Анри Бергсон(1859-1941) – жашоо философиясынын француз
вариантынын өкүлү. А.Бергсон «Чыгармачыл эволюция» деген эмгегинде
өзүнүн философиясынын негизги милдетин ачып көрсөтөт. «Тааным теориясын
жашоо теориясы менен толуктоо» негизги идея болуп эсептелет. Ал «сырткы
реалдуулуктун» жашай тургандыгын тааныйт, бирок, аны «жашоо» кыймыл,
«узактык», «байланыш» катары түшүнүү керек. Материя жана аң сезим
жашоонун жалпы «агымында» «сиңип жок болуп» кетет. Бул позиция аны
материализм жана идеализмден жогору турууга мүмкүндүк берет. Ал
«чыгармачыл эволюция» деп аталган өнүгүү концепциясын иштеп чыгат.
Механицизмге каршы чыгып эволюцияны «жашоо» деп түшүнөт. Бирок
А.Бергсондун түшүнүгүндө жашоо – биологиялык жашоо эмес, «узактык»,
«жашоо агымы».
Иррационалисттик мотивдер Освальд Шпенглердин(1880-1936)
чыгармачылыгынан да кездешет. Ал XX кылымдын башындагы белгилүү
«Европанын өмүр акыры» («Закат Европы») деген чыгарманын автору.
О.Шпенглер философиянын негизги милдети болуп дүйнөнү «тарых катары»
түшүнүү эсептелет деген. Анын философиясынын негизи болуп чыгармачыл
жашоо башталышы жөнүндөгү түшүнүк эсептелет. Ал идеализм духунда дүйнө
Менге көз каранды деген. Эч бир реалдуу дүйнө жашабайт, дүйнө жөнүндө бир
гана субьективдүү, индивидуалдуу элестетүү бар, ал адамдан адамга,
маданияттан маданиятка карай алмашып турат. О.Шпенглер дүйнөлүк
бирдиктүү, мыйзам ченемдүү ырааттуу процесс катары дүйнөлүк тарыхты
четке кагат. Тарых циклы менен тегерек түрдө өнүгөт. Ал циклдер – төрөлүү,
өнүгүп-гүлдөө, өлүп жок болуу – муну бардык маданият басып өтөт. Ар бир
маданият адамдын жаш курагын алып жүрөт. Балалык чак, өспүрүм,
калыптанган мезгил жана карылык убакка жетет. Чыныгы тарыхчы тарыхый
процесстин жүрүшүн сезет, кыжалаттанат, аны индуктивдүү аңдап билет.
О.Шпенглер аягына чыккан, бүткөн 8 маданиятты санап көрсөтөт: Кытай,
Вавилон, Египет, Индия, античтик, араб, батыш, Майя. Орус маданияты келип
чыгуу стадиясында. Ар бир маданияттын негизинде өзгөчө жан турат. М:
Античтик маданияттын негизинде – аналогиялык жан, арабда – логикалык жан,
85
батыш европалык маданиятта – фаустук жан турат. Диний ишеним жандын
жашоосунун терең көрүнүшү болуп эсептелет.