Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет84/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   80   81   82   83   84   85   86   87   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

зат жана талаа. Бул сапаты жагынан окшош эмес, материянын түрлөрү бири 
биринен, баарынан мурда тынч абалдагы салмагы менен айырмаланышат. 
Заттын бөлүкчөлөрү тынчтык массасына ээ, ал эми электромагниттик жана 
гравитациялык талаалар андайга ээ эмес. Зат жана талаа кыймыл мыйзам-
ченемдүүлүктөрү менен айырмаланышат.
Материянын ар түрдүү касиеттерин жана түрлөрүн өзгөчөлүктөрүн, анын 
формаларын жана түрлөрүн изилдөө дүйнөдө материядан башка эч нерсе жок 
деп айтууга мүмкүндүк берет. Эгерде бул чын болсо, анда дүйнөнүн 
материалдык биримдиги жөнүндө корутунду чыгарууга болот. Дүйнөнүн 
биримдиги жөнүндө суроо ар дайым өзүнө көңүл бурган. Эгерде материалдык 
процесстер менен жанаша руханий процесстер бар экендигин эсепке алса, анда 
ал өзгөчө курчтукту алат. Ушуга байланыштуу алардын биримдиги эмнеде 
деген суроо жаралат. Буга дуйнөнүн биримдиги анын материалдуулугунда 
турат деп жооп беришет. Мындай жыйынтык материяын жалпы универсалдуу 
касиеттери жана анын кыймылынын мыйзамдары жөнүндөгү билимдерге 
негизделген.


96 
Материянын проблемасына анын конкреттүү типтери жана түрлөрүнө, 
дүйнөнүн, материалдык биримдигине карата азыркы замандагы көз караштар 
мына ушундай. Бирок илимий дүйнө түшүнүү үчүн материянын кыймыл, 
мейкиндик жана убакыт сыяктуу атрибуттук касиеттери жөнүндө суроону 
туура чечүү чоң мааниге ээ. 
Материянын жашоосунун формалары 
Материя жөнүндөгү окуунун ажырагыс бөлүгү кыймыл жөнүндөгү 
түшүнүк болуп саналат. Ар кандай илимдин маселеси – кыймылдын конкреттүү 
формаларынын мыйзам-ченемдүүлүктөрүн аныктоо. Бирок кыймылды 
философия да таанып үйрөтөт. Ушуга байланыштуу кыймыл проблемасын 
талдоодо философиянын маселеси кандай деген суроо пайда болот.
1) 
Башка илимдердин жетишкендиктеринин баарын жалпылап, философия 
кыймыл табиятын аныктоого умтулат. Кыймыл табияты жөнүндөгү суроо ар 
кайсы мезгилдердин ойчулдарын дайыма кызыктырган. Мисалы, Гераклиттин 
белгилүү сөзү: “Баары өтөт, Баары өзгөрөт” дүйнөдөгү бардык нерсени 
үзгүлтүксүз кыймылда, өзгөрүүдө болуусун көрсөтүү аракети болгон. Бирок 
философиянын тарыхында философтор кыймылды таанымга албаган учурлар 
да болгон. Мисалы, Парменид, Зенон ж.б. Зенондун окуучуларынын бири, 
устатынын сөзүн төгүнгө чыгарууну каалап, анын алдында ары-бери басып 
баштаган: “Карасаңыз устат, мен кыймылдап жатам: кыймылдоо мүмкүн” – деп 
айткан. Мындай төгүнгө чыгаруу Зенонду ишендирүүгө мүмкүн болбогон. 
Анын оюу боюнча биз кыймылды сезүү аркылуу кабыл алабыз, сезимдер ар 
дайым адашууга алып келет. 
Механика илиминин өнүгүү мезгилинде философтордун басымдуу 
көпчүлүгү кыймыл – бул мейкиндиктеги жөнөкөй орун алмашуусу деген ойго 
кошулушкан. XVIII к. акыры XIX кылымдын башында табият таануунун 
өнүгүүсү кыймыл жөнүндө жаңы түшүнүктөрдү түзүүгө, анын татаал мүнөзүн 
ачууга, кыймыл түшүнүгүн аныктоого мүмкүндүк берген. Кыймылдын 
мазмунун түшүнүүдө энергиянын сакталуу жана айлануу мыйзамынын 
ачылышы, эволюциялык теориянын жаралышы, ошондой эле, организмдин 
клеткалык түзүлүш теориясы өзгөчө мааниге ээ болгон. 
Табият таануунун маалыматтарын философиялык талдоодо төмөнкүдөй 
жыйынтык чыгарылган: 
Кыймыл – бул кубулуштун же буюмдун кандай болбосун өзгөрүүсү, ал 
ааламда болуп жаткан бардык процесстерди, телолордун жөнөкөй орун 
алмашуусунан баштап ой жүгүртүү менен өткөндү камтыйт. 
2) 
Философия кыймылдын булагын ачуу маселесин коет. Бул эң байыркы 
проблема, ага жооп дайыма чындыктан алыс болгон. Мисалы, метафизиктер 
механикалык өз ара аракеттенүүсүнөн көрүшкөн. 
Азыркы замандагы материализм боюнча кыймылдын бардык конкреттүү 
формаларынын булагы – бардык объекттерге таандык ички карама 
каршылыктар. Ошондой эле, алардын ортосундагы тышкы өз ара аракеттенүү 
болуп эсептелет. Демек, материянын кыймылы табигыйдан тышкары менен 
шартталган эмес. Ал ички карама каршылыктардын күрөшүнүн натыйжасы 


97 
катарында келип чыккан табияттагы жана коомдогу кыймыл болуп саналат. 
Мында кыймыл туруктуулук жана өзгөрүлмөлүүлүк, жөнөкөй жана татаал, эски 
жана жаңы, прогрессивдүү жана регрессивдүүнүн ортосундагы карама 
каршылыктардын натыйжасы. Ошентип, механикалык кыймылга мейкиндикте 
жана убакыттагы телонун өзгөрүүчү абалы, башка абалдардын байланышынын 
ортосундагы карама каршылык таандык. Жандуу оганизмдердин өсүп 
өнүгүүсүндө туруктуулук алардын тукум куучулук белгилерин сактап 
калуусунда табылат, ал эми өзгөрүүчүлүк – организмдин чөйрөнүн жаңы 
шарттарына ыңгайлануусу катары болот.
Өздүк кыймыл материянын түзүлүшүнүн бардык деңгээлдерине таандык 
– механикалык, физикалык, химиялык, биологиялык жана социалдык. Мында 
өзүн өзү өнүктүрүү жана өздүк кыймыл жүрөт. 
3) 
Философия материя менен кыймылдын, кыймыл менен тынч абалдын өз 
ара байланышын ачып көрсөтөт. Философиялык материализм материя менен 
кыймыл ажырагыс деп билдирет. Биз кандайдыр бир кыймылда турбаган
абсолюттук тынч абалында болгон материалдык системаны эч байкаган 
эмеспиз. Мындай кыймылсыз система айланадагы заттар жана кубулуштар 
менен өз ара аракеттенмек эмес, өзүнүн эч кандай касиеттерин айкындай алмак 
эмес. Ошондуктан, толук негиздүү жыйынтык: кыймыл – материянын 
ажырагыс, атрибутивдик мүнөздөмөсү, анын жалпы жана керектүү касиети 
деген аныктама саналат. Материя кыймылда жашайт, ошондуктан, кыймыл 
материянын жашоосунун ыкмасы; ал материя сыяктуу б пайда болбойт, жана 
жоголбойт, бир формадан башкага айланат. Рене Декарт “кыймыл жок нерседен 
пайда болбойт, жана эч нерсеге айланбагандыктан анын дүйнөдөгү саны 
туруктуу” деген оюн айткан. Ф.Энгельс болсо бул идеяны өнүктургөн: кыймыл 
өзүнүн санында гана туруктуу эмес., ошондой эле өзүнүн сапатында да 
туруктуу болот. Кийинчерээк, табият таануу айтылган идеяларды илимий 
маалыматтар менен ырастаган, мисалы, энергиянын сакталуу жана айлануу 
мыйзамын ачуу менен. 
Муну менен философиялык материализм тынчтыкты четке какпайт. Ал 
тынч абалды таанып билет, бирок аны салыштырмалуу деп эсептейт. Тынч абал 
тигил же бул материалдык объекттерге салыштырмалуу орунга ээ, бардык 
материяга таандык эмес. 
4) 
Философия материянын кыймылынын ар түрдүү формаларынын 
диалектикалык биримдигин жана өз көрүнүштөрүнүн проблемасын карайт 
Кыймыл жалпысынан –абстракция, ал чындыкта реалдуу жашабайт; реалдуу 
жашоого кыймылдын конкреттүү формалары ээ, алар анык бири бирине 
багынууда болушат, ошондуктан, аларды классификациялоого болот. 
Кыймылды классификациялоонун негизине материянын сапаттуу башка 
түрлөрүнө кыймылдын өзүнүн өзгөчө формалары ылайык келүүсү жөнүндөгү 
тезис коюлган. Бул тезиске карай, материянын кыймылынын төмөндөгудөй 
формаларын белгилешет: 

Механикалык – бул ар түрдүү телолордун мейкиндикте алмашуусу, эң 
майда бөлүкчөлөрдүн жана чоң телолордун кыймылы; 


98 

Физикалык – электромагнетизм, гравитация, жылуулук, жарыктык, 
заттардын агрегаттык абалынын өзгөрүүсү; 

Химиялык – ар түрдүү химиялык реакцияларды, органикалык жана 
органикалык эмес табияттагы химиялык синтез процесстерин өзүнө алат; 

Биологиялык - бул жандуу организмдердеги ар түрдүү биологиялык 
процесстер; 

Социалдык – коомдук өзгөрүүлөр, ошондой эле, ой жүгүртүү процессин 
да камтыйт. 
Кыймылдын ар бир түрү салыштырмалуу өз алдынча болсо да, алар 
баары бири бири менен байланышкан. Кыймылдын татаалыраак формасы 
мурункулардын негизинде пайда болот, жөнөкөйлөрү алардын синтези болуп 
саналат, бирок аларга жөнөкөй сумма катары алып келинбейт. Мисалы, 
кыймылдын биологиялык формасы анын жөнөкөйүрөөк, физикалык-химиялык 
формаларынын негизинде пайда болот, өзүнүн шарты катары ичине камтыйт 
жана мурункуларга салыштырмалуу кыймылдын сапаттуу жаңы формасы 
болуп саналат. Ушул сыяктуу кыймылдын социалдык формасы – адам 
коомунун пайда болуусу жана өнүгүүсү – биологиялык жана кыймылдын 
бардык мурунку формаларын өзүнүн шарты катары алат, бирок алардын 
суммасына алып келинбей кыймылдын сапаттуу жаңы формасы болуп саналат. 
Кыймылдын формаларынын ортосундагы өз ара мамилелерди туура 
түшүнүү материянын кыймылынын ар түрдүү формаларынын өз ара 
аракеттенүүсү менен мүнөздөлүүчү татаал объекттер жана процесстерди 
илимий таанып билүүдө чоң мааниге ээ. 
Материя жөнүндөгү окуунун дагы бир ажырагыс болүгү – мейкиндик 
жана убакыт жөнүндөгү окуу болуп саналат. Ар бир материалдык тело 
көлөмдүк мүнөздөмөлөргө ээ: узундугу, туурасы, бийиктиги; ал айланасындагы 
башка телолор менен жанаша жашайт, аныкталган бир глобалдык системада 
өзүнүн ордун ээлейт. Бул нерсенини өзүнүн жайгашкан жери жана башка 
нерселер менен жанаша жашоосу “мейкиндик” түшүнүгүндө чагылдырылат. 
Ошентип, мейкиндик – бул материянын болмушунуун формасы, анын 
структуралуулугун, бардык материалдык системалардагы элементтердин өз ара 
аракеттенүүсүн жана жанаша жашап туруусун мүнөздөөчү формасы. 
Бирок реалдуулукта ар бир материалдык түзүлүш процесс болуп саналат. 
Анын ичинде анык бир өзгөрүүлөр жүрөт. Андан тышкары бир кубулуш 
кийинкиге алмашууга келет. Материянын ушул аспектин мүнөздөө үчүн 
философияда убакыт түшүнүгү колдонулат. 
Убакыт – бул материянын болмушунуну формасы, жашоосунун 
узактыгы, бардык материалдык системалардын өнүгүүсүңдө абалдардын 
өзгөрүүсүнүн 
кезектүүлгүн 
мүнөздөөчү. 
Убакыт 
болмуштун 
процессуалдуулугун көрсөтөт. 
Убакыт жана мейкиндик жалпы да, айырмалоочу да касиеттерге ээ. 
Жалпы касиеттери: объективадүүлүк (адамдын аң сезиминен көз карандысыз), 
жалпылык (убакыт жана мейкиндиктен тышкары жашаган жана жашоочу эч 
бир кубулуш болбойт жана болушу мүмкүн эмес); тубөлүктүүлүк, чексиз 


99 
түгөнбөстүк жана салыштырмалуулук (ылдамдыктан көз каранды). Ошондой 
эле убакыт жана мейкиндик айырмалоочу касиеттерге ээ. Мисалы, мейкиндик 
үч өлчөмдүүлүк менен мүнөздөлөт. Убакыт бир өлчөмдүү; мейкиндик 
кайтарымдуу, убакыт болсо өзүн кайтарымсыз деп көрсөтөт; мейкиндик бардык 
багыттарда бирдей мазмундуу, ал эми убакыт бир багыттуу, башкача айтканда, 
азыркы учур аркылуу өткөн мезгилден келечекке багытталган. 
Убакыт жана мейкиндик бири биринен жана материядан бөлүнбөс. Бул 
азыркы замандагы физикадагы салыштырмалуулук теориясынын мисалында 
жакшы түшүңдүрүлгөн. Материалдык объектилердин мейкиндик-убакыттык 
мүнөздөлүшү көлөмгө ээ: алардын үчү – мейкиндиктик, бири – убакыттык. 
Убакыт жана мейкиндик материянын жашоосунун объективдүү формасы 
катары жаратылган же жок кылынган болушу мүмкүн эмес. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   80   81   82   83   84   85   86   87   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет