37
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ТИЛ КАТ
Уюм, мекеме же жеке адамдардан бир нерсени алуу фактысын тастыктоочу
документти тил кат дейбиз. Ал колдо же компьютерде бир нускада даярдалып, анда
башка бир документти (нускоо, чакыруу, эскертүү), буюм же акчаны (саны
цифра
менен көрсөтүлүп) алгандыгы жазылган болот. Тил катта оңдоо, өчүрүү, үстүнө
кошуп жазуу болбош керек, мындай болгондо берилген кат
күчүн жоготот. Тил
катты жазган кишинин колун кызмат боюнча жетекчи тастыктай алат. Көрсөтүлгөн
маалымат ири сумманы, баалуу буюмду билдирип турса,
аны мамлекеттик нотари-
алдык конторадан
тастыктоодон өткөрүү зарыл.
1. Тексттеги бөлүнүп жазылган сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бериңиз.
2. Төмөнкү тексттеги боштуктардын ордун толуктап жазыңыз.
Тил кат
Мен,
Жапарова Айжан, областтык борбор... оорукананын башкы доктур...
Акматова Салкын... убактылуу пайдалануу үчүн оорукана... кан басымын өлчөөчү
аспап... , температура ченегич градусник... , халат... алгандыгым тууралуу тил кат
беремин.
05.01.2010
Колу/................
Жапарова Айжан
Достарыңызбен бөлісу: