Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет27/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Элдик байлык 
Биздин жашообузда баасы эч нерсе менен өлчөнгүс байлыктар бар. 
Аларга аба, суу, жер, күн жана нан кирет. Нан адамдардын түйшүктүү 
эмгегинен жаралат. Ал- жашоонун гүл азыгы. 
Биздин дасторкондо канчалык дүр- дүйүм тамактар болбосун, 
кичинекей береке болбойт. Демек, нан- элдин баарынын ырыскысы, ата- 
бабаларынан калган ыйык энчиси. 
Нандын курамында адамдын организмине керектүү белоктор, 
углеводдор, калий жана темир туздары арбын. Аш болумдуу заттарга бай. 
Адистердин билдирүүсүнө караганда, адамга керектүү белоктордун 
отуз пайызы нандын эсебинен толукталат. Ошондуктан элде мындай сөз бар: 
“Нан болгон жерде- байлык бар”. 
Сөздүк: 
гүл азык- эң керектүү, түгөнгүс азык 
дүр-дүйүм-ар түрдүү 
энчи- атадан балага калуучу мурас 
1- көнүгүү: Тексттен жөнөкөй сүйлөмдөрдү көчүрүп жазгыла.
2- көнүгүү: Чекиттердин ордуна үндүү тыбыштарды коюп, макалды толуктап 
жазгыла, макалдын маанисин чечмелегиле. Кандай сүйлөм экендигин 
аныктагыла 
Ж. лк. н. нж. нт. тт..мч. кч. нн. нт. тт.. 
3-көнүгүү. Тексттен татаал сүйлөмдөрдү көчүрүп жазгыла. Тыныш 
белгилерине көңүл бургула. 


107 
4- көнүгүү. Жөнөкөй сүйлөмдөрдү татаал сүйлөмдөргө айландырып жазгыла. 
1. Нансыз жашоо жок. Ал биздин эң негизги азыгыбыз. 2. Дыйкан үрөн 
септи. Талаага жайкалган буудай өсүп чыкты. 3. Буудай бышты. Комбайн 
аны чапты.
Эмнени байкадыңар? Өз- өзүнчө турган сүйлөмдөрдөн бир сүйлөм түзүлдү. 
Мисалы: Нансыз жашоо жоктугу биринчи сүйлөмдө айтылса, экинчисинде ал 
ой улантылып, нан биздин эң негизги азыгыбыз экендиги билдирилди. Ушул 
эки сүйлөм бириктиришип, бир татаал сүйлөм түзүлдү. 
5- көнүгүү. Эки тараптагы сүйлөмдөрдү салыштырып окугула. Кайсы 
сүйлөмдөр жөнөкөй, кайсынысы татаал? 
Нандын курамында адамдын организмине керектүү белоктор бар. Анын 
курамында углеводдор да арбын. 
Нан- элдин ырыскысы. Ал ата- бабалардан калган ыйык энчибиз. 
Нан дыйкандын түйшүктүү эмгегинен жаралат. Аны коромжуга учуратпоо 
керек. 
Нандын курамында адамдын организмине керектүү белоктор бар, ошондой 
эле анын курамында углеводдор да арбын. 
Нан- элдин ырыскысы, ал ата- бабалардан калган ыйык энчибиз. 
Нан дыйкандын түйшүктүү эмгегинен жаралат, ошондуктан аны коромжуга 
учуратпоо керек. 
6- көнүгүү. Схемага карап, сүйлөмдүн бөлүнүшүнө көңүл бургула. Алардын 
ар бирине мисал келтиргиле. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет