Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Философиялык ой жүгүртүүнүн учурдагы моделдери



Pdf көрінісі
бет77/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   73   74   75   76   77   78   79   80   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
4. Философиялык ой жүгүртүүнүн учурдагы моделдери.
Иррационализм XIX кылымдын башында материалисттик жана 
революциялык идеяларга, рационалисттик традицияга, баарынан мурда 
немецтик классикалык философияга реакция иретинде калыптанган. Анын 
көрүнүктүү өкүлдөрү Артур Шопенгауэр жана Серен Кьеркегор. Алардын 
негизги душманы – Гегель. Логикада алар 
эмоция, кыжалаттануу, кумарды каршы коюшкан. Артур Шопенгауэр (1788-
1860) европалык философиядагы прогресивдүү-оптимисттик традициядан 
алыстап, иррационализмди сунуштаган биринчи философ. 1819-жылы анын 
негизги чыгармасы болгон «Дүйнө эрк жана элестеттүү катарында» жарык 
көрөт. Анын эмгегине кызыгуу 1848-жылдагы төнкөрүштөн кийин гана пайда 
болгон. Шопенгауэрдин философиясындагы эң негизги түшүнүк – эрк. Адам – 
дүйнөнүн бир бөлүгү. Философия дүйнөнүн маңызын аңдап билиш үчүн, адам 
сыяктуу эле, анын да негизинде эрк тургандыгын тааныш керек. 
А.Шопенгауэрдин түшүнүгүндө эрк – «өзүндөгү буюм» («вещь в себе»), бул 
априордук иррационалдык интуиция аркылуу гана берилет. Интуиция эркти 
талдоого алып келет. Эрк – аң сезимсиз жашоо күчү; жаратылыштын жогору 
жагы, бөлүнбөйт, ажырабайт.
Серен Къеркегор (1813-1855) – даниялык философ, диний үй бүлөдө 
төрөлгөн, өмүрүнүн бардык бөлүгүн өзү төрөлгөн Копенгаген шаарында 
өткөргөн. Өспүрүм кезинде эркин жашоо образын өткөргөн, андан кийин 
этикалык ригоризм, кийинчерээк динге өткөн. Ал өзү философ деген атка 
жетүүгө умтулган эмес, анда бирдиктүү философиялык система да болгон эмес. 
Анын негизги чыгармалары «Же же» («Или или» 1843), «Коркунучту 
түшүнүү»(1844), «Жашоо жолундагы баскычтар» (1845), «Акыркы илимий 
посткриптум» (1846). Анын негизги кызыгуусу адам личностун жана анын 
тагдырын үйрөнүүгө багытталган. Анын чыгармасындагы карман «Мен 
каердемин?», «Дүйнө деген эмне?», «Биздин сөздүн мааниси кандай? «Мен 
киммин? «Дүйнөдө мен кантип пайда болуп калдым?», «Мен кимге кайрылып, 
айта алам?» деген сыяктуу суроолорду коет.


84 
Иррационализмдин бирден бир көрүнүктүү өкүлү болуп Фридрих 
Ницше (1844-1900) эсептелет. Ницше аң сезимдин ролун төмөндөтүүгө аракет 
жасайт. «Аң сезимдин абалына жана бийиктигине караганда, телонун 
функциялары миллион эсе принципиалдуу маанилүү. Ал логикалуулукка, 
акылга, чындыкка умтулуучулукка каршы болгон. Баалуулуктарды кайрадан 
карап чыгууга чакырат. XIX-кылымдын экинчи жарымында иррационалисттик 
багыттын чөлкөмүндө жашоо философиясы пайда болгон. Анын негиздөөчүсү 
болуп Вильгельм Дильтей (1833-1911) эсептелет. Анын дүйнө таанымына 
Ницше таасирин тийгизген. Ал Ницшенин пессимисттик маанайын колдойт. 
Жашоо философиясынын негизги идеясы – толук бүтүндөй дүйнө карашты 
билдирүүгө акылдын чамасы жетпейт, ошондуктан жашоону түшүнүү маселеси 
келип чыгат. Азыр илим жашоонун үстүнөн үстөмдүк кылууда, бул абалды 
радикалдуу өзгөртүү зарыл. Бул философиянын негизги түшүнүгү – «жашоо».


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   73   74   75   76   77   78   79   80   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет