Кодекске, «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө»


-глава. Электр энергиясын керектөөчүлөргө берүү жана



бет3/12
Дата24.02.2016
өлшемі1.26 Mb.
#12432
түріКодекс
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12

7-глава. Электр энергиясын керектөөчүлөргө берүү жана

аны керектөөнүн режими
75. Бардык керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү түзүлгөн Келишимдерге (Контрактыларга) ылайык лицензия алуучу тарабынан жүргүзүлөт.

76. Электр энергиясынын тиричиликтен башка керектөөчү Контрактыда көрсөтүлгөн мөөнөттө кийинки жылга электр энергиясына жана кубаттуулукка пландалган муктаждыгын кварталдарга бөлүү менен көрсөтүүгө милдеттүү.

77. Тиричиликтен башка керектөөчү электр энергиясын керектөөнүн келишим көлөмүн өзгөртүү зарылдыгында кийинки айга (кварталда) керектөө көлөмүн өзгөртүү үчүн лицензия алуучуга үстүдөгү айдын 20-күнүнөн кечикпестен кайрыла алат.

78. Керектелген электр энергиясынын жана кубаттуулуктун көлөмү, чектөө графиктеринде керектөөчүнүн катышуу тартиби, Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутумунда караптык жагдай пайда болгондо аларды колдонуу тартиби Келишимде (Контрактыда) көрсөтүлөт.

79. Лицензия алуучу керектөөчүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутумуна жогорку чекте күч келтирген сааттар жөнүндө кабарлап турат, алар:

- октябрдан мартка чейин: суткасына 6 сааттан;

- апрелден сентябрга чейин: суткасына 5 сааттан ашпоого тийиш.

«Эрте мененки» жана «кечки» жогорку чекте күч келүүнүн созулуу так убактысын Улуттук электр тармагы белгилейт, лицензия алуучуга билдирилет, ал кышкы жана жайкы мезгилдер башталар алдында кеминде 30 күн мурда керектөөчүгө билдирет.

Жогорку чекте күч келген сааттарда керектөөчүгө электр менен жылытуучу алеттерди колдонууга тыюу салынат. Керектөө режими сакталбаган учурда лицензия алуучу ТШны жокко чыгарууга жана Келишимди (Контрактты) бузууга укуктуу.

80. Керектөөчүнүн жеке электр чордону бар болсо, электр энергиясы менен жабдууга Келишим (Контракт) лицензия алуучунун тармагынан түздөн-түз керектелген электр энергиясынын санына түзүлөт.

81. Керектөөчүнүн электр орнотмолоруна жана лицензия алуучунун электр тармактарына күч келүү режимин талдоо үчүн керектөөчү жылына эки жолу күч келүү алынып салынгандан кийин кеминде 15 күндөн кечиктирбей жазуу жүзүндө керектөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлган, жайкы жана кышкы мезгилдин белгиленген мүнөздүү жумуш күнү лицензия алуучу тарабынан алынган электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн суткалык графигин лицензия алуучуга берет.

Эгер контролдук өлчөөнүн сунушталган күнү мүнөздүү график үчүн алгылыктуу болбосо, анда керектөөчү мындай күндү өз алдынча белгилейт.

82. Керектөөчүнүн электр керектөөнүн уруксат берилген күч келүүнү жана режимдерин сактоосуна көзөмөл лицензия алуучу тарабынан жүргүзүлөт.

Күч келүүнү контролдук өлчөө лицензия алуучунун кызматкери тарабынан керектөөчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.

Ченемдердин жыйынтыктары акт менен таризделет, бир нускасы керектөөчүгө берилет.

83. Лицензия алуучу Келишимде (Контрактыда) белгиленген уруксат берилген жүк түшүү жана электр керектөөнүн тартиптерин керектөөчү аткарбаса же карызы болсо, ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттө керектөөчүнү эскертүү менен ага электр энергиясын берүүнү жарым-жартылай же толук токтотууга укуктуу.

Керектөөчү жазуу жүзүндөгү эскертүүнү алгандан кийин лицензия алуучунун мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.

84. Электр менен жабдуунун камдык булактары бар керектөөчүлөр алардын техникалык абалына жана ишке кирүүгө даярдыгына толук жооп берет. Камдык электр менен жабдуунун өз убагында ишке киргизилбешинин жыйынтыгында келип чыккан бардык зыяндар жана болжолдуу терс натыйжалар алардын кожоюндарына жүктөлөт.

85. Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика тутумунда караптык жагдайлар убагында Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген электр энергиясын өчүрүү графиктери колдонулушу мүмкүн.

86. Жумуш убактылуу мүнөзүндө болгондо же 1 айдан ашык мөөнөткө кеткенде (тиричилик керектөөчүлөр үчүн) керектөөчү лицензия алуучуга электр энергиясын өчүрүүнү жана коммерциялык эсептөө каражаттардын көрсөткүчтөрүн акт менен тариздөө үчүн жазуу жүзүндө маалымат берүүгө милдеттүү.


8-глава. Турак үйлөрдүн электр орнотмолорун пайдаланууда жоопкерчилик
87. Турак үйдүн жалпы электр тармактарынын (киргизүү-бөлүштүрүү түзүлүштөрү, кабаттагы калканчылар, батирдеги калканчылар, батирлерди электр менен жабдууга, тепкич бөлүктөрүн, номур чырактарын, жертөлө жана чатырларга жарык берүүгө керектелген электр тармактары) техникалык абалына жана коопсуздугуна жоопкерчилик үйдүн менчик ээсине же лицензия алуучуга жүктөлөт. Лицензия алуучу ушул ишти Келишимдин (Контрактынын) негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.

Лифттин электр техникалык жабдыгын жана экинчи көтөрүлүштөгү соркыскычтарды пайдаланууга жоопкерчиликти үйдүн менчик ээси же жабдуунун менчик ээси тартат.

88. Ушул Эрежелердин 33-пунктунда белгиленген менчик чектен керектөө түйүнүнө чейин турак үйлөрдүн электр тармактарынын техникалык абалына жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик көп батирлүү үйдүн менчик ээсине же лицензия алуучуга жүктөлөт. Лицензия алуучуга ушул ишти Келишимдин (Контрактынын) негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык жүргүзөт.

89. Батирди (турак үйдү) башка жеке жана юридикалык жакка ажыратып берүүдө, керектөөчү лицензия алуучу менен төлөмдөрдү салыштырып текшерүүгө милдеттүү. Мурунку кожоюндун дебитордук карызы бар болсо – аны төлөө керек.

Керектелип, бирок төлөнбөгөн электр энергиясы үчүн жоопкерчилик батирдин (турак үйдүн) жаңы кожоюнуна жүктөлөт.

90. Электр тармактарына мурун кошулган батирге (турак үйгө) киргенде жаңы кожоюн жана батирди жалдоочу лицензия алуучу менен Келишим түзүп, өзүнүн атынан өздүк эсеп ачууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөттө Келишим таризделбесе, лицензия алуучу электр энергиясын берүү токтотулушу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү менен тариздөө керектиги туурасында жаңы кожоюнга жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.


9-глава. Электр энергиясын пайдалануу үчүн эсептешүүлөр

91. Лицензия алуучу тарабынан берилген керектелген электр энергиясы үчүн эсептешүүлөр бардык керектөөчүлөр менен (эркин керектөөчүдөн башка) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген жөндөлмө тарифтер боюнча жүргүзүлөт. Эркин керектөөчү менен – жөндөлбөгөн тарифтер боюнча.

92. Эсептешүү мезгилинде керектелген электр энергия жана кубаттуулук үчүн эсептешүү коммерциялык эсепке алуу алеттеринин көрсөткүчтөрүн алууну төмөнкүлөр аткарууга тийиш:

- тиричилик керектөөчүлөр үчүн – лицензия алуучунун кызматкери;

- тиричиликтен башка керектөөчүлөр үчүн – Келишимдин (Контрактынын) шарттарына ылайык Келишимде (Контрактыда) айтылган мөөнөттөрдө;

- керектөөчүгө төлөм документин жазып берүү жана берүү менен.

Керектөөчүнүн айынан лицензия алуучунун өкүлү электр эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн ала албай калса, биринчи ай үчүн эсептешүү – өткөн айдагы орточо айлык (орточо күндүк) сарптоо боюнча, экинчи эсептешүү мезгили Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүнү тейлөө тартиби жөнүндө нускамага (3-тиркеме) ылайык жүргүзүлөт.

Керектөөчүнү тейлөөнүн конкреттүү шарттары лицензия алуучу тарабынан электр менен жабдууга Келишимде (Контрактыда) айтылат.

93. Лицензия алуучу керектөөчүгө төлөм документтерин жазып берет:

1) коммерциялык эсепке алуу алеттери эсепке алган керектелген электр энергиясына;

2) Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүнү тейлөө тартиби жөнүндө нускамага (3-тиркеме) ылайык көлөмү эсептелген керектелген электр энергиясы үчүн.

94. Лицензия алуучу милдеттүү:

1) ушул Эрежелерде аныкталган керектелген электр энергиясы үчүн төлөө мөөнөтүн керектөөчү аткарбаган учурда электр энергиясын өчүрүүнүн күнү жана убагын төлөм документинде көрсөтүүгө;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар бир узартылган күн үчүн карыздын суммасына керектөөчүгө туум эсептеп берүү;

95. Керектөөчү төлөм документинде эсеп каталарды, коммерциялык шаймандардын көрсөткүчтөрүндө так эместиктерди байкаса, бул жөнүндө төлөм документин алгандан 3 күндөн кечикпестен лицензия алуучуга арыз жазууга жана Келишимде (Контрактыда) аныкталган мөөнөткө сумманы төлөөгө милдеттүү.

Лицензия алуучу 10 күндүн ичинде материалдарды текшерип, керектөөчүгө жооп жазат.

Керектөөчүнүн арызындагы фактылар ырасталса, лицензия алуучу мурда жазылган сумманы оңдоп, төлөм документин жазып берет.

Керектөөчүнүн арызында жазылган фактылар ырасталбаса, керектөөчү калган сумманы ушул Эрежелерде аныкталган мөөнөттө төлөйт.

96. Бир канча тарифтик топторго таандык электр кабылдагычтары бар тиричиликтен башка керектөөчү менен эсептешүү коммерциялык эсептөөнүн айрым алеттеринин көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлүшү керек.

Электр менен жабдууда ар түрдүү тарифтик топторго таандык электр кабылдагычтардын бир жолу кошуусунан жана электр энергиясын өзүнчө айрым эсептөө убактылуу болбосо, Келишимдин (Контрактынын) негизинде керектелген электр энергиясына керектөөчү үчүн кошуп эсептөө жиктелип жүргүзүлөт.

Керектөөчүнү тигил же ушул тарифтик топко туура эмес кошкон учурда лицензия алуучу Келишим (Контракт) түзүлгөн күндөн тартып керектелген электр энергиясы үчүн кайтадан эсептешүүнү, доонун эскирүү мөөнөтүнөн кеч эмес жана электр энергиясына жана кубаттуулукка тарифтерди ишке киргизген мөөнөттү эсептөө менен жүргүзөт.

97 Керектөөчү – алып кайра сатуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жөндөлмө тариф боюнча иштеген лицензия алуучу менен эсептешишет.

98. Эки чендик тариф боюнча эсептешкен керектөөчүлөр үчүн кубаттуулукка төлөө төмөнкү шарттардан чыгып эсептелет:

1) кубаттуулуктун жогорку чектеги маанисин белгилеген коммерциялык эсептөөнүн эсептешүү каражаттары менен жабдылган керектөөчүлөр үчүн – нагыз мааниси боюнча;

2) кубаттуулуктун жогорку чектеги маанисин белгилебеген коммерциялык эсептөө каражаттары бар керектөөчүлөр үчүн – макулдашылган кубаттуулук боюнча. Макулдашылган жана (же) уруксат берилген кубаттуулуктан ашканда, керектөөчү курал менен ченөөдө келип чыккан нагыз кубаттуулук үчүн эсептешүү кварталында, кийин ТШга жана (же) Келишимге (Контрактыга) өзгөртүүлөрдү киргизүү менен макулдашылган кубаттуулук боюнча төлөйт.

99. Коммерциялык эсептөө каражаттардын керектөөчүнүн күнөөсүнөн эмес убактылуу бузулган учурда лицензия алуучу менен керектелген электр энергиясы үчүн өткөн эсептешүү мезгили үчүн орточо суткалык боюнча эсептешүү жүргүзүлөт, бирок коммерциялык эсептөө каражаттары калыбына келгидей бир айдан ашпасы керек. Көрсөтүлгөн мөөнөттө объективдүү себептерден улам (агын трансформаторлорунун, электр эсептегичтердин болбошу, жолдун өтүүгө мүмкүн эместиги ж.б.у.с.) коммерциялык эсептөө каражаттарын калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо, эсептөөнүн эсептешүү каражаттарын калыбына келтирүү мөөнөтү тараптардын эки тараптуу макулдашуусу менен белгилениши керек, ал эми керектөөчүгө берилген электр энергиясына эсептешүү Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүнү тейлөө тартиби жөнүндө нускаманын (3-тиркеме) негизинде аныкталат.

100. Керектөөчүнүн айынан коммерциялык эсептөө каражаттары бузулганда, лицензия алуучу керектелген электр энергиясына Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүнү тейлөө тартиби жөнүндө нускаманын (3-тиркеме) негизинде эсептешүү жүргүзөт.

101. Электр орнотмолору коммерциялык эсептөө каражаттары жана коммерциялык эсептөөнүн контролдоо каражаттары менен жабдылган керектөөчүлөр жана (же) лицензия алуучулар ушул Эрежелердин 99 жана 100-пункттарына тиешелүү бузуулар үчүн эсептешүүлөр коммерциялык эсептөөнүн контролдоо каражаттарынын көрсөткүчтөрү боюнча жана коммерциялык эсептөөнүн контролдоо каражаттары менен эсептелбеген электр тармактардагы коромжунунун эсеби боюнча ишке ашырылат.

102. Объекттерди башка жеке адам жана юридикалык жактарга ажыратып берген учурда, керектөөчү лицензия алуучу менен ажыратып жаткан мезгилде карыздарды милдеттүү түрдө төлөө менен текшерүү жүргүзөт, андан кийин лицензия алуучу керектөөчү менен жаңы Келишим (Контракт) түзгөнгө чейин объектке электр энергиясын берүүнү токтотот. Керектелген, бирок төлөнбөгөн электр энергиясы үчүн акы төлөө жаңы кожоюнга жүктөлөт.

103. Керектөөчүнү электр менен жабдууда бир канча кошууларды пайдалануу менен керектөөчүнүн нагыз жүктөмү энергетика тутумунун суткалык жогорку чектеги жүк түшкөн сааттарда (жарым сааттык жогорку чектеги жүктөм) ар бир кошуу үчүн жарым сааттык күч келүүнүн суммасы катары аныкталат.

Эгер электр энергиясы үчүн эки чен тарифи боюнча эсептешкен керектөөчү электр энергиясын бир бөлүгүн кошо керектөөчүгө бир чен тарифи боюнча жөнөтсө, ушул кошо керектөөчүлөрдин жүктөм маанисине кичирейтилген, энергетика тутумунун жогорку чектеги жүктүн түшүүсүнө катышкан кубаттуулук үчүн лицензия алуучуга төлөйт.

104. Эсептөө түйүнү тараптардын менчик чегинде жайгашпаган учурда, менчик чегинен эсептөө түйүнүнө чейин электр тармагынын тилкесинде электр энергиясынын коромжусу, менчигинде көрсөтүлгөн электр тармагынын тилкеси орун алган уюмга тиешелүү.

Электр энергиясынын коромжусу керектөөчүгө электр энергиясын жөнөтүү белгиленген пландарда эсепке алынууга тийиш.

Эсептөө түйүнүнөн тараптардын менчик чегине чейинки электр тармагынын участогунда электр энергиясынын коромжусу тиркелген усулдук (4-тиркеме) боюнча эсептешүү жолу менен аныкталат:

1) электр тармагынын элементтериндеги электр энергиясынын коромжусун эсептешүү усулдугу;

2) 6-10/0,4 кВ, кубаттуулугу 1000 кВА чыңалуудагы күч трансформаторлорундагы электр энергиясынын коромжусунун абсолюттук мааниси;

3) кубаттуулугу 100 кВа дан 40 мВа га чейинки күч трансформаторлорунда электр энергиясынын коромжусунун салыштырмалуу маанилери.

105. Лицензия алуучу тарабынан электр энергиясын берүү үчүн башка жеке менчик ээси кожоюндук кылган электр тармактарын колдонгон учурда, электр энергиясын берүүгө байланышкан электр энергиясынын коромжусу керектөөчүгө коюлбайт.

Башка уюмдарды электр тармактарын электр менен жабдуу схемаларында колдонуу алардын макулдугу жана электр энергиясын берүүгө Келишим (Контракт) түзүү менен гана аткарылат.

106. Эки же андан көп эсептөө түйүндөрү бар керектөөчүнүн нагыз жарым сааттык жүктөмүнө көзөмөл, эреже катары, ЭКЭАТтын жардамы менен, ал жок болсо – коммерциялык эсептөө каражаттардын көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлүшү керек. Нагыз жүктүн түшүүсүн контролдоонун шарттары электр энергиясын пайдалануу жөнүндө Келишимде (Контрактыда) айтылышы керек.

107. Керектөөчүгө электр энергиясын берүүнү чектөө же электр энергиясын өчүрүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны белгиленген акы төлөө мөөнөтүнөн ар бир узартылган күн үчүн туум төлөөдөн бошотпойт.

108. Коммерциялык эсептөө каражаттарын же ЭКЭАТты каттоого алганга чейинки мөөнөттө керектелген электр энергиясына эсептешүү керектөөчүнүн келишим кубаттуулугу боюнча жүргүзүлөт.


10-глава. Электр энергиясын берүүнү токтотуунун жана чектөөнүн шарттары
109. Эгер Келишимде (Контрактыда) электр энергиясын берүүдө тыныгуу каралбаган болсо, керектөөчүгө тыныгуусуз берилет.

Электр энергиясын керектөөдө чектөө, ошондой эле чектөө графиктеринде керектөөчүнүн катышуусу боюнча чараларды колдонуу учурдагы ченемдик актылар жана Келишим (Контракт) тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.

110. Карапка кооптуу жана тейлөөчү кызматкерлерге, калкка жана айыл чарба жаныбарларына коркунуч алып келген электр орнотмолорунун канааттандыраарлык эмес абалы электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөөчүнүн же лицензия алуучунун электр орнотмолоруна электр энергиясын берүүнү толук же жарым-жартылай токтотууга укуктуу.

111. Лицензия алуучу керектөөчүнү эскертпестен тармактан өчүрүп коюуга төмөнкү учурларда укуктуу:

1) ушул Эрежелердин 40-пунктунун 13-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлдөрүн жана лицензия алуучуну электр орнотмолорга киргизбегенде;

2) электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерин пайдаланууга киргизбестен өз эркинче лицензия алуучунун электр тармактарына кошулганда жана Келишим (Контракт) түзгөндө;

3) ушул Эрежелердин 111, 112 жана 113-пункттарында көрсөтүлгөн себептер боюнча өчүрүлгөндөн кийин лицензия алуучунун электр тармактарына керектөөчү уруксатсыз кайталап кошулганда;

4) коммерциялык эсептөө каражаттынан жандап өтүп, керектөөчүнүн электр кабылдагычтарын кошкондо:

5) керектөөчүнүн күнөөсү боюнча эсепке албастан керектегенде;

6) керектөөчүнүн күнөөсү боюнча эмес эсептөө каражаттары бузулганда;

7) керектөөчү расмий кудуретсиз деп табылганда;

8) электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын наряды же каты болгондо;

9) көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаганда, керектөөчүгө берилген ТШнын иштөө мөөнөтүнүн аякташы.

112. Тиричиликтен башка керектөөчү төлөм документин алгандан кийин беш банктык күн ичинде керектелген электр энергиясы үчүн талашсыз сумманы төлөбөгөн учурда, лицензия алуучу төлөм документинде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ушул Эрежелерде белгиленген жол-жобону сактоо менен электр энергиясын берүүнү толук токтотууга жана жарым-жартылай чектөөгө укуктуу.

113. Тиричилик керектөөчү Келишимде (Контрактыда) аныкталган мөөнөт аралыгында керектелген электр энергиясына төлөбөгөн учурда, кошумча эскертүүсүз төлөм документинде көзсөтүлгөн күнгө ылайык керектөөчүгө электр энергиясын берүүнү токтотууга укуктуу.

Электр энергиясын берүүдө чектөөлөрдү киргизүү мөөнөттөрү лицензия алуучу тарабынан карап жана технологиялык соот актыларын эсептөө менен аныкталат. Электр энергиясын берүүдө чектөөлөрдүнкүнү жана убагы жөнүндө эскертүүдө лицензия алуучу электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлү тарабынан түзүлгөн карап жана технологиялык соот актына ылайык өндүрүштүн технологиялык мерчиминин бүтүү муктаждыгын эсептөөгө милдеттүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн актынын негизинде керектөөчүдө карап соотунун жүгү болсо, карап соотунун деңгээлине чейин аталып кеткен актыга ылайык жүктү электр менен жабдууну эсептөө менен чектөө ишке ашырылат.

114. Лицензия алуучу, эгер мыйзам жана Келишим (Контракт) менен каралган электр менен жабдууда чектөөлөрдү колдонуу же токтотуу (өчүрүү) шарттарын аткарса, чектөөлөрдү жана өчүрүүлөрдү колдонуунун болжолдуу кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт.

115. Чечимдери аркылуу электр энергиясын чектөөлөр жана өчүрүүлөр жүргүзүлгөн лицензия алуучунун кызмат адамдары мындай чечимдердин негиздүүлүгү, керектөөчүгө өз убагында билдирүү, чектөөлөрдүн көлөмү жана алардын узактыгы үчүн жоопкерчиликтүү.

116. Электр энергиясын жеткирүүнү чектөө же өчүрүү боюнча чаралар карыз төлөп жаткан мезгилге жайылтылат. Карызын жойгондон кийин жана учурдагы прейскурант ылайык өчүрүү (туташтыруу) боюнча кызмат акысын төлөгөндөн кийин керектөөчү туташтырылат.

117. Лицензия алуучу күндөлүк иштеринин артыкчылыгын эске алуу менен кезектүүлүккө ылайык жана карызын жойгондон кийин беш күндөн ашпаган мөөнөттө керектөөчүгө электр энергиясын берүү калыбына келтирилет.

118. Лицензия алуучу жабдууларын оңдоого байланыштуу мерчемделген иштерди жүргүзүү үчүн керектөөчү менен лицензия алуучунун электр энергиясын берүүдө тыныгуунун датасын (күнү жана убагы) макулдашууга милдеттүү, ал жөнүндө керектөөчүгө 10 күн мурда эскертет. Эгер эскертүүнү алгандан кийин беш күн мөөнөтүндө керектөөчү электр энергиясын берүүдөгү тыныгуунун убагын макулдашпаса, лицензия алуучу өз алдынча ушул убакытты белгилөөгө укуктуу, өчүрүүгө чейин кеминде 24 сааттан кеч эмес ушул жөнүндө керектөөчүгө кайталап эскертет. Электр энергиясын пайдалануу Келишиминде (Контрактыда) ушул максаттар үчүн керектөөчүлөрдү өчүрүүлөрдүн саны жана узактыгы айтылат.

119. Электр кубаттуулугунун жана энергиянын жетишсиздигинде чектөөлөрдүн графиги киргизилет. Ишке киргизүү тартиби, алардын узактыгы жана төмөндөтүү чоңдуктары Келишимде (Контрактыда) чагылдырылат, ал эми электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөдө убактылуу чектөөлөрдү киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик–нускоо документтерине ылайык аныкталат.

Лицензия алуучу менен керектөөчү ортосунда электр энергиясын чектөө графиктерин колдонууга байланыштуу талаш маселелер жөнгө салынбаган учурда алар электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кароосуна жөнөтүлөт.

120. Керектөөчү уруксат берилген кубаттуулуктан ашып түшкөндө лицензия алуучу жүктү уруксат берилген чоңдукка чейин түшүрүүнү керектөөчүдөн талап кылууга милдеттүү.

Уруксат берилген чоңдукка чейин күч келүүнү түшүрүүгө карата лицензия алуучу талабы керектөөчү тарабынан тез арада канааттандырылышы керек. Уруксат берилген чоңдукка чейин жүктү төмөндөтүүгө тиешелүү талаптарды аткарбаганда, эскертүүдөн 10 мүнөттөн кийин лицензия алуучу электр тармагынан керектөөчүнүн электр орнотмосун жарым-жартылай өчүрө алат (жарым-жартылай өчүрүүгө мүмкүн болбогон учурда карап соотуна чейин өчүрүү колдонулат).

Лицензия алуучу менен макулдашылгандан жана документтер таризделгенден кийин керектөөчү уруксат берилген кубаттуулукту өзгөртө алат.


11-глава. Реактивдүү кубаттуулуктун компенсациясы
121. Реактивдүү кубаттуулуктун компенсациясына ченемдик талап электр энергиясынын тиричиликтен башка бардык керектөөчүлөрүнө жайылтылат, лицензия алуучулар жана электр орнотмолорун долбоорлоо уюмдарына, алардын мекемеге таандыгы жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.

122. Лицензия алуучу тарабынан ТШны керектөөчүгө тапшырууда реактивдүү кубаттуулуктун компенсациясынын даражасы берилет.

123. Керектөөчүгө компенсациялоочу түзүлүштү орнотуу 0,9 чегинде реактивдүү кубаттуулуктун компенсациясынын даражасын камсыз кылууга тийиш, мында лицензия алуучу энергетика тутумунун иш тартибине көз каранды компенсациянын нормага салуучу даражасынын маанисин өзгөртүүгө (азайтуу жагына) укук берилет.

124. Компенсациялоо түзүлүштөрүн тандоо – Улуттук энергетика тутумунун абдан ыңгайлуу иш тартибин камсыз кылган шарттардан чыгып, ал эми аларды орнотуу чоң реактивдүү кубаттуулукту керек кылган электр кабылдагычтарына жогорку чекте жакындоо мүмкүнчүлүгүн эсептөө менен жүргүзүлүшү керек.

125. Компенсациялоо түзүлүштөрү реактивдүү кубаттуулукту компенсациялоо талаптарын, ошондой эле электр тармактарынын жана электр кабылдагычтарынын нормалдуу иштөөсүнүн техникалык шарттарын аткарууну камсыз кылышы керек:

1) азыктандыруучу жана бөлүштүрүүчү электр тармактарында чыңалуунун жол берилген иш тартиби;

2) электр тармактарынын бардык элементтеринин жол берилген жүктөмдөрү;

3) энергетика тутумунун жана электр энергиясын керектөөчүлөрдүн реактивдүү кубаттуулук булактарынын иштөөсүнүн жол берилген иш тартиби;

4) электр тармактары жана электр кабылдагычтардын иштөөсүнүн статикалык жана динамикалуу туруктуулугу.

126. Керектөөчүгө жана Улуттук энергетика тармагында орноштурулган компенсациялоочу түзүлүштөр реактивдүү кубаттуулукту керектөө иш тартибинен көз каранды компенсациянын талап кылынган даражасын камсыз кылуу максатында кубаттуулукту жөнгө салуу каражаттары бар болушу керек. Жөнгө салбаган компенсациялоочу түзүлүштөрдүн жалпыланган кубаттуулугу эң төмөн керектелген реактивдүү жүктүн чоңдугунан ашпашы керек.

127. Керектөөчүнүн компенсациялоо түзүлүштөрүн орнотуу жана ажыратуу лицензия алуучу менен макулдашуу боюнча жүргүзүлүшү керек.

Керектөөчү алардын карап менен катардан чыгып калышы же оңдоого чыгарылышы жөнүндө электр менен жабдуучу уюмга кабарлап турушу керек.

128. Реактивдүү кубаттуулукту (энергияны) нагыз колдонуу үчүн атайын эсептөө каражаттары менен көзөмөл жүргүзүлүшү керек.

129. Реактивдүү энергияга жана кубаттуулукка тариф Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен салыштарма чоңдуктун негизинле лицензия алуучу тарабынан аныкталат жана электр тармактары боюнча реактивдүү агындын өтүшү менен шартталган активдүү энергиянын коромжусунун наркына дал келиши керек.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет