Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Жөнөкөй сүйлөмдөрдү байламталардын жардамы менен бириктириңиз



Pdf көрінісі
бет92/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   88   89   90   91   92   93   94   95   ...   183
3. Жөнөкөй сүйлөмдөрдү байламталардын жардамы менен бириктириңиз.
Үлгү: Асан мектепте иштейт.

Асан университетте иштейт.

Асан мектепте да, университетте да иштейт.
1. Мен университетке бардым.
Конференцияга катыштым.
.................................................................................................................................. .
2. Ал ашканага кирди.
Анын эч нерсе жегиси келген жок.
.................................................................................................................................. .
3. Сен көрсөтмө жаз.
Сен буйрукту даярда.


103
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
.................................................................................................................................. .
4. Бул күчтүү окумуштуу.
Бул адамды эл сыйлайт.
.................................................................................................................................. .
5. Ырдаган сенсиңби?
Сүйлөгөнчү?
.................................................................................................................................. .
4. Берилген сөздөрдү катыштырып, иш кагазынын стилине ылайык келген сүйлөмдөрдү 
түзүңүз. 
Ошентсе да, себеби, же болбосо, ошол үчүн, бирок, менен.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Көрсөтмөнүн мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Уккан текстти жазыңыз.


104
Калия Кулалиева
ЖОБО
Жобо – мекеме, уюм, ишканалардын жалпы ишмердигин нормага салган
алардын түзүмүн, функциясын, ички бөлүнүштөрүн, же кандайдыр бир кырдаалга 
байланыштуу (ЖАКтын акционерлеринин жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү 
тартиби боюнча жобо, Келишимдерди түзүү жана аткаруу тартиби боюнча жобо 
ж.б.) иш-аракеттеринин тартибин аныктоочу, мамлекеттин аракеттеги мыйзамдары 
жана токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы.
Ар бир мекеме же уюм өз ишмердигин кабыл алынган жобонун негизинде 
жүргүзөт. Жобонун төмөнкүдөй маалым даректери болот:
1. Жобону бекитүү белгиси;
2. Жобонун расмий аталышы (ЖОБО);
3. Жалпы жоболор;
4. Иш милдеттери;
5. Укуктар жана милдеттер;
6. Жетекчилик;
7. Өз ара байланыштар.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   88   89   90   91   92   93   94   95   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет