Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет166/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   162   163   164   165   166   167   168   169   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
4. ............................................... : .............................................................................,
................................................................................................................................. .
 Угалы
1-кѳнүгүү. Текстти угуп, мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Каттын тексттин кагазга түшүрүӊүз.
 Сүйлөшөлү
1. Кандай учурларда расмий көңүл айтуу каттары жазылат?
2. Көңүл айтуу салты кыргыздарда бар беле же бул салт бизге башка элдерден кийинчерээк 
кабыл алынганбы?
3. Ролдоштуруп сүйлөшөбүз.
1-кызматкер: 
– Гезиттерге көңүл айтуулар абдан көп жарыяланат. Бул туура эмес деп 
ойлойм…
2-кызматкер:
– Жок, белгилүү адамдар жана алардын үй-бүлөсүнө ММК аркылуу көңүл 
айтылганы туура, анткени…
 Жазалы
1. Сиз бир мамлекеттин башчысысыз. Коңшу мамлекетте катуу шамал болуп үйлөр кыйроого 
учурап, адам өмүрү да кыйылды. Буга байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөтүңүз.
2. Ыр саптарынын маанисин чечмелеңиз.
Ай-ааламда
Чындык бары чын болсо,
Көк асманда
Жылдыз бары чын болсо,
Жер үстүндө
Кыргыз бары чын болсо–
Анда кыргыз бирөө эле.
Башка кыргыз бар экен деп,
Батпа бекер күнөөгө.
(Э. Ибраев)


186
Калия Кулалиева
КУТТУКТОО КАТЫ
Куттуктоо каты иш каттарынын бир түрү. Ар бир уюм, мекеме, ишкана куттуктоо 
катын жазат жана алат. Куттуктоо каттары башка уюм, компания, фирмалардын 
жетекчилерине, жалпы жамаатына расмий жана кесиптик майрамдарда, мекеменин 
же кызмат адамынын турмушундагы орчундуу окуяларга байланыштуу жөнөтүлөт. 
Ал көбүнчө почта, курьер, кээде факс аркылуу жиберилет.
Куттуктоо уюмдун бланкына же атайы даярдалган куттуктоо бланкына жазылат. 
Куттуктоолор кооздолгон кагазда жазылып, атайын папкага салынат. Куттуктоо 
жамаатка же белгилүү адамга кайрылууну камтыйт. 
Эреже боюнча куттуктоо каттары эркин формада жазылып, көлөмү анча чоң 
болбойт. Каалаган учурда узунураак жазса да болот. Мисалы, жаңы жылдык 
куттуктоо каттарында жыл ичиндеги ийгиликтер, жетишкендиктер айтылып
жетекчилердин жеке салымы да эскертилиши мүмкүн.
Ал биринчи жактын көптүк же жекелик санында жазылат (куттуктайбыз, 
каалайбыз, тилектешпиз же куттуктайм, каалайм, тилектешмин ж.б.). Көбүнчө 
биринчи вариантта жазылганы оң, анткени ал жамааттын атынан жазылган кат 
болуп саналат.
Куттуктоо каттарында даректер толук көрсөтүлүп, жетекчинин колу коюлуш 
керек. Эгерде кол коюу жалпы формада болсо: «Сиздин кесиптештериӊиз», 
«Ишкананын жамааты», «Министрликтин кызматкерлери» ж.б. жазылат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   162   163   164   165   166   167   168   169   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет