Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет150/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   146   147   148   149   150   151   152   153   ...   183
Калия Кулалиева
Үтүрлүү чекит
1. Байламтасыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бири 
менен маани жагынан анчалык тыгыз байланышта болбой турса, араларына үтүрлүү 
чекит коюлат: Мелдештин жыйынтыгы чыгарылды; сыйлыктар тапшырылды; 
нааразычылык болгон жок.
2. Жалпылоо маанисиндеги биринчи сүйлөмдүн маанисин бир нече жөнөкөй 
сүйлөм чечмелеп турса, эң башкы сүйлөмдөн кийин кош чекит коюлат да, андан 
кийинки сүйлөмдөрдөн кийин үтүрлүү чекит коюлат, эң акыркы сүйлөмдөн 
кийин чекит коюлат. Биз үч нерсеге таң калдык: биринчиси – алынган чечимдер; 
экинчиси – буйруктун жоктугу; үчүнчүсү – сиздердин шашылыш жыйынтык 
чыгарышыңыздар.
 Көнүгүүлөр 
1. Сүйлөмдөрдөгү тыныш белгилерди туура коюңуз.
Буйрук чыкты 
Урра-а эми биз бошпуз
Мен эки нерсеге кошулбайм: биринчиси – мынча каражатты бизге эч ким 
бербейт экинчиси – жоопкерчиликти тажрыйбалуу адамга жүктөш керек.
Ии- и ушундай дечи
Кантет болду эми
2. Кайсы катардагы сүйлөмдүн тыныш белгиси туура коюлган?
А) Дилдебек кандай жигит.
Б) Анан... анан ошондой болду.
В) Жашасын элдердин биримдиги.
Г) Анын качан келгенин билбейм?
 Угалы
1-кѳнүгүү. Өтүнүч каттын мазмуну эмне жөнүндө болду? Айтып бериӊиз.
2-кѳнүгүү. Ѳтүнүч каттын текстин жазыӊыз.


169
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
КЕПИЛДИК КАТЫ
Ишти аткаруу, төлөмдү жүргүзүү, кредитти кайтаруу ж.б. ишти жүргүзүүдө 
пайдаланылуучу иш кагазынын бир түрү кепилдик кат болот. Кепилдик кат уюм же 
жеке адамдар тарабынан жазылышы мүмкүн. 
Кепилдик катта экиден кем эмес кишинин колу коюлат: жетекчи жана башкы 
бухгалтер.
1. Кепилдик катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары:
төлөөнү кепилдейбиз, кызмат көрсөтүү боюнча кепилдик беребиз, кредиттин 
кайтарылышын кепилдейбиз, өз убагында төлөнө турганына кепилдик 
беребиз.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   146   147   148   149   150   151   152   153   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет