Томас Сэмуэл Кун (1922-1996). Бирдиктүү система болгон илимдин
образынын ордуна Т.Кун социалдык институт, илимий коомдордун ишмердиги
катары илимдин образын сунуш кылат. Ар бир коомчулуктун ишмердигинин
жолу, ой жүгүртүүсүнүн стили, илимийлүүлүктүн жана рационалдуулуктун
өзүнүн критерийи бар. Буларды Т.Кун «парадигма» түшүнүгү менен
белгилөөнү сунуштайт. Ал мындай дейт: «Мен парадигма деп белгилүү бир
убакытта илимий коомчулукка проблеманы коюунун жана чечүүнүн моделин
берген, бардыгы тарабынан таанылган илимий жетишкендикти түшүнөм».
Тигил же бул илимдин областында изилдө . менен алектенген белгилү .
коллектив парадигманы кабыл алат. Кундун парадигмасы төмөнкүнү камтыйт:
- окумуштуулар коомчулук тарабынан кабыл алынган символикалык
белгилөөлөр жана формалдашкан конструкциялар;
- «метафизикалык» жалпы методологиялык элестөөлөр;
- коомчулук тарабынан кабылдаган баалуулуктар (м: тактык, жөнөкөйлүк,
илимий концепциялардын логикалуулугу).
- илимий жетишкендиктердин таанылган үлгүлөрү – «образдар».
Имре Лакатос – илимий изилдөө программасынын идеясына негизделген
илим концепциясын сунуштайт. Лакатостун илимий изилдөө программсы
буларды камтыйт:
1. «Темирдей бекем ядро» - ойломдун стилинин теориялык негизи болгон ой
жүгүртүүлөрдүн жыйындысы.
2. «Сактоочу белдик» - кошумча гипотезадан турат, ал «темирдей бекем
ядронун» сакталышын камсыз кылат, илимий программаны эмпиризм менен
байланыштырат.
3. «Негативдүү эвристика» - изилдөөнүн баш тарта турган жолдорун көрсөтүү.
4. «Позитивдүү эвристика» - изилдөөнүн мүмкүн болгон жолдорун сунуштоо.
Лакатостун оюу боюнча илимдин ички жана сырткы тарыхы бар. Ички тарыхы
идея, методика жана илимий изилдөөнүн методологиясына таянат. Сырткы
тарыхы илимди уюштуруу формаларына жана илимий изилдөөнүн личносттук
факторуна таянат. Лакатос боюнча илим тарыхы программалардын алмашышы
катары түшүнүлөт. Илимий ревалюция – жаңы илмий изилдөөчү
программалардын эскини сүрүп чыгаруу процесси.
Достарыңызбен бөлісу: |