Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет4/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Изилдөөнүн 
практикалык 
баалуулугу: 
диссертациянын 
жыйынтыктары кыргыз тилин башталгыч класстарда окутуу үчүн окуу 
программаларын, методикалык колдонмолорду түзөтүүгө жана өркүндөтүүгө 
жардам берет; башталгыч класстарда кыргыз тилин эне тили катары 
окутуунун сапатын жогорулатууга көмөкчү болот; башталгыч класстардын 
мугалимдеринин кесиптик квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзөт; 
студенттерге, аспиранттарга билим алуу процессинде, окутуучуларга, 
мугалимдерге, окуу китептеринин авторлоруна кыргыз тилин окутуу 
ыкмаларын колдонууга керектүү эмгек боло алат. 
 
 



 
Коргоого төмөнкүдөй негизги жоболор коюлат: 
Башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик жаңы стандартынын, 
куррикулумунун кабыл алынышы, башталгыч класстарда кыргыз 
тилин эне тили катары окутуунун заманбап методикасынын иштелип 
чыгышын талап кылат; 
башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу боюнча окуу китептери, 
окуу- методикалык куралдар окутуунун заманбап талаптарына таянуу 
менен иштелип чыгууга тийиш; 
изилдөө ишинин жыйынтыгында башталгыч класстарда кыргыз тилин 
эне тили катары окутуп- үйрөтүүнүн текстке байланыштуу окутуу 
методикасы, диссертацияда аныкталган максаттары жана милдеттери, 
иштелип чыккан мазмуну, каражаттары, окутууну уюштуруу 
формалары, көзөмөлдөө ыкмалары натыйжалуу; 
эне тилин башталгыч класста текстке байланыштуу окутуу 
процессинде тилдик материалдарды өздөштүрүү кеп өстүрүү менен 
байланышта жүргүзүлүүгө тийиш. 
Изилдөөчүнүн жекече салымы: Башталгыч класстарда кыргыз тилин 
эне тили катары үйрөтүү процесси, жалпы методикасы алгачкы ирет 
докторлук диссертация деңгээлинде иликтөөгө алынды, кыргыз тилин 
башталгыч класстарда окутуу методикасына тактоолор жана толуктоолор 
киргизилди, дүйнөлүк практикада эне тилин үйрөтүүдө колдонулуп жүргөн 
методдор жана ыкмалар иликтөөгө алынды, башталгыч класстарда кыргыз 
тилин текстке байланыштуу окутуу процессинин жоболору жана аны ишке 
ашырууга зарыл болгон дидактикалык материалдар иштелип чыкты, 
педагогикалык экспериментте анын натыйжалуулугу аныкталды. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет