Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Вегетативдүү (автономиялык) нерв синтемасы



Pdf көрінісі
бет55/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Вегетативдүү (автономиялык) нерв синтемасы. 
Вегетативдүү нерв системасынын симпатикалык бөлүгү жү-
лүн менен байланыштуу. Жүлүндө симпатикалык нервтердин 
биринчи нейрондорунун денелери жатат. Бул нейрондордун тал-
чалары жүлүндөн чыгып органга чейинки симпатикалык түйүн-
дөрдө бүтүп түйүндөр тизилип омуртка түркүгүнүн эки жагын-
да жатат. Ал эми бул түйүндөрдө органдарды нервдештирүүчү 
экинчи нейрондордун денелери болот. Вегетативдүү нерв систе-
масынын парасимпатикалык бөлүгүнүн борбору ортонку мээде, 
сүйрү мээде жана жүлүндүн ортоңку бөлүгүндө орун алган. Бул 
борборлордо парасимпатикалык нервдердин биринчи нейрондо-
рунун бутактары башталып органга чейинки парасимпатикалык 
түйүндөргө жетет. Бирок парасимпатикалык түйүндөрү өтө эле 
жакын же органдардын тереңинде жатат. Организмде симпати-
калык жана парасимпатикалык нервдер ар дайым бири-бирине 
карама-каршы кызмат аткарат. М: симпатикалык нерв талчала-
рынын таасиринен жүрөктүн согуусу ылдамдайт жана күчөйт, 
кан тамырлары тарыйт. Тескерисинче парасимпатикалык нерв 
системалары менен жүрөктүн согуусу басаңдайт. Ал эми пара-
симпатикалык нерв талчалары ичеги карындын жыйрылышын 
жайлатат. Парасимпатикалык нерв талчалары тескерисинче тез-
детет. Вегетативдүү нерв системасы өзүнүн аткарган кызматы 
боюнча өз ара симпатикалык жана парасимпатикалык нервдер 
болуп экиге бөлүнөт. Бул айтылган нервдер бири бирине ка-
рама – каршы таасир этишет. Мисалы, симпатикалык нервдер 
колколорду, жүрөктүн таажы артерияларын кеңейтсе, парасим-
патикалык нервдер тескерисинче колколорду, жүрөктүн таажы 
артерияларын жыйрылтып турат. Андан башка симпатикалык 
нервдер кол эмгегин аткаруу учурунда, суукта, ооруганда жы-
луулук энергияны көп сарп кылса, парасимпатикалык нервдер 
сарп кылынган энергиялардын өз калыбына келишине көмөкчү 
болот. 


- 128 -
Ички органдарга автономиялык нерв системасынын симпатика-
лык жана парасимпатикалык системаларынын тийгизген таасири. 
№ Органдар 
Симпатикалык 
системанын таасири
Парасимпатикалык 
системанын таасири
1
Көздүн карегинин кеңейишин
жыйрылтат
2
Жаш безинин
жыйрылышына
бездин дүүлүгүшүнө
3
Артерия
жыйрылышына
жазылышына
4
Жүрөктүн
согушун тездетет
согушун жайлантат
5
Колко
кеңейтет
жыйрылтат
6
Тамак сиңирүү 
системасы
-сфинктерди
ичегилердин иштешин 
алсыздайт
жыйрылтат
ичегилердин 
иштешин тездетет
жазылтат
8
Шилекей 
бездерин
илешчек суюктукту бөлөт суусу көп суюктукту 
бөлүүгө катышат
9
Уйку безинин 
гормондун бөлүнүшүн 
азайтат
гормондун 
бөлүнүшүн көбөйтөт
10 Боор
глюкозанын бөлүнүшүн 
көбөйтөт
глюкозанын 
бөлүнүшүн азайтат
11 Өт
жазылышын тейлейт
жыйрылышын 
тейлейт
12 Табарсык
жазылышын тейлейт
жыйрылышын 
тейлейт


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет