Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет58/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Көрүү анализаторуКөз татаал түзүлүшкө ээ болгон, кур-
чап турган дүйнөнү таанып билүүдө жана сырткы чөйрөнү туура 
баамдоодо маанилүү ролду ойноочу аралык анализатор. 
Көз алмасы. Көз эки бөлүктөн – көз алмасынан жана жар-


- 132 -
дамчы органдарынан турат. Көз алмасы көз чарасында жайга-
шып, алды жагында механикалык зыян келүүлөрдөн кирпик ме-
нен корголгон. Көз алмасы шар сымал формага ээ. Сыртынан ал 
бири – бирине нык жайланышкан үч чел кабык менен капталган. 
Сырткысы бекем бириктиргич ткандан турат да, ак чел же көз-
дүн кабы деп аталат. Анын арт жагында көзөнөк болот, ал аркы-
луу көрүү нервдери кетет. Көздүн кабынын алды жагы тунук бо-
лот да, айнек челге айланган. Көздүн кабынын алдында тамыр-
луу чел жатат. Аты айтып тургандай эле кан тамырларга өтө бай 
жана пигмент топтолгон. Пигменттердин болушу көздүн түсүн 
шарттап турган белгилүү бир түстү берип турат. Эгер пигмент 
жок болсо, анда көз кандын өңүнө жараша кызыл өңдүү алат. 
Айнек челдин алдында кан тамыр түстүү чел жатат, анын ор-
тосунда көзөнөк сымал карек бар. Булчуңдардын жыйрылышы 
каректин өлчөмүн өзгөртүп турат. Шакекче булчуңдар аны ки-
чирейтет, радиусунан жайланышкан булчуңдар кеңейтип турат. 
Түстүү челде канчалык пигмент көп болсо ошого жараша көздүн 
түсү бөлүнөт. Каректин кичирейип калышы жарыктын ачык бо-
лушунда пайда болот, ал эми жарык жок болгондо көздө карек 
кеңейет. Торчолуу катмардын негизги бөлүгүн таякчалар жана 
колбочкалар ээлейт. Таякчалар күүгүм мезгилдин рецепторло-
ру, алардын саны 130 млн го жетет. Колбочкалар ачык жарыкка 
гана дүүлүгөт, булардын саны 7 млн го жетет. Торчолуу аймак-
тын арткы бөлүгүндө эки бөлүк бар, сары так жана кара так. Бул 
тактар негизги нерв учтары менен байланышкан, ошол себептен 
чечекей бул каректин артында эки катар дөмпөк түзүлүшкө ээ. 
Чечекей сыртынан тунук келген байланыштыргыч ткандан тур-
ган капсула менен капталган. Килкилдек зат бул чечекейдин ара-
сында жайгашып, көз алмасынын ички бөлүгүн толтуруп турат. 
Ал тунук келген зат кан тамырларга бай келип, көзгө түшкөн 
жарыкты сындыруу жөндөмдүүлүгүнө ээ. 
Организмде температураны, б. а. жылуулукту сезүүчү 30 000 
жакын, ал эми 250 000дей муздакты сезүүчү точка бар. Ошондой 
эле 1 млн го жакын ооруну сездирүүчү точка болуп, 1 см

аянтта 
100 га жакын ооруну сезүүчү точка жайланышкан. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   54   55   56   57   58   59   60   61   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет