Солженицын А. И



бет10/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

Шуховдун бүгүн алар менен иши жок. Мына Цезарь эки вагонка ортосунан чыга калып, өз жагына кирип кетти.

- Рахмат, Иван Денисыч!

Шухов башын ийкеп, тыйын чычкандай үстүнө тез чыгып кетти. Эми эки жүз граммды жеп бүтүрсө болот, же экинчи тамекини чеге бер, же уктай бер.

Жакшы күн өткөргөндөн Шуховдун көңүлү жайдары, уйкусу деле келбегендей.

Төшөгүн жазганы Шуховго жөнөкөй иш: карайган жуурканды матрастан сыйрып, матраска жатасың (шейшепке Шухов кырк биринчи жылы үйүнөн кеткенден бери жата элек; азыр таңкалат, аялдар шейшеп менен эмне мынча алектенишет, ашыкча кир жуушуп), башын – жыгач кырындыдан жаздыкка, буттарын – күрмө тонго, жууркан үстүнөн – бушлат; эми: Кудайга шүгүр, дагы бир күн өттү!

Карцерде уктабаганыма рахмат, бул жерде эптеп жан багарбыз.

Шухов терезени карай жатты, Алешка болсо ошол эле вагонкада тактай кырынын нары жагында, - лампочкадан жарык келиш үчүн башы менен ошол тетири жакты карап жатат. Кайра Инжилине үңүлгөн.

Шухов Кудайга тобо дегенин Алешка угуп калып, бери карады.

- Мынакей, Иван Денисович, сиздин дилиңиз Кудайга сыйынууга талпынып атпайбы. Неге ушул өзүңүзгө салган ооздукту чечпей жүрөсүз, ыя?

Кыйшая карады Шухов Алешканы. Көздөрү эки шамдай жанат тигинин. Үшкүрдү.

- Анткени, Алешка, кудайга кайрылганым жанагы берген арыздарга окшоп, же дарегине жетпейт, же «сурамы орундатылбайт».

Штаб барактын алдында ушундай төрт кутуча бар, мөөр басып жабылган, айына бир жолу аларды опер бошотуп алып кетет. Көп адамдар ошол кутучаларга арыздарын ташташат. Күтүшөт, убакыт санашат: мына эки айдан кийин, мына бир айдан кийин жооп келет деп.

Жообу болсо жок. Же: «орундатылбайт».

- Иван Денисыч, сиз аз, дилиңизди койбой кайрылган үчүн Кудай Сиздин тилегиңизди орундатпай жүрөт да. Сыйынып кайрылганыңыз тынымсыз болушу керек! Эгерде ишинимиңиз артып, тоого - жылгын!- десеңиз, ал жылып кетет.

Күлүмсүрөп койду Шухов, дагы бир тамекисин ороду. Эстондуктан түтөтүп алды.

- Сен, Алешка, токтотчу жөн сүйлөй бергенди. Тоолор жылганын көргөн эмесмин. Бирок ошол тоолордун өзүн да көрө элекмин. Мына силер Кавказда баптисттик клуб болуп сыйынып жүрдүңөр – бир тоо жылдыбы деги?

Бу азап жегирлер: Кудайга сыйынып, кимдин жолун торошту билбейм? Бардыгына бирдей жыйырма беш жыл беришти. Анткени азыркы тапта бардыгына ушундай: жыйырма беш, бир ченем.

- А биз антип сыйынбайбыз, Денисыч, - Алешка түшүндүрүп атат. Өзүнүн инжили менен Шухов тарапка ооп келди, бетме бет. – Бу жалган дүйнөдө Кудай Таала күнүнкү наның жөнүндө гана сурап сыйынууну айткан: «Күнүңкү нанымды мага бере көр!» деп.

- Пайканыбы? – сурады Шухов.

Алешка болсо сөзүнөн мурда көздөрү менен көбүрөөк көндүргүсү бар, колунан кармалап, акырын сылап айтып атат:

- Иван Денисыч! Жөнөтмө келсин же баланданын ашыкча порциясы тийип калсын деп кайрылбаш керек. Адам жогору койгону, Кудай алдында ыплас! Руханий дүйнө тууралуу сыйыныш керек: Кудай Таала биздин жүрөктөн кайнаган заарыбызды алып турсун деп…

- Андан көрө бери укчу. Бизде поломнялык чиркөөдө поп…

- Ошол поп жөнүндө – кереги жок! – Алешка суранат, көөнү ооругандан чекесин тырыштырып жиберди.

- Жок, сен баары бир угуп көр. – Шухов чыканактап турду.- Поломняда, ошол тегеректе, поптон бай киши жок. Мисалы, айталы, чатыр жапканы чакырса, элден күнүгө отуз беш сомдон алчубуз, поптон болсо – жүз сом. Кабагым кашым дебей берчү. Ал, поломнялык поп, үч шаарда үч аялына алимент төлөчү, төртүнчү аялы менен жашайт. Облустук архиерей анын колунда, биздин поп архиерейге ченебей берет окшойт. Бардык башка попторго, эгерде аларды биз тарапка жиберсе, жашоо көрсөтпөйт, эч ким менен бөлүшкүсү келбейт…

- Неге сен мага поп жөнүндө айтып атасың? Андай чиркөөлөр инжилден алыстап кетишкен. Аларды камакка алышпайт же беш эле жыл беришет, анткени алардын ишеними бекем эмес.

Шухов камырабай, тамеки тартып, Алешканын толкунданып сүйлөп атканын карап турду.

- Алеша, - анын колун нары алып, бетине тамеки түтөтүп жиберди. – Мен, билесиңби, Кудайга каршы эмесмин. Кудайга мен жан дилим менен ишенем. Бирок жанагы бейиш менен азап дегениңерге ишенбейм. Силер неге бизди келесоо көрүп, бейиш менен азапты айтасыңар? Ушунуңар жакпайт мага.

Шухов аркасынан жатып алып, тамекинин күлүн вагонка менен терезенин ортосуна, кавторангдын буюмдарын тешип күйгүзүп албагыдай кылып этият түшүрүп коюп жатты. Ойго чөмүлүп, Алешка эмне деп атканын уккан жок.

- Иши кылып, - чечти ал, - канча чокунба, мөөнөт кыскарбайт. Башынан аягына чейин отуруп бүтөсүң.

- Ал жөнүндө сурабаш да керек! – чоочуду Алешка. – Эркиндиктин сага не кереги бар? Ал жакта сенин кымындай ишенимиң ар нерсенин алдында калып, өчөт! Сен түрмөдө болгонуңа сүйүнгүн! Бул жерде өз жаның жөнүндө ойлонууга убакыт болот! Апостол Павел мындай деген: «Неге ыйлайсыңар жүрөгүмдү оорутуп? Мен камакка алынмак түгүл, Иса пайгамбар үчүн жанымды берүүгө даярмын!»

Унчукпай төбөнү карап жатты Шухов. Өзү да түшүнбөй калды, эркиндикти самайбы же жокпу. Башында өтө самап, ар кеч сайын саначу, мөөнөттөн канча күн өттү, канчасы калды. Кийин тажап кетти. Андан кийинчирээк угуп калды, бошогондор үйгө кетпей, куугунга айдалат имиш. Анан жашоосу кай жерде жакшы болот – бул жердеби, тигил жактабы – алдын ала билбейсиң.

Бир гана нерсени - үйгө жетүүнү Кудайдан сурайт эле.

Үйгө болсо коё беришпейт…

Алдаган жок Алешка, үнү менен көздөрү айтып турат, түрмөдө отурганын сүймөнчүлүк менен кабыл алат.

- Көрдүңбү, Алешка, - Шухов түшүндүрүп кирди, - сеники бардыгы орду-орду менен болуп келатат: Христос сага отур деп буйрудубу, Христос үчүн отурдуң. А мен неге үчүн отурдум? Кырк биринчи жылы согушка даярданбай калыптырбыз, ошон үчүнбү? А менде не күнөө?

- Экинчи текшерүүсү жокко… - деп күңкүлдөдү Кильдигс өзүнүн койкасынан.

- И-и де! – кайтарды Шухов. – Экинчи текшерүү болгон жок деп морго көмүр менен жазып койсокпу. – Оозун ачып эстеп: - Укташ керек окшойт.

Ошол мезгилде тынчып магдырап бараткан баракта тышкы эшиктеги болттун карсылдап буралганы угулду. Коридордон чокой алып кеткен экөө чуркап кирип жар салышты:

- Экинчи текшерүү!

Алардын аркасынан сакчы да:

- Чыккыла наркы тарапка!

Айрымы уктап да калышкан эле! Кыймылга келип, күңкүлдөшүп, буттарына чокойлорун кийип башташты (кальсон сейрек кимде бар, кебез шым боюнча уктай беришет – аны чечип койсоң жууркан алдында жата албай селейип каласың).

- Тьфу, каргыш тийгирлер! - сөктү Шухов. Бирок анчалык деле ачуусу келген эмес, анткени уктай элек болчу.

Цезарь колун өөдө карай сунуп эки печений, эки кичине кант жана бир тегерек кесим колбаса берди.

- Ырахмат, Цезарь Маркович, - Шухов ылдыйга башын салды. – Кана, баштыкчаны өөдө менин баш жагыма бергиле, сак болот. (Жогору жактан колду салып тез алып кете албайсың, анан да Шуховдун төшөгүнөн ким издемек эле?)

Цезарь Шуховго өзүнүн байланган ак баштыкчасын бере салды. Шухов аны матрас алдына коюуп, дагы күтүп турду көбүрөөк эл чыккыча, коридордун полунда жылаңайлак азыраак туруш үчүн.

Бирок сакчы арсылдады:

- Эй, сен! бурчтагы!

Шухов полго жылаңайлак буту менен жумшак секирди (чокоюу чулгоолору менен меште сонун орунду ээлеп турган – алгысы келген жок). Канча тапичке башкаларга тигип берди, өзүнө бирин калтырбаптыр. Эчтеке эмес, көнүмүш иш, көпкө чейин турбайбыз.

Тапичкелерди да күндүз таап алса, тартып алышат.

Кайсы бригадалар чокойлорун кургатканы берген болсо – алар да, кимиси тапичкечен, кимиси чулгоо ороп алган же жылаңайлак.

- Бол! Бол! – ырылдайт сакчы.

- Таяк жейсиңер, акмактар! – барак башы да бул жерде.

Бардыгын барактын тигил бөлүгүнө кубалап чыгышты, акыркылары – коридордо. Шухов ушул жерге дубалга, бейшептеген жерге жакын турду. Жер нымыраак бут алдында, кире бериштен ылдыйтан муздак тартып турат.

Бардыгын кубалап чыгышты – андан кийин сакчы менен барак башы дагы бир жолу карап чыкканы кетишти – эч ким жашынып калган жокпу, караңгы бир кычыкта уктап жаткан жокпу. Анткени, саны жетпей калса – бир балакет, саны ашып кетсе да – бир балакет, кайра бардыгын санап чыгыш керек. Карап, карап чыгышты, эшиктерге келди.

- Биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү…- эми бачым бирден киргизип баштады. Он сегизинчи болуп Шухов сыгылып кирип келди. Өз вагонкасына чуркап барып, бутун тиремеге коюп – шып этип! үстүнө чыгып кетти.

Жакшы. Буттарды эми күрмө тондун жеңине салып, үстүбүздөн жууркан, анын үстүнөн бушлат, уктадык! Эми барактын тигил бөлүгүн биз тарапка киргизишет, биз болсо кам санабайбыз.

Цезарь кайтып келди. Шухов ага баштыгын түшүрүп берди.

Алешка кайтып келди. Оокатка бышык эмес ушул, баарына жагынып, өзү болсо иштеп тапканды билбейт.

- Ме, Алешка! – өзүнүн печенийин берди. Күлүмсүрөдү Алешка.

- Ырахмат! Сиздин өзүңүздүкү жок да!

- Же-ей бер!

Бизде жок болгону менен биз иштеп таап алабыз.

Өзү болсо колбасанын кесилгенин – оозуна! Тиштери менен аны эзгилеп! Тиштери менен! Эттин даамы! Ширеси да чыныгы эттики. Тигил жака, ичке кетти.

Бир аздан кийин – жок колбаса.

Калганын тизилээр алдында аймаш керек деп чечти Шухов.

Анан башын көмдүрө илбирек, жуулбаган жуурканды жамынып, тигил жактагы зэктер вагонка ортолоруна шыкалып киришип, качан тигил тарапты санап бүтөрүн күтүп турушканын тыңшап уккан да жок.

Шухов көңүлү ток уктап баратты. Бүгүн көп жерден жолу болду: карцерге отургузган жок, Соцгородокко бригаданы айдашкан жок, түшкү тамакта бир чөйчөк ашыкча ботко жеди, бригадир процентовканы жакшы жапты, дубалды Шухов көңүлү менен койду, темир аранын сыныгы менен тинтмеде кармалган жок, кечинде Цезардан иштеп тапты жана тамеки сатып алды. Анан дагы ооруп калган жок, чыдады.

Эч бир капасыз, дээрлик бактылуудай күн өттү.

Ушундай күндөр анын мөөнөтүндө башынан аягына чейин үч миң алты жүз элүү үч күн болгон.



Дагы төрт жыл сайын бир күн кошулуп тургандыктан – ашыкча үч күн үстүнө кошулчу…


© Солженицын А.И.

© Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2009. Бардык укуктар корголгон




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет