Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Вегетативдүү нерв системасынын оорулары жана аларды



Pdf көрінісі
бет56/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   52   53   54   55   56   57   58   59   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Вегетативдүү нерв системасынын оорулары жана аларды 
алдын алуу. 
Кээ бир кишилердин вегетативдүү нерв системасынын жөн-
гө салуусу төрөлгөндөн эле жетишсиз болуп алар ысык менен 
суукту көтөрө албайт, толкунданса тез кызарат жана кубарат
тердеп жүрөгү тез согот. 
Вегетативдүү нерв системасынын бузулуусу жугуштуу оору-
лары ооруганда мышьяк, коргошун, сымап менен өнөкөт уулан-
ганда баш тромба алганда витамин жетишсиздигинде өтө чарчап 
кайгырганда ачык байкалат. Вегетативдүү нерв системасынын 
мээдеги жана жүлүндөгү жогорку бөлүгү жабыркаганда анын 
жөнгө салуу жөндөмдүүлүгү бузулат. 
Вегетативдүү (автономиялык) нерв системасы – бул нерв сис-


- 129 -
теманын аткара турган жумушу баш мээдеги кыртыштын жетек-
төөсүнүн аркасында жүргүзүлөт. Вегетативдүү нерв системасы 
өзүнүн таралышы боюнча перифериялык нервдерге кирет. Би-
рок морфологиялык түзүлүшү жана аткарган кызматтары боюн-
ча айрымаланып турат. Вегетативдүү нервдердин өзгөчөлүктө-
рүнө төмөнкүлөр кирет; 
1. Вегетативдүү нервдер ички органдарга, кан тамырларга
ички секрет жана шилекей бездерине тарап, ар кандай сезимдер 
менен камсыз кылгандыктан, аларды (автономиялык) нерв сис-
темасы деп аташат. Ал эми кыймылга келтирүүчү нервдер болсо, 
сөөктөрдүн булчуңдарына тарайт. 
2. Кыймылга келтирүүчү нервдер жүлүн мээ менен баш мээ-
нин бардык бөлүктөрүнөн башталса, вегетативдүү нервдер ор-
тоңку, сүйрү мээден жана жүлүндөн башталат. Жүлүн мээнин 
бөлүгү өз ара көөдөн-бел жана чычаң бөлүгү болуп экиге бөлү-
нөт. 
3. Кыймылга келтирүүчү нервдер жүлүн мээнин астыңкы 
мүйүзчөсүндө жаткан өзүнүн клеткаларынан башталат да, жү-
лүндөн чыккандан кийин үзгүлтүксүз жүрүп отуруп булчуңдар-
га барып бүтөт. Ал эми вегетативдүү нервдер болсо, жүлүндүн 
каптал мүйүзчөсүндө жаткан өзүнүн клеткаларынан башталып, 
жүлүндөн чыгып, ички органдарга келгенде өздөрүнүн түйүндө-
рүндө үзүлүп, жумушчу органдарга жетпей калат. Ошондуктан 
вегетативдүү нервдин талчалары (тамырлары) түйүнгө чейинки 
жана түйүндөн кийинки нервдер болуп экиге бөлүнөт. 
Кыймылга келтирүүчү нервдер борпоң чел кабык менен кап-
талып турат. Мындай чел кабык вегетативдүү нервдерде жок бо-
лот же болсо да анча билинбейт. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   52   53   54   55   56   57   58   59   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет