Ош мамлекеттик университети искусство факультети



бет7/9
Дата11.06.2016
өлшемі1.31 Mb.
#127239
түріЛекция
1   2   3   4   5   6   7   8   9

Атай Огомбаев

(1902-1949)

Тоо булбулу Атай Огомбаев 1902-жылы Таластын «Кък-кашат» деген жерде туулган. Атай 15жашка чыкканда айыл арасына мыкты ырчы, комузчу, аткаруучу катары таанылган. Атай Абдыракмандын «Акзыйнатын» не бир устаттыкта иштеп чыккан. Ал жупуну кыска кайырмалуу обонду кенен, созулмалуу, мукамдуу къркъм боектор менен кооздоп ырдайт. Кийин «Ак зыйнат» Атай менен Мусанын тубаса аткаруучулук шыгынын кудурети аркасында элдик классикага айланат.

«Аракет кылсан берекет» дегендей Атай талыкпаган эмгектен\\н\н аркасында аз гана убакыттын ичинде Токтогулдун толгон ырлары менен к\\лър\н \йрън\\гъ \лг\рът. Маселен, ал Токтогулдун чыгармачылыгында кеёири ън\ккън «Кербездеринен» - «Чоё кербез», «Келгендеги кербези», \лг\, терме т\р\ндъг\ философиялык ырларынан – «Балам элеё», «Карылык», «/лг\ ырлар», «Эмне кызык», тамсил т\р\ндъг\ «Армандуу чымчык»

Атай д\йнъдън кайтты. Бирок анын канаттуу чыгармалары Эл арасында к\н\ б\г\нк\дъй жашап, къп улуттуу к\ж\рмън калкыбызды эстетикалык рахатка бълъъдъ. Атайдын к\\лър\ да ырларындай эле композиторлор \ч\н соолбос булак болду. Анын айтылуу «Маш ботою» А. Аманбаевдин «Бий сюитасына» алынды. А.Т\леев «Кыз кербез», «Маш ботой», «Марш камбаркан» аттуу к\\лър\н жана обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфонияны, Б. Феферман, А.Жумакматов «Маш ботой» к\\с\н\н темасына салтанаттуу увертюраны жазышты. Ал эми Атайдын «Кыз кербез», «Ак тамак, Кък тамак», «Саадак какты» аттуу к\\лър\ Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар жана Кыргыз радиесунун симфониялык оркестри \ч\н иштелип чыкты. Ал турсун Атайдын аткаруусунда бизге жеткен Токтогулдун к\\лър\ менен ырлары да советтик композиторлор \ч\н т\гънбъгън кенчке айланды.

Кър\н\к\\ шайырлар Ш. Шеркулов, В. Кулболдиев, А, Эшмамбетов, С. Айманбетов, С.Медетов, А. Жумабаев, М. Козубекова, Т. Карымшакова ж.б. Атайдан комуз черт\\н\н, ырдоонун кооз \лг\лър\н \йрън\шкън. Кыргыз ССРинин Эл артисти Асек Жумабаев б\тк\л д\йнъл\к жаштар менен студенттердин V, Жапар Чабалдаев VI фестивалында Атайдын ырларын аткарышып, алтын медаль алышат. Ал эми Мейликан Козубекова жана комузчулар ансамбли 1957-жылы Москвада ъткън Б\тк\л жаштар менен студенттердин VI фестивалында Атайдын «Маш ботой», «Кыз кербез», «Кара ъзгъй» аттуу к\\лър\н аткарышып лауреат деген ардак наамды жеёип алышат.

5- лекция

1917-1932- жылдардагы кыргыз музыкасы.
1918- жылы Пишпекте «Окучу жаштар союзунун» демилгеси менен хор жана адабият ийримдери да уюштурулат. Эки коллектив теё ар т\рд\\ программадагы концерттерди да беришет. Булардын демилгелери, уюштуруучулары карапайым калктын арасынан чыккан, советтик бийликти Жан –дили менен жакташкан ышкыбоз жаштар, комсомолецтер бар эле. Т\шт\к аймагындагы маданияттын очогу болгон байрыркы Ош шаарында 1918-жылы саясий агартуучулардын гарнизондук клубунун алдында ъзбек, кыргыз мугалимдеринин концерттик тобу (группасы) т\з\лът. Алар Кызыл армиячылар менен бирге айыл-кыштактарды аралашып, ънърлър\н тартуулашат. Тъкмъ ырчылардын, комузчулардын жаёы чыгармалары менен бирге жаёы элдик да жаралат. Алардын авторлору Коммунисттик партиянын чакырыгына жооп кайтарып, ъз ыктыярлары менен Кызыл Армиянын катарына аттанышкан жумушчулар, жарды – жалчы батрактар, с\й\кт\\ командирлер, карапайым жоокерлер болушкан. Алардын ырлары «Салам кат», «Букара маршы», « «Биздин жеё\\», «Къз\нд\ ач», «Кызыл аскер», «Кеёеш ъкмът\», «Аял теёдиги» деп аталып карапайым калкты бир жерге топтоо, бир тилекте, бир максатта, ынтымактуу, ырашкерликт\\ жашоого, сырткы жана ички душмандарды орду т\б\ менен жок кылууга арналган.

1920-жылы Кызыл-Кыя шаарында да ар т\рд\\ кружоктор уюштурулат. Алар Луначарский атындагы 400 орунду клубдун алдында иштейт. Булардын ичинен айрыкча драмалык жана \йлъмъ (духовой) орекстри кър\\ч\лър менен угуучулардын с\йк\м\нъ айланат. Шаардын жумушчулар клубунда жаштар союзунун м\чълър\ спектакль коюшуп, ар кандай мазмундагы концерттерди тартуулашат. Маселен 1921-жылдын 1-январынан 15-августуна чейин 20 спектакль орус, 4 жергиликт\\ тилде, алардын 6 пьесасы революциялык темада, калгандары классика эле.

Кыргыз совет профессионалдык музыкасынын баштоочусу Абдылас Малдыбаев Алматыдагы казак-кыргыз агартуу институтунда окуп ж\ргъндъ кыргыз жаштары уюштурган ийримге активд\\ катышып, К. Баялинов жазган бир къшъгъл\\ «Куйручук» аттуу пьесадан кемпирдин ролун аткарат. Ал турсун А.Малдыбаев жайкы дем алуу к\ндър\ндъ ъз\н\н курбулары менен айылдаштарына элдик оюндардын негизинде сахналаштырылган «Кыз оюн», «Алты бакан» деген чакан сахналык кър\н\штърд\ да тартуулайт. Ал эми Ташкенде окушкан кыргыз жаштары «Койчу чабан» аттуу бир къшъгъл\\ пьесаны коюшат. 1921-22-жылдары Кыргыз Агартуу инситутунда балалайкачылардын оркестри (жетекчиси А.С Дорошев) иштейт. Анын аткаруучулары да кыргыз уландары менен кыздары болушкан. Ал эми К. Жантъшев менен М. Элебаев ыр – хор ийримине да ътъ активд\\ катышкан. Къп кырдуу талант К.Жантъшев элдик «Ак селки», «А, койчу», «Калб\б\», «Жигиттер», «Жаным, кыздар», «Ак келин», «Ак мъър», «Д\н\йъ», «Жарамазан» аттуу ырларды кыяпатын келтире ырдаган. (Буларды кийин 1928-жылы музыковед А.Затаевич К. Жантъшевдин аткаруусунан нотага т\ш\ргън). Анда мукамдуу \н да, артисттик шык да к\чт\\ болгон. Акын М. Элебаев элдик чыгармаларды ырдоо менен ъз\н\н ырларына да обон чыгарып, ъз\ аткарган. Меселен, ал «Жоебуз душманды», «Эркин жол», «Жалчылар ыры», «Коштошуу» аттуу советтик бийликти даёазалаган чакырык т\р\ндъг\ ырларын, угуучуларга тартуулаган. Буларды да А. Затаевич Мукайдын ъз оозунан жазып алат. Фрунзеде 230 адамдан турган 13 драмалык, 60 катышуучуну камтыган 5 музыкалык, 77 аткаруучуну камтыга 4 хор кружогу, 72 адамдан 3 агитациялык бригада т\з\лът. Буларга жардам Бер\\гъ, жетектъъгъ кыргыз жана жумушчу жаштар театрларынын артистери дайындалат.

1936- жылдын июль айында Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин алдына театралдык искусствону жетектъъ(жетекчиликке алуу) \ч\н искусство иштери боюнча башкармасы уюштурулат.

Кыргыз АССР советинин IV сьездинин токтомун ж\зъгъ ашыруу \ч\н 1937-38 жышы кыргыз театры музыкалык-драмалык театрга айланат. Кыргыз ъкмът\н\н атайын чакыруусу боюнча анда иштъъ \ч\н Москвадан композитор В. А. Власов бир аз кийинчерээк В.Г. Фере, алардын соёунан (жарым жылдан кийин) драматург, акын В.Винников, балетмейстер Н. Холфин, с\рътч\ Я Штоффер, хормейтер П.Меркулов, бир жылдан кийин дирижер В. Целиковский чакырылат. Булардан сырткары педагог-вокалисттер Т.Н Романова, Э.К. Красовская ж.б. да иштъъгъ келишет.

1936—37- жылдын сезонунда Кыргыз филармониясы уюштурулат. 1936-жылы 7-октябрда ВКП(б) Кыргыз обкому «Кыргыз мамлекеттик театрынын андан аркы ъс\ш\ жън\ндъ» чечим кабыл алат. Оренбургдан келип, Кыргызстанда т\бъл\ккъ жашап калган композитор, дирижер жана педагог Петр Федорович Шубин (1884-1948) А.Малдыбаев менен биргелешип «Ажал ордуна» (1934), «Карачач», «Жапалак Жатпасов» Жана ъз\ «Столица» (1935-1937), «Платно Кречет» (1936-1938) деген спектаклдарга музыка жазат.

1937-жылдын 12- майында театрда Власов менен Ференин акын Жоомарт Бъкънбаевдин «Партизан кызы» (кийин «Алтын кыз» деп атайт) деген музкалык драмасы коюлат. 30- жылдардын башындагы советтик чындыкты кърсъткън бул драмада большевиктик къръгъчт\к, басмачылардын арам ой менен тымызын иштеген иштери, советтик эмгекчил адамдардын эрдиктери баяндалат. Анын коюлушу менен ырчылар вокалдык техниканын элементтери, симфониялык оркестрдин коштоосунда жеке, хордо ырдоо менен алгачкы жолу таанышат. Драманын музыкасы негизинен элдик обондор менен к\\лърд\н ъзъг\ндъ ътъ жънъкъйлъшт\р\л\п жазылган. Анткени драманын музыкалары ошол кездеги угуучулардын кабыл алууларына, деёгээлине ылайыкташтырылып жазылган. «Алтын кызды» жазуу эки автор \ч\н кыргыз фольклорун, улуттук музыканын стилин ъздъшт\р\\дъг\ алгачкы тажрыйба, алгачкы аракет болгон. Бул болсо Власовдун, Ференин Малдыбаев менен бирдикте «Ажал ордуна» (либреттосу Ж.Турусбековдуку) музыкалуу драмасын жазууга чыгармачылык шыктануу берет. Бул тарыхый драма театрга 1938-жылдын 26-мартында коюлат.

«Ажал ордуна» драмасындагы оркестр эё негизги ролду ойнойт. Ал аркылуу чыгарманын психологиялык кагылышуусу, калктын ички нааразычылыгы кеёири с\ръттълът.

Драманын увертюрасы б\тк\л чыгарманын ъзъг\нъ кан ж\г\рт\п турган башкы лейтмотивдеринин негизинде т\з\лгън. Анын биринчи темасы элдик обондордон алынган. Ал элдин кыжырлануусунун лейтмотиви ( №19). Бул тема аркылуу драмадагы окуялардын маёызы ачылат.

Композиторлор «Ажал ордуна» музыкалуу драмасын жазууда чоё чыгармачылык ийгиликтерге жетишкен. Айрыкча, драманын ъзъг\н т\згън биринчи кър\н\штъг\ элдин хору, \ч\нч\ с\ръттъгу тууган жер – Ысык-Къл менен коштошкондогу хор, Бектур аксакалды даёктаган ариялар, элдик хор, Кытай \й\ндъг\ улуттук бийлер, финалдагы В.И. Ленинди даёазалаган салтанат сценасы ътъ чеберчиликте жазылган.


ЧЫГАРМАЧЫЛ ПОРТРЕТТЕР

А. Малдыбаев, В.Власов, В.Фере

Кыргыз совет профессионалдуу музыкасынын баштоочусу, музыкалуу театрынын негиз салуучуларынын бири – Абдылас Малдыбаев 1906 – жылы 7-июнда Кемин районуна караштуу Кара – булак айылында туулат. Кедей \й-б\лъ байдын малын багып, тиричилик кылат. 1916- жылы Абдылас \рккън эл менен Турпанга барат. 1917-жылы Октябрдын таёы атып, жергебизге советтик бийлик орногондо айылдаштары менен арып-ачып киндик каны тамган жерине келет. Айылдык мектептен окуйт. Ырга к\\гъ болгон куштарлануусу артат. 1922-23- жылдары А.Малдыбаев Алматыдагы даярдоо курсунда, айыл чарба окуу жайында, казак кыргыз агартуу техникумунда окуйт.

1929-жылдын 15-майында Абдылас педтехникумду б\т\рът. Биринчи баскычтагы мектептин мугалими деген кесипке ээ болуп, музыкалуу-драмалык студиянын окуу бъл\м\н жетектеп, бир жылдан соё жаёыдан ачылган музыкалык техникумдун директору, ошол эле мезгилде театрдын актеру болуп да иштейт. Кийин театрга биротоло ътът. А. Малдыбаев ырдан операга чейинки ар т\рд\\ жанрдагы чыгармаларды жараткан таланттуу адам болгон. Жънъкъй актердон татаал партияларды аткарган опералык ырчыга чейин ъсът.
1937-жылы ал СССР композиторлор союзунун м\чъл\г\нъ кабыл алынат да, отуз жылга жакын Кыргыз композиторлор союзун жетектейт. СССР композиторлор союзунун башкармасынын м\чъл\г\нъ, \ч жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланат. Ленин, Эмгек Кызыл Туу (\ч жолу) Октябрь революциясы, «Ардак белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланат.

А. Малдыбаев балдар музыкасынан дагы баштоочусу болгон. Ал ъз\н\н айтылуу «Мына, Мынтип» аттуу ырынан баштап, бъбъктърд\н ар кандай кыял жоруктарын, м\нъздър\н тереё чагылдырган ж\здън ашуун жайдары м\нъздъг\, жаркын обондуу ырларды жазып, жаш жеткинчектердин жан жолдошуна айланган.

Композитордун Ленин, партия, мекен, эмгек, тынчтык, достук, жън\ндъ салтанаттуу гимн-марш т\р\ндъг\ ондогон хорлору бар. «тынчтык ураны», «Команда бер!», «Кыргызстан жаштары», «Улуу марш», «Эмгек маршы», «Г\л турмуш», «Ж\рг\лъ достор», «Фестиваль» аттуу хорлору мукам, ою тереё, къркъм каражаттары мол, жугумдуу чыгып, професионалдык хор ънър\н\н башаты катары кызмат ътъд\. «Улуу марш» (съз\ М.Элебаевдики) аттуу хордун тональносту – Си бе моль-мажор. Ал жънъкъй куплеттик формада жазылган. Ошондой болсо да обонунун т\з\л\ш\, так ритми, ар бир фразасынын ъс\ш\, кайталоодогу хордук партиянын жыш фактурасы анын салтанаттуу гимн м\нъз\н, ал эми негизги тональдуулук доминантасынан пунктирдик ритмде бийиктеп, экинчи фраза дагы жогорулап, III фразанын дагы бийик тесситурага кътър\л\ш\, так эки чейректик ълчъм\ к\чт\\ динамикасы, салтанатуу ж\р\штъг\ патриоттук ырдын турпатын аныктайт(№22).

Кыргыз ССРинин РСФСРдин эл артисти, композитор Владимир Александрович Власов 1903-жылдын 7-январында Москвада туулат. Гимназияда окуйт. 1918-жылы II баскычтагы советтик эмгек мектебин б\т\рът. Ал бир эле мезгилде музыкалык мектептен да сабак алат. 1919-жылы биринчи революциялык мамлекеттик драма театрында скрипач, кийин Мусоргский атындагы техникумда, С. Танеев атындагы музыкалык мектепте мугалим болуп иштейт.

Ъз\н\н достук ынтаасын, чыгармачылык шыгын толук элдин музыкалык салтына ажырагыс айкалыштырган композиторлордун бири – Владимир Георгиевич Фере. Ал 1902-жылы 20-майда Саратов областындагы Камышин шаарында туулган. Ал 1919-жылы Москва университетине, 1922-жылы Москва консерваториясына ътът. Ал фортепиано жана композиция класстарында А.Гольденвейзерден, Г. Катуардан, Г. Глиэрден, Н.Мясковскийден окуйт. Анны б\тър\ менен 1929-31-жылдары музыкалык техникумда иштейт. 1933-34 – жылдары Москва консерваториясында кенешчи, 1936-жылдан 1944 жылга чейин кыргыз филармониясынын къркъм жетекчиси, ал эми 1945-жылдан 1962-жылга чейин Москва консерваториясында иштейт.
Композиторлор А.Малдыбаев, В.Власов, В. Фере опера жанрынын баштоочулары жана ън\кт\р\\ч\лър\ болгон. /ч чыгармачыл ДОС ар кыл темадагы «Айч\рък», «Патриоттор», «Манас», «Къл боюнда», “Токтогул» ъёд\\ операларды жазышты. Бул чыгармалар сахнада ар кандай тагдырга ээ болду. Айрымдары бат эле сахнадан т\ш\п калды, кээси болсо кър\\ч\лърд\н жан шеригине айлданды.

«Айч\рък» операсы театрга 1939-жылдын 12-апрелинде коюлат. Анын либреттосун акындар К.Маликов менен Ж.Турусбеков жазган.

Операда бий да, хор да жакшы даярдалган. Маселен, 2-къшъгъдъг\ эки бий, жигиттердин хордун коштоосунда бийлеген бийлери, 20къшъгъдъг\ баатырдыктын гимнине айланган финалдык хор. 3- къшъгъдъг\ «Аксакал Бакай» аттуу хор авторлор тарабынан ътъ устаттыкта жазылган. «Айч\рък» операсын жазууда композиторлор элдик музыкабызда болгон обондордун бардык т\рлър\н\н берметтерин пайдаланууга аракеттенишкен. Ошону менен бирге авторлор элдик обондордун б\тк\л улуттук жънъкъйл\г\н сактап калууга тырышкан. Операдан «Манастын» обону баштаган «Селкинчек», «Ой, тобо», Атайдын «К\йд\м чок», Муратаалынын «Моёолбай», «Търъгелдинин какмасы» деген ж.б обондорду, к\\лърд\ билгичтик, чеберчилик менен пайдаланышкан.

1944-жылы кыргыз кър\\ч\лър\нъ М.Раухвергердин «Чолпон» балети (либреттосу О Сарбагышев менен Л Крамаревскийдики) тартууланат. Спектаклди балетмейстер Л.Крамаревский коет. Дирижеру В.Чернов, с\рътч\с\ Я.Штоффер. Балеттин либереттосунун негизине элдик жомок алынган. Кедейдин кызы Чолпон менен Темиркандын уулу Нурдин бири-бирин с\й\шът. Эки жаштын тунук махабатын ачуулуу, сыйкырчы Айдай ъч\рг\с\ келет. Бирок ал канчалык айла-амал издеп, аракет кылса жасаса да Чолпон менен Нурдиндин с\й\\с\н ъч\ръ албайт. Акыры эки жаш карду Айдайды жеёип, ойлогон ой-тилегине жетишет.

М.Раухвергердин «Чолпон» балети сахнага чыгары менен эле кър\\ч\лър тарабынан кудум элдик чыгармадай кабыл алынат. Анын къптъгън Фрагменттери, ъзгъчъ «Нурдин менен Айдайдын адажиосу», «Мергенчилердин бийи», «Чолпондун вариациялары», «Кыздардын бийи», «Вальс» деген \ч\нд\лър\ калк ж\ръг\нън жылуу т\нък табат.
6-лекция

Б\т\ндъй чыгармачылык ъм\р\н кыргыздын симфониялык музыкасына арнаган композитордун бири Аскар Т\лъев болду. Ал 1920-жылдын 10-июлунда Фрунзе шаарына чектеш (азыркы кезде шаарга кошулган) жайгашкан Тъкълдъш айылында туулган. Аскар жети жылдык мектепти б\тър\ менен музыкалык окуу жайынын \йлъмъ аспаптар бъл\м\н\н гобой классында окуйт.1935-жылы москвадагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайында, ал эми 1940-жылы Москва консерваториясына которулат. Согуштан кийин (1948ж) Аскар консерваториянын теория-композиция факультетинен композитор В.Ференин классынан 1952-жылга чейин окуйт. Ал ден соолугуна байланытуу окуусун андан ары уланта албайт. Ага карабай чыгарма жазуунун \ст\ндъ талбай эмгектенет. Таланттуу композитор Аскар Т\лъев 1963-жылы 27-январда д\йнъдън кайтат. Ал аз жашаса да артына из калтырып, кыргыз музыкасын байытып кетти. Он симфониялык, алты вокалдык-симфониялык чыгармаларды, къптъгън ырларды, романстарды, хорлорду, аспаптык пьесаларды жана ансамблдерди мурас кылып калтырды. Булардан сырткары «Ким кантти» музыкалуу комедиясын (А.Малдыбаев, А.Аманбаев, М.Абдраев менен биргелешип)

«Жапалак Жатпасов», «Курманбек» драмаларына, «Советская Киргизия» кинофильмине музыка жазат. Ошондой болсо да Аскардын чыгармачылыгынын негизин симфониялык музыка ээлейт. Композитор 1947-1960-жылдардын аралыгында симфониялык музыкабыздын жаёы баракчаларын ачкан «Майрамдык увертюра», «Лирикалык обон», «Рапсодия», «Тянь-Шань эскиздери» деген симфониялык с\ръттъмън\, «Майрамдык ж\р\ш», «Баатырдык поема» аттуу чыгармаларды Скрипка менен оркестр \ч\н концерттерди жазат. Булардын бардыгы угуучулар тарабынан жаёы табылга, жаркын маёыздагы чыгарма катары кабыл алынат. Автордун «Баатырдык» поемасы аталган чыгармаларынан алган темасы, айтайын деген ою, эпикалуулугу, элдикт\\л\г\ менен айырмаланат. Поэманын негизги мазмуну элдик баатырдык к\ръш\, улуу жеёишке жеткен к\ч\ баяндалат.

Таланту композитор Аскар Т\лъев Орто Азия Жана Казакстан композиторлорунун ичинен алгачкы жолу ъз\н\н биринчи симфониясын жазат. Бул кыргыз гана эмес, бир тууган казак, т\ркмън, ъзбек, тажик музыкалык маданиятындагы чоё окуя катары кабыл алынат.

1961-жылы Аскар Т\лъев ъз\н\н търт бъл\мд\\ симфониясын жазат. Анын биринчи бъл\м\ драмалык, экинчиси лирикалык, \ч\нч\с\ шайыр, шаёдуу, скерцо, търт\нч\с\ салтанаттуу финал. Симфония баатырдык к\ръшт\ улуу жеёишти даётаган киришме менен башталат. Ал чыгарманын бардык бъл\мдър\нъ Кызыл сызыктай ътът(№ 44)

Симфониянын биринчи бъл\г\ (Аллегро Си минор) сонаталык формада жазылган. Анын музыкасы баатырдык менен драматизмге жык толгон. Башка тема марш т\р\ндъ келип, ж\р\ш ырларынын ыргактарын эске салат (№ 45)

Симфониянын экинчи бъл\г\ (Аданте Ре мажор) кыргыз жеринин сулуулугун с\ръттъгън токтоо, лирикалык м\нъздъг\ ж\р\штъ баяндалат.

Симфониянын \ч\нч\ бъл\м\ Соль мажордо \ч бъл\мд\\ формада жазылган. Анын ъзъг\нъ композитор обончу А.Бердибаевдин «Т\ш\мдъ» аттуу ырын алат.


Ортоёку трио (Аллегретто) бъл\г\ вариация т\р\ндъ ън\гът да ырчылардын алым сабак айтышын эске салат. Ал эми скерцонун репризасы алгачкы образды кайрадан кайталайт. Симфониянын финалы (маэстозо фа мажордо) соната формасында жазылган. Ал баатырдык кеёири ън\ккън башкы тема менен башталат. Анын негизинде Мураталы К\рънкеевдин аткаруусундагы «Чайкама» к\\с\ алынган.

Композитор «Атай» аттуу экинчи саимфонисын атактуу комузчу, айтылуу обончу, ырчы Атай Огомбаевдин ъм\р жолуна арнаган. Автордун симфониясы търт бъл\мдън турат. Алардын ар бирине программалуу ат берилген.



7-лекция

Мукаш Абдраев 1920-жылы 5-майда Сокулук районундагы Киров атындагы совхоздо туулган. Мукаш экиге чыкканда эне-атадан томолой жетим калат да, таякеси Шаршен Термечиковдун тарбиясында ъсът. 1931-жылы эл куудулу Шаршен театрга иштъъгъ келет. Мукаш да Таякеси менен шаарга келип, музыкалык техникумдун скрипка классынан А.И Конопкодон окуйт. Эки жылдан кийин 1935-жылдын сентябрь айынан баштап Москвадагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайынын скрипка классында окуйт. 1940-жылы болсо Мукаш ъз\н\н калемдештери менен А.Аманбаев, А. Т\лъев менен Москва консерваториясынын улуттук студиясынын фольклор кафедрасына которулат. Ал бир жыл окугандан кийин согуштун айынан окуусун таштап, Фрунзеге келет. Мукаш М.Баетовдун агитбригадасына кошулуп, шефтик концерт бер\\гъ катышат. 1944-жылы Мукаш Москва консерваториясынын теория-композиция бъл\м\нъ кирип, В.Ференин классынан окуйт. Ал гармониядан И.Способинден, полифониядан С.Богатырев, С.Скребковдон, композициядан В.Фере менен С.Василенкодон окуйт. 1950-жылы Абдраев кыргыздардын ичинен биринчи жолу жогорку композитордук билимге ээ болот. Ал 1950-58-жылдары М.К\рънкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында педагог болуп иштейт. Мукаш жаштарды окутуу менен бирге чыгармачылыкка да ъзгъчъ къё\л бълът. Ал ырдан операга чейинки жанрлардын бардыгында к\ч\н сынайт. Ал капелла хорунун баштоочусу жана негиз салуучусу болот. М.Абдраев кыргыз композиторлорунун ичинен биринчи жолу ъз алдынча «Жаш ж\ръктър» аттуу операсын жазат. Либреттосу акын-жазуучу Н.Байтемировдуку. ал 1953-жылы опера жана балет театрына коюлат. Бул операнын негизги окуясы кыргыз айылынын азыркы турмушунан алынган. Анда канал курушкан айылдык жаштардын турмушу баяндалат. Операнын башкы каармандары Акмат менен Айнажандын асыл сезими, ж\рък сыры къркъм берилген (№39,38). Экъъ теё эмгектин алдынкылары. Алардын къргън к\н\, ичкен суусу эл менен ътът. Операдагы ариялар, ариозолор, бийлер, хорлор, симфониялык с\ръттъмълър окуянын мазмунуна жараша ън\г\п, ъърч\п отурат.


Композитор Таштан Эрматов (1928) да фортепиано \ч\н алты прелюдия, сегиз вариация, \ч бъл\мд\\ фортепиано \ч\н соната ъёд\\ ж.б. аспаптык чыгармаларды жазат. Кыргыздын аспаптык музыкасынын ън\г\ш\нъ Ленинград консерваториясын б\т\ргън жаш композитор Герман Окунев да ъз \л\ш\н кошот. Ал ъз\н\н чыгармачылыгын элдик к\\лърд\ фортепиано \ч\н иштеп чыгуудан баштайт. Маселен, ар кыл м\нъздъг\ ар кандай ж\р\штъг\ «Ботой», «Карагул», «Кер-ъзън» аттуу ж.б к\\лърд\н негизинде фортепиано \ч\н прелюдиянын т\рмъктър\н, Эл аспаптар оркестри \ч\н алты к\\дън турган «Кыргыз аквареллдери»деген чакан сонатаны жазат. Ал оркестрдин т\бъл\кт\\ репертуарына айланат.

1965- жылдын 9-мартында М.Абдраевдин элдик дастандын негизинде жазган «Олжобай менен Кишимжан» (либреттосу Э. Турсунов менен А.Жакыпбековдуку) аттуу операсында Олжобай менен Кишимжандын армандуу махабаты баяндалат. Операнын кълъмд\\ увертюрасы негизинен Олжобай менен Кишимжандын темасынын тегерегинде жазылган (№62). Бул тема эки жаштын дуетинде вокалдык партияга ътът да, кийин трагедиялуу м\нъзгъ ээ болот. Терс карман Кудакенин темасы къбъйт\лгън \ч \нд\к аркылуу кыска, жагымсыз обондо сыпатталат. (№63)

Операнын биринчи кър\н\ш\ «Жаштар ыры» менен башталат. Ал хор \ч бъл\мд\\ формада ля минордо жазылган.
Олжобай менен Кишимжандын дуети кър\\ч\лър тарабынан жакшы кабыл алынат. Композитор операны жазууда элдик оюндарга, обондорго, к\\лъргъ кайрылган. Маселен, элдик оюндар «Ак чълмък», «Селкинчек» Олжобай менен Кишимжандын дуетине «К\к\к» аттуу элдик ырды ътъ устаттыкта пайдаланган. Операда бий къп. Алардын ичинен «Уйгур бийи» коюулушу, музыкасы жагынан жаёычылдыгы менен айырмаланат. Булар кър\\ч\лър тарабынан жаёылык катары кабыл алынат. Композитордун операсында жетишкендиктер менен кемчиликтер да бар эле. Арийне, айрым номерлер узакка созулуп с\йръл\п калган. Операнын либреттосу да ойдогудай жазылган эмес. Ошол себептен ал сахнадан алынат.

8-лекция

Композитро Алтынбек Жаныбеков (1934) негизги чыгармачылыгын симфониялык музыкага арнаган. Автор ъз\н\н биринчи «Токтогул Сатылгановго эстелик» аттуу (1967) симфониясында улуу демократ акындын образын бер\\гъ аракеттенген, композитор бул симфониясында Токтогулдун обондорун, к\\лър\н кеёири пайдаланат да, алар аркылуу акындын ъм\р\н башынан ъткъргън турмушун баяндайт.

Азыркы профессионалдык музыкабыздын б\тк\л союздук, кала берсе чет ълкъл\к угуучуларга, кър\\ч\лъргъ тарашы Калый Молдобасановдун ысымы менен байланышкан. Ал 1929-жылдын 28-сентябрында Ак –талаа районундагы Терек (азыркы Калинин) айылында туулат. Калый 12 жашынан баштап, П.Шубин жетектеген Эл аспаптар оркестринде иштейт. Бир эле мезгилде (1945) борбор шаарыбыздагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын скрипка Жана дирижерлоо классынан Р.Г.Мироновичтен сабак алат. 1950-жылы Калый анны артыкчылык диплому менен б\т\рът да, Москва консерваториясынын II курсуна кабыл алынат. Ал дирижерлоо классынан профессор Л.Гинзбургдан окуйт. 1954-жылы Молдобасанов консерваторияны ийгиликт\\ б\т\рът да, опера жана балет театрында дирижер, 1966-73- жылдары анын башкы дирижеру болуп иштейт. Ал бул жылдары театрдын ъзд\к репертуарын байытуу, жаш атристтердин чеберчиликтерин кътър\\ боюнча къп чыгармачлылык к\ч жумшайт. Калый дирижерлук менен бирге М.К\рънкеев атындагы музыкалык окуу жайында, кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда композициядан сабак берет. Ошону менен бирге К.Молдобасанов профессор М. Абдраевдин композиция классынан окуп, аны ийгиликт\\ б\т\рът. 1978-жылы доцент, кийинчерээк профессор наамын алат.

1960-жылы театрга Молдобасановдун Г.Окунев менен жазган «Куйручук» аттуу комедия-балети коюлат (Либреттосу Н.Т\тъловдуку). Бул кыргыздын биринчи комедия-балетинин башкы карманы Эл куудулу, чечен, Кйручук (Кудайберген) Ъм\рзак уулу (1866-1940). Ал жумгалдын Кызыл Туу айылынан чыккан. Теги кедей. Куйручук айтылуу куудулдар Жоошбайдын, Карачунактын, Бекназардын, Шаршендин, Саручуктун ж.б ънърлър\н улаган жана ън\кт\ргън. Ал байлар менен манаптардын, эшендер менен молдолордун элдешпес душманы болгон.

Кыргыз ССРинин Эл артисти, республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. 1944-жылы айылдык жети жылдык мектепти б\т\ргъндън кийин фироамониянын Эл аспаптар оркестринде иштейт. 1945-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын дирижерлоо калссынан Р.Мироновичтен сабак алат. Анны б\тъър\ менен Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваториядан окуусун улантат. 1956-жылы ал консерваториянын дирижерлъъ классын профессор П.Чугуновдон б\т\рът да, 1956-61-жылдары Эл аспаптар оркестринде дирижер, кийин башкы дирижер болуп иштейт.
Композитордун кър\\ч\лър тарабынан жакшы кабыл алынган чыгармасынын бири – «Аста секин колукту» аттуу музыкалык комедиясы. Ал 1970-жылы театрга коюлат. Автордун \ч къшъгъдън, търт с\ръттън турган бул комедиссында жаштардын турмушу, эскинин калдыктары сындалат. Анын башкы каармандары Маркабай молдо, анын байбичеси Барсана, алардын уулу Саламат, студенттер Г\лмира, Жоробек, къпкълъё кыз, колхозчу Сапарбай, Маркабайдын жээни Зияда. Булардан сырткары жаштар, студенттер ж.б. катышат. Окуя биздин к\ндърдъ ътът. Автор ар бир каармандын кулк-м\нъз\нъ, ж\р\м-турумуна жараша музыкалык м\нъздъмъ тапкан. Арийне, комедия обондорго бай, айрым вокалдык партиялар куйкумдуу, курч, кээси лирикалык жумшак м\нъздъ жазылган. Комедиянын симфониялык кириш\\с\ндъ Сапарбайдын, айылдык жаштардын шайыр, шаёдуу лейтмотиви жаёырат(№ 68). Ал мажордук ладда, квадраттык т\з\л\штъ, шаёдуу, ылдам ж\р\штъ жазылып, биринчи кър\н\штъг\ Маркабайдын темасына контрасттуу келет.1975- жылдын жаз айында опера жана балет театры Улуу Жеёиштин 30 жылдыгына карата даёазалуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» аттуу повестинин негизинде жазылган композитор К. Молдобасановдун «Саманчынын жолу» деген балет – операсын коет. б\тк\л адамзаттын т\бъл\кт\\ проблемаларына айланган жер, эмгек, махабат, эне, интеллект, гуманизм, адамгерчилик, м\шк\лд\\ согуш жън\ндъг\ «Саманчынын жолу» повестинин либреттосун жазууда М. Ахунбаев менен М.Баялинов накта чыгармачылыкта эмгектенишкен.Натыйжада залкар жазуучунун повестиндеги башкы карман Толгонайдын, Жер-Эненин образдарын толук бойдон балет ораторияда бер\\гъ жетишкен.

1976-жылы театр ънър\ боюнча «Саманчынын жолу» ораториясынын автору К.Молдобасанов, балетмейстер-коюучу У.Сарбагышев, Толгонайдын ролун аткаруучулар Р.Чокоева менен А.Токомбаева СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болушат. Мунун ъз\ кыргыз совет музыкасынын жана театр ънър\н\н тарыхындагы чоё жеёиш эле. Автордун «Саманчынын жолу» балет-ораториясы аз гана мезгилдин ичинде киевде, Одессада, Болгарияда, Чехословакияда ийгиликт\\ коюлган.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет