиминин функционалдык мүмкүнчүлүгү 
аткарыла турган жумуштун ыкчамдыгы менен туура келбеген-
диги себепкер болот. Бул абал өзгөчө мелдешке күч жумшаган-
да келип чыгат. 1959-ж. жеңил атлетчилердин эл аралык тай-
машуусунда Америкалык спортсмен Б. Сот 10000 м аралыкка 
чуркоодон кандай болсо да озуп кетиш үчүн аракеттенип, ушун-
чалык күч жумшап чуркап баратып жыгылып калган жана ошол 
аралыкты чуркап өтө албаган. Анын денесинде өтө чымыркан-
ган абал пайда болгон. Дененин өтө чымырканган абалы прак-
тикалык жактан организмдин бүткүл функциясынын бүтүндөй 
өзгөрүлгөн комплекстери менен мунөздөлөт. Спортсмен чарчап, 
башы айланып, деми кыстыгып, булчуңу алсырап, өзгөчө бу-
тунун булчуңдары ооруйт, жүрөктүн жыйрылуу ритми кескин 
жогорулайт. Жүрөктүн тушу ооруксунуп кысылат. Тери жана 
былжыр чел кабыктар кубарып же көгүш тартып калат. Кандын 
артериялык басымы кескин төмөндөйт, баш мээсинин тамырла-
ры кьсылат. Ооруган учурда адам бир азга аң-сезимин жоготуп, 
жүрөктүн иш-аракетинде алсыздык пайда болот да, эстен таа-
нып калат. 
Дененин өтө чымырканышынан кутулуш үчүн күч жумшоо 
(өзгөчө мелдеште) спортсмендин организминин функционал-
дык мүмкүнчүлүгүнүн туура келишине байкоо жүргүзүү керек. 
Жетишээрлик даярдыгы жок спортсмендерди мелдешке катыш-
тырууга, алардын алдына күчү жетпеген маселе коюуга, спортс-
мендерди ооруп турган абалында стартка кое берүүгө болбойт, 
анткени өтө чымырканганда жүрөктө, бөйрөктө, өпкөдө, боор 
жана башка органдарда органикалык өзгөрүүлөр пайда болушу 
жана ал өлүм натыйжасына алып келиши мүмкүн экенин эске 
алуу керек. 
Дененин өнөкөткө айланган чымыркануусу. 
Дененин өнөкөткө айланган чымыркануу абалы узакка созул-
ган күч жумшоонун натыйжасында пайда болушу мүмкүн. Буга 


- 116 -
машыгууда жана мелдешүүдө эң эле көп күч жумшоо түрткү 
берет (эгер спортсмендин организми аларды аткарууга али даяр 
эмес болсо). дененин өнөкөткө айланган чымырканышы машы-
гуудагы жана мелдешүүдөгү күч жумшоону окуу менен туура 
эмес айкалыштырганда, б. а. күндөлүк режимдин бузулушунун 
натыйжасында келип чьгышы мүмкүн. 
Мында коп учурда жүрөк бузулат. 
Бул абалдын пайда болушун алдын алуу учун организмдин 
функционалдык мүмкүнчүлүгүнө күч келүүнүн туура келишин, 
спортсмен тарабынан жумуштун, уйкунун, эс алуунун жана туу-
ра тамактануунун режимин сактоону так көзөмөлдөш керек. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   44   45   46   47   48   49   50   51   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет