86
Либидо жөнүндөгү окуунун көз карашы менен алганда адамдын
психикалык өнүгүү процесси бул өзүнүн маңызы боюнча сексуалдык инстинкте
айлануу процесси болуп саналат.
З.Фрейд өзүнүн «Я и Оно» (1923-ж.)
деген эмгегинде психиканын
структуралык концепциясын иштеп чыгат. Анда бардык психикалык динамика
өз ара тыгыз байланышта болгон 3 инстанциядан – «Я, Оно, Сверх-Я» («Супер
Его и турат).
Аң сезимсиздик «Ал» («Оно»)- З.Фрейд боюнча, - «инстинкттер кайнаган
казан».
«Мендин» милдети социалдык реалдуулуктун талаптарына каршы
чыкпаган. «Анын» («Оно») импульстарын канаттандыруу. Бул талаптардын
сакталышын «Жогору мен» (Сверх-Я) көзөмөлдөйт. Мына ушундай жаңы
ачылыштар менен биринчи психоаналитикалык система экинчиси болуп кайра
түзүлгөн З.Фрейддин окуусу чыныгы философиялык болбосо да дүйнө
караштык потенциалга ээ. Ал адам менен маданияттын өзгөчө ойлонуп аңдоо
менен байланышкан. З.Фрейд боюнча адамдагы табигый башталыш,
сексуалдык жана агрессивдүү импульстар жана
маданият карама каршылыкта
турат.
З.Фрейддин оюу боюнча маданият аң сезимсиздиктин каалоосун
орундатуудан баш тартууга негизделген жана Либидонун энергиясынын эсеби
менен жашайт. «Неудовлетворенность в культуре» (1930) деген эмгегинде
мындайча тыянакка келет: «Маданияттын өсүшү адам бактысынын азайышына
жана табигый каалоолорду реализациялоонун чектелинишинен күнөлүү деп
сезүүнүн күчөшүнө алып келет».
З.Фрейддин окуусунун негизинде XX кылымдын 20-30-жж. неофрейдизм
пайда болот жана З.Фрейддин теориясына негизделгени менен психоанализдин
кээ бир түшуңүктөрү кайра иштелип чыгат. Анын белгилүү өкүлдөрү катары
Альфред Адлер, Эрих Фромм, Г.Маркузе,
Карл Густав Юнг, Карен Хорни,
В.Райх ж.б. эсептелет.
Достарыңызбен бөлісу: