Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Тоо, Төө-Ашуу, Жалал-Абад, Кум-Төр ж.б



Pdf көрінісі
бет29/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   183
Тоо, Төө-Ашуу, Жалал-Абад, Кум-Төр ж.б.
3. Географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лекси-
калык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Көгарт, 
Мырзаке, Чалдыбар, Алайкуу, Көкөмерен, Улакол ж.б.
4. Орус тилинен которулуп алынган географиялык аттардын ар бир сөзү баш 
тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт (орус орфо-
графиясынын эрежелерине негизделет): Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, 
Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия ж.б. Чет тилде кандай жазыл-


35
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
са, ошондой жазылгандары да бар: Кривой Рог, Ростов-на-Дону, Рио-де-Жа-
нейро, Нью-Йорк ж.б.
5. Географиялык аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу -лык мүчөсү уланса, 
ал сөз кичине тамга менен жазылат: Алай/алайлык, Ысык-Көл/ысык-
көлдүк ж.б.
6. Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар 
кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: Алматы, Анжыян, 
Түркстан, Казан, Семей, Дүйшөмбү ж.б.
7. Арал, жарым арал, жер, деңиз, кысык ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү 
аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Курил 
аралдары, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Алай тоо кыркасы ж.б.
8. Түндүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын 
тутумунда баш тамга менен башталып, бөлөк жазылат: Түндүк Батыш, 
Түндүк Чыгыш, Батыш Европа, Чыгыш Казакстан ж.б.
9. Бул сөздөр жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: Оштун 
түштүгү, Кытайдын батышы, Кыргызстандын чыгыш тарабы ж.б.
10. Географиялык аттар белгилүү бир жол каттамынын чегин билдирип турса: Ош 
– Эркечтам – Кашкар жолу, Бишкек – Москва каттамы ж.б.
1. Көнүгүү жана иш кагаздарынын тексттериндеги географиялык аталыштардын жазылышына 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет