Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Изилдөөнүн эксперименталдык базасы



Pdf көрінісі
бет5/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Изилдөөнүн эксперименталдык базасы: изилдөө ишине 6 мектептен 
(Бишкек шаарындагы №88, Панфилов районундагы А.Осмонов, Ысык-Ата 
районундагы К.Айдарбеков, Москва районундагы Т.Базаркулов, Тоң 
районундагы Б.Мамбетов атындагы, орто мектептеринен 966 окуучу жана 15 
мугалим тартылды. 


10 
Илимий изилдөөнүн жыйынтыктарын тастыктоо (апробациялоо). 
Диссертация И.Арабаев атындагы КМУнун Башталгыч класстарда кыргыз, 
орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын жыйынында 
өткөрүлдү. Изилдөөнүн негизги натыйжалары баяндама түрүндө болуп, 
илимий- практикалык конференцияларда (И.Арабаев атындагы КМУ
Бишкек- 2009-ж., 2010-ж, 2011-ж, 2012-ж, 2013-ж, К.Тыныстанов атындагы 
ИМУ, Каракол, 2013-ж, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2013-ж, КББА, 
Бишкек, 2013-ж.) өткөрүлдү. Мындан тышкары изилдөө маселелерине 
байланыштуу макалалар Россиянын илимий-методикалык басылмаларында 
жарыяланды. (2016-ж.) Изилдөөнүн негизинде жазылган окуу китеби, окуу 
китебине карата мугалимдер үчүн методикалык колдонмо республиканын 
мектептеринин башталгыч класстарында кыргыз тилин окутуу процессинде 
апробациядан өткөрүлдү. 
Изилдөөнүн этаптары: изилдөө 2007-2013- жылдарда үч этапта 
жүргүзүлдү. Эксперименталдык база катары Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-
Көл областтарынын мектептери (Бишкек шаарындагы №88, Панфилов 
районундагы А.Осмонов атындагы, Ысык-Ата районундагы К.Айдарбеков 
атындагы, Москва районундагы Т.Базаркулов атындагы, Тоң районундагы 
Б.Мамбетов атындагы орто мектептер) тандалып алынды. Илимий- 
теориялык материалдар И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик 
университетинде окулган дарстар аркылуу сынактан өткөрүлдү. 
Биринчи этапта (2009-2011- жылдар) башталгыч класстарда кыргыз 
тилин эне тили катары окутуп- үйрөтүүнүн проблемалары, жалпы абалы 
аныкталып, изилдөөнүн теориялык жана методологиялык негиздери 
белгиленди. Изилдөөнүн гипотезасы белгиленип, кыргыз тилин башталгыч 
класстарда текстке байланыштуу окутууну моделдештирүүнүн негизги 
принциптери 
иштелип 
чыкты. 
Эксперименттин 
констатациялоочу 
маалыматтарды алуу баскычы башталды. 
Экинчи этапта (2011-2013- жылдар) изилдөө иши жүргүзүлүп, 
иштелип чыккан натыйжалар талданып, жалпылаштырылды. Тандалып 


11 
алынган мектептердин башталгыч класстарында кыргыз тили сабактарынын 
өтүлүшүнө байкоо жүргүзүлүп, педагогикалык эксперимент уюштурулду. 
Үчүнчү этапта (2013-2015- жылдар) башталгыч класстарда кыргыз тилин 
текстке байланыштуу окутуу боюнча педагогикалык эксперимент 
жыйынтыкталып, изилдөөнүн натыйжалары жалпылаштырылды жана 
алардын негизинде диссертациялык иш жазылып бүттү. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет