Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Неопозитивизм жана постпозитивизм



Pdf көрінісі
бет71/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   67   68   69   70   71   72   73   74   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
Неопозитивизм жана постпозитивизм 
Бул XX кылымдын белгилүү философиялык багыттарынын бири, өзүнүн 
багыты боюнча позитивизмдин идеясын улантат. Неопозитивизмдин чегинде 
логикалык позитивизм, логикалык эмпиризм, аналитикалык философия
лингвистикалык философия, 
илим философиясы турат. Классикалык позитивизмден айырмаланып, 
неопозитивизм аң 
сезимдин тилдик формаларын анализдөө илимдердин философиялык милдети 
болуп саналат деген. Философиянын предмети болуп тил эсептелет. Баарынан 


79 
мурда билимди билдирген илимдин тилин изилдөө – философиянын предмети 
болуп саналат. Неопозитивизмдин ичиндеги алгачкы негизи варианты болуп 
логикалык позитивизм эсептелет. Анын башатында Д.Э.Мур, Б.Рассел, 
Л.Витгенштейн турган. Б.Расселдин оюу боюнча «чыныгы философиялык» 
проблемалар «логикалык проблемаларга келип токтолот». Ал илимий 
билимдин логикалык структурасын анализдөөгө бардык күчүн жумшаган. 
Биринчи планга аң сезимдин мазмуну коюлбастан, тилдин эрежеси коюлат. 
Б.Расселдин ой жүгүртүүсүндө философиянын милдети – илимдин айтылышын, 
маңызын логикалык анализ кылуу жана билимди аныктоону камсыз кылуу 
эсептелет. Ошондуктан логиканын негизинде уюшулган жасалма тилге 
кайрылуу зарыл. Философия илимий билимди логикалык анализ кылууну 
негизги милдети катары карашы зарыл.
Людвиг Витгенштейн Б.Рассел сыяктуу философияны илим дебестен
илимдин тилине логикалык жактан анализ кылган ишмердүүлүк деген. 
«Чыныгы сүйлөмдөрдүн жыйындысы – толугу менен болгон илим (б.а. 
илимдердин жыйындысы). Философиянынк 
максаты – ойду логикалык жактан тактоо. Философия окуу эмес, ал ишмердик» 
- деген Л.Витгенштейн. Философия ойду ачып бериш керек, ансыз «караңгы», 
«туңгуюк» болушу мүмкүн. Л.Витгенштейндин тилдин логикалык структурасы 
дүйнөнүн логикалык структурасына окшоштурулат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   67   68   69   70   71   72   73   74   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет