100
1. Диалектика жана анын тарыхый типтери
Диалектика байыркы грек сөзү “диалетике” – сүйлөшө, аңгемелеше билүү
өнөрү, искусствосу деген сөздөн башталат. Бизге тааныш “диалог” деген сөзгө
жакын. Байыркы грек философиясында диалектика аңгемелешүү маалында
суроо-жооп аркылуу тигил же бул түшүнүктүн (алсак: “жакшылык
деген
эмне?”, “адамгерчилик деген эмне?”, “сулуулук деген эмне?” ж.б.у.с.) маанисин
ачуу, тактоо өнөрү катарында (Сократ), идеялар дүйнөсүн талдап-түшүнүүнүн
илими, жолу катарында (Платон) колдонулган.
Элеялык Зенон “апория” (мазмуну чечилгис карама-каршылыкты
камтыган түшүнүк, ой) жолу менен кубулуш, нерселердин кыймылына
тиешелүү татаал маселелерди койгон. Аны Аристотель диалектиканы түзгөн
ойчул катары баалаган. Софисттер
диалектиканы каалаган, ар кандай ой-
пикирди далилдөөнүн жолу, методу катарында колдонушкан. Философиянын
өнүгүшү
менен диалектика ойлоо, ой жүгүртүү, далилдөөнүн өзгөчө түрү
катары калыптанган.
Философия тарыхында диалектиканын төмөндөгүдөй тарыхый
формалары айырмаланат:
1.
Стихиялуу, жөнөкөй диалектика
2.
Идеалисттик диалектика
3.
Орусиядагы реолюциячыл демократтардын диалектикасы
4.
Материалисттик диалектика
Стихиялуу, жөнөкөй диалектиканын белгилүү өкүлү катары Гераклит
эсептелет. Ага таандык тезис: “Баары агат, баары өзгөрөт”. “Бардык нерсенин
атасы – күрөш” деп эсептеген
Идеалисттик диалектика – XVIII
жана XIX кылымдын биринчи
жарымында пайда болгон (И.Кант, Г.Фихте, Ф.Шеллинг, Г.Гегель).
Орусиядагы реолюциячыл демократтардын диалектикасы XIX кылымга
таандык Өкүлдөрү: А.И.Герцен, В.Г. Белинский, Н.Г.Чернышевский, Н.А.
Добролюбов ж.б.
Материалисттик диалектика - XIX- XX кылымдагы К.Маркс, Ф.Энгельс
жана В.И.Лениндин окуулары менен байланыштуу өнүккөн.
Диалектика – болмуштун жана өнүгүүнүн универсалдуу байланыштары
жөнүндөгү окуу; таанып билүүнүн жана
ишмердиктин теориялык жана
методологиялык негизи; табияттын, коомдун, аң сезимдин өнүгүүсүнүн жалпы
мыйзамдары жөнүндөгү илим.
Достарыңызбен бөлісу: