Ош мамлекеттик университети искусство факультети



бет7/10
Дата11.06.2016
өлшемі0.82 Mb.
#127240
түріЛекция
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

Залкар комузчулар

Кыргызстанда стилдик өзгөчөлүк белгилер менен айрымаланган бир нече региондук комуз аткаруучулук мектептери түзүлгөн. XX кылымда алар чоң комузчулардын жүзү менен өздөрүнүнү лидерлерине, б.а. залкар деп аталган улуу даражадагы кесипкөй өнөрпоздорго ээ болушкан.



Музооке Жаманкараев ( 1802 – 1878) кылымдагы кыргыз элдик кесиптик музыкасынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири. Нарын облусунун Ак – Талаа районуна караштуу Куртка айылында туулган. Ал чоң комузчу болгон, автор жана аткаруучу катары таанылган. Музоокенин таланты анын небересине жуккан. Небереси кадимки атагы алыска кеткен жазгыч акын, манасчы Тоголок Молдо (өз аты Байымбет Абдракманов болгон).

Күрөңкөй Белеков (1826 – 1907) XIX кылымдагы таанымал элдик музыкасынын автору жана аткаруучусу. Ысык – Көлдөгү Талды – Булак айылында музыканттын үй- бүлөсүндө туулган. Атасы Белек кернейчи, комузчу, чоорчу болгон. Белек уулу Күрөңкөйдүн баласы Муратаалыдан А. Затаевич жазып алган маалыматтарга караганда анын атасы элге кеңири тараган бир топ пьесалардын автору болгон.

Айдараалы Бейшүкүров (1851 – 1934) шамдагай – шайкелең комуз аткаруучулук мектебинин эң типтүү жана көрүнүктүү өкүлү болгон. Ал XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын башында жашап өткөн мыкты чебер комузчулардын бири болуп эсептелет. Талас облусундагы азыркы Кара – Буура районуна караштуу Кызыл – Адыр деген кыштакта туулаган. Жергиликтүү музыканттардын жардамы менен салттуу күүлөрдү чертүүнү жакшы өздөштүргөн. Алардын ичинде “Камбаркан” , “Кара – өзгөй” , “Кер – толго” күүлөрү бар. Айдараалы комуз үйрөнгөндөн кийин акындыкты көздөп жамактап ырдоо өнөрүнө кызыгат жана бул багытта да таң калаарлык жетишкендиктерге жетишет. Анын эң кеңири тараган “Көйрөң күү” аттуу чыгармасы болгон.

Мыктыбек Үмөталиев (1930 – 1999). 70 -80 жылдары “Көйрөң күүнүн” комедиялык театыр оюну мүнөздөгү аткаруу салтын сактоо менен Кыргызмамфилармониянын пародиячы – комузчусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, концерттерге дайым ушул жалгыз номери менен чыгып турган.

Ниязаалы Борошев (1856 -1942) белгилүү чоң комузчу, автор жана аткаруучу. Ош облусунун Аксы районунда туулган. 15 жашынан комуз черткенди үйрөнүп, ошондо эле татаал күүлөрдү черте баштаган, анын ичинде “Кет – Бука” , “Тайчыдан – Тайчы” ж.б. Бара – бара ал чыныгы чебер устат комузчу болуп өз мезгилинин кесипкөй комузчуларынын чөйрөсүнө кошулган. Ниязаалы Борошевдин көлөмдүү “Кара өзгөй” деген пьесасы комуз музыкасынын көп тараган чыгармаларынан.

Токтогул Сатылганов (1864 – 1933) комузга чыгарылган эң мыкты чыгармалардын автору болгон. Ал комуз музыкасынын дээрлик бардык жанрларында 50дөн ашык, ыр булактуу, виртуоздук – оюндуу жана ири масштабдагы классикалык күүлөрдү жараткан. Анын эң кеңири тараган ,ар кимдин колунан келе бербеген күүлөрүнүн бири “Тогуз кайрык”. Токтогул чыгарган күүлөрүнүн санын так айтууга мүмкүн эмес, анткени ал жөнүндө болгон маалыматтар жетишсиз.

Карамолдо Орозов ( 1883 – 1960) – залкар комузчу – автор, анын музыкасы элдин жана кесипкөй комузчулардын эсинде гана сакталбастан, белгилүү окумуштуу фольклорчулардын ноталык жазууларында да жашап келүүдө. Карамолдо кыргыз аспаптык музыкалык шедеврлердин автору: “Сынган бугу” , “Ибарат” , “Насыйкат” , “Көкөй кести” ж.б. Ал экинин бири катары кыргыздан биринчилерден болуп 1935 – ж. Кыргыз АССРинин эл артисти деген мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгон.

Ыбырай Туманов ( 1885 – 1967) – көрүнүктүү элдик композитор – комузчу, 30дан ашык оргиналдуу чыгарманын автору. Ысык – Көлдүн чыгыш жагындагы Ак – Суу районуна караштуу Ак – Булуң деген кыштакта дыйкандын үй – бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Жолбундан таалим алып, жети жашынан таалим алган. 1936 – ж. Туманов Пишпекке чакырылып эл чыгармачылыгынын бүткүл Кыргызстандык олимпиадасына катышкан. 1965 ж. Композитор – комузчу “Жүрөк толкуйт” деген жаңы күүсүн чыгарган, ал анын акыркы “Ак куу ыры” эле.

Атай Огонбаев (1900 – 1949) салттуу музыкалык аткаруучулуктун түндүк – батыш мектебинин өкүлдөрүнө кирет. Ал улуу залкар комузчу – автор, обончу жана ырчы болгон. Талас облусундагы Талас районуна караштуу Көк – Кашат айылында дыйкандын үй – бүлөсүндө туулган. Чоң атасы орто комузчу болгон, анын жардамы менен комуз черткенди үйрөнгөн. Кийин айылдаш Жантакбай, Абдыракман, Субанаалы деген комузчулардан таалим алган. Ошондой эле Атай Огонбаев бир нече комуз күүлөрүнүн автору жана аткаруучусу болуп таанылат.

Шекербек Шеркулов (1902 – 1980) – Токтогул Сатылгановдун акыркы шакирттеринин бири. Талас облусундагы Талас районуна караштуу Талас – Арык айылында музыканттын үй – бүлөсүндө туулган. Бала кезинде Шекербек комузда ойноо менен чектелип калбастан элдик ырларды, дастандарды аткарып турган. Айрыкча казактын “Кыз жибек” дастанын көп ырдаган. 1926 – ж. Шекербек Токтогул Сатылганов менен жолуккандан баштап анын шакирти болуп калган. Шекербек Шеркулов Атай түзгөн комузчулар ансамблинде ойногон. Атай менен иштеп, анын ойноо ыкмаларын, тажрыйбаларын үйрөнгөн.

Болуш Мадазимов (1927 – 2002) – азыркы учурда мыкты комузчусу, Кыргыз мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Ош облусунун Кара – Суу районуна караштуу Лаглан кыштагында жарык дүйнөгө келген. Болуш Мадазимов республикага гана эмес, бүткүл Орто Азияга жана андан ары да таанылган комузчу. Кыргыз радиосунун музыкалык фондусунда Мадазимовдун аткаруусунда 20дан ашык күүлөр, ыр – дастандар жазылган.

Чалагыз Исабаев (1937 – 1991) белгилүү комузчу, “Камбаркан” ансамблин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмер. Кесипкөй билимди М.Күрөңкөев атындагы КММ окуу жайынан,андан соң Б.Бейшеналиева атындагы КМИИден алган. Чалагыз Исабаев аткаруучулук искусство менен эле чектелип калган эмес. Ал элдик ырларды, күүлөрдү нотага жазып , аларды нота менен окуп жана жаттап аткаруу боюнча эмгектенип комуз ойноо, күү чертүү жагынан далай педагогикалык иштерди жасаган.

Нурак Абдракманов (1947) - бүгүнкү күндүн белгилүү элдик кесипкөй ырчысы жана комузчусу, КРге эмгек сиңирген артисти. Нарын облусунун Ак – Талаа районуна караштуу азыркы Тоголок Молдо айылында туулган. Нурак Абдракмановдун чыгармалык ишмердиги үч – төрт багытта өнүгүүдө: автор катары, элдик ырлардын жана күүлөрдүн аткаруучусу катары, кыл кыякта, темир комузда ж.б. аспаптарда ойногон көп кырдуу музыкант катары, комуз чапкан аспапчы уста катары. Нурактын комуз күүлөрү азыркы мезгилге жараша чыгарылган, б.а. жаңы музыкалык стилдик өзгөчөлүгү менен айрымаланат. Аларга: “Ата мурасы” , “Соң көл” , “Улуу тоолор” , “Эне жүрөгү” ж.б.
Кыл кыяк музыкасы

Оозеки салттагы кыргыз аспаптык музыкасынын байыркы замандан бери келе жаткан катмарларынын бири кыл кыяк менен байланыштуу. Кыл кыяк жана аны менен байланышкан музыкалык жанрлар бөтөнчө угулушу жана уникалдуу көркөмдүк өзгөчөлүгү жагынан улуттук күү маданиятында өз ордун ээлеп турат.

Кыл кыякта ойнолгон күүлөрдү генезиси боюнча негизинен ырдык жана аспаптык деп эки жанрдык топко же категорияга бөлүүгө болот. Биринчи топко бир обондуу, карама каршылыгы жок музыка мүнөздүү. Экинчи топко карама – каршылыгы сюиталык курамы түрүндөгү музыка мүнөздүү.
Көрүнүктүү кыл кыякчылар

Тарыхта XIX кылымдын биринчи жарымындагы чоң кыл кыякчылардын аттары оозеки түрүндө сакталып келген, алардын ичинде Иманкул Мурзаев, Датка Шаакеев, Кошаалы Кыскараевдер болгон. Бирок алардын өмүр баяны, чыгармачылыгы унутулуп, аткарган күүлөргө гана эмес, алардын аталыштары да белгисиз бойдон калган.



Муратаалы Күрөңкөев ( 1860 – 1949) XIX кылымдын аягында – XX кылымдын башында улуу кыл кыякчы жана залкар комузчу болгон. Ал чүй облусунун Кемин районуна караштуу Талды – Булак айылында музыканттын үй – бүлөсүндө туулган. Атасы Күрөңкөй жана чоң атасы Белек кыл кыякчы, комузчу, чоорчу, сурнайчы жана кернейчи болушкан. Муратаалы жаш кезинен эле музыкага шыктуу болуп атасынан аспапчылык өнөрдү үйрөнгөн. Ошол кезде эле кесипкөй музыканттар менен чоң жарыштарга чыгып атагы алыска угулуп турган. 1939 – ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасына үзүрлүү катышкандыгы үчүн Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардак наам алган жана Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Ошол эле жылы ССР композиторлор союзуна мүчө болуп кабыл алынган.

Жолой Боогачинов (1888 – 1934) XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы кыл кыяк музыкасынын эң мыкты өкүлдөрүнүн бири болгон. Жолой 10 жашында музыкага берилип атасынын жардамы менен кыл кыякты үйрөнө баштайт. Жердеши Токтогулдун ырын угуп, күү черткенин көргөндө анын өнөрүнө өнөр, шыгына шык кошулган. Кыл кыяктан башка комуз чертип жамактап ырдап да жүргөн.

Саид Бекмуратов ( 1901 – 1966) – XX кылымдын залкар кыякчысы. Кылкыякты ойногонду чоң атасы Калымбеттен үйрөнгөн. Нармат жана Ашыр деген жердеш кыл кыякчылар да ага таасир беришкен. Саид Бекмуратовдун музыкалык мурасына “Бекарстан” , “Бекташ” , “Жусуп менен Зулайка” , “Ынтымак” ж.б. аттуу лирикалык кыл кыяк күүлөрү кирет. 1939 – ж. Кыргыз адабияты жана искусствосунун Москвада өткөн биринчи декадасына активдүү катышып Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам алган. 1958 – ж. Өткөн экинчи Москва декадасына да катышкан.

Толтой Мураталиев (1939 – 2007) – белгилүү кыякчы, комузчу, КРдин эмгек сиңирген артисти. Кадимки Күрөңкөй уулу Муратаалынын небереси. Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Шабдан айылында жарык дүйнөгө келген. Апасы Канышай да темир комуз каккан өнөрлүү адам болгон. Толтойдун аткаруусунда Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын музыкалык фондусуна 20 дай кыл кыяк күүлөрү жазылган. Алардын ичинде анын чоң аталары жана өзүнүн устаты Саид Бекмуратов черткен күүлөр бар.
Темир ооз комуз жана жыгач ооз комуз музыкасы

Кыргыз оозеки элдик аспаптык музыкасынын эң байыркы түрлөрүнүн бир бөлүгү темир ооз комуз жана жыгач ооз комуз музыкасы болуп эсептелет. Темир комуздун добуштары өзгөчө колорит менен айрымаланат. Анын тембри өтө назик, ага башка эч бир кыргыз аспабы окшобойт. Ал эми жыгач ооз комуздун тембри салыштырмалуу чукул, одонороок кабылданат, бирок мунуку деле чакан бөлмөлүк типтеги музыкага кирет.

Эки аспап тең добуштук бийиктик аз, анын себеби обон кыймылдарын көмөкөй - ооз көңдөйү регуляциялап турат. Темир ооз комуздун жана жыгач ооз комуздун музыкасынын өзгөчөлүгү алардын добуштук жана аткаруучулук мүнөздөрү менен түшүндүрүлөт. Булар кичинекей, чакан чыгармалар.

Темир комуз музыкасы өткөн доорлордо көбүнчө жашоо тиричилик багытта болгон,ал эми кийинки мезгилдерде концерттик жанрдагы чыгармалардын деңгээлине көтөрүлдү десек болот. Буга темир комузчулар ансамлдеринин жөнөкөй сюита тибиндеги курама күүлөрдү түзүп аткара башташы мисал боло алат.



Адамкалый Байбатыров ( 1895 – 1953) – мыкты темир комузчу, куурчак оюнунун биринчи артисти, гармон чертүүчү музыкант жана уюштургуч адам болгон. Чүй облусунун Кант районуна караштуу Жээк айылында туулган. Ата – энесинен эрте ажырап,батыштан көчүп келген славияндарга жалданып иштеп жүрүп орус эл музыканттарынан балалайка, гармон чертүүнү үйрөнөт. 1912 – ж.баштап куурчакчы артистерге кошулуп куурчак ойногонду да үйрөнөт. Байбатыровдун актердук таланты “Куртунай куурчак” , “Эчки сүзгөн аял” , “Сүйүүмдү таптым” деген чакан спектаклдерде көрүнгөн. Айрым маалыматтар боюнча Байбатыров бир нече темир комуз күүлөрүнүн, анын ичинде эң кеңири тараган “Тагылдыр тоонун” автору болгон.

Токтосун Тыныбеков (1927 – 1982) 50 – жылдары Кыргызмамфилармонияда кайрадан түзүлгөн темир комузчулардын ансамблинин жетекчиси темир комузчу жана төкмө акын болгон. Ага кыргыз СССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарылган.

Римма Мадварова кесипкөй темир комузчулардын азыркы жаш муундарын КРдин эмгек сиңирген ишмери окутуп жатат. Ал көп кырдуу музыкант, темир комуздан башка флейтада жакшы ойнойт, “Керемет” жаштар ансамблин жетектейт. Р Мадварова эл аспаптарды ойногонду өзүнүн Турсун деген чоң энесинен 4 жашында үйрөнө баштаган. 1953 – ж. Кыргызстан мамлекеттик Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүн бүтүрүп, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театырынын оркестринде флейтачы болуп иштеген. Андан кийин кыргызмамфилармониясында темир комузчулар ансамблинде ойногон. Р Мадварованын демилгеси боюнча темир комузда ойноонун жаңы методикасы киргизилип күүлөрдү нота менен үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Нурланбек Нышанов темир комузда окутуунун жана аткаруунун этнографиялык методикасынын салттарына максимум жакындатуу идеясын көтөрүп чыкты. Ал мультимузыкант, аспап жасагыч уста, КРдин эмгек сиңирген пртисти. “Теңир – Тоо” ансамблинин көркөм жетекчиси. Кыргыз аспаптарында угуу методу менен адегенде бала чагында жергиликтүү музыканттардан, андан кийин Бишкекке келип өз алдынча ойноп үйрөнүп, чоң ийгиликтерге жетише баштаган. Н. Нышанов көп аспаптарда ойнойт: комузда, кыл кыякта, темир комузда, сыбызгыда, чоордо, чопо чоордо, чоң чоордо ж.б.

Шакен Жоробекова ( 1945) жыгач ооз комуздун кайра жаралышында башкы ролду элдик ырчы жана аспапчы, республиканын эмгек сиңирген артистикасынын иштери зор. Ал Ош облусунун Ала – Бука районунун борборундагы маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын аткаруусунда жыгач ооз комуз күүсү 1967 – жылдан баштап адегенде райондо, облуста, кийин республикада жана чет өлкөдө элдик ырчылардын жана аспачылардын кароо конкурстарында , фестивалдарда ойнолгон.
Чоор жана сыбызгы музыкасы

Чоор , сыбызгы жана башка үйлөмө аспаптар музыкасында улуттук маданияттын дагы бир өтө маанилүү, өзгөчө образдуу чөйрөсү бар. Ал адамдарга жашоо – тиричиликтин түбөлүк – сезимин, жана ой жүгүртүүнүкөңүл абалын тартуулайт.

XX кылымдын 90 – жылдарына чейин үйлөмө аспаптар комуз, кыл кыяк жана темир комузга салыштырганда көп тараган жок. Бул жагынан өсүү болгон эмес. Анын себеби үйлөмө аспаптарды жасап чыгаруу, аларды кайра жаратуу жаңыдан иштеп чыгуу маселелери чечилбей атайын устаканалар түзүлбөй, жаштарды окутуп үйрөтүүнүн кесиптик мектеби курулбагандыктан болгон.

Чоор менен сыбызгы мурдатан кыргыздардын байыркы чарба иштери, койчулардын, малчылардын турмуш – тиричилигинин каттуу, татаал шарттары менен тыгыз байланышкан. Чоор жана сыбызгы күүлөрү башка үйлөмө аспаптардын музыкасындай эле, аз изилденген. Алардын ноталары да дээрлик жок.

XX кылымдын экинчи жарымында өздөрүнүн аткаруучулук чеберчилиги менен эл оозуна алынган чоорчу аспапчыларыбыз Р. Сакеев(сыбызгы) , М. Калжигитов ( балтыркан чоор) , С. Калчороев (ышкырык чоор,камыш сурнай) ж.б. жогоруда аты аталган музыканттар ойногон жана алардын аткаруусунда жазылып алынган күүлөр өтө аз санда болгондуктан аспаптык фольклордун сейрек учуроочу көөнө салттык музыкалык чыгармаларына айланган.

Асанбай Каримов (1898 – 1979) – залкар, чыныгы кесипкөй чоорчу болгон. Туубаса талант. Аткаруучулугун бийик көркөмдүүлүгү, сан – сапаттуулугу жагынан алганда аны чоор музыкасынын генийи же классиги деп атаса болот.

Асанбай Каримовдун өмүр баянында олуттуу окуялар бар. XX кылымдын 20 – жылдарында граждандык согуш мезгилинде Керимов совет бийлигине көркөмдүк кызыгууну пайда кылган уникалдуу ансамбль. Анткени мындай топ өтө сейрек кездешет, мүмкүн тарыхта болуп көрбөгөн чыгар.

“Өмүр” ансамблинин дагы бир алгылыктуу ийгилиги чет өлкөлүк композиторлор Вилла Лобостун “Куба бийи” жана Скот Жоплиндин “Рек – тайм” аттуу музыкасын комузга сала айкалыштырып, Европалык жаңы, бир кызыктуу синтездештирилген чыгармачылык багытты ачып койгондугу болду. Ансамблдин Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда өткөн фольклордук фестивалдардын конкурсуна катышып 1 – 2 орундарды жеңип алышы анын келечеги кең экендигинен үмүттөндүрө

ЖАЛПЫ М/НЪЗДЪМЪ.

КЫРГЫЗ МУЗЫКАЛЫК ФОЛЬКЛОР ЖЪН/НДЪГ/ ТАРЫХЫ БУЛАКТары
Эгерде музыкалык фольклористикада дүйнөлүк илим катары 100 жылдан ашык жолду басса, Кыргызстанда ал андан да жаш. Кыргыз фольклористикасынын жаш сынагы 1928 – ж. Башталат: ошол жылы советтик – орусиялык музыковед – этнограф жана композитор Александр Викторович Затаевич кыргыз ыр – күүлөрүн, фольклордук музыкасын мыкты билгендердин өздөрүнүн аткаруусунда обондуу ырларды жана аспапта ойнолгон пьесаларды нотага жазууга биринчи

болуп киришкен.

Кыргызстандагы музыкалык фольклористиканын өнүгүшүнүн биринчи этабы орус илимий мектебинин өкүлдөрүнүн иш – арекеттерине байланыштуу, алар 1920 – 1960 – жылдарда кыргыз элдик чыгармаларынын башкы принциптерин негиздешкен.

Экинчи этап – 1960 – 1970 – жылдар – фольклористиканын улуттук кадрларынын калыптаныш этабы болду.

Үчүнчү этап 1980 – 1990 – жылдарды, андан эки жаңы тенденция пайда болду.

Кыргыз музыкалык фольклористикасы базалык компонент катары музыкалык билимдин башкы чөйрөлөрүндө – кесиптик композитордук чыгармачылыктын тарыхында жана теориясында, музыкалык педагогикада, социологияда, булак таануу жана өлкө таануу, сын жана публицистикада улам кеңири камтылат. Дал ушул фольклористиканын жетишкендиктеринин аркасында улуттук музыка таануу мектебинин методологиясында тарыхый жана генетикалык көз карашты, көркөм системалуулукту, теория менен практиканын биримдигин өбөлгөлөгөн негиз болуучу илимий принциптер колдонула баштады.

Бүгүнкү фольклористика жалпы тарыхый жана социалдык шарттарды аңдап туруп, көркөм чыгармачылыктын жаралыш жана кабыл алуу психологиясын эске алуу менен искусствону изилдөө тажырыйбаларын жаңы деңгээлге көтөрүүгө аракеттенүүдө.

Өткөн мезгилдерде Кыргызстандын аймагында жайгашкан элдердин маданияты жөнүндө орто кылымдагы чыгыш философтору изилдөө жүргүзүшкөн,алардын жергесинде туулган Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари. Бүгүнкү күндө тарыхый булактарга кайрылуу менен XIX кылымга чейин “киргизы” деп Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн булактарында Борбордук Азиянын бардык көчмөн калктары – казактар, калмактар, кыпчактар, хакастар, алтайлыктар, жана башкалар аталганын унутпашыбыз керек.

Кийин,1930 – жылдарга чейин кыргыз фольклору деп илимий эмгектерде кыргыздардын жана казактардын элдик искусствосун түшүнүшкөн, анын себеби тарыхый булактарда казактарды кыргыздар же кыргыз – кайсактар деп аташкан. Бүгүнкү күнү илимпоздор фольклордук материалдарды тыкандык менен талдоодон өткөрүштү, алардын аныктамаларын бул окуу китебинин автору да эске алды.

Кыргызстан жөнүндө фактылардыжыйноого Петр I доорундагы Орусиянын Чыгыштагы саясий дипломатиялык жана соода экономикалык байланыштарынын кеңейиши көмөк болгон. XIX кылымдын жарымында Орусиянын Императордук Географиялык Коому ачылганда (1845) анын курамындагы этнографиялык бөлүм Түркстан крайындагыкалктардын географиясын, экономикалык өзгөчөлүктөрүн, жаратылыш ресурстарын, турмуш тиричилигин изилдөөнү үзгүлтүксүз жүргүзүп турган.

XIX кылымдын акыркы чейрегинде батыш мамлекеттеринин Орус империясына жана Орто Азияда жашаган элдерге болгон кызыгуусу арта баштады. Түркстанга келген экспедициялардын катышуучулары жер шарты оор жана жолдору эң татаал аймактарга чейин жетишип, белгисиз край жөнүндө ар тараптуу маалыматтарды жыйнашкан.

Өзүнүн “Борбордук Азиядагы кыргыздар менен сарттардын музыкасы” (“Этнографическое обозрение” журналы, Париж) деген көлөмдүү макаласында Г. Капю, музыкалык билими бар адам катары, саякаттын маршрутундагы аймактарды башынан аягына чейин басып, анда жашаган кыргыздардын, казактардын ,өзбектердин, түркмөндөрдүн,кашкарлыктардын, бадакшандыктардын, ооганстандыктардын добуш чыгаруу искусствосун мүнөздөп жазган. Өзүнүн жазгандарын элдик аспаптардын фото сүрөттөрү, ырлардын жана күүлөрдүн ноталык мисалдары менен жабдыган. Бирок өкүнүчтүү жагы, автор фольклордун кайсы улутка тийешелүү экендигин тактап жазган эмес.

Г. Капаю кыргыздардын музыкасы турмуш – тиричилиги менен тыгыз байланышкан деп жазат. Андыктан фольклордайыма колдонмо мүнөзгө жана ачык социалдык, адеп – ахлактык тарбиялык функцияга ээ.

Чыгыш таануучулар элде учураган, айрымдары унутулуп бараткан элдик ырым – жырымдардын, майрамдардын оюн – зоок,шаан – шөкөттөрдүн, ырчы, комузчу жана манасчылардын жамактап – төккөндөрүн жана алдын ала даярдалган номерлеринин күбөсү болушкан.

Ошол мезгилдеги музыка изилдъъч\лър ар-бир улуттун ъзгъчъл\г\н . аларга болгон ъздър\н\н копетентсиздигин танышпайт. бирок алар б\г\нк\ изилденип жаткан элдик музыканын ички мазмуну . аткаруу ъзгъчъл\г\ качандыр бир мезгилдерде кимдир биръълър аркылуу изилденээрин алдын ала туюшкан. Окумуштуу-изилдъъч\ Н.Маев Токмок шаарынын жанында чоорчулардын дует ансамбллине к\бъ болуп, эки \нд\\ гомофониялык фактурадагы аспаптык пьесанын аткарылышын м\нъздъъ менен европалык эмес музыка жън\ндъ «Биринчи музыкант кандайдыр кату чыккан созулма нотаны созуп турат, ошол эле убакта анын жолдошу ойнолуп жаткан тез кайталануучу мотивди варияциялай берип токтогон жок. Европалык кулак \ч\н жапайы кън\м\ш эмес кандайдыр бир \н чыгып жаты, бирок ал жогорку деёгээлде ъз алдынча эле» дейт.

Орус окумуштуусу Н.Зеленд каргыз музыкасын изилдъъ менен музыканын элдик кесиптик формасынын бар экендигин жокко чугаруу менен –«Кыргыздар эмнени кърсъ , ошонун баарын ырга салат. Кээде мен талаада хор менен ырдоону кърд\м жана уктум, бирок кесипкъй ырчылары жок» деп белгилейт.

Ал эми А.Краснов ъз\н\н айрым кесиптештеринин кыргыздарда кесипкъй музыканттар жок деген жаёылыштыктарын оёдогусу келип: «Кээ бир болуштуктар ъздър\н\н балалайкалары менен айылдан айылды кыдырган ырчылары менен ътъ белгил\\» деп жазган.

Окумуштуу И.Андреев (Алибай) кыргыз жаштарынын оюн-зооктору жън\ндъ къп жазып калтырган Ал «Кыз-жигиттерден турган эки топтун кимиси угуучуларга ырахат тартуулап, кимиси жеёсе \й ээсинен кой алат.Бул курч акылдуу създър\ бар ыр мелдеши шаёдуу угулат. Жигиттер жактан куйкум създ\\ ырларга кыздардын тапкычтык менен дароо жооп кайтарып турушуна таё каласыё» деп айткан.

Борброр Азия элдеринин тарыхын, маданиятын изилдъъч\ катары казак элинин чыгаан уулу илимпоз-офицер Чокон Валихановдун ысмын сыймык менен атайбыз. Анын этнографиялык бай материалдары менен кошо элдердин маданияты жана музыкалык искусствосу жън\ндъг\ баалуу изилдъълър да топтоштурулуп кийинчерээк 5 томдук болуп т\з\л\п казак, орус тилдеринде бир канча жолу басылып чыккан. Ч. Валиханов биринчилерден болуп кыргыздарда «Манас» деген элдик эпикалык поэма жана андан башка къптъгън майда поэмалар» бар экендиги жън\ндъ айтып, баатырдык чоё эпоско тарыхый-адабий баа берген. Ал «Кыргыздар музыка менен тъкмъл\кт\ жакшы кър\шът» деп баса белгилеген.

Ч.Валиханов этнографиялык материалдарды жана фактыларды мазмундуу жазуу \ч\н арт т\рд\\ айла-амалдарды колдонгон. Мисалы: « Мен биздин кыргыздарадан ът\н\п, ъз\м кыргыздардын къркт\\ кооз кийимин кийдим, менин бул амалым толук кишке ашты. Аялдар боз \йлърдън жапырт чыгышты. Алардын арасынан биръъс\ ъз\б\здън экен, мусулман экен деп, кошок кошуп жиберди» деп жазат.

Кыргыздын фольклоруна, айрыкча эпикалык чыгариачылыгы менен музыкасына астейдил караган окумуштуу- т\рколог, академик В.В. Радлов болгон.Ал кыргыз элиндеги эпикалык чыгармачылыктын жана эпос айтуучулук искусствонун бийик деёгээлге кътър\л\ш\н себебин элдик речтин ыргактуу музыкалуулугунда жана эмоционалдуулугунда деп эсептеген. В.Радлов «Манас» эпосунун орус жана немис тилиндеги котормолорунун автору болуп,ага карата кеёири т\ш\нд\рмъ берген. «Бул эпос ,-деп жазган ал,-гректердин эпосундагыдай эле б\т\ндъй элдин руханий турмушун жана адеп-ахлагын дана с\ръттъп берет»деп айткан.

В.Радловдун 1863-жылы «Кыргыздар жън\ндъ жазмалар» деген кълъмд\\ макаласы Парижде басылган «Азия» аттуу журналга жарыяланган. Аталган журналдын музыкага арналган бъл\г\ндъ ырчы, акындардын аткаруучулук чеберчилигине токтолгон. «Кыргыз тъкмълър\ дайыма той-ашка чакырып турушкан казак эллине да таанымал. Алардын жамактап -тъг\п ырдагандарын ътъ кызыгып угушат: берилген сюжетке ырчылар анча деле кыйналбастан заматта таасирд\\ ырларды чыгарып, обон менен коштошот. Ырчылар угуучулардын кимдир биръънъ арнап тамаша менен коштоп кътър\ёк\ маанайда мактаганда, аларга ар тараптан белектер тартууланат.

Улуу Октябрь Социалисттик революцияга чейинки топтолгон материалдардын , ноталык жазуулардын арасында этнограф Р.Пфеннигге жана аскер капелмейстери А.Эйгорнго таандык материалдарды да кър\\гъ болот.

1875-жылы Орусиянын атуулдугун алган Австриялык музыкант А.Ф.Эйхгорн Борбордук Азия элдеринин анын ичинде кыргыз фольклоруна да токтолуп, ъз\ жашаган мезгилге адекваттуу т\ш\н\\гъ жакындаган. Анын «кыргыздардын музыкасы» жана «Кыргыздардын ыры жана ырчылары» аттуу эмгектери Петербургдагы музейге коюлган.

А.Ф.Эйхгорн ошол мезгилге таандык ийкемд\\ адабий стилде кыргыздын маданияты менен музыкасы хън\ндъ къптъгън жаёы мааламаттарды калтырып, аларга ъз баасын берген. Анын изилдъъ иштериндеги ийгиликтери катары элдик аткаруучулук ънърд\н формаларын жана жанрларын, акындардын айтыштарын, жеке жана топ-топ болуп ырдоону жана музыканын коштоосу менен аткарылуучу оюндарды атасак болот. Жазып алган фольклордук чыгармалардын стилдик ъзгъчъл\ктърд\, ладдарды, ыргактарды, тембрди, синтаксистик формаларды майдалап, т\ш\н\кт\\ кылып берген.

Окумуштуу башка элдердин музыкасы менен кыргыз элдик музыкасынын окшоштуктарын белгилъъ менен «Кыргыздардын музыкасы, биринчиден биздин диатоникага (эвропанын диатоникасына.-Авт.) жакын,экинчиден, менин оюмча. байыркы араб системасына да жакындай сезилет деп айткан.

А.Ф. Эйхгорндун изилдъълър\н тереё талдап окуган адам анын кыргыз музыкасынын чексиз байлыгына жана тереё мазмунду камтып тургандыгына тереё ишенгендигин къръ алат. Ал « Кимде ким кыргыздар ъз музыкасын суктануу менен къё\л коюп, толкундана, жан дили менен берилип укканын кърсъ,кимде ким шайыр жана тамашалуу чыгармаларды дене кыймылын, къё\л толгоолорун, коштоп укканын байкаса, ал кыргыз музыкасына жеёил-желпи же къё\л кош карабайт» деп белгилеген.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет