Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет169/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   165   166   167   168   169   170   171   172   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
коюла берет: Амантур: «Ар бир башта бир кыял, ал кыялды ким тыяр», – деди да, 
акырын ордунан козголду. (А.Уб.)
3. Сүйлөм ичине башка бирөөнүн сөзүнөн бөлүп алып киргизилген айрым 
сөздөр, сөз айкаштары тырмакчага алынып, кичине тамга менен башталып жазы-
лат, бирок алды-артынан төл сөзгө тиешелүү тыныш белгилери (үтүрлүү сызыкча, 
кош чекит) коюлбайт: Ошондогу жаштар кээ бирде азыр да мени «бригадир апа» 
дешет. (Ч.А.) Мен «жаанга калыптыр» дегенди угуп, чыдай албадым.
4. Чыгарманын ичинде келтирилген бирөөнүн каты тырмакчага алынып 
жазылат.
5. Өзүнүн түз маанисинде эмес, каймана мааниде же какшык, мыскыл 
маанисинде колдонулган сөздөр тырмакчага алынат: Бүтүмгө келишкен 
«жакшыларды» Саадат бээ союп коноктоду. (Т. С.)
6. Ишканалардын, гезит-журналдардын, чыгармалардын аттары тырмакчага 
алынып жазылат: «Ала-ТВ» телеканалы, «Алга» командасы, «Кыямат» романы 
ж.б.
 Көнүгүүлөр
1. Кашаага алынып жазылган сөздөрдүн эмне себептен ошондой жазылганын түшүндүрүп 
бериңиз.
Ал Бишкек (анда Фрунзе) шаардык спорт комитетинин төрагасы болуп 
дайындалган.
Өтө жакырлардын көбү Азияда (538 миллион адам) жана Африкада (210 
миллион адам) жашайт. 
Бул компьютерде кыргыздын үч тыбышын (Ө, Ң, Ү) бир нече ыкма менен 
жазууга болот.
Өзгөчө сиздин дене тарбия сабагында элдик (улуттук) спорт оюндарын 
үйрөнүлүүгө жана ойноого, ал эми эмгек сабагында элдик узчулукту, элдик 
этиканы, этикетти үйрөнүүгө көңүл буруу деген сөздөрүңүз өзгөчө жакты.
2. Кайсы сөздөр тырмакчага алынып жазылат. Эмне үчүн? Түшүндүрүп бериңиз.
Кут билим гезити – Кыргызстандагы агартуу тармагынын көйгөйлөрүнө 
арналган мезгилдүү басылма.
Кут билим гезити совет доорунда Мугалимдер газетасы деп аталган. 
Анын орусча басылмасы Учитель Киргизстана деп аталчу.
Биз редакцияда таланттуу акын Карбалас Бакировду (Акыркы кентавр 
деген китептин автору) тамашалашып Карбалас түшкө чейин акын, түштөн 
кийин Кентавр деп койчубуз, анткени ал түшкө чейин иштеп түштөн кийин 
«куйругун карматпай» кетип калар эле.
Илгери Раев десе Рухту, Рух десе Раевди түшүнөбүз деп тамаша иретинде 
айтып калышчу окурмандар.


190


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   165   166   167   168   169   170   171   172   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет