Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет91/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   87   88   89   90   91   92   93   94   ...   183
Калия Кулалиева
Байламталар синтаксистик кызматына карай экиге бөлүнөт.
1. Багындырма байламталар
1. Себеп байламталар: себеби, анткени,
неге десең, андыктан, ошондуктан ж.б.
2. Шарттуу байламталар: эгер, эгерде.
Баяндоочу шарттуу ыңгайдын -са
мүчөсү менен аяктайт.
3. Салыштырма байламта: кандай,
канча, канчалык; ошондой, ошончо,
ошончолук ж.б.
2. Багындырбас байламталар
1. Байланыштыргыч байламталар: 
жана, ары, жана да, дагы, да, дале, 
менен ж.б.
2. Каршылагыч байламталар: а, ал эми,
бирок, антсе дагы, ошондой болгону
менен, анткени менен ж.б.
3. Божомолдогуч байламталар: же,
же болбосо, не.
1. Мисалдарды окуп, байламталардын түрүн аныктаңыз.
Биз барабыз, бирок алар келбейт. Баарынан кымбат мекен, андыктан ме-
кенибизди коргойлу. Азиада мектепке бара элек, ошентсе да тамгалардын баа-
рын тааныйт. Же келерин, же келбесин так айтпайт. Эгерде конкурстан өтсөм, 
чет өлкөдө окуйм. Арген Рамисович жумушка келбейт, себеби адистигин жо-
горулатуучу курста окуп жатат. Китеп менен дептериңди бул жерге калтырба. 
Мугалимге бардык шарттарды түзөбүз дешти, ошентсе да ал иштегенге макул 
болгон жок.
2. Боштуктарга төмөндө берилген байламталарды мааниси боюнча туура жайгаштырыңыз (да, 
бирок, же, да, эгерде, анткени).
1. ............................................ мен беш түрдүү тил бил ....................., беш 
жагымдан чоң-чоң беш терезе ачылып, дүйнөнү беш жагымдан терең таанып 
олтургандай болор элем. (Т. С.)
2. Муну укканда мен ордумдан ыргып турдум, ...................................... 
Дүйшөн ошол Сайкал кемпирдин үйүндө жүрчү. (Ч. А.)
3. Башка бир ишти билбей турган чыгармын, .............................. ата менен 
эненин ким экенин жакшы билем. (К. Ж.)
4. ....................... англис, ................. немис тилин тандашың керек.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   87   88   89   90   91   92   93   94   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет