Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


 Төмөнкү сөздөр көп убакта эрежеге ылайык жазылбаганы байкалат. Кашаанын ичинде туура



Pdf көрінісі
бет82/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   78   79   80   81   82   83   84   85   ...   183
4. Төмөнкү сөздөр көп убакта эрежеге ылайык жазылбаганы байкалат. Кашаанын ичинде туура 
эмес жазылганы берилди. Туура жазылышын эстеп калыңыз.
Үй-бүлө (үй бүлөө же үйбүлө эмес), ден соолук (ден-соолук эмес), 
дарскана (дарскаана эмес), уруксат (улуксаат эмес), эл аралык (эларалык 


92
Калия Кулалиева
эмес), № 72 мектеп ( № 72-мектеп эмес), бир аз (бираз эмес), бир-бирден 
(бир бирден эмес), баары (бары эмес), бардык (баардык эмес), оперативдүү 
(оперативтүү эмес), ич ара (ичара эмес), иш-чара (иш чара эмес), башаламан 
(баш аламан эмес).
5. Көрнөк-жарнактарда, субтитрлерде дагы кайсы сөздөрдүн жаңылыш жазылганын 
байкадыңыз. Жазыңыз.
6. Суроолорго жооп бериңиз. Туура жазыш үчүн эмне кылышыбыз керек?
1. Сиз эмне кылышыңыз керек?
2. Кыргыз тилчилер эмне кылышы керек?
3. Мамлекет кандай чараларды колдонушу керек?
 Грамматика
Тактооч
Кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалын билдирген сөздөр тактооч сөздөр деп 
аталат. Тактоочтор кандай? кантип? канча? кайда? кайдан? деген суроолорго 
жооп берет. 
Тактоочтор маанисине карай төрткө бөлүнөт: 
1. Мезгил тактооч: Азыр келем. Кечке маал чыгып кетти эле. Таң заарда 
телефон чалыптыр. Жайында жакшы эс ала албай калдым. Эртең эрте барам.
2. Орун тактооч: Алга басты. Артка кайрылды. Ары-бери баспай отурчу. Сиз 
менен кийин сүйлөшөм.
3. Сын-сыпат тактооч: Араң окуду. Тез сүйлөйт экен. Кыргызча жазыптыр. 
Дароо бүтүрүп беришти. 
4. Сан-өлчөм тактооч: Тамакты аз-аздан, тез-тез ичип турушуңуз керек. Анча-
мынча жардамдаштым. Мунун ичи бөксө экен. Китептерди кем берди. 
1. Жогоруда келтирилген мисалдардан тактооч сөздөрдү табыңыз. Суроо бериңиз.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   78   79   80   81   82   83   84   85   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет