Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет24/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
Антикалык Греция философиясы 
Бул бөлүктө байыркы грек философиясынын космогониялык мүнөзү, 
атом жөнүндөгү окуусу, болмуштун идеалисттик көз карашта талдоого 
алынышы, Платондун философиялык окуусу, Аристотелдин философиясынын 
маани-маңызы, Сократ тарабынан адам болмушунун талдоого алынышы 
чагылдыруу тапты. Бул боюнча кыскача токтололу. 
Милет мектеби. Грек философиясы алгач Иониянын колонияларында 
пайда болот. Эң алгачкы философия катары Милет мектеби эсептелет. Анын 
өкүлдөрү фалес ,Анасмандр жана Анаксмен.
Фалес – грек философиясынын баштоочусу, башкача айтканда, «Милет 
мектеби» деп аталган философиянын негиздөөчүсү. Грек акылмандуулугунун 
башатындагы бул философ жөнүндө тарыхый маалыматтар аз. Болжол менен 
б.з.ч. 625-жылы төрөлүп VI кылымдын орто ченинде дүйнөдөн кайткан. Фалес 
алгачкы философ катары гана эсептелбестен алгачкы илимпоз, мамлекеттик 
ишмер. Аристотелдин окуучусу Эвдем гректердин астрономиясы менен 
математикасынын тарыхын жазып жатып Фалес жөнүндө мындай дейт: «Фалес 
өзүнүн математикалык жана астрономиялык таанып билүүлөрүн Египеттен 
өздөштүргөн». Фалестин мындай таанып билүүлөрүнүн далили болуп күндүн 


29 
тутулушу жөнүндөгү алдын ала божомолдоосу эсептелет. Ал б.з.ч. 585-жылы 
28-майда болгон. Фалес мындай кубулуштун болоорун эмпирикалык таанып 
билүүнүн жана мезгил-мезгили менен болуп турган күн тутулууну байкоонун 
негизинде айткан.
Ага төмөндөгүдөй учкул ой таандык: «Баарынан эмне кыйын? – Өзүңдү 
аңдап билүү». «Баарынан эмне жеңил? – Башкаларга кеңеш берүү». «Баарынан 
эмне жагымдуу? – Эмнени кааласаң ошого жетүү». «Баарынан мурда эмне 
чарчатат? – Текебердик». «Эмне жаман? – Тарбиясыздык». 
Анаксимандр. Фалестин окуучусу Анаксимандр (болжол менен б.з.ч. 
610-546-жж.) Милет мектебинин экинчи өкүлү. Ал алгачкы географиялык 
картаны түзгөн жана жердин үстүңкү катмары океандар менен капталып 
турарын айтат. Диоген Лаэрцийдин оюу боюнча Анаксимандр биринчи 
астрономиялык сфераны түзгөн. Анаксимандр дүйнө чексиз, көп деген идеяны 
айткан жана асмандын кыймылын түшүндүрүүгө аракет жасаган, жер чексиз 
аныкталбаган мейкиндикте турат. Апейрон – белгисиз, аныкталбаган «физис» 
(буюм, нерсе). Анаксимандр боюнча апейрондон бардык нерсе жаралат жана 
тынымсыз, түбөлүк кыймыл процессинде баары чечилет. Ал мындай дейт: «Бул 
башталыш суу да эмес, кандайдыр бир кубулуш да эмес, ал аныкталбаган 
табигый буюм, андан бардык асман телолору пайда болот жана андан дүйнө 
түзүлөт». Бул башбашталманын жаратылышы жөнүндө көп талаш-тартыш 
жүргөн. Кээ бирлердин оюу боюнча апейрон жөнөкөй гана «аралашма», андан 
ар кандай кубулуш пайда болот жана ал көптөгөн элементтердин аралашмасы 
болуп эсептелет. Кээ бир изилдөөчүлөр апейронду «аныкталбаган же сапатка ээ 
болбогон материя» дешкен. 
Анаксимен. Милет мектебинин акыркы өкүлү – Анаксимен.
Анаксимандрдын таасири анын көз карашынан ачык байкалат. Бардык 
нерселердин башталмасы катары Анаксимен абаны эсептейт. Аба – жер менен 
эфирдин ортосунда, суу менен оттун ортосундагы «ортолук». Бул – буу же 
туман, ал кээде ачык, жарык болот, кээде караңгы, жамгыр болот. Аба от болот, 
шамал – булут, суу, жер, таш болот. Коюлган, уюган аба жерди пайда кылат. 
Аба ажырап отко айланат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет