36
Калия Кулалиева
Мисалы: Бектур он жылдан бери Пакистанда жашайт. Сиңдим кечээ Индиядан
келди. Эжем үйдө отурат. Курбум университеттен чыгып кетти.
1. Берилген сөздөрдү боштуктарга туура жайгаштырыңыз.
Баткен, талаа, алыс, биринчи кабат, Лондон, текче, үй.
Бактыгүлдүн документтери .................................. калыптыр.
Агроном Кубат бүгүн .................................... кеч келет.
Ал кечээ .................................. учуп кетти.
............................................. келген делегаттар кайда?
Жаңы түшкөн арыздар ..................................... турат.
Кызмат сейфимдин ачкычын ..................................... алып келип бериңизчи.
Коноктор .......................................... келишиптирби?
2. Көп чекиттин ордуна жатыш же чыгыш жөндөмөнүн мүчөлөрүн улаңыз.
Элиза бул сувенирди Египет........ алып келген. Жылдыз эки жыл.......
бери Россия........... жашайт. Бул көчөттү Баткен........ алып келип отургуздук.
Талас...... төө буурчак алып келип, аны Түркия....... алып кетиптир. Бул
жаңы конуш........ бала бакча жок. Тоо...... карышкыр түшүптүр дейт. Биздин
өлкө......... таланттуу жаштар көп. Кымызды Суусамыр........ алып келди.
Достарыңызбен бөлісу: