Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет70/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   66   67   68   69   70   71   72   73   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

философиянын духу» деген эмгектеринде чагылдырылган. О.Конт 
традициялуу философияны илим менен алмаштыруу зарыл экенин айткан. Ал 
ар кандай теорияны «метафизика» деп, обьективдүү реалдуулуктун бар экенин 
жана тааанып билүүгө боло турганын айтат.
О.Конттун позитивдик идеяларын Англияда Джон Стюарт Милль (1806-
1873-жж) уланткан жана өнүктүргөн. Анын негизги чыгармасы «Логика 
системасы» (1843) деп аталат. Юмдун агностицизминин негизинде Милль 
сырткы дүйнөнүн жашагандыгын далилдөө мүмкүн эмес деген ойду айтат, 
бирок ушул эле учурда сырткы дүйнө жашабайт деп да далилдей албайбыз. 
Милль материя белгисиз себеп же туюмдарды пайда кылуучу туруктуу 
мүмкүндүк, аң-сезим кыжалаттануунун туруктуу мүмкүндүгү деп айткан. 
Дүйнө туюмдар аркылуу таанылат. Туюмдар аркылуу жаратылган жөнөкөй 
идеяларды биздин акыл аркылуу татаал түзүлүшкө бириктирилет. Милль жаңы 
билим эмпирикалык ыкмалар менен гана алынышы мүмкүн деп далилдөөнү 
каалаган. Ал турсун математика да эмпирикалык негизде келип чыккан, анын 
аксиомалары байкоо жана жалпылооого негизделген.
Индукция метод катарында. Милль индукцияны илимдин методу деп 
эсептеп индуктивдүү логиканы иштеп чыккан. Ал себептик байланыштарды 
изилдөөнүн төмөнкү методдорун айтат:


78 
- Окшоштук методу, Айырмалоо, - Калдык методу, - Кошо жүрүүчү 
өзгөрүүлөр методу  
Англис позитивизминин негизги өкүлү болуп Герберт Спенсер (1820-
1903-жж.) эсептелет. Г.Спенсердин идеологиялык ой жүгүртүүсүнүн негизи – 
агностицизм булагында туруп ишеним менен билимди, илим менен динди 
келиштирүүгө болгон аракет. Спенсер боюнча бардык кубулуштарга эволюция 
закону таандык. Эволюция жөнүндөгү окуу философиянын бир бөлүгү. 
Эволюция – бардык нерселердин жогорку закону, прогрессивдүү өнүгүү жалпы 
мүнөзгө ээ деп айткан, эволюцияда төмөнкүдөй абалдар айырмаланат: 
- интеграция (байланышсыздыктан байланышка өтүү); 
- дифференциация (бир түрдүүлүктөн көп түрдүлүккө өтүү); 
- тартиптин өсүшү (аныкталбагандыктан аныкталуулукка өсүп өтүү). 
Махизм. Позитивизмдин өнүгүүсүнүн экинчи этабы махизм же 
эмпириомонизм деп аталат. Ал Эрнст Мах (1838-1916), Рихард Авенариус 
(1843-1886), Карл Пирсон (1857-1936), Анри Пуанкаре (1854-1912) ж.б. 
ысымдары менен байланышкан. Мах менен Авенариустун алгачкы эмгектери 
XIX-кылымдын 70-жылдары жарык көрө баштаганына карабастан, 90-жылдары 
гана белгилүү боло баштаган. Махтын оюу боюнча табигый илимдерден 
философияны бөлүп албастан, андагы эски, керектен чыгып калган идеяны 
алып салу керек, субьект менен обьектинин, аң сезим менен болмуштун 
философиялык түшүнүктөрү күмөн саноону пайда кылат, алардын ортосундагы 
айырмачылык анча байкалбайт, булар пайдаланган философиялык системалар 
керексиз. Махистердин ой жүгүртүүсүндө бардык жашап турган нерселер 
туюмдардын жыйындысы. Илимий анализдин предмети болуп түс, үн, кысым 
көрсөтүүнүн ар түрдүү баскычтары эсептелет. 
Мах материяны обьективдүү реалдуулук деп түшүнүүгө каршы болот. Ал 
буюм, тело, материя элементтердин, түстүн, үндүн байланыштары эмес, 
белгилер гана болуп саналат.
Мах «Тажрыйбаны тазалоо» деген эмгегинде тажрыйбаны ар кандай 
антропологиялык жана баалуулук ой жүгүртүүлөрдөн тазалоого чакырат. Ал 
адамдын бардык ой жүгүртүүлөрүн эки түргө бөлөт: билим жана ой пикир. 
Билим «дүйнө элементтери» ээ болгон түстү, үндү, кыймылды туюп сезүүчү 
негизге ээ. Ал эми ой-пикир 
сезимдик кабылдоолорго ээ эмес.  


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   66   67   68   69   70   71   72   73   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет