Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет72/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   68   69   70   71   72   73   74   75   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Логикалык позитивизм. Б.Рассел менен Л.Витгенштейндин идеялары 
Вена ийрими тарабынан улантылган. Бул ийрим 1922-жылы Вена 
университетинин индуктивдик илимдер кафедрасынын алдында уюшулуп 
логикалык позитивизмдин идеялык жана уюштуруучулук борбору болуп 
калган. Аны кафедра башчысы Мориц Шлик негиздеген. Ага О.Нейрат, Г.Ган, 
Ф.Вайсман, В.Крафт, К.Гедель, Ф.Кауфман, Г.Фейгл ж.б. кирген. Бул ийримге 
1926-жылы австриялык логик, философ Рудольф Карнап чакырылган. 1929-
жылы анын мүчөлөрү биргеликте, «Илимий дүйнө караш. Вена ийрими» деген 
эмгекти жаратышат. Ийрим 1929-жылдан – 1938-жылга чейин 7 жолу конгресс 
уюштурушкан. Вена ийриминин концепциясын Львов-Варшава мектеби да 
бөлүштүргөн. Р.Карнап «Илимдин тили логикалык анализ менен метафизиканы 
жоюу» деп аталган эмгегинде мындай дейт: «Философиялык окуулар 
сүйлөмдөрдөн (ой жүгүртүү) туруп, чыныгы ой жүгүртүү болуп эсептелбейт. 
Иш жүзүндө чыныгы ой жүгүртүү же чын, же жалган болот, ал эми 
философиялык ой жүгүртүү – «жалган сүйлөмдөр», алар илимий маңыздан 
ажырап калган». «Эмне себептен философиялык сүйлөмдөр – жалган 
сүйлөмдөр?» – деген суроо коет да Р.Карнап анын үч себебин көрсөтөт: 1) алар 
«жалган түшүнүктөрдөн» түзүлгөн; 2) ага кирген түшүнүктөр грамматика 
менен логикага дал келбеген эрежелер менен сүйлөмдөргө бириктирилген; 3) 
бул сүйлөмдөр логикалык жыйынтык принцибин бузуу менен башка 
сүйлөмдөрдөн алынган. Жалган түшүнүктөргө 
мисал болуп «рух», «өзүндөгү буюм», «дүйнөлүк принцип» ж.б. кирет. Булар 
«мааниси жок метафизикалык сөздөр», чындыкка дал келбейт. Логикалык 


80 
позитивизмдин эволюциясында биринчи планга верификация, физикализм же 
конвенционализм концепциясы коюлат.
Лингвистикалык позитивизм. Неопозитивизмдин 50-60-жылдарындагы 
экинчи негизги формасы болуп лингвистикалык позитивизм эсептелет. Эгерде 
логикалык позитивисттер формалдашкан тилге өзгөчө көңүл бөлүп илим тилин 
анализ кылса, лингвистикалык позитивизм тилдин прагматикалык аспектисине 
таянып табигый, турмуштук тилге көңүл бурушкан. Лингвистикалык 
философиянын программасы Мур жана Витгенштейн тарабынан сунушталган. 
Витгенштейн өзүнүн жаңы позициясын «Философиялык изилдөөлөр», 
«Философиялык кыскача жазуу», «Математиканын негизги жана кыскача 
жазуулар», «Чыныгылык жөнүндө» деген чыгармаларында баяндаган. Ал 
мындай деген жыйынтыкка келет: «Чындыгында элементардуу сүйлөмдөрдү 
табуу мүмкүн эмес, жөнөкөйлүк дайыма салыштырмалуу болот. «Идеалдуу 
тил» да болушу мүмкүн эмес. Ар түрдүү сөздөр түрдүү объектилерди 
түшүндүрөт, сүйлөмдөр болсо фактыны же иштин абалын сүрөттөйт». 
Ошондуктан Л.Витгенштейн турмуштук сүйлөмдөгү тилди анализдөөнү 
сунуштайт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   68   69   70   71   72   73   74   75   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет