Ош мамлекеттик университети искусство факультети


КЫРГЫЗСТАН ФОЛЬКЛОРИСТТЕРИ



бет8/10
Дата11.06.2016
өлшемі0.82 Mb.
#127240
түріЛекция
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

КЫРГЫЗСТАН ФОЛЬКЛОРИСТТЕРИ
Октябрь революциясынан кийин кыргыз музыкалык фольклорун изилдөөнүн эң жаңы этабы башталып, Кыргызстандын музыка таануучулук мектебинин жаралышы үчүн негиз пайда болгон.

Кыргыздардын этностук тарыхын, турмуш – тиричилигин жана маданиятын комплекстүү изилдөөлөр Орусиянын окумуштуулары В. Бартольд, А. Бернштам, С. Абрамзон тарабынан жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда Түркстан автономиялык республикасынын өкмөтү жергиликтүү этностордун музыкалык салттарын изилдөөгө багытталган бир катар атайын ишчараларды турмушка ашыра баштаган.

1920 – ж. Оренбург шаарында Кыргыз (Казак) эл агартуу комиссариатынын Академиялык борбору түзүлүп, фольклорчу музыка таанычу композитор Александр Викторович Затаевич (1869 – 1936) ишке тартылган. Ал 16жыл бою Борбордук Азия, Алтай, Сибирь элдеринин 2600 ырын жана аспаптык пьесаларын нотага жазып, аларга түшүндүрмө берген, 100гө жакын элдик обондорду фортепианого жана үнгө кайрадан иштеп чыккан. Фольклор менен байланышкан бир нече китептерди, макалаларды жарыкка чыгарган.

Биринчи жолу кыргыз фольклоруна Затаевич 1924 – ж.кайрылган. москвада окуган кыргыз студенттеринен ыр жанрынын сегиз үлгүсүн жазып алып, 1925 – ж.Оренбургдан чыккан “Кыргыз элинин 1000 ыры” аттуу жыйнагына киргизген. Бул жыйнак коомдо зор илимий жана маданий резонанс туудурган. “Сиздин бул эмгегиңиз эбегейсиз зор” , - деп жазган советтик орус музыка таануучусу, академик өжөрлүк эмгек жагынан чынында эле эпикалык”. Атактуу француз жазуучусу Ромен Роллан Затаевичдин бул чоң зайыттуу эмгегин “баатырдыкка барабар музыкалык иш” деп жогору баалап, анын маанисин жергиликтүү проблематиканын чегинен алда канча кең тургандыгын жана өз учурундагы М. Балакирев, Б. Барток, Комитастын жаратып кеткен фольклордук музыкалык эмгектерине тең келгендигин белгилеген.

Фольклорчу – илимпоз жазып алган кыргыз музыканттарынын ичинде Муратаалы Күрөңкөев, Карамолдо Орозов, Жолой Боогачинов, Абдылас Малдыбаев ж.б. болгон. Затаевич улуу демократ акын, комузчу Токтогул Сатылганов менен бетме – бет бир отуруп иштешкен жападан жалгыз фольклорчу музыкант болгон. Токтогулдун он сегиз комуз күүсүн жазып, аларды өзүнүн жогоруда аталган китебине жарыялаган. Ал китепте болочок урпактарга фольклорчу элдик ырчы акындардын жандуу портреттерин түзүп, алардын ар бирине квалификациялуу баа берген.

Затаевич биринчи ирет чыгарманын обонун жазган, ал эми түшүндүрмөлөрүндө эмоциялык – образдык мазмунун мүнөздөгөн. Анын жазууларынын стили, методикасынын жетишкендиктерине жана мүчүлүштөрүнө карабастан этномузыка таануучулардын изилдөөлөрүн андан ары улантууга орчундуу таасир эткен. Советтик белгилүү музыка таануучу Виктор Михайлович Беляев (1888 – 1968) өркүндөткөн. Анын кеңири илимий кызыгууларынын ичинен кыргыз салттуу музыкасы да өз ордун ээлеген, ал көңүлүн негизинен фольклорду жыйноого эмес, аны системалаштырууга бурган.

В.Беляевдин өзүнчө жазылган бир көлөмдүү макаласы М. Күрөңкөевдин чыгармачылыгына арналган. Макала элдик кесипкөй музыканттын чыгармачылыгы жөнүндө алгачкы жолу толук иштелген монографиялык изилдөө болчу. Андан соң В. Виноградовдун китептери пайда болот. В. Беляев Муратаалы жөнүндө: “даана композитордук жекече өзгөчөлүгү бар эң мыкты чыгармачыл инсан” , “композитордук жана аткаруучулук стилдерди жогорку баскычтарынын жетишкендиктерин эркин өздөштүргөн” , - деп жазган.

Виктор Сергеевич Виноградов (1899 – 1993) болгон. Кең профилдеги чоң музыка таануучу катары ал изилдөөнүүчү материалдардын жана илимий проблематикалардын алкагын, чегин көрүнөөрлүк кеңейтти. Ал эми АКШга кирген жана алыскы чет элдик музыканттар жөнүндө 300гө жакын эмгектерди жазган. В. Виноградов – монографиялардын, популярдуу очерктердин, эсселердин, аңгемелердин автору, илимий жыйнактардын түзүүчүсү жана редактору, ири музыкалык коомдук ишмер.

Илимпоздун башкы темасы – Кыргызстандын музыкасы.1939 – ж. Москвадан “Музыка Советской Киргизии” деген биринчи китеби чыккан, анда атактуу элдик ырчылардын, музыканттардын чыгармачылыгы, фольклордун стилистикасы жана элдик аспаптар жөнүндө баяндамалар басылган. 1950 – 1980 – жылдары кыргыз музыкасы жөнүндө Виноградовдун ондон ашык жаңы китеби жарык көргөн.

Чыгармачылык очерк жана портрет жанрында анын “Атай Огонбаев” ( М., 1960) китепчеси, “ Муратаалы Күрөңкөев” , “ Музыкальное наследие Токтогула” (Токтогулдун музыкалык мурасы), “Киргизские народные музыканты и певцы” (Кыргыз эл музыканттары жана ырчылары) , бул китеп кыргыз тилине которулган деген китептери жарык көргөн.

1956 – ж. Абдылас Малдыбаев “Ленинчил жаш” газетасына проблемалуу макала жазып,анда фольклордук материалдардын жаңы изилдөөлөрүн жана басылмаларын чыгаруу менен гана чектелбестен, кыргыз музыкалык чыгармачылыгы боюнча окуу курсун жана окуу китебин түзүү керектигин кеңири коомчулукка көтөрүп чыккан.



Балбай Алагушовдун (1936) XVIII – XX кылымдарда жашаган музыканттардын турмушуна жана чыгармачылык жолуна арналган илимий – популярдуу очерктеринде каралган. Ал ар кандай булактардан материалдарды жыйнап, элүүдөн ашык эл шайырлары жөнүндө маалыматтарды илимий чөйрөдө колдонууга киргизди. Алардын ичинде Айдараалы, Ниязаалы, Музооке, Күрөңкөй, Эркесары, Токтогул, Муратаалы, Карамолдо, Атай, Молдобасан, Чалагыз, Ыбырай, Калык, Шекербек, ж.б. автордун негизинен кыргыз тилинде жазылган көп сандаган эмгектеринде эпос, элдик музыкалык аспаптар, обончулар , аткаруучулар жөнүндө кеңири сөз болгон. Фольклордун азыркы абалы да талдоого алынат. Жаш элдик ырчылар, музыканттар жөнүндө жазган материалдарын музыка таануучу мезгилдүү басма сөз жана радио аркылуу берип турат.

Камчыбек Дүйшалиев анын биринчи “Киргизская народная песня” аттуу монографиясы кыргыз элдик ырларынын обондук теориясына – интонациясына, ладдык системасына, ыргактык жана форма түзүлүш структураларына, обон менен текстин өз ара байланыш өзгөчөлүгүнө арналган. К. Дүйшалиев фольклордук теориялык маселелерин изилдөө гана менен чектелбестен, практикалык фольклористика жагынан экспедицияга чыгуу, жыйноо, чогулган материалдарды системалаштыруу, чыгармаларды нотага жазуу боюнча да эмгектенип келет. Анын аваздык фольклор боюнча корголгон кондидаттык (1976) жана доктордук (1961) дисертацияларында ырлардын музыкалык – поетикалык жана жанрдык түрлөрүнүн типологиялык маселелери терең каралган.

Сагынаалы Субаналиевдин (1948) изилдөөлөрүнүн предмети. Анын кандидаттык диссертациясында жана китептеринде музыкалык аспап элдин рухий жана материалдык маданиятынын түбөлүк документи катары каралат. “Киргизские музыкальные инструменты” аттуу монографиясында Кыргызстандын аспап таануу илими теориялык деңгээлге көтөрүлүп, 30дан ашык музыкалык жана музыкалык эмес табыш аспаптар толук классификацияланган. С. Субаналиевдин илимий кызыгуусуна ошондой эле күүлөр да кирет, алардын өзгөчөлүктөрүн илимпоз Борбордук Азия элдеринин музыкасында колдонулган аспаптык жанрлар менен салыштырып аныктаган.

Роза Аманова (1973) Алматы мамлекеттик консерваториясынын аспирантурасын ийгиликтүү бүтүрүп “Кыргыздын элдик кесипкөйлүк ырчылык салттары” деген темада кандидаттык диссертация коргогон. Диссертациясынын изилдөө предмети – салттуу улуттук ырчылык, кыргыз элдик – профессионалдык ырчылардын өнөрлөрү менен байланышкан.

Гүлшат Байсабаева (1955 – 2006) – белгилүү этномузыковед, Кыргыз улуттук консерваториянын доценти болгон. Өзүнүн кыска өмүр сүргөнүнө карабастан ал активдүү турмуштук позицияда жашаган, күчүн аянбастан үзүрлүү эмгектенди.

Екатерина Сергеевна Лузанова кыргыз музыкалык фольклористикасына жемиштүү салым кошуп келе жаткан илимпоздун бири музыковед, искусство таануу илимдеринин кандидаты, профессор. Ал улуттук консерваториясынын этномузыкалык илимий иштерине, андагы жарык көргөн эмгектерине түздөн – түз тиешелүү иштерге катышып келе жатат. Анын калеминен кыргыз музыка фольклору жөнүндө “Ала – Тоо” журналына илимий публицистикалык макала жарыяланган. Профессор К. Дүйшалиев менен бирдикте “Сорос – Кыргызстан” фонду чыгарган “Кыргызское народное музыкальное творчество”деген китепке авторлош болуп катышкан.

Композитор Мукаш Абдраев (1920 – 1979) хормейстер Султан Юсупов (1918 – 2004) менен бирге түштүк Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн экспедициялык материалдардын негизинде обондордон турган “Ош облусунун ырлары” аттуу региондук фольклордук жыйнак чыгарган.



Акимжан Жээнбаев – өзүнүн чыгармачылыгын фольклорчулук иш менен тыгыз байланыштырып жүргөн кыргыз композиторлорунун бири. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүп, Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун фольклордук кабинетинин башчысы болуп иштеген. Республиканын ар кандай райондорунда жана кыштактарда жүргүзүлгөн фольклордук экспедицияларга катышып, көптөгөн уникалдуу ыр – күүлөрдү жана тарыхый материалдарды жазган.

Манастаануу – азыркы коомдук илимдин эң чоң бөлүгү. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Манастаануу жана көркөм өнөр борбору түзүлүп, анда “Манас” эпосуна ар тараптан комплекстүү изилдөө жүргүзүүгө, манасчылардын чыгармачылыгына тийешелүү болгон мазмун – сюжеттик, аткаруучулук өңүттөрүн толук талдап изилдегенге шарт түзүү коюлган.

Эпосту изилдөөнүн музыкалык аспектидагы эле өзүнүн изилдөөчүлөрүн күтүүдө. Бул жагынан бир далай эмгектердин пайда болгонуна карабастан, иштеле элек проблемалар көп. Музыка таануучулар – манас таануучулар үчүн көп материалдар КРдин Улуттук илимдер академиясынын жана Мамлекеттик архивинин фонддорунда магнитофондук жазуу түрүндө сакталууда. 1995 – ж. кеңири белгиленген “Манас” эпостун юблейине карата чыгарылган “Манас” жана искусство деген китепте бир нече илимий макалалар, алардын ичинде К. Дүйшалиевдин “Манас” эпосунун музыкалык аткарылышы, Н. Кумскованын “Роль эпического начала в национальной специфике кыргызского искусства” ( Кыргыз искусствосунун улуттук өзгөчөлүгүндөгү эпикалык башталыштын ролу), К. Надыршинанын “Исполнительские традиции манасчи в стилистике национального фортепианного искусства” ( Улуттук фортепианолук искусствонун стилине манасчынын аткаруучулук салтынын тийгизген таасири) деген “Манас” эпосу менен түздөн – түз байланышкан илимий материалдар жарыяланган.

“Кенже” эпосту басмадан чыгаруу жана изилдөө иштери активдештирилди. 1996 – жылдан баштап Улуттук илимдер академиясынын, Манастаануу жана көркөм өнөр борборунун демилгеси менен, Кыргызполиграфкомбинаттын демөөрчүлүгү астында “Эл адабияты” аттуу адабий көркөм сериясынын көп томдугу чыга баштады. “Кожожаш” , “Кедейкан” , “ Сарынжы – Бөкөй” , “Жаныш – Байыш” , “Курманбек” , “Шырдакбек” дастандары, “Балдар фольклору” , “ Кошоктор” ноталары менен жарык көрдү. Бул чыгармалардын сөздөрү жана музыкалык мотивдери менен толук басылышы дастанчы – аткаруучуларга, музыка таануучуларга жана композиторлорго абдан керектүү. Анткени, жаш дастанчылар китептен сөзүн, обонун жаттап алууга, музыка таануучулар ноталар аркылуу дастандын интонациясын, ладдык өзгөчөлүктөрүн, ыргактарын, форма түзүлүш структурасын талдашат. Композиторлор жарык көргөн бул ноталарды европалык типтеги классикалык чыгармалардын үлгүлөрүнө салып кыргыздын академиялык музыкасын жазууда тема катары колдонушат.

Этномузыкологиянын өнүгүшүнүн чоң дарамети Кыргыз улуттук консерваториясында, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство инстутунда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Ош мамлекеттик университетинде, Манас атындагы кыргыз – түрк университетинде бар. КУКта , КМИИнин фольклор жана салттуу музыка кафедралары жаш адистерди даярдоодо.

Фольклор , аны жараткан калк сыяктуу эле, түгөнгүс көркөм байлык жана дараметтеги адеп ахлактык нерсе. Андыктан ал түбөлүктүү, өнүгүп – өсүүчү, жаңыланып туруучу искусство. Азыркы коомдун татаалдыгы фольклордун болушун токтотуп койбойт. Тескерисинче, маданият чөйрөсүндө базар экономикасынын мамлелери белгилүү бир өлчөмдө реформалык таасир берүүсүнө карабастан, фольклор эволюциялык өнүгүүнүн жолунан чыкпады.

Бул эгемендүү кыргызстандын музыкалык турмушу менен далилденип отуруп жана анын Конституциясы менен ырасталган. Өлкөнүн символдорунун бири болгон КРдин Мамлекеттик гимниндеги салтанаттуу жаңырган “Манас” эпосунун баатырдык башкы мотив – интонациясы улуттук мамлекеттүүлүктүн музыкалык туюнтмасы катары кабылданат.



XIV. Адабияттар.
1. Абдраев М., Алагушев Б. «Октябрдын нуру менен». Фрунзе, «Мектеп», 1967.

2. Абдраев М., Алагушев Б . Токтогул – композитор. Ф., «Мектеп», 1964.

3. Абдуллаев Р. Обрядовая музыка Центральной Азии. Ташкент,1994.

4.Абдыкадыров Р. Ырларым менин тагдырым. Фрунзе, «Адабият», 1989.

5. Абрамзон С. Киргизы и их этногенетические и историко- культурные связи. Л.,1971.

6.Абрамзон С.Очерк культуры киргизского народа. Фрунзе, 1946.

7.Айтмамбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине Х1Х и начале ХХ века. Фрунзе ,1967.

8..Алагушев Б. Музыка боюнча терминдердин орусча-кыргызча създ\г\.- Фрунзе, «Илим», 1969.

9.Алагушев Б. Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Фрунзе, 1974.

10.Алагушев Б. Композитор Малдыбаев. Фрунзе, «Кыргызстан», 1970.

11.Алагушев Б. Кыргыздын музыкалык маданияты. Фрунзе, «Кыргызстан», 1975.

12.АлагушевБ . Г\лдъгън Кыргызстан. Фрунзе, «Кыргызстан», 1974.

13.Алагушев.Б., Койгельдиева Т., Турдумамбетова Ш. Кыргыз музыкасынын тарыхынан Фрунзе, «Мектеп», 1989.

14.Алагушев Б., Медетов Т, Карамолдонун к\\лър\. Фрунзе «Кыргызстан»,1978.

15Алагушев Б. Кыргыз комузчулары жана комуз к\\лър\. Фрунзе., «Кыргызстан», 1961.

16. Айтматов Ч. Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу («Манас»: Сагымбай Орозбаков уулунун варианты боюнча.1- китеп. Фрунзе, 1978.

17.Беляев В.М. Очерки по истории музыки народов СССР. Вып 1.- М., 1962.

18.Бердибаева С., Байсабаева Г. «Манас» -кыргыз кенчи. Бишкек,1995.

19.Бокшанина Е. История музыки народов СССР. Москва., 1978.

20.Буудайбек Сабыр уулу. Унутулгус кездеш\\лър. Фрунзе: «Мектеп», 1977.

21.Виноградов В. Киргизская народная музыка. Фрунзе, «Киргизстандат», 1958.

22.Виноградов В. История киргизской народной музыки. Фрунзе,

«Киргизсиздат», 1959.

23.Виноградов В.Музыкальное наследие Токтогула. Москва., «Музгосиздат», 1961.

24.Виноградов В. Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары. Фрунзе, «Кыргызстан», 1974.

25. Виноградов В. Напевы «Манаса» («Манас». Кн.1. Москва., 1984.

26. Гумилев Л. Древние тюрки. Москва.,1967

27.Давлесов Н. Ырлар жана хорлор жыйнагы. Фрунзе., «Кыргызстан», 1974.

28.ДавлесовН. Кантаталар. Фрунзе, «Кыргызстан», 1979.

29. Дющалиев К. Кыргыз эл музыкасы: Окуу китеби.-Б.: «Шам», 2007.

30.Дюшалиев К. Ш. О Киргизской народной музыке. Фрунзе, 1984.

31.Дюшалиев К.Ш., Лузанова Е.С.Кыргызское народное музыкальное творчество: Учеб.пособие. Под.ред.Е.В.Назайкинского. Бишкек., «Илим», 1939.

32. Жайнакова А. «Семетей» - эпосунун тарыхый генеалогиялык негизи. Фрунзе, 1982.

33. Затаевич А. 250 киргизских инстурументальных пьес и напевов. Москва., 1934.

34.Закиров С.,Токомбаев А.Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык

ъзгъчъл\ктър\. Фрунзе, 1964.

35.Казаков Т.Ырлар. Фрунзе,1984.

36.Кадырбаева Р. Сказительское искусство манасчы. Фрунзе, 1984.

37.Койчуев Т. Мокрынин В., Плоских В. Кыргызы и их предки. Бишкек, 1994.

38.Кыргыз эл обондору.- Музыкальный редактор А. Каплан, Фрунзе, «Кыргызстан», 1967.

39.Мадваров К. Ырдайлы достор. Фрунзе, «Кыргызстан», 1976.

40.Малдыбаев А. Эмгегим элим \ч\н. Ырлар романстар, хорлор. Фрунзе, «Кыргызстан», 1958.

41.Малдыбаев А. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. «Мектеп», 1966.

42.Малдыбаев А. Романстар, ырлар. Фрунзе, «Кыргызстан», 1971.

43.Малдыбаев А. Ырлар. Фрунзе, 1976.

44.Малдыбаев А. Мектеп ырлары, Хрестоматия. Фрунзе., «Мектеп», 1977.

45.Малдыбаева Ж. Мурас , ырлар жыйнагы. Фрунзе , 1981.

46.Малдыбаев Б., Гребенников В, Музыка 4-кл. \ч\н Фрунзе., «Мектеп», 1984.

47.МолдобасановК. Ырлар жана романстар. Фрунзе, 1978.

48.Молдобасанов К.,Кантаталар, хорлор. Фрунзе, 1979.

49.Молдобасанов К. Балдар ырлары. Фрунзе, 1985.

50.Мусаев С. Эпос «Манас». Фрунзе,1984.

51.Осмонов С. Ильич элеси. Фрунзе, «Кыргызстан»,1987.

52.Осмонова С. Романстар. Фрунзе., «Кыргызстан»,1977.

53.Проблема музыкального фольклора народов СССР: Статьи и материалы.- Составитель и ред. И.И. Земцовский, Москва., 1967.

54.Исабаев . Комуздун тандалма к\\лър\. Фрунзе, 1987.

55.Романсы и песни.- составитель Б. Бейшеналиева, Фрунзе, 1976.

56.Рыспаев И., Абдылдаев Ъ., Музыка, 3-класс, Окуу китеби. Фрунзе, «Мектеп», 1983.

57.Союз композиторов Киргизской ССР. Справочник, Фрунзе., Адабият, 1989.

58.Сатыбалдыев О. Кыргыз обон-к\\лър\н аккордеондо ойноо. Фрунзе, 1987.

59.Субаналиев С.Киргизские Музыкальные инструменты.-Фрунзе, 1986; Кыргыз элдик музыкалык аспаптары.-Бишкек, 1991.

60. Субаналиев С. Чоорлор. Фрунзе 1988.

61.Шералиев Ж .«Ырлар».- Т\з\\ч\ М. Абдраев, Фрунзе, «Кыргызстан», 1973.

62. Шералиев Ж. Тандалма ырлар. Фрунзе, 1982.

63. Эралиева К., Бъдъшов А, Айыл кечи. Фрунзе: «Кыргызстан», 1986.

64.Эрматов Т. Ырлар. Фрунзе., «Кыргызстан», 1975.

65.Эйхгорн А. Музыкально-этнографические материалы, Ташкент, 1963.

66.Феферман Б. Темир комуз \ч\н , эл к\\лър\. Фрунзе,1965.

67.«Ыр менен жолугушу» жыйнак.- Т\з\\ч\: А. Тыналиев, Фрунзе, 1981.

68. Янковский В. Музыкальная культура Советской Киргизии: 1917-1967.-Фрунзе, 1982.

69. ЮдахинК. О киргизском термине. «Акын» ( Академику В.А.Гордлевскому к

его семидесятилетию: Сб ст. Москва., 1953.


XV. Манас жана музыка сабагынан студенттердин билимин баалоо критерийи.( Информация по оценке (Бюллетень №18, стр. 12-15))

«Эё жакшы» - студент окутуулучу предмет боюнча окуу планынын толук кълъм\ндъ билимге ээ болуусу керек, предметтин мазмунуна тереё ой жугуртъ алуусу, баардык суроолорго жеткиликт\\, так жана ишенимд\\ жоп бере бил\\с\ лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарда алган ыкмаларды, жыйынтыктарды кенеё, эркин пайдалана бил\\с\, адабияттар менен жакшы таанышып, изилдъъ усулдарын болжолдоо менен ачып корсоткон суроого ъзун\н жеке къз карашын бере бил\\с\ керек.

«Жакшы» - студент предмет боюнча окуу планынын толук коломундъ жетишээрлик билимге ээ болуусу керек. Кээ бир татаал бъл\мдъргъ тереё маани бере албаганы менен берген жообунда ката кетирбеши керек. Изилдъъ усулдарын бил\\с\ зарыл. Окутулган предмет боюнча тиешел\\ адабияттар менен тааныш болуусу керек.

«Канааттандырарлык» - студент негизинен предмет боюнча билимге ээ болуп, ъз алдынча жооп бер\\дъ кыйынчылыктарга туш болсо, коюлган суроолорго туура ориентир ала албаса, суйлъъ речи, съз байлыгы начар болуп, жооптору ишенимд\\ болбосо, ъз\н\н жеке къз карашын айтуудан чочуласа.

«Канааттандырарлык эмес» - окутулган предмет боюнча керект\\ билимдерге ээ болбосо, коюлган суроолорго жооп бер\\гъ жъндъмс\з болсо, кошумча суроолорго жооп бере албаса.
XVI. Баалоонун саясаты (Политика выставления баллов.)


  • Сабакка кечикпъъ жана сабакты калтырбоо;

  • Мобилдик телефондорду оч\р\\ , с\йлъбъй олтуруу жана башка башка адабияттарды барактап окубаш керек.

  • Ът\лъ турган сабакка даярданып келип берилген суроолорго активд\\л\к менен жооп бер\\, группалык презентацияга катышу;

  • Тапшырма берилген учурда башкаларга тоскоолдук кылбоо, Тапшырманы так жана ъз убагында сабаттуу аткаруу;

  • Сабырдуу , толеранттуу болуу жана жолдошторуна , окутуучга , факультеттин кызматкерлерине мээримд\\л\к кърсът\\;

  • Себепсиз калтырган сабактар \ч\н ътк\л курска 20% тъмън балл коюлат.


XVII. Академиялык саясаты

Студенттер милдетт\\

  • Сабакка кечикпъъгъ , калтырбоого.Эгерде ооруп калса , ооругандыгы жън\ндъ мед. справка алып келип , ът\лгън сабактарды тапшыруу:

  • Сабак учурунда с\йлъшпъгъ , башка адабияттарды окубоосу;

  • Мобилдик телефонду колдонбоо;

  • Лекциялык , практикалык сабактарга активд\\ катышуу;

  • Сабакка кел\\дън мурун негизги жана кошумча адабияттардан ът\лъ турган сабактын суроолоруна даярданып келип , катышууга;

  • Ар бир тапшырманы ъз убагында так аткарууга;

  • Факультеттин кызматкерине , окутуучуларга , курбуларга, ийкемд\\ , сабырдуу, боорукер жана мээримд\\л\к кърсът\\гъ;

  • Коллективд\\ жумуштарга таасир эт\\ жана алардын жумушунда дисскуцияга презентациялоого катышуу;

  • \йд\к тапшырманы , текшер\\ жумуштарды аткарууда къч\р\п алууга м\мк\н эмес экендиги жана экзамен зачеттордо курдаштарга айтууга тыйуу салынат;

  • Себепсиз сабакты калтырууго 20 % жогоруу тъмън балл коюлат;

  • Факультеттин , университеттин академиялык саясатын сактоого милдетт\\;


Студенттерге берилл\\ч\ м\мк\нч\л\ктър

  • Ът\лгън материалдарды камтылган курс боюнча каалаган суроону бер\\гъ;

  • Белгил\\ себептер менен калтырылган к\ндърдъг\ сабактардын тапшырмаларын, баллын тъмъндътпъстън туруп жуманын ичинде аткарып кел\\гъ;

  • Окуу процессин ърк\ндът\\гъ сунуш бер\\гъ;

  • Семестр ичинде ъз\н\н рейтингин \лг\лт\кс\з текшер\\.

Кафедранын «____»___________2014 – ж № ____отурумунда талкууланды

Т\згън : проф., п.и.к. Иметов Б.И.

Каф.,башчысы:i проф., п.и.к. Иметов Б.И.




Предмет: Манас жана музыка 3-курс
Тесттик суроолор:

1- вариант

  1. Кыргыз этноними алгачкы ирет кытай хроникасынды канчанчы жылы эскертилет?

а) б.з.ч. 208 б) б.з.ч.300 в) б.з.ч. 305 г) б.з.ч. 201



  1. Чыёгыз хандын баласынын ъл\м\н ким угузган?

а) Алдар – Късъ б)Толубай сынчы в)Кетбука г) Чагатай


  1. Кыргыз мамлекеттик филармониясы качан уюштурулган?

а) 1922 б)1936 в) 1940 г)1960


  1. Т. Сатылганов ж.б. таланттардын к\\лър\н ж.б. чыгармаларын биринчи жолу ким нотага т\ш\ргън?

а) П.Шубин б) А.Затаевич в) Субаналиев г)А.Власов


  1. «Обон» же «Овон» - деген термин кайсыл элдин съз\?

а) Кыргыз б) Ъзбек в) Иран г)Тажик


  1. «Шырылдаё» ырын кимдер ырдаган?

а) Жылкычылар б) Койчулар в) Малчылар г) Короо кайтаргандар.


  1. «Оп майда» ыры алгач кыргызстандын кайсыл регионунда пайда болгон?.

а) Чыгышында б) Батышында в) Т\шт\г\ндъ г) Т\нд\г\ндъ


  1. Б\б\ - бакшылардын ырлары кайсы жанрга кирет?

а) Каада-салт б)ырым – жырым в)ашыктык г)эмгек ырларын
9. /йлън\\ той кайсы жанрга кирет?

а) /рп – адат б) Каада-салт в) Шырылдаё г) Оп-майда




  1. Адам кайтыш болгондо айтылуучу кыргыздын байыртадан бери келе жаткан салты

а) Манас айтуу б)Кошок айтуу в) Дастан айтуу г) Ырдоо


  1. Ашыктык ырлары кайсы жанрга кирет?

а) /рп-адат б) Каада салт в) Лирикалык г) Эмгек ырлары
12. М.Баетовдун «Даанышман» ыры лирикалык

жанрлардын кайсынысы кирет

а) Секетбай б) Ашыктык в) Арман г) Селкинчек.


  1. «Селкинчек» ырын кимдер ырдашкан?

а) Жалаё жигиттер б) Жалаё кыздар в) Жаштар г) Балдар

2- вариант

    1. Балдар ырларына кайсыл ырлар кирет?

а) Ак-зыйнат б) Торпогум в) Мен ашык г) Издейм сени


    1. М.Баетовдун «Октябрдын жеёиши» аттуу ыры кандай жанрга кирет?

а) Лирикалык б) Тарыхый ырлар в) балдыр ырлары г) Эмгек ырлары?


    1. Тыныбек Жапы уулу ким?

а) Комузчу б)Кыякчы в) Манасчы г) Акын


    1. Кайсыл манасчы ак гвардиячыларга жана басмачыларга каршы к\ръшкън?.

а) Саыгмбай б) Саякбай в)Наймантай г)Чоюке


    1. Тарыхый инсандар каарман катары сыпатталган дастан кайсы?

а) Эр тъшт\к б) Курбантай в) Ак –мъър г) Карагул ботом

6. Мугалим, акылман деген т\ш\н\кт\ кайсы съз берет?

а) ырчы б) акын в) комузчу г)бийчи
7. Жеке акындык жанрга тъмънк\ т\рлърдун кайсынысы кирет?

а) Айтыш б) Санат ыры в) Акыйнек г) Сармерден


8. Алым сабак кайсы жанрга кирет?

а) Диологдук айтыш жанырына б) Жекече жанр в) Аспаптык жанр г) Эпикалык жанр.




  1. Жеёижок Къкъ уулу канчанчы жылы туулган?

а) 1840 б) 1860 в) 1900 г)1905


  1. «Кыз менен жигит» ыр-поэмасы кимдики?

а) Коргоолдуку б) Токтогулдуку в) Эстебестики г)Алымкулдуку


  1. Добулбас кайсы аспаптардын катарына кирет?

а) /йлъмъ б)Кылдуу в)Урма г)Ъз\ добуш чыгаруучу


  1. «Камбаркан» к\\с\ кандай к\\лърд\н катарына кирет?

а) айтым к\\ б) залкар к\\ в) обон к\\ г) эпостук к\\


  1. «Ибарат» к\\с\ кимдики?

а) Атайдыкы б) Коргоолдуку в) Болуштуку г) Карамодонуку


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет