Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Көздүн ички ядросу (тунук заттар)



Pdf көрінісі
бет60/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Көздүн ички ядросу (тунук заттар) – аларга жогоруда айтыл-
гандай чечекей, килкилдек тунук заты жана суюктуктар кирет.
Чечекей – өңү тунук, эки жагы томпок келген айнектей зат. 
Чечекей көзгө тийген жарыктын нурларын сындырып сетчатка-
га таратып турат. Чечекей өзүнүн байланыштары аркылуу кан 
тамырлуу челдеги кирпикче сыяктанган денечеге бекип турат. 
Чечекей жаш улгайганда тунара баштайт. Мындай учурда адам-
дар көз айнек тагынууга аргасыз болот. 
Көздүн килкилдек заты – көздүн алмасынын ичинде тордо-
мо челдин алдында, өңү тунук келген килкилдек заттан турат да, 
чечекейдин артында жатат. Андан чечекейден сынган жа рыктын 
нурлары сетчаткага өтүп турат. 
Көз алмасы сагиталдык кесилиши.
1-Карек; 2-көздүн айнек чели; 3-көз алмасынын арткы калирасы; 4-түстүү 
чел; 5-көздүн курусталиги; 6-кирпиги; 7-склера; 8-тамырлуу чел; 
9-тордомо чел; 10-айнек чел; 11-көрүү нервинин тегерекчеси; 12-кирпик 
булчуңдары; 13-коньюнктив; 14-сурманын төмөнкү кемирчеги; 15-сурманын 
кемирчегинин бездери; 16-көз алмасынын булчуңдары; 
17-көрүү нерви;


- 135 -
Тунук суюктуктар – көздүн кан тамырларынан бөлүнүп чы-
гат да, алдыңкы жана арткы камераларда жатат. Алдыңкы каме-
ра айнек чел менен каректин ортосунда жатат. Арткы камера че-
чекей менен каректин ортосунда жайланышкан. Бул камерадагы 
суюктуктар бири – бири менен карек аркы луу катнашып турат. 
Көздүн жардамчы аппараттарына: каштар, үстүңкү жана ас-
тыңкы ирмектер, кирпиктер, көздүн жашын иштеп чыгаруучу 
бездер, көздүн булчуңдары кирет. 
Угу анализатору. Кулактын түзүлүшү. Кулак жана адамдын 
тең салмактуулугун сактоо органдары (аппараттары) өздөрүнүн 
түзүлүшү боюнча татаал бөлуктөрдөн туруп, эки түрдүү кызмат-
ты аткарат:
1) үндүн толкундарын кабыл алуу
2) мейкиндикте дененин тең салмактуулугун сактоо. 
Угуу органдары чыкый сөөгүндө жайланышып, сырткы, ор-
тоңку жана ички кулак болуп, үч бөлүктөн турат. 
Сырткы кулак. Сырткы кулакка кулактын калканы жа на анын 
өткөргүчү кирет. Кулактын калканы кемирчектен туруп, сыртынан 
тери менен капталып, чыкый сөөгүнүн капталында жатат. Анын 
негизги аткарган кызматы, үндүн толкунда рын тосуп алып, аны ку-
лактын өткөргүчүнө өткөрүп турат. Кулактын өткөргүчүнүн баш-
талган жеринде кыска түктөр бар, алар чаңдарды тосот. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет