Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Кайсы учурларда маалым кат берилбеши мүмкүн?



Pdf көрінісі
бет132/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   128   129   130   131   132   133   134   135   ...   183
Кайсы учурларда маалым кат берилбеши мүмкүн?
 Жазалы
1. Кесиптешиңизге сиз иштеген бөлүмдө иштегендиги тууралуу маалым кат жазып бериңиз. 
2. «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деген макалдын маанисин чечме-
леп жазыңыз..
 Жазуу эрежелери
Ташымалдоонун эрежелери
1. Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташымал-
данат: ка-бар, бо-лот, бо-ёк, то-кой, келген-дер, айтыл-гандар ж.б.
2. Созулма үндүүнү бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт: тала-
ада эмес, та-лаада; учу-учу эмес, учуу-чу ж.б.
3. Бир муундан турган сөздөр ташымалданбайт: бал, тал, бер, кел ж.б.
4. Эки муундан турган Аалы, эрик, бери, өмүр, ысык ж.б. сыяктуу сөздөр да 
ташымалданбай, бирге жазылат.
5. Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп 
ташылбайт: под-ъезд, батал-ьон эмес, подъ-езд, баталь-он болуп ташылат.
6. Окшош эки үнсүз тыбыш бири-биринен ажыратылып ташылат: ба-ккан эмес
бак-кан; ка-сса эмес, кас-са ж.б.
7. Башкы тамгаларынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташы-
малдап жазууга болбойт: УАК, МАИ, ИИМ ж.б.
8. Кишилердин кыскартылып алынган ысымы жана атасынын аты фамилиядан 
ажыратылып ташылбайт: Т. А. Абдиевдин, К. С. Артыковго Т. А. жана К. С. 
кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып ташымалдоого болбойт.


150
Калия Кулалиева
9. Цифрадан кийин келген км, см, т, ц, кг сыяктуу сөздөрдү өзүнчө бөлүп 
ташууга болбойт: 25 кг, 5 т, 100 м ж.б.
Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура ташымалданган?
1. а) ар-дак, мак-та, тап-та
б) аа-лам, ка-лаа, жа-на
в) кы-лым, уу-луу, ку-лун
г) ку-мар, ту-мар, мур-ун
2. а) ту-ман, у-лан, ка-нат
б) жа-рык, алт-ын, са-ры
в) ба-ла, ур-ук, бу-лак
г) ту-рак, за-мат, ар-тык
3. а) МАИ-ден, БУ-Уга, КР-дан
б) 345 тон-на, 5 грамм, 4 ме-тр
в) раз-ъезд, консуль-тация, чап-па
г) канат-туу, факуль-тет, мам-бас
4. а) Ж.А. - Койчуманова, Ө. С. Канат-беков 
б) 6 кг, 1200 - метр
в) шай - борбор, 40 ц.
г) «Айдан» ЖЧ - Ксы, «Саян» той - канасы


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   128   129   130   131   132   133   134   135   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет