74
Совет бийлиги орногондон кийин
кыргыз элинин социалдык-
философиялык көз караштарынын өнүгүүсү, ой жүгүртүүдөгү жаңы
категориялардын системасынын, жаңы дүйнө караштын бекемделиши менен
коштолгон. Октябрь революциясынын жеңиши менен социалисттик коомду
куруу башталат. Калктын сабатсыздыгын жоюу, элге билим берүү, маданиятты
өнүктүрүү боюнча иш чаралар колго алынат. Улуттук жазма пайда болот,
алгачкы газета-журналдар басылып чыга баштайт. Китеп басып чыгаруу
негизделе баштайт.
XX кылымдын 20-30-жылдарында жаңы дүйнө тааным калыптанат. Ал
диалектикалык-материалисттик дүйнө таанымга негизделет. Философиялык ой
жүгүртүүлөрдүн
категориалдык
системасынын
калыптануусунда
интеллигенциянын ролу чоң. Ушул жылдары Б.Солтоноевдин «Кызыл кыргыз
тарыхынан», Т.Жолдошевдин «Көрктүү адабиятыбыз менен акындарыбыз»,
К.Тыныстановдун «Касым ырлар жыйнагы», Ж.Абдрахмановдун «Предвестник
октября»
деген чыгармалары тарых, адабият, тил проблемаларын көтөрүп
чыккан. Белек Солтоноев чыгармасында «акыл», «илим», «эл», «тарых»,
«адабият» деген категорияларды колдонот да мындай деген жыйынтыкка келет:
«Тарыхты эч ким жазбайт жоктон кайып, жазылса жалган кабар өтө айып».
Анын түшүнүгүндө тарыхты үйрөнүү өтө узак убакытты кучагына алат анын
түбүн терең дарыя менен салыштырат.
Эң негизгиси 50-жылдардын ортосунда квалификациялуу илимий
кадрлар өсүп чыккан, 1954-жылы СССРдин министирлер Советинин токтому
менен Кыргыз ССРнин Илимдер Академиясы уюшулган. Анын биринчи
Президенити болуп И.К.Ахунбаев дайындалган.
Илимдер Академиясында
жаңы институттар, лаборатория, бөлүмдөр түзүлгөн. 50-жылдардын аягында 13
институт, 4 өз алдынча бөлүм, эки музей, 3 тажрыйба станциясы, Ботаникалык
бак болуп, 450 илимий кызматкер эмгектенген. Анын ичинен 17 илимдин
доктору, 130 илимдин кандидаты эмгектенген.
Эң негизги көңүл бура турган нерсе философия жана укук бөлүмү
коомдук ой жүгүртүүлөрдү изилдөө менен алектенгендиги. XX кылымдын 60-
80-жылдарында коомдук илимдердин өнүгүшү менен бирге философия да бир
топ өнүгүүгө жетишкен. Бул мезгилде кыргыз профессионал философтор өсүп
чыгып онтология, гносеология, антропологиялык проблемаларды изилдөө
менен бирге кыргыз элинин социалдык-философиялык ой жүгүртүүлөрү да
изилдөөнүн предмети болуп калган. Философиялык изилдөөлөрдүн сап
башында
Асылбек Алтымышбаев, Баатырбек Аманалиев, Азиз Салиев, Аскар
Какеев, Азиз Нарынбаев, Асанбек Таабалдиев, Таабалды Абдылдаев ж.б. турат.
А.Алтымышбаев 1954-1960-жылдары Кыргыз
Илимдер Академиясынын
Философия жана укук институтунун директору болгон. Философия
илимдеринин доктору деген илимий даражасына 1960-жылы алгачкылардан
болуп жетишкен. 1954-жылы Илимдер Академиясынын Академиги болгон. Ал
кыргыз элинин коомдук, философиялык, саясий ой жүгүртүүлөрүн изилдөөгө
өзүнүн зор эмгегин кошкон. Анын ири чыгармалары катары «Октябрь жана
кыргыз элинин коомдук аң сезиминин өнүгүшү», «Революцияга
чейинки
75
Кыргызстандын коомдук саясий жана философиялык ойлорунун өнүгүү
тарыхынын очерки» эсептелет. Бул чыгармалары XX кылымдын 80-жылдары
жарык көргөн. Мындан сырткары А.Алтымышбаев чыгыш элдеринин
социалисттик маданиятынын калыптануу жана өнүгүү өзгөчөлүктөрүн,
социалисттик маданияттын калыптануусундагы аң сезимдеги кээ бир терс
көрүнүштөрүнө да анализ берген.
Ушул эле 60-жылдарда өзүнүн философиялык ойлору менен белгилүү
болгон философ Баатырбек Аманалиев эсептелет. «Кыргыз элинин
философиялык ойлорунун тарыхынан», «Токтогул жана Тоголок Молдонун
социалдык-саясий жана философиялык идеялары», «Кыргыздардын эркин
ойлоо жана диний ишенимдеринин тарыхынан» деген эмгектери жарык көргөн.
Кыргыз профессионал философу катары
Азиз Салиевди өтө жогору
баалоого татырлык. Анын «Ырдагы жашоо», «Ой деген эмне», «Ойлом система
катары», «Адам психологиясы жана искусство», «Адам дүйнөгө кирүүдө»,
«Акыл жашоосу жана образды ойлоо», «Акыл жана убакыт», «Ой жөнүндө
окуу» деген чыгармалары фундаменталдуу философиялык эмгектер болуп
калды. Бул чыгармалры аркылуу ал тааным теориясын, логикалык
проблемаларды изилдеген философ эле эмес психологиялык, педагогикалык
проблемаларды да анализге алган окумуштуу.
Кыргыз Республикаынын Илимдер Академиясынын
Академиги Аскар
Какеев да кыргыз элинин социалдык философиялык ой жүгүртүүлөрүн
иликтөөгө зор салым кошкон. Совет доорунда белгилүү философтордун
катарына Аманбек Карыпкулов, Асанбек Таабалдиевдин, Таабалды
Абдылдаевдин келип кошулушу кыргыз философиясынын өнүгүү жолунда бара
жаткандыгын күбөлөндүрөт. Азыркы учурда кыргыз философиясын өнүктүргөн
философтордун ысымын атаганда А.А.Брудный, Теңдик Аскаров, Осмон
Тогусаков, Жээнбек Жаныбеков,
Асеин Исмаилов, Мааметайып Жумагулов,
Шайлообай Ниязалиев, Ысманалы Мукасов, Жамгырбек Бөкөшов ж.б. өзгөчө
бөлүнүп көрүнөт. Философиялык проблемаларды тигил же бул аспектиде
изилдөө менен кыргыз илиминин өнүгүшүнө зор салым кошуп келишүүдө.
Достарыңызбен бөлісу: