Акындык искусствону
изилдөө жана анын азыркы абалы
акындык жанырлардын алгачкы чыгармалары А. Затаевич тарабынан жазылган. Анын биринчи фольклордук жыйнагы ( 250 кыргыз аспаптык пьесалары жана ырлары , - М . , 1934 ) үч ноталык үлгүнү камтыган , анын экөө № 120 жана 121 ) Т. Сатылгановдон жазылып алынган.
Экинчи жыйнак 1936 – ж. Даярдалган, бирок илимпоздун көзүнүн тирүүсүндө жарык көрбөгөн жыйнакка Затаевич акындык термелердин дагы беш ноталык мисалын киргизген ( №275, 284, 381, 384, 389).
Виноградов бир катар жылдар бою акындык өнөр менен иш жүргүзгөн. Анын “ Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары” ( Токтогул Сатылганов и киргизские акыны , М.,1959 ) деген китеби кыскача тарыхый маалыматтарды жана очерк – портиреттерди камтыйт. В. Виноградов акындын речитатция – терменин төмөнкүдөй төрт тибине баяндоо берген ( манасчылардын речитативдерине окшош
-
Музыкалык эмес речитатив;
-
Ладдык жана ыргактык жагдайда уюштурулган речитатив;
-
Ыр саптарына – тирадаларга так ажыратылган речитатив;
-
Жеке ырдоолор.
“Киргизкая народная музыка” , М., 1958 ) деген монографиясында В. Виноградов акындык ыр чыгармачылыгынын “ абаздык жанрдын күчтүү катмары” катары аныктаган.
Өзүнүн башка бир , көлөмү боюнча анча чоң эмес “ Атай Огонбаев” (М.,1960) деген эмгегинин тиркемесинде В. Виноградов эч кандай кыскартуусуз жана поетикалык тексттери менен ырчынын он чыгармасын киргизген.
Кийинки муундагы бардык окумуштуу – фольклорчулар өздөрүнүн изилдөөлөрүндө В. Виноградов түзгөн базага таянышат. Акындар өнөрүнө В. Янковскиий ( Музыкальная культура Советской Киргизии. – Фрунзе , 1982 ) , Б Алагушов жана М.Абдраев ( Токтогул – композитор. – Фрунзе, 1964), К. Дүйшалиев ( О кыргызской народной музыке. – Фрунзе, 1984; Песенная культура кыргызского народа. – Бишкек,1993) кайрылган. Көптөгөн кыргыздын төкмө акындарынын өмүр баяндарын Б. Алагушов (Кылым карыткан күүлөр. – Фрунзе, 1975)жазган . Акындык өнөргө “Токтогулга гүлдесте”(Фрунзе ,1964),”Токтогул – биздин замандашыбыз”(Фрунзе,1966) деген жыйнактар,ырлар жана айтыштар жыйнактары арналган.
КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПКА
ЖАЛПЫ М/НЪЗДЪМЪ.
Кыргыз элдик аспаптары музыкалык чыгармачылыктын атрибуттары катары да, улуттук көркөм маданиятын, колдонмо искусствонун чыгармасы катары да эң маанилүү курамдык бөлүгү болуп эсептелет.
Салттуу, патриархалдык коомдо музыкалык аспаптардын формалары ар башкача болгон. Тиричиликте , эс алуу учурларында, шаан – шөкөттөрдө, оюн – зоокто, элдик спорттук мелдештерде, аскердик жүрүштөрдө, аш – тойлордо кылымдардын кылдары болуп эсептелген көркөм аспаптар жандуу жаңырган. Ошол эле учурда кыргыз музыкалык аспаптары өсүү жолунда. Өткөн кылымдарда алардын жасалышы көчмөн жана жарым көчмөн турмуш шартына идеалдуу ыңгайлаштырылган, эволюциялык өнүгүшү өтө жай жүргөн. Ушул себептен аспаптардын сырткы кебетеси жөнөкөй болуп, аларды өзгөртүп – өнүктүрүп туруу талап кылынган эмес.
Кыргыздардын түшүнүгү боюнча аспаптар элдин айлана – чөйрөгө болгон рухий жана эстетикалык мамилесинин өзүнчө бир материалдык символу болуп эсептелет. Музыкалык аспаптар, айталы, комуз кымбат, ыйык буюм катары баркталып, боз үхйдүн же там үйдүн көрүнүктүү жерине илингени бекеринен эмес. Кыргыздардын турмушунда музыкалык аспаптарды чоң мааниге ээ болгондугун “Манас” үчилтигинде бир нече жолу айтылгандыгы күбөлөп турат.
Өрүктөн комуз чаптырган,
Көктөп капкак жаптырган.
Тепкесин тайкы койдурган,
Чарасын терең ойдурган.
Ичеги кылын тактырган.
Аркы, терки кактырган,
Күүсүн уккан жактырган.
Ошентип, тарыхый музыкалык практика элдик аспаптардын милдеттерине өз таасирин тийгизди, анын сырткы көрүнүшү да, жасалышы да, түзүлүшү да, тембри да өзгөрдү. Органологиянын ( аспаптар жөнүндө илим) көз карашынан алганда кыргыз музыкалык аспаптары төрт негизги топко бөлүнөт.
1.Кыл аспаптар – хордофондор ( ит.cordafon – кырг.кыл.добуш), үн
булагы болуп кериле тагылган кыл эсептелет.
2.Үйлөмө аспаптар – аэрофондор ( ит.arifon – кырг.жел.добуш), үн
булагы – түтүктүн ичиндеги желдин кыймылы;
3.Урма аспаптар – мембранофондор ( ит.membrofon – кырг.тери.добуш)
үн булагы - түтүктүн ичиндеги желдин кыймылы;
4. Какма аспаптар - идиофондор ( ит.autozon – кырг.өзүн өзү
добуштоо), үн булагы заттын же нерсенин өзү болуп эсептелет.
Кылдуу аспаптар
Кыргыздын салттуу кылдуу аспаптарына комуз жана кыл кыяк кирет. Алар баарыдан мурда чымчып жана сүрүп черткен аспаптар болгондуктан бири – биринен үн чыгаруу ыкмасы жагынан айрымаланат.
Комуз – азыркы кезде эң белгилүү, кеңири тараган кылдуу аспап. Кыргызстандын түштүк өрөөнүндө чертмек деп айтылат. “Чертмек” деген нукура кыргыз сөзү, ал эки сөздөн куралган: биринчиси “черт” , экинчиси “мек” . “Черт” уңгусу, “ мек” мүчөсү.” Черт” деген “ ойно” , “как” деген этиш сөздөрдү түшүндүрсө , “чертмек” деп аспаптын аты аталат.
Ал эми “комуз” деген сөз маани жагынан аспап дегенди билдирет. Ал тектеш түрк элдеринин бир типтүү кыл аспаптарынын менен жакындашып, улуттар ортосундагы жалпы аспаптык түшүнүктөн келип чыккан термин катары сезилет. Айталы , ушундай аспаптар кыргызда “комуз”, казакта “кобыз” , алтайда “хомус” деп аталат. Мына аспаптык терминдердин окшоштугу көрүнүп турат.
Комуз – Борбордук жана Орто Азия элдериндеги бир типтүү эки кылдуу илме музыкалык аспаптарнан айрымаланган үч кылдуу аспап. Комуздун узундугу орточо 85 см ден 90 см ге чейин болот.
Кыргыз Республикасынын эл артисткасы, Токтогул атындагы Кыргыз мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунованын комузунун өлчөмү: узундугу 90 см, туурасынын эң жазы жери 21 см, моюнунун узундугу 35 см, туурасынын эң чоң эни 5 см, башынын узуну 15 см.
Комузду күүлө системасы комузчунун дараметине, изденүү талантына жараша болот. Эгер комузчу фактуралык, гармониялык түзүлүшү жагынан өзгөчө бир оргиналдуу новатордук күү чыгарса, анда ошого дал келген жаңы толгоону таба билиши керек. Албетте , новатордук күү жана ага төп келген жаңы толгоо күндө келүүчү нерсе эмес, ал өтө сейрек табылат. Мисал катары мындай сейрек кездешүүчү буроону белгилүү комузчу А. Кыдырназаровдун “ Кыргыз көчү” аттуу жаңы оргиналдуу күүсүнөн көрүүгө болот.
Комсуз искусствосунда оң колдун ойноо техникасы бий жана көп түрдүү.Анын негизгилери төмөндөгү ыкмалар, штрихтер :бир манжа (сөөмөй) менен терип чертүү – pizzicato: кылдын ар бир манжа менен кезектешип сөөмөйдөн баштап чыпалакка чейин жана, тескерисинче, чыпалактан сөөмөйгө чейин терип чертүү – пиццикатонун башка формасы;
аспаптын мойнунда (грифинде) бармак кошулган манжалар менен терип чертүү – пиццикатонун башка формасы;
сөмөй менен төмөн карай жана кайра жогору карай шилтеп чертүү – шалк этменин (бряцание) жеңил формасы;
төрт манжа менен төмөн карай жана кайра жогору карай шилтеп чертүү – шалк этменин оор формасы (бряцание);
комузду тик абалда сол колдоп кармап, аспаптын сол жагынан оң колду чыгарып алып шилтеп чертүү – шалк этменин башка формасы;
тремолдотуп (титиретип) чертүү – тремоло.
Оң колдун ойноо техникасынын бир түрү чалып чертме деп аталат. Бул ыкма дайыма тез чертилүүчү күүлөрдө колдонулат. Чалып чертме өзүнө мүнөздүү төмөндөгүдөй ыргактык фигураны пайда кылат. Бул ыргактык фигура комуз күү музыкасынын жанрларынын ичинен көбүнчө “Шыңгырамаларда” кездешет.
Оркестирдик комуздар ладдык (беренелүү) комуздар деп аталат, анткени грифтери туурасынан ичке металл менен ладдарга бөлүнөт. Оркестирдик комуздарга жилкадан же металлдан жасалаган үч кыл тагылган.
Аларга: Комуз – прима – бийлик тесситуралуу оркестирдик комуз. Анын партиясы скрипкалык ачкычта жазылат. Реалдуу жумуш диапазону – биринчи октавадагы миден үчүнчү октавадагы миге чейин.
Комуз – секунда комуз – примага караганда квартага төмөн угулат. Ал дагы скрипкалык ачкычта жазылат. Жумуш диапазону – кичи октавадагы лядан экинчи октавадагы ляга чейин.
Комуз – альт комуз примага караганда бир октавага төмөн угулат. Скрипкалык ачкычта жазылат, партиясын бир октавага транспозициялап ойнойт.
Комуз – бас тесситурасы боюнча комуз – альт менен комуз – контрабастын ортосундагы оркестрдик аспап. Анын тесситурасы дайыма эң төмөнкү катмарда.
Кыл кыяк ( же кыяк) – кыл тагылган жаа менен ойнолуучу салттуу аспап. Салттуу кыл кыяк өрүк, арча же жаңгак жыгачынан жасалат. Эки кылы, кыл тагылган жаасы (смычогу) бар. Аспаптын узундугу 60 – 70 см. Чарасынын эң кенен жери 16 – 20 см. Кылдары аттын жалынан же куйругунан жасалат.
Кыл кыякчылардын аткаруучулук ыкмаларынын арсеналы комузчулардыкына караганда анча бай эмес. Кыл кыякта дайыма отуруп,аспапты тик абалда кармап, чаранын аяк жагын тизелерге таяп алып ойношот. Музыканттар жааны ылдый жагынан оң колдун алаканын жогору көздөй буруп алып кармашат. Ойноп жатканда чыпалак менен жаанын кылын бириндетпей азмаз чоюп турат. Сол колдун манжалары кылдарды акырын басыш керек, аларды флажолеттүү добуш чыгаргандагыдай тийгизип эле коюп ойношот.
Элдик кыяктын күүлөнүшү эки башка интервал менен ишке ашат: таза кварта жана таза квинта. Биринчи буралышы: оң жактан кыл – кичи октавадагы ми, сол жактагы кыл – кичи октавадагы ля. Экинчи буралышы: кичи октавадагы ре жана ля. Биринчи кылды обондук деп аташат, себеби ал обон же күү ойнолгондо негизги ролду аткарат.
Оркестирдик кыяктар (контрабастан башкасы)транспозицияланган аспаптарга кирбейт.
Кыяк – прима – топтун тесситура боюнча эң бийик аспабы. Толгонушу скрипкадагыдай квинталар боюнча ( кичи октавадагы соль,биринчи октавадагы ре жана ля, экинчи октавадагы ми ). Диапазону – кичи октавадагы сольдон төртүнчү октавадагы миге чейин. Партиясы скрипкалык ачкычта жазылат.
Кыяк – альт кичи октавадагы до дон үчүнчү октавадагы ми ге чейин диапазонду камтыйт. Ноталары скрипкалык ачкычта жазылат, бирок альт сыяктуу кылдары кичи октавадагы до жана соль, биринчи октавадагы ре ге жана ля га толгонот.
Кыяк – бас кыяк – альт менен кыяк – контрабастын ортосундагы ( чоң октавадагы до дон экинчи октавадагы до го чейинки ) диапазонду ээлеп, бас ачкычында жазылат жана виолончелдей толгонот: чоң октавадагы до жана соль ( төртүнчү жана үчүнчү кыл), кичи октавадагы ре жана соль ( экинчи жана биринчи кыл) .
Кыяк – контрабас – кыргыз эл аспап оркестриндеги кыяктардын тобундагы тесситура жагынан эң төмөнкү аспап . Контрабастай толгонот: чоң октавадагы ми жана ля ( төртүнчү, үчүнчү кылдар).
Үйлөмө аспаптар
Байыркы материалдык жана рухий маданияттын курамына кирүүчү салттуу үйлөмө аспаптарга кыргыздар колдонмолук жагынан чоң маани беришкен. Үйлөмө аспаптар ар кандай сигналдык ( адамдарды коомдук акцияларга чакыруу, мал айдоо тосуу ж.б. ) , көркөм эстетикалык ( көңүл ачуу, рахаттануу ж.б. ) милдеттерди аткарган. Кээ бир маалыматтарга таянсак өткөн кылымдарда бул топтун аспаптары урма аспаптар менен кошо аскердик багытта түзүлгөн аспаптар ансамблдеринде колдонулган. Мисалы , Ормон баатырдын ак өргөөсүндө салттык аспаптардан курулган чакан оркестр ойноп турган.
Чоор – кыргыздын салттуу,узунунан кармап ойнолгон аэрофону. Алгачкы музыкалык аспап. Анын аткаруучуларын чоорчу деп аташат. Чоор Кыргызстандын түштүк өрөөнүндө койчу аспабы катары көбүрөөк тараган.
Чопо чоор – (ылай чоор)- кыргыз элдик үйлөмө аспаптардын бир түрү. Негизинен республиканын түштүгүндөгү дыйканчылык райондорунда тарап чопо чоор,ылай чоор деп ататлган .Формасы ар кандай.
Сыбызгы – элдик үйлөмө аспаптарынын бири. Чоордон айырмаланып бул аэрофон туурасынан кармалып ойнолот.сыбызгы чоорго караганда ышкырыктуу бийик, ар кандай тембрлер,жогорку тесситура жан октавалык диапозон мүнөздүү.
Сурнай – кыргыздын элдик үйлөмө аспаптарынын бири, эки тростуу түтүк сымал шалмей. Анын конустук каналы,ойномо көзөнөктөрү жана кеңейтилген оозу бар. Сурнай кескин түрдө угулган аспап. Азыркы кезде сурнай урунулбай калды, бирок кээ бир жерлерде, өзгөчө республиканын түштүгүнөн жолуктурууга болот.
Керней – кыргыздын үйлөмө музыкалык аспаптарынын бири. Сурнай сыяктуу эле ал дагын өркүндөтүлгөн эмес жана салттуу формасында кала берген. Аспаптын эки түрү бар – мүйүз керней жана темир керней. Биринчиси чанда кездешүүчү аерофон. Ал эми экинчиси болсо түштүк кыргыздарда көп кездешет.
Мүйүз керней – эң байыркы аспап. Аны тоо текенин (аркар, кулжанын) ийилген мүйүзүнөн жасашкан. Узундугу 30-40 см.
Жез керней – узуну 1-2 м, мундштугу кээде бар, кээде жок, учугунан жасалган чоң түтүк. Кеңейген оозунун туурасы 90см.өзбектердин жана уйгурлардын карнайы менен окшоштугу аймактык жакындык гана эмес, түрк тилдүү тектеш элдердин музыкалык маданиятынын тарыхый алакалары болгондугун айгинелейт.
Урма аспаптар
Кыргыздын элдик урма аспаптары белгилүү сандагы менбранофондордун тобун түзөт. Алар : добулбаш (түндүк кыргыздарда добулбас), доол, карсылдак, тай туяк.
Добулбас – тери менен капталган бир жактуу алкактык барабан. Салттуу добулбаштын чарасынын бийиктиги 50 -60 см, мембранасынын туурасы 25 – 30 см. Чарасы арчадан , мембранасы төөнүн терисинен жасалат. Добуш камчы сап же алакан менен уруп чыгарылат.
Доол – өтө чоң эмес жыгач же темир мембранофону. Азыркы убакта анын эки түрү бар: салттуу жана жаңы конструкцияланган.
Карсылдак – бир жагы ачык өзүнчө күрөң түс менен каттуу жыгачтан (эмен, каражыгач ж.б.) жасалган азыркы кош кашык аспап. Бири – бирине окшош эки кашык ичке сабы жагынан кооз жип же кайыш менен коштолгон. Бул аспапты аткаруучулар эки колдоп аларды урдуруп ойногондо бийиктиги эки башка тарсылдаган добуштар пайда болот.
Тай – туяк – жаныбардын төрт туягынан жасалган, өзгөчө идиофондордун катарына кирген жеңил бут кийим формасында конструкцияланган жаңы урма аспап. Тай туяктын добушу ачык, кыска, анча каттуу эмес жана өзүнүн табигыйлыгы менен айрымаланат. Тембри , добуш чыгаруу ыкмасы жагынан испандык кастанета деген аспапка окшош.
Өздөрү добуш чыгаруучу аспаптар
Белгилүү болгондой, өздөрү добуш чыгара турган аспаптарга термелүү булагы болуп чарасы же анын бөлөгү эсептелинген аспап куралдары кирет. Аларды идиофондор деп аташат. Мындай аспаптардын катарына улуттук аспаптык музыка маданиятынын бир бөлүгүн түзгөн ооз комуздардын бир нече түрү, коңгуроолор, жылаажындар, шалдырактар кирет.
Темир ооз комуз – ал алмурут сымал формада жасалат. Узундугу 6 – 7 см. Жоон жагынан формасы – сүйрү тегерек, уч жагы ичкертилген. Материалы темирден, латундан, колодон жана жезден. Бул аспаптын аткаруучусун темир комузчу же ооз комузчу деп аташат. Аспаптын тембри жумшак, күмүштөй жаркылдаган флажолеттонун оттенокторун элестетет.
Жыгач ооз комуз – бир учу ичкертилген жыгач пластина идиофондордун темир ооз комузга эң жакын бир түрү. Негизинен түндүк Кыргызстанда кездешет. Көрүнүшү башы саал узартылган чай же аш кашыктын формасын элестетет. Анын добуштарынын тык токтомо мүнөздөрү, ар бир үндү үзүп, кыскартып ойноо ыкмасы аспаптын табигый өзгөчөлүгү менен байланыштуу.
Жылаажын – азыр өтө сейрек учураган кыргыз эл аспаптарынын бири. Ал анча чоң эмес, силкип ойнолуп жаткан учурда ичиндеги эркин кыймылга келүүчү шариги бар бубенчик. Бубенчиктин узундугу 2 – 3 см. Жылаажынды кыргыздар үй шартында колдонушкан: бир жагынан музыкалык добуштун кооздоочу атрибуту катары, экинчи жагынан, аң улоодо мергенчиге анын кушунун алган олжосун басып жаткан жери жөнүндө кабар берүүчү сигналдык аспап катары.
Коңгуроо – жылаажын сыяктуу эле көчмөн кыргыздарга утилитардык жана көркөмдүк максаттарга кызмат кылган анча чоң эмес индиофон. Коңгуроо негизинен үй – бүлөъ бир жерден экинчи жерге, кыштоодон жайлоого же, тескерисинче, жайлоодон кыштакка көчкөндө өзүнүн милдетин аткарган.
Шылдырак – кармагычы бир металлдан жасалган саптан, туурасы ар кандай үч чоң темир шакектерден жана аларга илинген майда темир шакекчелерден турган идиофон. Добушу аны силкип кыймылдатуу жардамы менен чыгат.
Аса – таяк – алкактык же жыгач таяктуу идиофон. Анын добушунун булагы болуп ар кандай илинчектер – аспапта жерге, полго ургулап жана силкилдетип кыймылга келтиргенде өзү үн чыгарган нерселер эсептелет. Салттуу аса – таяк - формасы туура эмес, узундугу 50 смге жетпеген сыйкырдуу жыгач таякча.
Дилдирек – сейрек кездешүүчү металдан жасалган идиофон, туурасы 5 – 7 см жана калыңдыгы 1 мм болгон эки тегерек пластиналардан турат. Дилдиректи сактык сигнал берип туруш үчүн эчкинин, койдун же уйдйн мойнуна илип коюшкан.
Зуулдак – музыкалык аспапта эмес, добушу зуу – зуу деп чыккан добуштуу оюнчукка окшош. Зуулдактын добуш чыгаруучу булагы – жип өткөрүүчү эки көзөнөгү бар ар кандай материалдан жасалган пластина. Формасы төрт бурчтуу же тегерек. Мурда аны камыштын сабагынан же жыгачтын кесиндисинен жасашкан, кийин чоң топчу колдонуп жүрүшөт.
Кыргыз мамлекеттик филармониясынын музыкалык аспаптык эксперименттик устаканасынын бөлүнүп өз алдынча иштеп кеткен устакана. Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектуралык университетинин алдына ачылган.Устакананын жетекчиси –Сураган Айдаралиев ( 1956). Университеттин башчыларынын колдоосу астында устакана керектүү шарттар менен касыз кылынып жаңы жабдуулар, сапаттуу жыгачтар жана кылдар менен камсыз болгон.
АСПАПТЫК ЖАНРЛАР
Жалпысынан айтканда кыргыз элдик аспаптык музыкасы, аваздык музыкадагыдай эле, эки башка, бирок эриш – аркак байланышкан чоң бутакка бөлүнөт. Биринчиси – элдик музыканын төмөнкү катмары, б.а. жалпы элдик аспаптык музыка. Бул, албетте, шарттуу түрдөгү бөлүштүрүү.
Күү – кыргыз элдик аспаптык музыкасынын түпкү аты, аспапка чыгарылган пьесанын жана аспаптык музыкалык жанрдын аталышы үчүн атайын колдонулат. Күүнүн образдык палитрасы кеңири диапазондогу мазмунду камтыйт: баатырдыкты, эпосту, лириканы, драматизмди,жанрдык – турмуштук көрүнүштөрдү, комедияны, трагедияны ж.б. образдар көпчүлүк учурда күүнүн атында чагылдырылат.
Кыргыз элдик күүлөрдүн көпчүлүгү программалуу, анткени аларда музыкалык мазмундар даана сүрөттөлгөн. Кыргыз күүлөрүнө баяндоочулук сюжет жана психологиялык айкындык мүнөздүү деп изилдөөчүлөр эбак эле белгилеп келишкен.
Кыргыз оозеки салттуу аспаптык музыкасынын программалуулугу
“ жабык” же “ачык” түрдө чагылдырылат. “Жабык” программалуулук жашырын сыр түрүндө, түз эмес жооп түрүндө ишке ашырылат. “Ачык” программалуулук конкреттүү – жагдайлык мүнөзгө ээ жана жалпы элдик музыкалык фольклордо көбүрөөк учурайт. Кыргыз күүлөрүндө ошондой эле эки типтеги программалуулук бар: сюжеттик жана жалпылоочу. Биринчи тиби – ырлар – дастандар негиз болгон жана оюнкараак пьесаларды камтыйт. Аларга аткаруучу өзү түшүндүрмөлөр менен коштоп күүнүн келип чыгышы, мазмуну жөнүндө айтып берет. Программалуулуктун экинчи тибинде программалуу эмес күүлөр сыяктуу эле, түшүндүрмө сөз аткаруучудан талап кылынбайт.
Сюжетке жана программага жараша күүнүн драматургиясы бир тематикалык жана көп тематикалык деген эки негизги түрү болот. Күүнүн биринчи түрүндө алгачкы образдын аз – аздан трансформацияланышы жана туунду типтин карама – каршылыгы байкалат. Экинчи түрүндө ап – ачык карама – каршы салыштыруу , темалар аралык өнүгүүлөр, негизги образдын чегинде жаңы образдын сиңирилип кетиши, дискреттүүлүгү менен бирдиктүүлүктүн айкалышы көрүнөт.
Күүлөрдүн масштабы ар башка – белгилүү өлчөмдө соңуна чыккан көркөм форманы түзгөн кыска тезистен тартып анык “симфониялык” мүнөздөгү ири, жайылма музыкалык музыкалык чыгармага чейин болот. Азыркы мезгилде ургаалдуу өнүгүп жаткан элдик аспаптарда ансамблдик ойноо өткөн доордо сейрек кездешкен. Бир аспааптык ансамблдер көркөм практикага XX кылымда киргизилген. Көп аспаптык ансамблдер каада – салттарды, жоокердик турмушту жана ак сөөктөрдү майрамдарын коштоп турган. Ал жөнүндө “Манас” эпосунун айрым эпизоддору кабар берет. Мисалы,
Керней тартып бапылдап,
Дап согулуп дапылдап.
Сурнай үнү такылдап,
Чылмардан кагып шапылдап.
Чет элдик изилдөөчүлөрдүн жол дептерлеринде, күндөлүктөрүндө да мурун туруксуз курамдагы аспаптык ансаблдердин болгондугу фактылар менен ырасталат.
Түндүк кыргыздардын бир уруусу Сарбагыштардын ханы Жантай уулу Шабдандын (1840 – 1912) ашына катышкан Е. Димитриев кернейчи, сурнайчы, доолчу жана сыбызгычылардан турган элдик музыканттардын тобуна көңүл буруп, алардын коноктор үчүн ойноп турганын жазган.
XX кылымда Ысык – Көл облусунун Каракол шаарында (1922) биринчи жолу элдик комузчулардын моно аспаптык ансамблин Муратаалы Күрөңкөев уюштурган.
Кийин,80 – жылдары Улуттук аспаптык ансамблдин жаңы тиби – көп аспаптуу ансамблдерден түзүлө баштаган.
“Камбаркан” ансамбли (жетекчиси Э.Жумабаев) – Кыргызмамфилармониясынын алдында. Анын курамында элдик кесипкөй аспапчылардан башка салттуу ырчылар,акын,бийчилер бар.
“Миң Кыял” ансамбли (жетекчиси Ч. Райымкулов) – Кыргыз Республикасынын “Ак – Марал” аттуу элдик бий ансамблинин алдында. Кыргызмамфилармониясына караштуу;
“Керемет” ансамбли ( жетекчиси Р. Мадварова) – П.Шубин атындагы борбордук музыкалык мектебинин алдында. Анын курамы негизги темир комузчулардан турат.
“ Боз салкын” ансамбли (жетекчиси И. Бердибаев) – Ак – Суу районунун маданият үйүнө караштуу;
“Арашан” ансамбли( жетекчиси С. Жумалиев) – Аламүдүн районунун маданият үйүнө караштуу;
“Айдын – Көл” ансамбли (жетекчиси С.Асанкадыров) – Каракол шаарына караштуу;
Республиканын алгачкы кыргыз аспаптар оркестри 1936 – ж. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргызмамфилармониясынын алдында түзүлгөн. Ага улуу комузчу Карамолдо Орозовдун ысымы берилген. Ушул сыяктуу элдик – кесиптик оркестрлер Муратаалы Күрөңкөев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Кыргыз улуттук консерваториясында, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, Токмоктогу Кыргыз Мамлекеттик маданий агартуу окуу жайында ж.б. бар.
Комуз музыкасы
Комуз – кыргыздардын эң кеңири тараган, жакшы көргөн музыкалык аспабы. Комузда ойнолгон музыка мазмунунун байлыгы, жанрдык тематикалык, ыргактык жана форма түзүлүш өзгөчөлүктөрү менен өзүнө тартат. Алар музыка изилдөөчүлөрдү да кызыктырат.
Музыкасын үч негизги жанрдык топко бөлүү максатка ылайыктуу болот. Биринчи топко ырдан келип чыккан, б.а. ырдык генезис менен байланышкан миниатюралык күүлөр кирет. Экинчи топ айтым күүлөрдү камтыйт. Үчүнчү топко чоң масштабдуу классикалык залкар күүлөр кирет. Экинчи жана үчүнчү топтор оозеки салттагы концерттик музыканын жанрлары болуп эсептелет. Комуздук чыгармачылык практикада күүлөрдүн аталган үч тобунун ортосунда өз ара байланыштар, аралашма же өтмө жанрдык типтеги комуз чыгармалары пайда болушу мүмкүн. Бул импровизациялык чыгармачылыктын табиятына толук туура келе турган көрүнүш. Комуз күүлөрүнүн үч тобунун ар биринин өзгөчөлүгүнө токтололу:
Ырларды генезиси менен байланышкан күү – миниатюралар. Алар
ыр булактуу обон күүлөр деп аталат. Бул топко элдик ырлардын обондору негиз болгон аспаптык чыгармалар кирет. Эки кеңири тараган күүлөр – булар эпикалык мүнөздөгү күүлөр, м: “ Семетей күү” , “ Мендирман” , “Сары солтон” , “Жаныш – Байыш” , “Сарынжы – Бөкөй” , “Курманбек”, “Ак – Бакай”, “Кетбука” ж.б.
Көп учурларда алар аялдардын аттары менен аталып программалык күүнүн сыры аркылуу сүйүү, махабаттын же сулуулуктун символу катары даңазаланат. Мис: “ Налима” , “Батмакан” , “Мистекан” , “Сайракан” ж.б.у.с. комуз күүлөрү. Бул күүлөр эл арасында анча деле таралбагандыктан комузчулардын репертуарында сейрек кездешет. Анын үстүнө мындай эски аттар азыр модадан чыккан.
Виртуоздук кол ойнотмо айтым күүлөр. Комуз музыкасынын өз алдынча, колориттүү жанрдык тобун түзөт. Бул топтун пьесалары өзүнчө программалык мазмуну, виртуоздук комуз ойноонун чоң техникасы менен айрымаланат.
“Так теке” деген күү айбан менен адамдын фольклорду – көчмөн кыргыздардын салттык маданиятынын уникалдуу көркөм көрүнүшү болуп саналат. “Так текедеги” комузчу менен текенин музыкалык бийик сценасы сыяктуу эле оюн – тамашалуу айтым күүлөр өздөрүнүн сюжеттүү программасына жараша ачык типтеги аспаптык музыкалык программалуулук туура келет.
Аталган жанрдык топко кирген күүлөрдүн аткарылышын угуп гана тим болбостон, бир эле мезгилде көрүп да туруш керек, анткени мындай типтеги музыкалык чыгарманы угуу, сезим менен кабыл алуу жетишсиз болуп образдын оюндуу көрүнүшү көмүскөдө калат. Антпесе ал ойнотмо күүлөр угуучу менен көрүүчүнүн купулуна толбой калышы ыктымал.
Виртуоздук кол ойнотмо күүлөрдүн даана мисалдарына элге таанымал болгон “Көйрөң күү” , “Ак тамак көк тамак” , “Армандуу чымчык” , “Сары барпы” , “Ак куу” ж.б. пьесалар кирет.
Атактуу куудул виртуоз – комузчу Айдараалы Бейшүкүровдун “Көйрөң күүсү” тез темпте, оң колдун кең, аркы терки шилтөөлөрү менен ойнолгон чыгарма. Шилтеп чертмеден башка pizzicato сөөмөй, ортоң менен ойнолот. Билектин манжалардын ийкекмдүү кыймылдашынын натыйжасында майда бөлүктөргө бөлүнүүчү ыргактык кыймылдар түзүлөт. Пьесанын аягына комузчулар “мына минтип” деген сөзгө вокалдык речитатив аткарылат. Бирок, мында башкы маани аваздык үнгө эмес, комузга берилет.
Чоң масштабдуу классикалык (залкар) күүлөр – салттуу кесипкөй комузчулардын чыгармачылыгында өнүккөн чыгармалар. Алар кыргыз комузчулук искусствосунун тарых карытып, өнүгүп өсүп келе жаткан “камбаркандар” , “ботойлор” , “шыңгырмалар” , “кербездер” жана алардын жанрдык – тематикалык варианттары. Булар мазмун жагынан салмактуу, оор басырыктуу мани – маңызы зор күүлөр, эбакы өткөн кылымдарда пайда болуп, кеңири тараган чыгармалар.
Камбаркан – комуз музыкасынын түпкү жанры. “Камбаркан” деген сөз элдик уламышка ылайык байыркы мергенчинин аты болгон, “кан” мүчөсү адамдын ысмына кошумча катары бириктирилген аяк сөз. Демек “Камбаркан” жанры комуз музыкасынын уламышка айланган түпкү атасынын атынан коюлган. Андыктан “камбарканды” конкреттүү, ачык программалуу пьеса дебей жалпылагыч жанрдык ат катары эсептеш туура болот. Бул биринчиден.
Экинчиден , “камбаркан” комуздун концерттик музыканын эң негизги классикалык жанрлардын бир түрү. “Камбаркан” (жана башка күүлөрдөгү) концерттик музыкага мүнөздүү болгон зор эстетикалык маани – маңыздуулук, көркөм официоздуулук, көңүл көтөрүңкүүлүк жана салтанаттуулук жышааналар бул жанрды кыргыз салттык музыкасынын элитикалык катарына кошууга мүмкүндүк берет. Эл ичинде комуз күүсүнүн генезисин тастыктаган бир кеп бар: ал “Күүнүн башы камбаркан “ деп айтылат.
“Камбаркан” күүлөрү эл арасында абдан көп тараган. Кесипкөй комузчулар бул жанр боюнча өз репертуарына бир нече чыгарма киргизишкен. Мисалы: Карамолдо Орозов төрт “Камбарканды” черткен жана аларды мазмундарына жараша төрт башка ат менен атаган: “Эл камбаркан” , “Терме камбаркан” , “Колхоз камбаркан” , “Сынган бугу камбаркан” . Токтогул Сатылганов “Карылардын эски камбарканын” черткен. “Маш камбаркан” , “Кирки камбаркан” аттуу эки башка күүнү Атай Огонбаев черткен. Бектур Осмонов “Малчылардын камбаркан” аттуу күүсүн эмгек темасына арнап чыгарган. Жанрдын тематикалык варианттарынын тизмесин дагы көпкө узартууга болот.
Бир караганда “Камбаркандар” комуз күүлөрүнүн башка классикалык жанрларына окшош көрүнөт. Бирок тереңирээк изделген кезде “камбаркандардын” жанрдык типологиялык белгилери ачыла баштайт. Мындай ачылыштар комуз музыкасынын жанрдык теориясынын калыптануу процессинин мыйзамченемдүү көрүнүшү.
Ошол эле убакта “Камбаркандарда” комуз музыкасынын башка классикалык жанрларына окшош белгилери бар, мисалы импровизациялык, жалпы формалык структурасынын мозаикалуулугу (кызыл – тазылдуулугу), тематизмдин варианттуу кайталанылуусу ж.б. Бирок “камбаркандын” башка жанрлардан айрымаланган өзүнө таандык стиль жагынан көрүнүшү, мындайча айтканда, фенотиби бар. Ал бир канча элементтерден түзүлөт: жай темп, образдын салабаттуулугу, квинталык аралыктагы бош толгоо деп аталган буроо (биринчи жана үчүнчү кылдар ортоңку кылга караганда таза квинтага төмөн), аяк күү деп аталган комуздун төмөнкү регистри, сол колдун биринчи, үчүнчү ойногуч позициясы, медитативдик көңүл.
“Камбарканда” негизги музыкалык теманын алдына киришүү аккорддор ойнолот. Азыраак жайылтылган “камбаркандарда” композициялык форма бири – биринен даана ажыратылган кыска курумдардан (пострения) түзүлөт. Көбүрөөк жайылтылган “Камбаркандар” музыкалык темасы жана фактурасы боюнча ачык контрасттык эпизоддорго бөлүнөт.
“Ботой” – концерттик аспаптык салттуу классикалык музыканын жанрдык түрү. Бул кадыресе программалуу комуз күүсү, тактап айтканда,анын жашыруун сырдуу программасы бар.
“Ботой” (сөзмө сөз: төөнүн тайлагынын синоними) кыргыздардын поетикалык акыл – эсинде эне менен баланын ажырагыс образын символдоштуруп турат. Илгери – илгери “ботой” күүсү лирикалык же трагедиялык мүнөздө калыптанган деп айтууга туура келет.
“Ботой” күүлөрүнө талдоо жүргүзүү алардын тематизиминин ар түрдүүлүгүн көрсөттү. Кээ бирөөлөрү жайдары элегиялык мүнөздө ойнолуп музыкалык формасы жагынан салыштырмалуу жөнөкөй. Мындай чыгармаларга лирикалык “Тилендинин ботою” , термелген бешик ырына окшогон “Муратаалынын ботою” , назик “Токтогулдун Ботою” , жигердүү баяндалган ж.б. кирет. Айрым ботойлор , тескерисинче , образдары жагынан динамикалуу, мобилдүү, тез темпте өнүккөн формада аткарылат. Аларга салтанаттуу “Муратааланын кичине ботою” , К.Турсунбаевдин “Ысык илептүү заңкылдаган ботою” , К.Акиевдин шар жүрүүчү, К.Досуевдин чечкиндүү “ботойлору” ж.б. кирет.
Шыңгырма комуздун концерттик музыкасынын негизги жанрларынын бири. Бул жанр бешинчи ойнолгуч позициянын, аралашма кварта – квинталык толгоону( биринчи кыл ортоңку кылдан квартага, ал эми үчүнчү кыл квинтага төмөн ми – ре – ля) талап кылат.
Шыңгырма башка комуздук классикалык комуздук жанрларынан көбүрөөк камералык , кылдат, назик угулушу менен айрымаланат. Бул жанрдык түргө кирген күүлөрдүн аткаруучулук стилине чоң ичке жыйнактуулук, жандуу темп, скрецо сымал ыргактар мүнөздүү. Коргоол Досуевдин “Коштошуу шыңгырмасынын”бир темага түзүлгөн анча чоң эмес комуздук вариация десе болот. Бирок көп учурда шыңгырмалар масштабдуу жайылтылган формада ойнолот. Мисалы, Т.Сатылгановдун “Кыз кыял” деген таанымал күүсү көп бөлүмдүү чоң чыгарма. Анын ар бир бөлүмү өзүнчө мүнөзгө ээ жана бири – бирине карама – каршы (контрастта) турат.
Кербез – аваздык гана эмес аспаптык элдик музыка чыгармачылыгында түркүмдүү милдет аткарган жанрдын бири. Чоң масштабдуу классикалык салттуу күүлөрдүн ичинде “кербездер” өзгөчө орунду ээлейт, анткени кесипкөй комузчулардын гана эмес, катардагы эле комузчулардын репертуарына кирет. Тагыраак айтканда “Кербезди” комуз черткендердин баары ойношот.
“Кербез” деген сөз эки маанини камтыйт: 1. Конкреттүү турмуштук – “көйрөң” , “кекирейгендик” , 2. Жалпылагыч, адистик музыкалык чыгарма. Кызактыра турган нерсе: ушундай семантикалык типтеги кош маанилүүлүк ырдык жана аспаптык жанрлар менен байланышкан башка дагын музыкалык терминдерге да тийешелүү шарт. Бул салт терминдердин өзгөчө тарыхый – мнемоникалык милдетинин, жанрдык эстелишинин тереңдигин, көп курамдуулугун күбөлөп турат. Балким кербез жанры музыкада адамдын кулк мүнөзүн чагылдырып берүү үчүн жасалган аракеттин натыйжасы болушу да ыктымал, андыктан ал белгилүү бир өлчөмдө психологиялык музыкалык портрет жанрынын милдетин аткарат.
Кыргыз комуз музыкасында толгоо жана кайрык деген ат менен бир нече күүлөр кездешет. Алар күүнүн жанрдык моделин түзүүгө жетишсиз. Мындан сырткары “толгоо” , “кайрык” сөздөрү кыргыз тилинде жанрдык эмес термин катары колдонулат. Ушундай ат менен аспаптык чыгармалар кыл кыякчылардын репертуарында да кездешет. Бирок ал чыгармалар жанрдык жалпылык белгилер калыптанган эмес. Баса көрсөтүп кетүүчү нерсе: бул эки улуттук термин ар башка музыкалык түшүнүктөрдү өзүнө камтыйт: биринчиси акустикалык (толгоо) мааниде аспаптын толгонуусун түшүндүрсө, экинчиси милдеттик (кайрык) мааниде, музыкалык теманы билдирет. Салт боюнча терминдер шарттуу семантикалуу сөздөр менен коштолот.
Достарыңызбен бөлісу: |