Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет168/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   164   165   166   167   168   169   170   171   ...   183
3. Боштуктарды толуктаңыз.
Урматтуу Нурдан Мырзаевич!
Сизди «NC» корпорациясынын Директорлор кеңешинин …………………… 
болуп шайланышыңыз менен ……. ………………... куттуктайм.
Көп жылдык ………………… жана жогорку кесиптик даярдыгыңыз корпорация- 
нын мындан аркы өсүп-өнүгүүсүн ……………………… деп ишенем.
Ишканалар аралык …………………………… бекемделишин жана өнүгүшүн 
тилек кылып, Сизге чың ден соолук, ……………………….. ийгилик каалайм. 
«Арзу» жеңил ………… ………….
 ишканасынын ……………..
 
 
Ж. Сыдыкова


188
Калия Кулалиева
4. Берилген сөз жана сөз айкаштарына маанилеш (//) сөздөрдү табыңыз.
Урматтуу (//) …………………. кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн (//) …………………………… 20 
жылдык мааракеси куттуу болсун!
Элибизге бакыбат (//) …………………. жашоо, жерибизге тынчтык орносун 
(//).…………………… . Мамлекетибиздин өнүгүшү, өсүшү (//) …………………. 
баарыбыздын(//)………………… колубузда. 
Бардыгыңыздарга ден соолук, ийгилик жана бакыт-таалай каалайбыз.
«Келечек» фирмасы
 Жазуу эрежелери
Кашаа
Сүйлөмдү жазып жаткан учурда андагы айтылган ойду толуктоо, тактоо, ал ой 
жөнүндө бир нерсени эскерте кетүү зарылчылыгы туулат. Ошол өңдүү зарылчылыкты 
ишке ашыруу максатында сүйлөм ичинде айрым бир сөз, сөз айкашы же бүтүн 
бир сүйлөм кыстырылып, кошулуп айтылат. Ал көбүнчө сүйлөмдүн ортосунда же 
аягында келет жана жазууда кашаага алынып жазылат. 
1. Мааниси көпчүлүккө кеңири түшүнүктүү болбогон сөзгө түшүндүрмө берет, 
бир тилдеги сөздү экинчи тилге которуп түшүндүрөт, же терминдин, сөздүн маа-
нисин экинчи бир сөз менен ачып көрсөтөт: Воронкасына (куйгучуна) суюлтулган 
күкүрт же туз кислотасы куюлат. Атомдор (химиялык элементтер) химиялык 
белгилер менен туюндурулат.  
2. Айтылган сөздүн же ойдун мазмунун толуктоочу, аныктоочу ар кандай ко-
шумча маанилерди билдирет: Байланыштын (почта, радио, телевидение, телефон 
жана телеграф) бардык каражаттары дагы көбүрөөк өнүктүрүлөт. 
3. Негизги сүйлөмдөгү ойго карата болгон сүйлөөчүнүн ар кандай кошумча 
эскертүүсүн, мамилесин билдирет: Илгери бир жолу барганымда (ал кезде эжебиз 
Данаан тирүү), Алымбай чуркап жүргөн бала эле.
4. Драмалык чыгармалардагы ремарка кашаага алынат.
Тырмакча
1) Тике сөз жалпы тексттен бөлүнбөй, анын ичинде берилсе, тырмакчага алы-
нып жазылат: Эмне үчүндүр башка сөз оозума келбей: «Ой, бул эмнең, балам», – 
дептирмин. (Ч.А.)
2) Эгер макал-ылакаптар тике сөз катарында колдонулса, тырмакчага алынып 
жазылат: «Кыңыр иш кырк жылда билинет» деген сөздүн чындыгы бар белем. 
Эгерде элдик макалды сүйлөп жаткан киши өзүнүн сөзү катары пайдаланса, 
тырмакчага алынып, алды-артына төл сөзгө тиешелүү болгон тыныш белгилери 


189


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   164   165   166   167   168   169   170   171   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет