Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет26/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   183
 Сүйлөшөлү
Нурдин: Бирөөнүн артынан арыз жазып, ар кайсы жакка чуркап жүргөндөрдү 
жек көрөм.
Айзада: Эгер чындык бурмаланып, биринин ордуна башкасы күнөөлөнүп 
жатса, кантип карап жатасың, арыз жазгандарды мен түшүнөм. Эгер ошондой 
окуя болсо, мен да жазмакмын.
Нурдин: ...
Айзада: ...
3. Сиз кимисин колдойсуз? Ролдорго бөлүнүп сүйлөшүүнү улантыңыздар.
 Жазалы
1. Сиз окуу жайга өттүңүз. Окуу жайга расмий кабыл алынуу үчүн арыз жазышыңыз керек. 
Арыздын толук үлгүсүн жазыңыз.
2. Макалдын маанисин чечмелеңиз.
Билбеген – уят эмес, билгиси келбеген – уят.


32
Калия Кулалиева
ТҮШҮНҮК КАТ
Ишке тиешелүү ар кандай окуя, көрүнүш, фактынын себептерин түшүндүрүп 
жазып берүү менен байланышкан иш кагазы түшүнүк кат болот. Түшүнүк каттын 
дагы бир түрү негизги документтин (план, отчёт, долбоор ж.б.) кээ бир жоболорунун 
мазмунун түшүндүрүп берүү максатында жазылышы мүмкүн. 
Ички түшүнүк кат жаран, кызматкер, тийиштүү бөлүм башчысы ж.б. тарабынан 
түздөн-түз жетекчиге жазылат. Анда иш же окуу, кызмат тартибинин бузулушу, 
анын натыйжасынан иш, тапшырма аткарылбай калган себеби көрсөтүлөт. Далил-
дер ишенимдүү болуп, тийиштүү документтер кошо тиркелиши керек. Түшүнүк кат 
кол менен бир эле нускада жазылып жүрөт. 
Тышкы түшүнүк кат жогорку инстанцияга төмөнкү инстанциядан берилет 
жана алардын ортосундагы ведомстволук, өндүрүштүк, тартиптик, аткаруучулук 
мамилеге байланышат. Бул учурда түшүнүк кат уюмдун расмий бланкасында басма 
түрүндө жазылып берилет.
1. Сөздөрдүн карама-каршы маанисин табыңыз. Ар бирине түшүндүрмө бериңиз.
жогорку инстанция
юридикалык жак 
жеке жаран 
тышкы
расмий бланк
төмөнкү инстанция:
ички
бейрасмий кагаз


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет