Кодекске, «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө»


-глава. Мамлекеттик көзөмөл



бет4/12
Дата24.02.2016
өлшемі1.26 Mb.
#12432
түріКодекс
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12

12-глава. Мамлекеттик көзөмөл
130. Лицензиялоонун шарттарын, электр орнотмолорун орнотуу, электр техникалык жабдуулардын техникалык абалы жана аны пайдаланууну уюштуруу, белгиленген ченемдерди сактоо боюнча ченемдик документтердин талаптарын сактоо маселери боюнча мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт.

131. Тоолуу жер астындагы өндүрүштө, жогорку басымда, температурада ж.б.у.с. пайдаланылган электр орнотмолоруна көзөмөлдү электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Кыргыз Республикасынын тезникалык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт.

132. Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген тапшырмаларды көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу менчиктин бардык түрүнө жана мекемеге таандыгына карабастан бардык чарба субъекттерине милдеттүү болуп эсептелет.

133. Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын негиздүү талаптарын аткарбаган же алардын аткарылышына тоскоолдук кылган мамлекеттик органдардын жетекчилери, чарба субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

134. Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлдөрү тарабынан электр орнотмолорго көзөмөл жана контроль жүргүзүү министрликтерди, мекемелерди, менчиктин бардык түрүнө жана мекемеге таандыгына карабастан бардык чарба субъекттеринин ээлигинде же менчигинде турган электр орнотмолорго контроль жана көзөмөл жоопкерчилигинен бошотпойт жана керектөөчүлөрдү жана лицензия алуучуларды ушул Эрежелерди жана башка ченемдик-техникалык документтерди сактоо жоопкерчилигинен бошотпойт.

Электр энергиясын

пайдалануу эрежелерине

1-тиркеме
Тиричиликтен башка керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдуу келишими

« ____» _________________-жыл № ______


Ушул келишим Кыргыз Республикасынын «Энергетика жөнүндө» жана «Электр энегетикасы жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде түзүлдү жана электр менен жабдуучу уюмдар менен электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттейт.

Кыргыз Республикасынын «Энергетика жөнүндө» жана «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде жана 201___- жылдын «___» «_____________» № электр энергиясын жеткирүүгө лицензиянын шарттары жана укуктары боюнча иштеген электр менен жабдуучу уюм (мындан ары – электр менен жабдуучу уюм) атында: __________________________________________________________________________ ,

(электр менен жабдуучу уюмдун аталышы)

жана _____________________________________________________________________ ,

(аты-жөнү)

______________________________________________________негизинде иштеген

(өзүнүн атынан же юридикалык документтин аталышы)

электр энергиясын керектөөчү (мындан ары – Керектөөчү) атында: __________________________________________________________________________ ,

(аты-жөнү)

керектөөчүнү электр энергиясы менен жабдуу жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.



1. Электр менен жабдуучу уюм милдеттүү:

1). колдонууга уруксат берилген __________________ кВт

(саны)

кубаттуулуктагы электр энергиясы менен абонентти коопсуз, ишенимдүү жана сапаттуу жабдууну камсыз кылууга;



2) электр менен жабдуучу уюм менен керектөөчүнүн ортосундагы бөлүү чегинде электр тармакта Орто Азиянын бириккен энергетика тутумунун стандартына _______ _______ Вольт , 50 ГЦ ылдамдыкка шайкеш келген чыңалуунун кармап турууга;

3) керектөөчү менен болжолдонгон өчүрүүлөрдү, алардын себебин жана узактыгын көрсөтүү менен эскертүүгө жана макулдашууга.

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин көчүрмөсүн керектөөчүлөргө, анын өтүнүчү боюнча берүүгө.

2. Керектөөчү милдеттүү:

1) электр энергиясы берилгенге чейин зарыл эсептөө шаймандарын орнотууга, электр энергиясын эсепке алуу каражаттарынын сактыгы жана туура иштешин камсыз кылууга;

2) электр энергиясын эсепке албастан керектөөнү болтурбоого.

3) энергия менен жабдуучу уюм эсепти тапшырган күндөн тартып 5 банктык күндөн кеч эмес электр керектеген мезгилдеги тариф боюнча календардык айына бир жолу төлөп турууга. Төлөм кечиктирилген учурда карыз болгон суммадан ар бир күн үчүн 0,1 % өлчөмүндө, бирок жалпы карыз суммасынан 100 %дан ашпаган туум төлөөгө.

4) уруксат же кошууга техникалык шарттарды алуу үчүн __________кВттан жогору кошулуучу кубаттуулук жөнүндө электр менен

(саны)


жабдуучу уюмга алдын ала кабарлоого;

5) электр менен жабдуучу уюмдун өкүлдөрү күбөлүгүн көрсөткөндө электр энергиясын керектөөнүн эсептөө каражаттарын жана анын башка жабдууларын тоскоолсуз кароосун камсыз кылуу.



3. Тараптардын өз ара жоопкерчилиги:

1) электр менен жабдуучу уюм жана керектөөчү өз ишиндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга милдеттү;

2) эгерде электр менен жабдуучу уюм ушул Контрактынын пункттарынын бирөөнү бузса, ал (керектөөчүнүн арызы боюнча) тийгизген материалдык зыяндын ордун толтурат;

3) ушул Контрактынын 2-пунктунун 1,2-пунктчаларын бузган учурда, керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген администрациялык же жазык жоопкерчилигин тартат;

4) ушул Контракт боюнча бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте чечилет;

5) А, Б, В, Г, Д, Е, Ж, З, И, К, Л, М тиркемелери ушул Контрактынын ажырагыс бөлүктөрү болуп эсептелет.



4. Келишимдин иштөө мөөнөтү жана аны бузуунун шарттары

1) керектөөчү электр менен жабдуучу уюмга анын кызматтарын пайдаланууну токтотуу жөнүндө чечимин билдиргенге чейин Контракт жарактуу деп эсептелет.

2) Электр энергиясын пайдалануу эрежелерге ылайык ушул Келишимдин шарттарын керектөөчү системалуу аткарбаган учурда Келишим бузулушу мүмкүн жана электр менен жабдуучу уюм кызматтарын көрсөтүүнү токтотушу мүмкүн.
Электр менен жабдуучу уюм: Керектөөчү:

__________________________ ________________________

Дареги: ___________________ Дареги: _________________

Телефон: __________________ Телефон: _______________

Эсеп-кысабы: ______________ Эсеп-кысабы: ___________

МФО ___________________

СИН ___________________

Колу: _______________________ Колу: __________________

М.О. М.О.
Тиричиликтен башка керектөөчүлөрдү

электр энергиясы менен жабдууга келишимге



А тиркемеси

Электр энергиясын жана кубаттуулукту жеткирүүнүн көлөмү

1. Электр энергиясын керектөөчүгө жеткирүү көлөмү:



кк/с№


Объекттин аталышы, дареги

Жеткирилген электр энергиясынын 20__-жылдын айлары боюнча саны, миң. кВтс

Эскертүү


1-квартал

январь

февраль

март

2-квартал

апрель

май

июнь

3-квартал

июль

август

сентябрь

4-квартал

октябрь

ноябрь

декабрь

жылына

















































































































































































































































2. Кошо керектөөчүиге электр энергиясын жеткирүү көлөмү:


кк/с№


Объекттин аталышы, дареги

Жеткирилген электр энергиясынын 20__-жылдын айлары боюнча саны, миң. кВтс

Эскертүү


1-квартал

январь

февраль

март

2-квартал

апрель

май

июнь

3-квартал

июль

август

сентябрь

4-квартал

октябрь

ноябрь

декабрь

жылына

















































































































































































































































3. Энергетика тутумуна жогорку чекте жүк түшүүсүнө катышкан керектөөчү билдирген эң чон кубаттуулук

20___-жылга кварталдар боюнча

(150 кВА жана андан ашык кубаттуулукка кошулган керектөөчүлөр үчүн)




к к/с№




Кошо керектөөчү-нүн аталышы жана анын дареги

Билдирилген кубаттуулук, кВт


Эскертүү


I квартал

II квартал

III квартал

IV квартал






































































































































































































































Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет