- 135 -
Тунук суюктуктар – көздүн кан тамырларынан бөлүнүп чы-
гат да, алдыңкы жана арткы камераларда жатат. Алдыңкы каме-
ра айнек чел менен каректин ортосунда жатат. Арткы камера че-
чекей менен каректин ортосунда жайланышкан. Бул камерадагы
суюктуктар бири – бири менен карек аркы луу катнашып турат.
Көздүн жардамчы аппараттарына: каштар, үстүңкү жана ас-
тыңкы ирмектер, кирпиктер, көздүн
жашын иштеп чыгаруучу
бездер, көздүн булчуңдары кирет.
Угу анализатору. Кулактын түзүлүшү. Кулак жана адамдын
тең салмактуулугун сактоо органдары (аппараттары) өздөрүнүн
түзүлүшү боюнча татаал бөлуктөрдөн туруп, эки түрдүү кызмат-
ты аткарат:
1) үндүн толкундарын кабыл алуу
2) мейкиндикте дененин тең салмактуулугун сактоо.
Угуу органдары чыкый сөөгүндө жайланышып, сырткы, ор-
тоңку
жана ички кулак болуп, үч бөлүктөн турат.
Сырткы кулак. Сырткы кулакка кулактын калканы жа на анын
өткөргүчү кирет. Кулактын калканы кемирчектен туруп, сыртынан
тери менен капталып, чыкый сөөгүнүн капталында жатат. Анын
негизги аткарган кызматы, үндүн толкунда рын тосуп алып, аны ку-
лактын өткөргүчүнө өткөрүп турат. Кулактын өткөргүчүнүн баш-
талган жеринде кыска түктөр бар, алар чаңдарды тосот.
Достарыңызбен бөлісу: