Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


риңиз. 91 ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ



Pdf көрінісі
бет81/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   77   78   79   80   81   82   83   84   ...   183
риңиз.


91
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазуу эрежеси
Татаал сөздөрдүн жазылышы
1. Бириккен сөздөрдүн жазылышы
Тыбыштык түрү өзгөрүп, түгөйлөрү өз ара бириккен сөздөр бирге жазылат: 
быйыл, бүгүн, каер, жылаңаяк, жылаңбаш, унчук, кайната, байке, агайын, 
былтыр, антип, бүрсүгүнү, ушинтип, минтип ж.б.
2. Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы
Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн 
ажыраган сөздөр менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашын түзүп, бир маани бе-
рип турган кошмок сөздөр бирге жазылат: карамүртөз, кечкурун, карагат, алмон-
чок ж.б. 
Уяң үнсүз менен бүткөн сөздөн кийинки сөз каткалаң үнсүз менен башталса, 
каткалаң үнсүз жумшак айтылат, бирок ага жазууда жол берилбейт: тилгат эмес, 
тил кат, колгап эмес, кол кап; ишенимгат эмес, ишеним кат.
Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн жасал-
ган кошмок сөздөр бирге жазылат: асыресе, тиригарак, жексур ж.б.
 
 Тесттик тапшырмаларды аткарыңыз.
1. Кайсы катардагы сөздөрдүн баары туура жазылган?
А) кайната, таңатуу, ак тилек, кеч курун
Б) таң заар, тил кат, жылаң баш, колкап
В) эчтеке, карамүртөз, кол башчы, таң калуу
Г) агайын, ал мончок, тил кат, көбүнесе
2. Кайсы катардагы энчилүү аттардын бардыгы туура жазылган?
А) Батыш Европа, борбордук Азия, Орто Азия
Б) Торук-Арт, Төө-Ашуу, Ала-Тоо
В) Алай-Куу, Кум-Төр, Шамалды-Сай
Г) Мырзаке, Чалдыбар, Кара-Үңкүр
3. Кайсы катардагы сөздөрдүн баарында дефис туура коюлган?
А) 5-класс, X-кылым, 1991-жыл
Б) 7,8 бала, ТУ-154, Ауди-100
В) 2012-жыл, XX кылым, № 1-үй
Г) № 68 мектеп, АН-10, 5-6 жигит


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   77   78   79   80   81   82   83   84   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет