Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет83/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   79   80   81   82   83   84   85   86   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор
1. 
Болмуш жөнүндөгү окуулардын пайда болгон мезгили кайсы учур? 
2. 
Болмуштун уюшулушу жөнүндө эмне айта аласыңар? 
3. 
Онтология эмне жөнүндөгү окуу? 
4. 
«Болмуш» категориясы, анын маңызы жана өзгөчөлүгү жөнүндө эмне 
билесиңер? 
5. 
Болмуштун негизги формалары кайсылар? 
 
Бул тема боюнча төмөндөгүдөй адабияттар сунушталат: 
1. 
Алексеев П.В., Панин А.В. Философия: Учебник.- М.: Проспект, 2020. – 
592 с.. 
2. 
Боженов А.Э. Основы философии. Учебное пособие. – М.: Аспект Пресс, 
2019. – 608 с. 
3. 
Введение в философию: Учебное пособие/под ред. И.Т. Фролова и др. - 
М.:Республика, 2005. 
4. 
Демина Л.А., Малюкова О.В., Бучило Н.Ф. Философия: Учебник. - М.: 
Проспект, 2020. – 360 с. 
5. 
Спиркин А.Г. Философия. Учебник. – 2-е изд. – М.: Гардарики, 2006. – 
736 с. 
6. 
Якушев А. В. Философия : Конспект лекций : Учеб. пособие / Якушев А. 
В. - М. : А-Приор, 2009. - 241 с. - URL: http://www.biblioclub.ru/book/56282/ 
Тема 10. Материя философиянын баштапкы категориясы катары 
 
1. 
Материя философиянын категориясы катары. 
2. 
Материянын атрибуттары (түзүмгө ээ болуу, системдүүлүк, өз ара 
таасир этүү, кыймыл, өзүнөн өзү уюшулушу, мейкиндик, убакыт, узактык, 
чагылдыруу).
3. 
Материянын кыймылынын негизги формалары 
Бул темада материя фундаменталдуу философиялык түшүнүк экендиги, 
анын атрибуттары, материянын жашоосунун формалары жөнүндө билимдер 
берилет. Жалпы реалдуулуктун негизи жөнүндө суроону чечүүгө болгон 
аракеттер “субстанция” түшүнүгүнүн пайда болушуна алып келди. Субстанция 
деп бардык нерселердин кандайдыр бир жалпы баштапкы негизин 
түшүнүшкөн. Эгерде ар түрдүү предметтер жана кубулуштар пайда болуп жана 
кайра жок болсо, анда субстанция жаралбас жана жок болбос, ал өзүнүн 
болмушунун формасын өзгөртөт. Бир абалдан экинчи абалга өтөт. Ал – өзүнүн 
себепкери жана бардык өзгөрүүлөрдүн негизи, реалдуулуктун эң көп 
фундаменталдуу жана туруктуу катмары. 
Философтор субстанциялардын саны жөнүндөгү суроону да чечүүгө 
аракеттенишкен. Натыйжада, дуализм, монизм жана плюрализм деген окуулар 
пайда болгон. Дуализм дүйнөнүн маңызын түшүндүрүүдө эки баштапкы 
негиздердин бардыгынан келип чыгат – рух жана материя, идеалдык жана 


93 
материалдык. Дүйнөнү бир субстанция аркылуу түшүндүрүүчү окуулар 
монисттик деп аталат. Монизмдин системасында дүйнөнүн идеалисттик же 
материалисттик сүрөтүн түзүү мүмкүн. Эмне баштапкы (алгачкы) деген 
суроого рух же материя дегенди айтышат. Ал эми плюралисттик көз карашка 
ылайык дүйнөнүн негизин көптөгөн реалдуулук түзөөрүн билдиришет. 
Материя деген эмне? “Материя” сөзүнүн этимологиясы латындын 
“material” деген сөзүнөн келип чыгат жана зат, нерсе, дегенди түшүндүрөт. 
“Материя” түшүнүгүнүн мазмуну философиянын тарыхында бир нече жолу 
өзгөргөн. Философиянын жана табият таануунун өнүгүүсүнө ылайык 
эволюцияланат.
Биринчи этап антикалык философиянын доорун камтыйт. Антикалык көз 
караштардын негизинде бардык телолор жана предметтер түзүлүүчү баштапкы 
материя жөнүндөгү түшүнүк жатат. Мисалы, өсүмдүктөргө, жаныбарларга жана 
адамдарга суунун керектүүлүгүн белгилеп, байыркы грек философу Фалес 
барык нерселердин негизи катары сууну айткан. Гераклит – отту, Анаксмен 
абаны негиз катары кабылдаган. Кийинчерээк Демокрит бардык нерселер эң 
жөнөкөй бөлүнбөс бөлүкчөлөрдөн турат деген идеясын алдыга чыгарган. 
Ошентип, антикалык философтордун көз карашы боюнча материя – 
нерселердин курамын түзүүчүлөр. Бул байыркы даанышмандардын божомолу 
эле, алардын материализми жөнөкөй мүнөздө болгон, себеби, ой 
корутундулары чындыкка сырттан байкоо жүргүзүү мамилесинин жана 
табиятты эксперименталдык изилдөөнүн жоктугунун натыйжасы болгон. 
Материя жөнүндө түшүнүктөрдүн өнүгүүсүнүн экинчи этабы жаңы 
доорго таандык. Ал убакта материя түшүнүгү анык, өзгөрүлбөс касиеттердин 
суммасы катары “зат” деген физикалык түшүнүк менен окшоштурулган. 
Мисалы, англиялык материалисттер Ф.Бэкон, Т.Гоббс материяга созулгандык, 
өткөрбөстүк, салмак, форма ж.б.у.с таандык деп айтышат. Кээде материя 
түшүнүгү кандайдыр бир алгачкы касиет менен окшоштурулган. Мисалы, 
созулгандык же масса менен. Мындай талдоо XIX кылымдын аягына чейин 
дүйнөнүн илимий сүрөтүнө каршы келбеген. 
Метафизикалык дүйнөкараш XIX – XX кылымдардагы улуу ачылыштарга 
тоскоол болгон. Радиоактивдүүлүктүн ачылышы атомдун өткөрбөстүгү 
жөнүндө окууну четке каккан. Электрондун ачылышы анын бөлүнбөстүгү 
жөнүндөгү тезисти алып таштаган, рентгендик нурдануунун ачылышы менен 
заттын талаага айлануусунун мүмкүнчүлүгү далилденген. Телолордун массасы 
ылдамдыкка көз каранды өзгөрүүсү белгиленген.
Материя жөнүндөгү түшүнүктөрдүн өнүгүүсүнүн үчүнчү этабы XX 
кылымдагы философияга таандык. Мында материяны түшүнүүдө биринчи 
орунга табигый илимий эмес, философиялык аспект коюлган. Бул буюмдардын 
жана кубулуштардын жалпы түрдүүлүгүнүн ички биримдигинин негизинде 
туруучу субстанция катары кароочу көз караш болуп саналат. Материяны 
объективдүү реалдуулук катары карай башташкан. 
“Материянын” азыркы учурдагы түшүнүгүнүн конкреттүү мазмуну бар 
жана “болмуш” категориясына салыштырмалуу, объекттердин чөйрөсү анчалык 


94 
кенен болбогон реалдуулукту билдирет. Анын жалпы кабыл алынган 
аныктамасы болуп төмөнкүдөй мазмуну эсептелет: 
Материя – объективдүү реалдуулукту белгилөөчү философиялык 
категория, адамга анын туюп сезүүлөрүндө берилет, аны таанып билүүгө болот 
жана таанып билүүгө аракеттенет. Бирок материя адамдын өзүнө көз 
карандысыз жашайт. Демек: 
1. 
Материя таза көрүнүштө сан жеткис көп түрдүү; объекттердин жана 
касиеттердин түгөнгүс көп түрдүүлүгүнө ээ болгон табияттын системаларын 
өзүнө алат; 
2. 
“Болмуш” категориясында объективдүү реалдуулуктун көпчүлүк 
түзүлүштөрү жалпы бир касиетке алып келинген – адамдын туюп сезүүлөрүнөн 
көз каранды жашоо жана адамдын аң сезиминде чагылуу; 
3. 
Материянын философиялык чечмелөөсү мурда илим тарабынан 
таанылган объектерди гана эмес, келечекте ачылышы мүмкүн болгондорду да 
түшүндүрөт. Потенциалдуу объекттер принципиалдуу жаңы касиеттерге ээ 
болушу мүмкүн болсо дагы алар баары бир материалдуу болуп калышат, себеби 
ал адамдын сезимдеринен тышкары реалдуу жашайт. 
4. 
Бардык материалдык процесстер жана кубулуштар адам тарбынан 
таанылат же туюмдар менен кабыл алуунун негизинде анын аң сезиминде 
чагылдырылат. Муну менен сөз түздөн түз сезүү аркылуу кабыл алууга мүмкүн 
болгон нерселер жана кубулуштар жөнүндө гана эмес, ошондой эле аны 
кабылдоо үчүн колдонулган адамдын сезүү органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн 
күчөтүүчү заманбап аспаптар жана куралдар жөнүндө болот. 
Материя объективдүү реалдуулук катары анын ар кандай түрлөрүнө жана 
абалдарына таандык көп касиеттерге ээ. Мындай касиеттерге төмөнкүлөр 
кирет: активдүүлүк, кыймыл (өздүк кыймыл), жашоонун мейкиндик убакыттык 
формасы, объективдүүлүк, структуралуулук, абсолюттуулук.
Материянын белгилүү уюшулушу катары анын структуралуулугу; 
дайыма жана ар кандай жерде белгилүү жол менен материалдык системаларга 
уюштурулгандыгында турат. Б.а. ушундай бирдиктүү түзүлүштөр, алардын 
элементтеринин ортосундагы байланыш аздыр-көптүр туруктуу жана узакка 
созулган болуп саналат. Айлана-чөйрөнүн башка элементтеринин ортосундагы 
байланышка караганда материалдык системалардын төмөнкүдөй негизги 
типтери жана аларга ылайык келген материянын структуралык деңгээлдүү 
уюштурууларын белгилешет: 

Жансыз жаратылыш 

Жандуу жаратылыш

Социум
Бул деңгээлдердин ар бири өз кезегинде уюштуруунун деңгээлдеринин өз 
катары менен мүнөздөлөт. Жансыз материянын системасы төмөндөгүдөй 
деңгээлдерден турат: 
а) микромир (микроэлементтик деңгээл) – талаалардын жана 
элементтердин, бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү мүнөздүү. Бул өтө кичине 
объекттердин дүйнөсү. Жашоо мезгили секундданын миллиарддык бөлүктөрү 


95 
менен ченелет, ал эми кыймылынын ылдамдыгы жарыктын ылдамдыгына 
жакындашат; 
б) макродүйнө. Буга атомдор, молекулалар, макротелолор, планеталар 
жана жылдыздар, планетардык системалар кирет. Макродүйнөдөн жогору 
түгөнгүс алыстыкка кеткен мегадүйнө мейкиндиги жашайт. Табияттын бул 
областынын изилдөөсүнүн негизги объектилери – жылдыздар аралык 
мейкиндик галактика жана метагалактика. 
Жандуу материянын системасы азырынча жерде гана таанылган. Анын 
пайда болушу – материянын табигый жана мыйзам ченемдүү өсүп өнүгүүсүнүн 
натыйжасы. Жандуу материянын деңгээлине өзүн өзү жөнгө салуу жана 
көбөйүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон бардык жандыктар кирет. Жандуу 
материяга клеткага чейинки деңгээлди (ДНК кислоталары, РНК жана 
белоктор), клеткалуу жана көп клеткалуу организмдер – өсүмдүктөр, 
жаныбарларды белгилөөгө болот. 
Биосферанын өнүгүүсүнүн анык бир этабында материалдык системанын 
бөлөк түрү – социалдык уюштурулган материя же коом пайда болду. Бул ой 
жүгүртүүулөрдүн жана индивидуумдардын чындыгын баамдап айландыруу 
жыйындысы. Кезегинде коом өз ара кайчылашкан системалардын көп типтерин 
түзөт: адам, социалдык түзүлүштөр, материалдык маданият – адам тарабынан 
жаралган эмгек куралдары, техникалык жабдуулар ж.б. 
Материянын структуралуулугун кароодо, анын абалын үзгүлтүктүүлүк 
жана үзгүлтүксүздүк көз карашынан мүнөздөөгө мүмкүндүгүн белгилөө керек. 
Материя 
көпчүлүк 
айрым 
структуралык 
системалардын 
түрүндө 
жашагандыктан үзгүлтүктүү болуп эсептелет. Ошону менен бирге 
материалдык, 
структуралык 
системалардын 
ортосундагы 
мейкиндик 
абсолюттук боштук болбогондуктан, өзүнө материалдык талааларды: 
гравитациялык, электромагниттик, ядролук ж.б. камтыгандыктан үзгүлтүксүз 
да болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу материянын эки түрүн ажыратышат: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   79   80   81   82   83   84   85   86   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет