Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет59/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   55   56   57   58   59   60   61   62   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Көздүн түзүлүшү. Көрүү органдардын негизги аткарган кыз-
маты жарыктын дүлүгүүлөрүн кабыл алуу болуп эсептелет. Көз 
бет сөөгүндөгү көздүн чөйчөгүндө жатып, сырткы формасы 


- 133 -
шарга окшош келет. Көздүн алмасы жана жардамчы аппарат-
тары болуп, эки бөлүктөн турат. Көздүн алмасы шар түрүндө 
болгондуктан анын алдыңкы жана арткы полюстары бар. Эгерде 
көздүн полюстарын түз сызык менен кошсок, ал көздүн огу деп 
аталат. Көздүн алмасы сыртынан беш түрдүү чел кабык менен 
капталган. Көздүн алмасынын ичинде анын ички ядросу (тунук 
заттары) жатат. Аларга көздүн чечекейи, килкилдек ту нук заты 
жана көздүн тунук суюктуктары кирет. Көздүн алмасын каптап 
турган беш челге төмөнкүлөр кирет. 
1) Көздүн ак чели (склерасы) – көз алмасынын сыртынан кап-
тап турат да, коргоочу кызматты аткарат. Ак челдин өңү жумурт-
канын агына окшош болгондуктан, ал көздүн ак чели деп аталат. 
2) Айнек чел (роговица) – бул ак челдин алды тарабынан том-
поюп чыгып, өңү тунук жана тегерек келип, кол сааттын айнеги-
не окшошуп, жарыктын нурларын өткөрүп турат, 
3) Кан тамыр чели – көздүн бул чел кабыгы жумшак келип, 
тамырларга жана пигменттерге өтө бай болот. Кан тамырлуу 
челдин алдыңкы бети көздүн кареги деп аталат. 
4) Каректин өңү пигметтерге жараша: кара, курөң, жашыл же 
көк болушу ыктымал. Көздүн карегинде пигмент болбогондук-
тан кызыл болот. Себеби, анын кан тамырлары көрүнүп турат. 
Каректин калган арткы бөлүгү көздүн накта кан тамыр чел кабы-
гы деп аталат. Көздүн карегинин ортосунда теге рек тешик бар, 
аны «алтын» карек (зрачок) деп айтышат. Себеби көзгө жарык-
тын нурун жиберип карай турган болсок, «алтын» карек жыл-
тылдап көрүнөт. Ошону менен катар, эгерде жарыктын нуру көп 
берилсе алтын карек сыгылып кичирейет, тескерисинче жарык-
тын нуру аз жиберилсе кеңейип турат. Мы на ошентип, көздүн 
кареги диафрагма сыяктуу көзгө тийген жарыктын нурларын 
өткөрүп, бир калыпта сактап турат. Каректин арт жагында эки 
түрдүү булчуңдар жайланышкан. Алардын биринчиси зрачокту 
сыгуучу, экинчиси зрачокту кеңейтүүчү булчуңдар деп аталат. 
Каректин жыйрылышы жана кеңейип турушу ушул булчуңдар-
дын жыйрылышына жараша болот. 
5). Көздүн тордомо чели (сетчаткасы) – бул чел кабык көз-
дүн тунук заттарын каптап жатат. Сетчатка көзгө тийген нурлар-
ды кабыл алат. Сетчатканын алдыңкы жана арткы бөлүгү бар. 
Арт кы бөлүгү көздүн алмасынын түбү деп аталат. Сетчатканын 


- 134 -
арткы бөлүгүндө жарыкты сезүүчү таякча жана колба түрүндөгү 
көрүү клеткалары жайланышкан. Мына ушул клеткалардан кө-
рүүчү нерв башталат. Сетчатканын артында сары жана сокур так 
бар. Сары тактан сетчатка аркылуу көрүүчү нерв өтөт. Сокур так 
жарыктын нурларын кабыл албайт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   55   56   57   58   59   60   61   62   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет