Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


 Азыркы учурдагы диний философиялык окуулар



Pdf көрінісі
бет76/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   72   73   74   75   76   77   78   79   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

3. Азыркы учурдагы диний философиялык окуулар 
Неотомизм. Бул философиялык окуу XIX кылымдын аягында пайда 
болуп католик чиркөөсү үстөмдүк кылган өлкөлөрдө философиялык ой 
жүгүртүүнүн модели катары үстөмдүк кылат. Анын Эл аралык борбору болуп 
Белгиядагы жогорку философия институту жана Римдеги Папалык католиктик 
Академия эсептелет. Неотомизимдин негизин орто кылымдагы схоластиканын 
негиздөөчүсү Фома Аквинскийдин окуусу түзөт. Неотомизм эмпиризм менен 
рационализмди, индивидуализм менен собордуулукту, дин менен илимди 
синтездештирүүгө аракет жасайт. Неотомизмдин негизги өкүлдөрү Жан 
Мартен (1882-1973), Этьен Жильсон (1884-1978) болгон. Негизги эмгектери 
«Томизм», «Орто кылым философиясы», «Болмуш жана маңыз» деп аталат. 
Мындан сырткары белгилүү неотомистер болуп А.Ж.Сертийанж, Р.Гарригу-
Лагранж (Франция), М.Грабман, А.Дениф, Ю.Бохеньски (Германия), Д.Мерсье, 
А.Дондейн, Ж.Лардьер (Белгия), Ф.Ольджати, У.Падовани, К.Фебро (Италия), 
Э.Корет, Г.Веттел (Австрия), К.Войтыла, М.Кромлец (Польша) ж.б. эсептелет. 
Неотомизмдин негизги идеясы – акыл менен ишенимдин гармониялык 
биримдик принциби. Э.Жильсон образдуу түрдө философия менен ишенимдин 


83 
ортосундагы гармонияга жетүү – томизмдин сыры деп айткан. 
Неотомисттердин оюу боюнча ишеним менен акыл бири бирине каршы турбаш 
керек, диний ишеним жана рационалдык тааным туура пайдаланган учурда 
бири бирин толуктайт. Ишеним акылдын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылбашы 
керек, ал эми акыл болсо ишенимге жана диндин жашоосуна тийишпеси зарыл. 
Маритен жазат: «Бүгүнкү күндө акыл иррационалистик күчтөргө каршы 
күрөшүш керек, анткени ал цивилизацияны талкалоо коркунучун пайда 
кылууда. Бул күрөштөгү акылдын негизги милдети – интеграция милдети». 
Ошондуктан акыл менен ишеним чогуу иррационализмге каршы күрөшүшү 
керек.
Мындан сырткары ислам философиясы, буддизмдин, йоганын 
философиясы өнүгүүдө


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   72   73   74   75   76   77   78   79   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет