Ош мамлекеттик университети искусство факультети


Кыргыз музыкасынын тарыхы боюнча лекциялар



бет5/9
Дата11.06.2016
өлшемі1.31 Mb.
#127239
түріЛекция
1   2   3   4   5   6   7   8   9

Кыргыз музыкасынын тарыхы боюнча лекциялар

I-ЛЕКЦИЯ

МУЗЫКАЛЫК МАДАНИЯТ БУЛАКТАРЫ

Кыргыз эли Орто Азиядагы эё байыркы калктардын бири. Кыргыз элинин уюткусун жергиликтүү түрк тилдериндеги уруулар түзгън. Бул жөнүндө болжол менен айтканда 6-9 –кылымдардагы байыркы түрк жазма эстеликтеринде, X-XVI- кылымдардагы Араб, Перс ж.б. жазма булактарында жолугат. Байыркы калктын көркөм өнөргө шыктуулугу, көл өнорчүлүгү мүйүздън, сөөктөн, жыгачтан, темирден (металдан) териден ар кандай буюмдарды жасоодон корүнгөн.

Алгачкы адамзат коомунун жаралышынан тартып, адамдардын ою, речинин өсүшү менен бирге музыканын элементтери да жаралган, алар бара-бара жанрлардын, формалардын, ладдардын жана ритмдердин андан ары өнугүү процессин аныктайт. Ошондой болсо да алиге чейин алгачкы общиналык жана андан кийинки доорлорго таандык музыкалык маданият жонундо так маалымат жок. Тек гана ал тууралуу үрүл-бүрүл болгоолоп жана божомолдоого болот. Аны тактоодо, иликтөөдо Орто Азия элдеринин, ошонун ичинде Кыргыздардын түпкү тегинин чыгышына, тарашына адепки мезгилдеги тили менен маданиятынын тарыхый калыптануусуна, өнүгүүсунө арналган окумуштуулардын эмгектери жардам этмекчи. Айрыкча алгачкы коомдогу ар кандай өсумдуктөрдү, ъзгър\штърд\, т\рд\\ ънърлърд\н, \рп – адаттардын болгонун аныктоодо уламалар, ырым – жырым ырлары, диндик культтардын калдыктары, каада – салттардын уктары зор роль ойноодо.

Элдик музыкалык чыгармачылык Орто Азия элдеринин эмгегине жана к\ндъл\к турмушуна да тереё сиёген. Коомдун алгачкы ън\г\ш\н\н биринчи этабында музыка эмгек процессинин ажыралгас органикалык бъл\г\нън болгон. Ымдоо – жаёдоо (пантомима) коштоого алынган ырлар менен бийлер эмгек процессин да элестеткен. Эмгек музыка ънър\н\н ъс\ш\нъ ътъ к\чт\\ таасир тийгизген. Байыркы адамдар эмгектин ар кандай тармактарында иштъъ менен кыймылга жараша ар -т\рд\\ \н салышкан.Ал иштеп жаткандагы ритмдик кыймылга байланышкан. Байыркы эмгек ырларынын алгачкы жаралышы жана тарашы тек гана \ндърд\ ыргактуу тууроо эмес, эмгекти жеёилдет\\, къё\л ачуу, тигил же булл эмгек ээсине кайрылуу, т\ш\м\н, тъл\н къбъйт\\, арбытууда пайдаланган.

Алгачкы общиналык т\з\л\ш доору к\бълънгъндъй, Орто Азия калкынын к\ндъл\к турмушу, къз карашы, т\ш\н\г\ стихиялуу – материалисттик негизде болгон. Алсак, алар табигаттын ъз\н жандуу деп эсептеп, айлана – чъйръдъг\ бардык нерсеге ишенип, сыйынышкан. Байыркы адамдардын т\ш\н\ктър\ боюнча сыйкырдуу (магиялык) създър сырткы д\йнъгъ таасир этип, кандайдыр бир натыйжаны берет имиш. Бул болсо, ар кандай ырымдардын, дин ырларынын жаралышына алып келген. Кыргыздардын оозеки адабий-музыкалык чыгармачылыгында т\рд\\ ооруларга, кийим бычканда, аёчылыкка, казатка аттанганда, к\н к\рк\ръгъндъ, орок оргондо, кызылды сузганда, ок тушпогондо, мал тилегенде жана башка айтыла турган ырым-жырым ырлары ътъ къп.

Абалтан эле оозеки чыгармачылыгыбыздагы жъъ жомоктор, тамсилдер, макал, ылакаптар да элдик музыкабыз менен карым-катнашта, өз ара байланышта ъскън. Алсак, суйлөмө жанрына кирген т\рд\\ жөө жомктордо ырлардын \з\нд\лөрү да айтылат. Ушундай эле кай бир тамсилдер да поэтикалык форманы кармоо менен айтуучу ырдык интерпритацияга өтөт. «Сөз гүлдөрү» аталган макал ылакаптардын да өздөрүнүн бөтөнчө музыкалык белгилери бар. Анткени, алардын көпчүлугү үгүт-насыят, терме ырларына тараган.

Кул ээлъъч\л\к мезгилдеги Орто Азия элдеринин тарыхында элдик профессионалдык жана музыкалык-поэтикалык онорлордун алгачкы формалары онугот. Элдик профессионалдуу музыкант-акындар, ырчылар чыгат. Алардын репертуарларын кън\л ачуу т\р\ндъг\ чыгармалар менен бирге дастандар ээлейт. Кул ээлөөч\л\к доорунда, аспаптык музыка да байыйт. Орто Азиялыктардын арасында арфа (чанг), дап, най, нагора, добулбас ъёд\\ аспаптар ътъ кенири тарайт.

Жогоруда белгиленгендей кыргыздарда архаикалык музыкалуу-поэтикалык жанрлар менен бирге төкмөчүлүк манерадагы ыр чыгармачылыгы да кеёири өнуккөн. Анын тамыры да эё эле байыркы заманга кетет. Төкмөлук өнөрдүн калың калкка жетимд\\л\г\н жана кыргыздарда да кырааттуу речтин өскөнүн X кылымдын автору Абу Дилеф да ътъ жогору баалаган. Ал эми поэтикалык форма XI кылымдын ортосунда жазылган (Баласагуну Кутадгу билик («Кут алчу билим») аттуу насыят поэмасында өтө ачык- айкын чагылдырылган.

Кырааттуу речь болсо музыкалуу-поэтикалык төкмөчүлүк менен ширелишкен. Кыргыздардын бул жъндъмдүүлүгү В.Радловдун да көңүлүн бурган. Ал түрк урууларынын ичинен кыргыздардын сөздү өтө устаттык, билгичтик менен айтаарын белгилеп келип, «Жөн салды эле сүйлөгөн сөздърүёдү сүйлөмдөрүнүн аягы экинчи сүйломү менен ыр түрүндө келе түшүп, ыр саптары айтылып жаткандай эле элес калтырат», - деп жазган.

Кыргыз эли колдонгон музыкалык аспаптардын тарыхы да эё эле байыркы тереёдикке кетет. Буга Каракалпактын Койкрылган кала жана Топрак калаасынан табылган биздин заманга чейинки I жана III кылымдарга таандык музыкалык аспаптардын дареги к\бъ болот. Бул тарыхый факты Орто Азия элдеринде абалтан эле жогору деёгээлде ън\ккън музыкалык маданияттын болгонун бекемдейт.

Калк катмарына ътъ кеёири тараган баатырдык эпос «Манастан» жана башка дастандарда, айрым эмгектерде байыркы \йлъмъ (керней, сурнай, жез най, чымылдак, чыёыроон, сыбызгы, наама), урма (добул, добулбас, дап, нагыра, чилдирман, жекесан) аспаптардын согуштук ж\р\штърдъ, кадырлуу меймандарды тосуууда, салтанаттарда, аш-тойлордо, пайдаланылган. Булардын къб\ ъз\нчъ оркестрдик топ т\з\п аткарылган.

Орто Азиядагы жаалуу аспаптар жън\ндъг\ эё биринчи маалымат IX жана X кылымдарда жолугат. Аль-Фарабинин, Абу-Али Ибн-Синанын жазгандарына караганда формасы жагынан азыркы кобыз, кыл кыяк гиджака окшоштугун байкайбыз. Демек, кыл кыяк да байыркы заманда жаралган. Ал т\рк тилдериндеги элдерге кыл кобыз, кобыз, пишикер кобыз деген ат менен тараган. Какма тилд\\ темир, жыгач ооз комуздар тууралуу алгачкы маалыматтар XII кылымдын экинчи жарымында табылган археологиялык табылгыларда жолугат. Ал эми сурнай, керней, чоор, добулбас «Китаби Деде Коркут» аттуу элдик эпосто (X-XI кылымдардагы) «зурна», «керенай», «балабан», «довул», «дохул» деген аттар да учурайт.

XIII кылымдын башынан тартып Энесай жана Тянь – Шандагы кыргыздарды монголдор басы палат.

Кыргыздарга монголдордун \стъмд\к кылышы, ар кайсы мамлекттердин кол салышы аларды экономикалык жана саясий жактан аябай начарлатат. Бирок кыргыз эли канчалык оор эз\\, талоончулук, басып алуучулук башынан ъткърсъ да, ъз\нъ м\нъзд\\ салт санаасы менен бирге элдик музыксын жоготпой, элд\\л\г\н, ъз\мчъл\г\н сактап келген.

Элдик уламыштарга караганда Тимурдун тушунда Жаныбек хандын Токтогул ырчы, Асан кайгы, Жээренче чечен, Алдар късъ деген шайырлары болгону айтылыт. «Токтогул ырчы Жаныбек хандык кылып турган мезгилде (1340-1357-ж.) атактуу ырчы болуп калган болсо, болжолдуу т\рдъ 1320-жылдары туулган деп айтууга болот» (С. Закиров «Токтогул ырчы», «Жаш Ленинчи» журн.№4, 1982-жыл, 27-29 беттер). Ак таёдай ырчынын чыгармаларынын айрым \з\нд\лър\ б\г\нк\ кезге чейин калк арасында ырдалып, ъм\р\н улантууда.

Айрыкча калкыбыздын калмактар менен болгон кандуу кармаштары «Жаныш Байыш», «Курманбек», «Эр табылды», «Жаёыл Мырза», «Мендирман», «Эр Солтоной», «Шырдакбек», «Карач дъъ» аттуу кенже эпостордо кеёири с\ръттълът. Алардын башкы каармандары Курманбек, Эр Табылды, Жаёыл Мырза ъз элинин ар-намысын, баатырдык эпостор менен бирге социалдык-турмуштук, «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бъкъй», «Кожожаш» сыяктуу эпостор да калктын калыё катмарына тарайт.

Элдик музыкабыздын казнасы Боогачы, Актан, Сыртбай, Калмурат, Сайид, Атай, Муса ъёд\\ жаёы чеберлер менен толукталып, ар бири ъз\нъ тиешел\\ кайталангыс шыгы менен эл энчисине айланган чыгармаларды жаратты. Айтуучулук ънър\ндъ Сагымбай, Саякбай, Молдобасан, шапак Кыргыз музыкасынын тарыхынын тубаса таланты, кайталангыс шыгы менен байытты, г\лдътт\. Элдик музыкабыздын ар тараптуу, къп къп жакту болуп жемишт\\ ън\г\ш\нъ алдыёкы орус маданиятынын ъзгъчъ таасири зор. Мезгил менен жарышып ъз ара маданий байланыштар, карым катыштар да жаёы заманды курууга болгон умтулууда к\ч ала берди.
ЭЛДИК ЫРЛАР

II-ЛЕКЦИЯ

Байыркы кыргыздын элдик ыр чыгармачылыгы \ч багытта: акындардын, ырчылардын, эпикалык айтуучулук менен массалык ырларда ън\ккън.

Элибиздин турмуш салтына, \рп-адатына, каадасына карата узатуу, кър\ш\\, керез, айтыш, жар чакыруу, угузуу, учурашуу, жоктоо, кошок ъёд\\ ырлар чыгарылган. Булардын ар бири ъз\нъ м\нъзд\\ обон менен коштолот. Алсак, кыз оюунундагы жар кър\шт\р\\, той той башталардагы ырлар шайыр, салтанаттуу м\нъздъ, обону ън\ккън ъзгъчъл\ктъ аткарылат. Ошондой эле алар формалары жагынан да айырмаланат. Маселен «Жар-жар» кър\ш\\ ыры алым сабак шекилд\\ кайымдаша айтышып ырдалган. Алар (шыгыр) т\р\ндъ аткарылган.

Ал эми коштошуу, узатуу ырларында арман менен кошоктун обонун эске салган муёайымдык ък\м с\рът. Кошоктор обондук т\з\л\ш\ жагынан кеёири диапазондогу муёдуу обондордо аткарылган. Кошочулардын шыгы поэтикалык къркъмд\к менен музыкалык аткаруучулук жагынан калк тарабынан ътъ жогору бааланган.

Байыркы элдик эпикалык- музыкалык чыгармачылыгында кеёири тараган жанрдын бири – айтыш. Айтыш негизинен комуздун коштоосунда, айрым учурда коштоосузда аткарылган. Арман ырлары – эл чыгармачылыгында тематикасы, идеялык мазмуну, жанрдык белгилери боюнча бътънчълън\п турат. Элдик секетпай, к\йгън ырларында да арман ырлары басымдуу оорунду ээлейт. Аларда жигиттин же кыздын ъз теёине жетпей калагы ич к\й\т\, кусалануу, кайгыруу сезими ырдалат. Арман ырлары мазмунуна жана аткаруучулардын жъндъм\нъ, аткаруу чеберчилигине жараша ар кандай обондордо, ар кыл маанайда аткарылган. Алар къб\нчъ муёдуу, зарлоо, къксъъ кусалануу, эёсъъ м\нъздъг\ обондор менен коштолот. Арман ырларынын създър\ндъ, обондорунда эз\\ч\ тапка каршы к\ръш\\гъ чакыруу басымдуу орунду ээлет.

Тарыхый ырлардын обондорунун бири сабатмалуу, экинчиси марш т\р\ндъ, \ч\нч\с\ лирикалык обондо ырдалган.

Эмгек ырларынын ичинен эё байыркысы - «Бекбекей». Къчмън калктын турмушунда търт т\л\к мал ъзгъчъ рольду ойногон. Ошону менен бирге элдик чыгармачылыктан да ъз ордун тапкан. Б\г\нк\ к\ндъ бизге байыркы «Бекбекейдин» 5-6 т\р\ келип жетти. Мезгил ъткън сайын «Бекбекей» ъзгър\\гъ учурап, канча т\ргъ ът\п, вариациялансада, ал жаркын ж\ръкт\н т\пк\р\нън кайнап чыккан сабатмалуу жайдары ритмдеги созулуёку бир гана обондо ырдалган. «Бекбекей» ырларынын т\рлър\ кайчы, шыдыр, аксак уйкаштарда курулган. «Бекбекейдин» унисондо ырдалышы шыгыр (хор) жанрынын ън\г\ш\ндъ да таасирин тийгизген.

Мал чарбачылыгына байланышкан эмгек ырларынын дагы бир байыркы т\р\ - «Шырылдаё». Байыркы бул ырдын «Шырылдаё» деп аталып калышы кышында, кеч к\здъ ичкен муздак кымыз себепкер болго. «Шырылдаёды» ырга шыктуу, аткаруучулук жъндъм\ бар адамдар аткарышкан. Ошондуктан бул сыяктуу эмгек ырларынын ажары ачылып, калк ж\ръг\нъ жетип, муундан-муунга ът\п, мурас болуп калган. «Эгин сепкенде», «Эгин бышып турганда» т\ш\м жыйноого карата чакырык т\р\ндъ «Эгин оргондо» жыйналган эгинди бастырганда «Оп, майда» аттуу элдик ырлар пайда болгон.

«Оп майда» ыры ъз\нъ таандык эмгек ритмин ачык-айкын айкалыштырган жандуу, жайдары м\нъздъг\ сабатмалуу обондо ырдалган. Ырда альтерация \стъмд\к кылып, анын уккулуктуулугун, обондуулугун арттырган.

Байыртан эле элибизде кол ънърч\л\к ътъ кеёири ън\г\п, ал ъткъръ бааланган. Айрыкча устачылык, оймочулук, зергерчилик, тикмечилик, саймачылык ж.б. к\чт\\ ън\ккън. Колунан къър\ тъг\лгън уздар жън\ндъ ырлар чыгарылып, уламалар айтылган. Алардын чеберчилиги, тиккен кийимдери, жасаган буюмдары тууралуу калк арасында «Кийим бычканда», «Тон чык» шекилд\\ ырлар да жаралган. Булар да обндун коштоосунда ырдалган. Кайсы гана эмгек ырларын албайлы ишти жеёилдет\\, ак тилек, ар кандай эмгек ритмине шайкеш келген обондор менен коштолгон.

Элдик оозеки музыкалык чыгармачылыкта с\й\\ ырлары ъзгъчъ орунду ээлейт. Кыргыздын с\й\\ ырлары Секетпай, к\йгън деген ат менен калк арасына кеёири тараган. Секетпай негизинен ашыктык ырлары. Ашыктык ырлары къб\нчъ «Секетпай», «Ъзгъчъм», «Ашык жар», «Ак селки», «Май чач», «Ноодайым», «Мълмъл\м», «Айтмак», «Ак калктар» деген ат менен белгил\\.

Секетбайлар элдик музыкалык аспаптардын коштоосунда же коштоосуз деле аткарылган. «Секетбай» деген ат менен аткарылган ырлар бирдей м\нъздъ, уккулуктуу обон менен ырдалган. Секетбайдын мыкты элдик аткаруучулары жана негиз салуучулары – Боогочын, Калмурат, Сыртбай, Атай, Мусса ж. б. Секетбай негизинен жаштардын оюн-зоок кечелерине, той-тамашаларында ырдалган.

С\й\\ ырларынын экинчи бир тобу – «К\йгъндър». Ал алган темасы, айтайын деген ою жагынан арман ырлары менен жамаатташып кетет. «К\йгъндъ» ъткън адилетсиз доордогу жаштардын бири-бирине жетпей зар какшаганы, эркин махабаттын жоктугу, кедейликтин кесепетинен с\йгън жарына кошула албаганы, ък\н\ч\, муё-заары сыпатталат. Мисалы, «К\ёътай», «Ак селки», «Ак чабак», «Кара къз», «Зардалым», «Мырзайым», «Айтамак» ж.б.

«К\йгън» ырларындагы артыкчылык - адамдын ички абалын, толгонуусун жети – сегиз муундун ырдын \ч\нч\ же бешинчи сабагынан кийин кайталанышы менен эё бир ък\н\чт\\, муёайым маанай чагылдыра алгандыгы. Кыргыз эл ырлары негизинен жети- сегиз муундан курулат. Алардын салттуу ырлардагы муундардын топтолушунун бъл\н\штър\ негизинен 5-3, 4-3 т\рлърдъ болгон. Элдик ырлардын ладдык, негизги мажордук жана минордук ладдардын тегин бириктирген обондордон курулган. Элдик музыкабызда хроматизм ладдары да жолугат.


Эпикалык чыгармачылык

III-ЛЕКЦИЯ

Эпостор жалпы мазмуну, т\р\ жагынан баатырдык, социял-турмуштук болуп бъл\нът. Баатырдык эпосторго «Манас» баштаган «Курманбек», «Эр Табылды», «Эр Тъшт\к», «Жаёыл Мырза», «Жаныш Байыш» ж.б. Ал эми социалдык – турмуштук эпосторго «Элжобай менен Кишимжан», «Кожожаш», «Саринжи Бъкъй», «Кедейкан» ж. б. кирет.

«Манас» эпосу кыргыз элинин сыймыгы. Анын кълъм\н\н чоёдугу, образдарынын монументалдуулугу, баяндаган окуяларынын къп кырдуулугу, кеёдиги жагынан д\йнъл\к эпостордон ашып т\шът. Поэзиянын океаны аталган бул эпосу калыё калк кастарлап угуп, сыймыктанат. Элдин каны-жанына тереё сиёген «Манас» эпосун акын-жомокчулар ар кандай жолдор менен \йрън\шкън. Алсак, устаты шакиртин ээрчитип ж\р\п айттырган. Маселен, Тоголок Молдо Тыныбекти, ал эми залкар жомокчунун ъз\ болсо Чоёбаш Келдибек, Назар сыяктуу акын-жомокчуларды айлап, жылдап ээрчип, ж\р\п \йрънгън.

Чынында эле ар бир «Манасты» айта баштаган шайыр алгач эл арасына кеёири таралган \з\нд\\лърд\ жаттап алып айтуудан баштаган. Кийинчерээк гана алардын негизинде ар т\рд\\ жаёы варианттарды жаратышкан.

Элибизде «Манасты» биринчи жолу ким айтканы жана жаратканы жън\ндъ эч кандай так маалымат жок. Бир гана манасчы Сагымбай Орозбаков менен Ыбрайым Абдыракмановдун айткан варианттарында «жалаё гана \йд\н порумун жалгыз к\нгъ ырдалган» Жайсаё ырчы жана Манастын кырк чоросунун ичинен Ыраман деген ырчы жигит болгону эскертилет. Манасты алгачкылардан болуп айткандар Келдибек, Тыныбек болгон. Булардын Манас айтуудагы чеберчиликтери жън\ндъ эл арасында ар кандай аёыздар, уламалар айтылат. Айрыкча, Келдибек Манас айтканда \й солкулдап, жаратылыш алай-д\лъйгъ т\ш\п, борон боздоп, жаан карга айланып, жер титиръъч\ имиш. Кала берсе, манасчынын шыгынын (айтканын)

к\чт\\л\г\нън жаныбарлар да д\рбъп, б\л\к т\шч\ имиш. Ошондой болсо да манасчылардын арасында эпосту т\ш кър\\ жолу менен айтып калуучулук да кенен жайылган. Алсак, Тыныбекке Манас: «Ой, Тыныбек, ушу ж\р\ш\б\зд\ таштабай айтып ж\р» -десе, Саякбайга Бакай : «Караёгыда къз тапкан, капилеттен съз тапкан, кадимки эр Бакай деген менмин. Манас баатырдын сага бере ът деген г\лазыгынан берейин, оозуёду ач», - деп айткан. Ошондон кийин Тыныбек менен Саякбай Манас айтып калган деген кеп бар.

Манасчыларда жалпы эле элдик шайырларда, ъзгъчъ комузчуларда атактуу шайырлардын сынынан ът\\ салты да кеёири ън\ккън. Алсак, залкар манасчы Тыныбек Ысык-кълд\н кък\ръг\нъ атайы барып, Акылбек, Дыйканбайдай белгил\\ манасчыларга жолуккан. Жомокчу – акындардын арасында бири-бири менен айтышуу, чыгармачылык шыгын сыноо да кеёири тараган. Манасчылардын айтышында эпостон кызыктуу \з\нд\ тандалып алынган. Ошол бир эле \з\нд\н\ эки манасчы айткан. Ким окуяны элге ътъ кызыктуу, ът\мд\\, маёыздуу, таасирд\\, къркъмд\\, мукамдуу айтса, ошол жеёишке жеткен. Баатырдык эпос «Манас» элибиздин тарыхый, саясий экономикалык турмушун баяндоо менен бирге кыргыздын музыкалык- поэтикалык чыгармачылыгындагы ар т\рк\н жанрлардын, т\рлърд\н кооз \лг\лър\н да кенен камтылган.

Элдик ырлардай эле эпос негизинен жети-сегиз муундан т\з\лгън. Баатырдык эпос абалтан эле аспаптын коштоосусуз, сабатмалуу обондо аткарылат. Музыковед В.Виноградовдун съз\ менен айтканда «Манас» - кыргыздын элдик речитативдеринин энциклопедиясы». Ал акындык чыгармачылыкты жана «Манас» эпосун изилдеп келип, речитациянын тъмънк\дъй търт т\р\ бар экенин аныктаган. Биринчиси, музыкалуу эмес речитатив, экинчиси, музыкалык белгилер менен толук жабдылган речитатив, \ч\нч\с\, белгил\\ ладдык – интонациялык метроритмикалык жана структуралык мыйзам ченемд\\л\г\ бар речитатив, търт\нч\с\, музыкалуу речитатив.

Эпостук к\\лър. Комуз, кыл кыяк музыкасындагы эё байыркы жанрлардын бири – эпостук к\\лър. Алсак, эпостук эё бир кызыктуу эппизоддорунун, уккулуктуу обондорунун негизинде шайырлар «Айч\ръкт\н, Семетейдин шумкарын ала каяканы», «Каныкейдин арманы», «Семетей к\\», «Алманбеттин арманы» аттуу татаал кайрыктардагы залкар к\\лърд\ чыгарышкан.

Эл ырчылары жана обончулары.

Элдик музыканын уюткусун т\з\п, сактап, ърк\ндът\п калкка тараткан – ъм\р зергери, аткаруучу, обнчу, аспапчы, айтуучу, ырчы, акындар, обончулар ж.б. шайырлар. Казактын атактуу жазуучусу М. Ауэзовдун съз\ менен айтканда тъкмъ ырчылар «…кындан кылыч сууругандай жалт эткен, ътк\р ънърд\н ээси» болушкан. Айтылуу ырчылар тарыхый окуяларга тереё къз чаптырып, къркъм ой ж\г\рткън. Алар бир укканын дароо илип алуучу, ъм\р бою унутпоочу, музыкалык эс-тутуму к\чт\\, таланту адамдар.

Ырчы – калыё калктын жан шериги, ырчылар Кетбука, Жээренчи чечен, Асан кайгы, Токтогул ырчынын ысымдары эл ичинде уламага айланган. Ал турсун XVIII, XIX кылымдарда, ал эмес XX кылымдын биринчи жарымында жашап ъткън Тыныбек, Балык, Найманбай, Нишан, Калмурза, Жеёижок, Эшмамбет, ъёд\\ аттын кашкасындай таанымал ак таёдай ырчылардын ысымдары да аёыз болуп айтылып, канаттуу чыгармалары калк ж\ръг\ндъ т\бъл\къ жашайт. Булардын ънърлър\н Тоголок Молдо, Токтогул, Барпы, Калык, Осмонкул, Ысак, Абылкасым, Алымкул, Коргол, Шабданбай, Ысмайыл, Актан сыяктуу залкар ырчылар уланткан. Булардын ичинен Жеёижок (Ътъ) Къкъев, Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов), Ысак Шайбеков, Абыл касым Жутакеевдер кат тааныгандыктан ъздър\н\н чыгармаларын кагаз бетине т\ш\ргън жазгыч акындар болгон.

Айтылуу Токтогул баштаган Тоголок Молдо, барпы, Эшмамбет, Калык, Алымкул, Осмонкул сыяктуу акындардын, ырчылардын чыгармачылыгынын негизги багыты, алган темалары эзилген карапайым калктын кызыкчылыгын жактап, эркиндикке \г\ттъъ, акыйкаттуу теё заманга чакырууга арналган.

Элдик шайырлар – поэтикалык – музыкалык оозеки чыгармачылыктын кооз \лг\лър\н сактоочулар жана жайылтуучулар. Улуу Токтогул ырчы «Кедейкан», «Саринжи-Бъкъй», «Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан» ъёд\\ элдик дастандарды жогорку къркъмд\ктъ айткан.

Арийне, ар бир ырчы бирден-экиден обон чыгарышкан. Маселен, Молдобасан Мусулманкулов «Калтар», Осмонкул Бълъбалаев «Армандуу Гулай», Шабданбай Токтоналиев «Ой, алтын», Ысмайыл Борончиев «Зууракан», Коргол Досуев «Акбакай», Барпы Алыкулов «Мълмъл\м». Барпы ырчы ырларын эч бир аспаптын коштосусуз ырдаган. Мусанын обондору тунуктугу, музыкалык ойлорунун тереёдиги, уккулуктуулугу, ътъ жугумдуулугу, жанга ъткъръ жакындыгы, ъзгъчъ элдил\\г\ менен айырмаланат. «Ойгоном», «Даанышман», «Туткун ыры», «Арпанын Ала – Тоосунан», «Сагынам», «Алма алам» аттуу ырлары кыргыз ырларынын классикасын т\зд\. Муса Баетов ъз\н\н ырларын башка шайырлардыкына окшобогон ыкма, ж\р\ш м\нъз менен жекече ырдоого таандык каражат, боек таап, ътъ къркъм аткарган. Кыргыздын тъкмъ ырлары менен обончуларынын чыгармалары профессионалдык ырлардын жаралышына да бирден – бир булак болду. Композиторлор П.Шубин, А.Малдыбаев Токтогулдун «Ъм\р», «Кыздар, ай» «Эмне кызык», «Г\лдъп ал» аттуу ырларына музыка жазышты. Ал эми обончулар М.Баетов, Б. Эгинчиев, Ж.Шералиев «Арман», «Туткун ыры», «Алымкан» деген ырларына обон чыгарышат. Булардын негизги ъзъг\н Токтогулдун обондору т\зът.

Токтогулдун Музыкалык темаларынын негизинде композиторлор Н.Раков, В.Власов, М.Раухвергер симфониялык поэмаларды ж. б. жанрдагы чыгармаларды жазышты. Токтогулдун обондорун, к\\лър\н, ырларын композиторлор В.Власов,

А. Малдыбаев, В.Фере, А.Веприк, М.Абдраев операларына, М.Раухвергер балеттерине, А.Т\лъев, В.Белый, С.Ряузов, С.Германов, З.Компанец, П.Шубин, Ю.Левитин да ар т\рд\\ жанрдагы чыгармаларына пайдаланышкан.


IV-ЛЕКЦИЯ

Аспаптык музыка.

Кыргыз музыка маданиятынын эё байыркы эстеликтеринин бири – аспаптар. /йлъмъл\\ - чоор (анын т\рлър\ балтыркан чоор, чогойно чоор, ышкырык чоор, чопо чоор, тулга чоор), сурнай, сыбызгы, керней (бир туру м\й\з керней), жехнай, чымылдак; урма добулбас (добулбаш), доол, дап, добул, наама, нагыра, чилдирман; кабак, кылдуу чертме, комуз, тартма, кыл кыяк, тилд\\ какма темир комуз жана анын бир т\р\ жыгач ооз комуз. Булардан башка да дилдирек, аса-муса, шылдырак, аса таяк, коёгуроо, жылаажын, жекесан, зуулдак, жалбырак, чыёырткы, бапылдак, ышкырык, чымылдак сыяктуу музыкалык аспаптар болгон.

Аспаптарда аткарылган чыгармалар элибиздин жашоо-турмуштары менен тыгыз байланыштуу. Аспаптын жасалышы, чыгарманын ойнолулушу съзс\з калкка таандык улуттук белгилерди, м\нъздърд\ чагылдырат. Элибиздеги музыкалык аспаптардын эё эзелкиси, угуучулар арасына эё кеёири тараганы, эё с\й\кт\\с\ - \ч кылдуу комуз. Комузду негизинен калк шайырлары ъздър\ чапкан. Эл арасында улуу комузчулар Муратаалы, Карамолдо, Токтогул жана залкар устаттар Чалагыз, Айманбеттин чапкан аспаптарынын \нд\\л\г\, чечендиги жана алардын усталыгы жън\ндъ ар кандай канаттуу създър, уламалар айтылып калган. «Токтогулдун жасаган комузун шамалга койсо ырдап тураар эле», - деп айтылыт элде. Ал эми «Айтылуу, \йд\н \ч уугунан турнабайдай суурулма комуз жасачу экен», - деген съз да бекеринен чыкпаса керек. Ал эми ър\кт\ кайыштай тилип, т\рк\н т\р салып чапкан айтылуу уста жана комузчу Чалагыз жън\ндъ: «Чалагыз комуз чабылуучу ър\кт\ караёгыда жытынан билет» - деп айтышкан. Комуз к\\лър\ндъ карапайып калкыбыздын б\тк\л турмушу,элге, жерге болгон с\й\\с\, эрдиги, эмгекчилдиги, бак-таалайлуу заманды эёсеген тилеги, кайгы-капасы, эркиндик-теёдикти къксъъс\, каада – салты, ой санаасы, жаратылышы, жайдары м\нъз\, тунук махабаты, асыл касиети камтылган. Комуз к\\лър\ башка элдик аспаптарбыздын к\\лър\нъ караганда саны, сапаты, т\р\, к\\лън\ш\, мзыкалык темаларды ън\кт\р\ш\, къп добуштуулугу, ыкмалар менен штрихтерге байлыгы, программалуу къп жактуулугу менен айырмаланат. Комуз музыксында эё башкы, эё негизги жанр - залкар к\\лър. – Бул к\\лърдъ ой, берейин деген идея б\т\ндъй тереё ойлуу кайрыктар менен баяндалып, кол ойнотпой, теё салмактуу, сабырдуу аткарылат. Залкар к\\лърдъ бътънчъ темаларды ар т\рк\н добушта т\рлънтъ ън\кт\р\\ кеёири ъскън. Булардагы негизги ъзгъчъл\к – аткарылып жатканда араларына ыр же съз кошулбайт. Залкар к\\лърд\н ън\кт\р\\ч\лър\ - Кайду, К\ръёкъй, Абак, Муратаалы, Чынгышбай, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз, Бектур ъёд\\ устаттар. Элибизде «К\\н\н башы «Камбаркан» деп айтылат да, «мен комузчу» дегендин бары алгач туёгуч «Камбарканды» \йрън\шът. Кийин атагы калк аралаган шайыр ар дайым, ар качан ъз к\\лър\н аткаруудан мурда «Камбаркан» чертишет. Анын комузчулар арасында бет ачар катарында зор урмат менен чертилип, т\рлъргъ ът\ш\н\н жън\ бар. Анткени элдик уламага караганда, комузду биринчи ойлоп тапкан жана алгачкы к\\н\ черткен Камбаркан деген киши болгон имиш. Анын к\\с\ байыртадан атадан балага, муундан-муунга мурас катары ът\п келген.

Комуз музыкасындагы «Камбаркандарга» катарлаш ън\ккън салт к\\лър – «Кербездер» квартага толгонот да, бел к\\лърд\н позициясында чертилет. «Кербез» къп жакту, ар т\рк\н мааниге, мазмундарга, т\рлъргъ ээ экенин къръб\з. Маселен, жалгаз гана Токтогулдун чыгармачылыгынан ар кандай мазмундагы, т\рк\н ж\р\штъг\ къптъгън «Кербездерди» («Арман кербез», «Мырзы бербез», «Сыламала кербез», «Келгенгдеги бербез») б\т\ндъй галериясын жолуктурабыз. «Камбаркандар» менен «Кербездерге» канатташ, булакташ ъскън салт к\\ «Шыёгырама». Ал аспапта чертилиши (кварта менен квинта) к\\лън\ш\, къп мазмундуулугу менен бири-биринен таптакыр айырмаланган ъз\нчъ т\рдъг\ «Шыёгырамалардын» жаралышына ъзък т\зът.

«Шыёгыраманы» чыгарган комузчунун ысымы да кошо айтылып чертилген. Маселен, Майлыбайдын, Музоокенин, Муратаалынын, Асанаалынын «Шыёгырамасы» сыяктуу. Алардын жардамчы аттарды жараштыра ж\р\ш\ анын программалуу жана программасыз болуп тармакталып кеткенин кърсътът. «Шыёгырамалардын» бир кыйласы комуздун башка к\\лър\ндъй эле конкретт\\ темага багышталып, б.а. программалуу чертилет. Элде «Ботолордун» т\пк\ чыгышы жън\ндъ ар кандай уламалар айтылат. Ошонун биринде:

Илгери «Карамоймол» аттуу инген болгон экен. Ал жаёыдан тууп, ботосун торолтуп, бойтоёдотуп ээрчитип ж\ргъндъ, капилеттен ъл\п калат. Ошондо ал:

Эки эмчегим тирсейтип,

Эмизбедим бойтойтуп,

Каалы килем жаптырып,

Шурудан буйла тактырып,

Карачач келин, сулуу кыз,

Коштотподум ботойду», - деп боздоп

Къз жашын кълдъй тъг\п жоктогон экен. Къз\нън буурчактаган жашты, эмчегинен диркиреп аккан ууз с\тт\, чарк айлана айласын таба албай турган келинге боору ачып, «байкуш, тъъгъ да бала кымбат турбайбы» деп «Ботой» аттуу к\\н\ чыгарыптыр». «Ботойдун» теги программалуу муёдуу обон т\р\ндъг\ к\\дън тараса да, башка салт к\\лърдъй эле программасыз болуп да ън\ккън. «Ботой» к\\лър\н\н мындай т\р\н кърсъткън ъзгъчъл\ктъргъ жетиши алардын да бийик деёгээлге кътър\лгънд\г\н, музыкалык ой-сезимдеринин ар т\рд\\л\г\н, маёзынын байлыгын, къп жактуулугун айкындыйт.

Комуз музыкасында жогоруда белгилеп кеткендей бир нече элдик толгоолор бар. Алар шайырлардын арасына оё, бош, кош, терс, чыё толгоо деген ж.б. аттарда тараган. Булардын ар биринде абалкы жана азыркы к\\лър толгонуп чертилет. Ошондой болсо да комузчулар атайын толгоолордун т\рлър\нъ, кылдын к\\лън\ш\нъ ъзгъчъ тигил же булл толгоонун т\р\н кърсът\\ максатында «чоё толгоо», «сол буроо», «кош толгоо» аларды м\нъздъгън «Кер толгоо» «Сур толгоо», «Жаа-толгоо» аттуу чыгармаларды жаратышкан. Кыргыздын элдик, аспатык, айрыкча комуз музыкасында «К\\» деген ат менен тараган салт к\\лър да жолугат. Алардын къпч\л\г\ чыгарган автордун ысымы менен «Майлыбайдын к\\с\», «Абактын к\\с\», «Музоокенин к\\с\» ал эми элдик аспаптардан алынса «Кыяк к\\с\», «Сурнай к\\с\», «Чоор к\\с\», бийдин ритми, м\нъз\, ж\р\ш\ тууралса «Бий к\\» деген аттар менен аткарылган. Ал эми кыяк, чоор, сурнай к\\лър\ жън гана комузга салынбастан кайрадан иштелип чыккан.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет