Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Угалы 1-кѳнүгүү. Маалым катты угуп, текстин жазыӊыз



Pdf көрінісі
бет134/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   130   131   132   133   134   135   136   137   ...   183
 Угалы
1-кѳнүгүү. Маалым катты угуп, текстин жазыӊыз. 
2-кѳнүгүү. Т. Абдымомуновдун сѳзүн угуп, мазмунун айтып бериӊиз.


152
Калия Кулалиева
ИШЕНИМ КАТ
Ишеним кат – бул бир жактын (ыйгарым укук берүүчү) экинчи жакка (ыйгарым 
укукка ээ болуучу) жазуу түрүндөгү ишеним артуусу, ыйгарым укук берүүсү. 
Башкача айтканда, жеке кишинин, жамааттын же уюмдун кызыкчылыгын көздөп, 
алардын атынан иш жүргүзүү үчүн башка бирөөгө берилген расмий документ.
Ишеним каттын үч түрү болот:
1. Бир жолку – бир жолку иш-аракетти аткарууга (мисалы, айлык маянаны, 
пенсияны, жөлөк пулду, стипендияны ж.б. алууга) берилет.
2. Атайын – бир түрдүү иш-аракеттерди аткарууга (мисалы, ишкананын 
юристине соттордо ишкананын атынан иш алып барууга) берилет.
3. Жалпы (генералдык) – ишеним артуучунун мүлкүн жалпысынан башкарууга 
берилет. Маселен, үйлөрдү, жеке унааны; ар кандай курулуш же башка 
объектилерди сатканда, тийиштүү мөөнөткө пайдаланууга бергенде же 
мураска өткөргөндө алардын ээси тарабынан башка адамдын атына жазылат. 
Баалуу буюм болгондуктан нотариалдык кеӊсе же жергиликтүү айыл өкмөтү 
тарабынан тастыкталат.
 Окуйлу
1. Ишеним каттын маалым даректерин жазыңыз.
2. Ишеним катка мүнөздүү грамматикалык конструкцияларга көңүл буруңуз. 
ИШЕНИМ КАТ
Бишкек шаарындагы
Тунгуч-1 турак жай
№ 27 үй башкармалы-
гынын штампы
2010-жылдын 23-майы
Мен, Тунгуч-1 кичи районунун 27-үйүнүн 7-батиринин жашоочусу Жанболотов 
Медет Аскарович (паспорт №……………….), Ак-Өргө конушунун Айдың-Көл 
көчөсүндөгү № 19 үйдүн жашоочусу, агам Жанболотов Канат Аскаровичке (пас-
порт №…………………..) жогоруда дареги көрсөтүлгөн батирди менин атымдан 
сатуу, сатып алуу же алмашуу аракеттерин жүргүзүүгө, арыз жазуу жана ага кол 
коюуда ыйгарым укук берем. 


153


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   130   131   132   133   134   135   136   137   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет