Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Берилген сөздөрдү катыштырып, байланыштуу текст түзүңүз



Pdf көрінісі
бет129/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   125   126   127   128   129   130   131   132   ...   183
4. Берилген сөздөрдү катыштырып, байланыштуу текст түзүңүз.
Ачылыш жасал, кубан, өткөрүл, билдирил, таратыл, пикир айтыл, ачуулан, 
баа берил, ыраазычылык билдирил. 


145
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазуу эрежелери
Үнсүз тыбыштардын жазылышы: ф, х, ц, щ
1. Ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат: 
фирма, фабрика, цех, циркуль, плащ, химия, халва, щетка ж.б.
2. Ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, кээ бир энчилүү аттарда 
колдонулат: Уф! Чарчап кеттим. Фарида, Фируза ж.б. 
3. Кыргыз тилинде х тамгасы хан, пахта деген сөздөрдө жана ах, бах, тах-тах 
сыяктуу сырдык жана тууранды сөздөрдө колдонулат. 
4. Айрым рахмат, рахат, хурма, хурсант сыяктуу араб, иран тилинен кирген 
сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына жол берилет: 
ыракмат, ыракат, курма, курсант.
1. Сырдык жана тууранды сөздөрдүн жазылышына көңүл буруңуз.
Ох-оо, муну кайдан алдыңар!
Бах, биздин тоонун абасы!
Ха-ха-ха, өзүңдүн ким экениңди эми билдиңби?
Тах-тух деген үндүн эле чыкканы угулат, башкасын билбейм.
Ах, ошондогу мүмкүнчүлүк менде азыр болгондо...
2. Берилген сөздөрдү катыштырып байланыштуу текст түзүңүз.
Фермер, цемент, өх, рахмат.
3. Сүйлөмдүн аягын бүтүрүңүз.
Эгерде мен хан болсом, .......................................................................................... .
Эх, чиркин .............................................................................................................. .
Флягада ................................................................................................................... .
Биздин факультет ...................................................................................................?
Цензуранын болгону ............................................................................................. .
Цирктин айланасында .......................................................................................... .


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   125   126   127   128   129   130   131   132   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет