Солженицын А. И



бет9/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

Бирок аны көпкө карап турууга Шуховдун убакыты жок. Тамактанып бүтүп, кашыгын жалап-жулап чокоюна салды, шапкесин матыра кийип, турду, пайкаларды – өзүнүкүн жана Цезардыкын алып, чыгып кетти. Ашканадан чыгуу башка жагынан, ал жакта да эки дневальный турат, алардын иши болгону ушул - илгичти көтөрүп, элди чыгаруу жана илгичти кайра илип коюу.

Шуховдун курсагы ток, өзүнө алымсынып чыгып, мындай деп чечти: жатаарга чакыруу маалы келейин деп калса да, латышка баары бир барыш керек. Өзүнүн тогузунчу барагына кирип нанды таштабастан, кадамын арыштап жетинчи барак тарапка басты.

Ай бийик турат, тап-таза, аппак, асманга кесип тагып койгондой. Асман ачык. Жылдыздар жымыңдайт ар жерде. Бирок асманды да караганга Шуховдун убакыты жок. Бул тууралуу бир нерсени гана түшүнүп келатты ал – суук өзүнүкүн коё берген жок. Боштондогулар айтыптыр: кечинде отуз градус, таңга маал – кыркка чейин күтүлөт имиш.

Тээ алыста айылдагы трактордун тартылдап атканы, андан четкерээк шосседе экскаватордун мезгил-мезгили менен чайылдаганы угулуп турду. Лагерде басып же чуркап жүргөндөрдүн чокойлору кычыр-кычыр этет.

Шамал урган жок.

Колдун тамекисин Шухов мурдагыдай сатып алат, - стаканы бир сом, боштондукта мындай стакан болсо үч сом турат, сорту боюнча андан да кымбат. Лагерде баалардын бардыгы өзүнүкү, башкага окшош эмес, анткени акча кармоого бул жерде болбойт, ал сейрек кимде бар жана өтө кымбат бааланат. Бул жерде иштеген үчүн бир тыйын төлөшпөйт (Усть-Ижмада Шухов айына отуз сом болсо да алчу). Эгерде кимге туугандары почта менен салып жиберсе, ал акчаны колго берчү эмес, өздүк эсепке жазып коюшчу. Өздүк эсептен айына бир жолу дүкөнчөдөн арак самын, чириген пряник, «Прима» сигаретин сатып алууга болот. Жактырасыңбы товарды, жактырбайсыңбы – начальникке канча сомго арыз жазсаң, ошончого сатып аласың. Сатып албасаң – акча баары бир жок болот, жокко чыгарылат.

Шуховго акча жеке жумушунан гана келчү: берген чүпүрөктөн тапичке тигип берсе – эки сом, күрмө тонду жамап берсе - сүйлөшкөндөй төлөп беришет.

Жетинчи барак тогузунчудай экиге бөлүнгөн эмес. Жетинчи баракта узун коридор, анда он эшик бар, ар бир бөлмөдө бир бригада, жети вагонка коюлган. Дагы даараткана кабинасы бар, барак башчынын кабинасы. Сүрөтчүлөр да кабинада жашашат.

Шухов латыш жашаган бөлмөгө кирди. Латыш ылдыйкы нарада жатат, бутун өөдөкү тактайга коюп алган, коңшусу менен латышча булдурактап атышат.

Отуруп калды Шухов алар менен. Учурашты. Тигил алигин айтты, бутун түшүрбөй. Бөлмө болсо кичинекей, бардыгы тыңшап калышат – ким келди, эмнеге келди дегенсип. Буну экөө тең түшүнөт, ошондуктан Шухов шашпастан кеп баштады: И-и, иштер кандай, жакшыбы? Болуп атат. Суук бүгүн. Ооба.

Бардыгы кайра кужулдашып киргенче күтүп турду Шухов (Кореядагы согуш тууралуу талаш: кытайлар болушуп киргендиктен дүйнөлүк согуш болобу, жокпу), латышка эңкейди:

- Колдун тамекиси барбы?

- Бар.


- Көрсөтчү.

Латыш бутун тактайдан алып, жерге койду, көтөрүлдү. Сараң бул латыш, стаканга салганда – бир ором тамекиге ашык салып коёмбу деп калчылдай берет.

Көрсөттү Шуховго тамеки салгычын, ачып берди.

Шухов алаканга бир чымчым алып, көрдү: ошол экен, мурда алганындай, жыттуу да, кесилгени ошондой. Мурдуна алып жыттап көрдү – ошол. Латышка болсо сүйлөдү:

- Ал эмес ко.

- Ошол! Ошол! – зиркилдеди латыш. – Менде башка сорт жок, ушул гана болот дайыма.

- Мейли, - деди Шухов, - сен мага стаканга уруп берчи, мен бирди тартайын, экинчисин да аламбы, көрөбүз.

Уруп берчи дегени тигил зыкымдап эптеп толтуруп салат.

Жаздыктын алдынан латыш башка, томпойгон тамеки салгычын жана тумбочкасынан стаканды алып чыкты. Стаканы пластмасстан болсо да, берки кырдалган стаканга тең, Шухов ченеген аны. Салып атат.

- Сен басып салсаң, эй, басып салсаң! – Шухов өз бармагы менен чукуду.

- Өзүм билем! – ачуусу менен латыш стаканды жулкуйт, анан өзү бастырымыш этти, бирок жеңил-желпи. Дагы үстүнө сала түштү.

Ошол эле учурда Шухов күрмө тондун жибин чечип, ичтеги кебезинен өзүнө гана билинген кагазды сыйпалап тапты. Эки колу менен кебезден түрткүлөп, түрткүлөп такыр эле башка жеринен айрылган, эки жип менен эптеп тигилген жыртыкка жылыштырды. Жыртыкка жеткирип, жиптерди тырмагы менен үздү, кагазды узунунан жазды (ансыз да узунураак бүктөлүптүр) жана жыртыктан алып чыкты. Эки сом. Эскирген, кырсылдабайт.

Бөлмөдө болсо болушунча бакырып атышат:

- Аяп ко-ёт силерди кара мурут абаңар! Аның бир тууганга ишенбейт, силерге окшогон далдырларга эмес!

Бул лагерде эмнеси жакшы – ээн эркин сүйлөй бересиң. Усть-Ижмада шыбырап «боштондукта шереңке жок экен» деп койсоң, сени камап, эки он жылды мойнуңа илет. Бул жерде болсо үстүнкү нарадан каалаганыңды кыйкыра бер – ушакчылар аны жеткиришпейт, оперлер мейли деп тим болушкан.

Бирок бул жерде көп баарлашууга убакыт калбайт…

- Эх, аяп салып атасың, - деп Шухов чайкады башын.

- Ме эми, ме! – тигил бир чымчым кошту үстүнө.

Шухов ички чөнтөгүнөн өзүнүн тамеки салгычын алып чыгып, тамекини стакандан ошого көмкөрүп салды.

- Мейли, - деп чечти ал, биринчи бал тамекисин чуркап жүрүп чеккенди каалабай. – Экинчисин ура бер.

Дагы кыйкыңдашып, экинчи стаканды да салды салгычына, эки сомду берип, латышка башын ийкеп чыгып кетти.

Тышка чыгып, дароо өз жагына шашыла, шашыла жөнөдү. Цезарь жөнөтмөсү менен келгенин калтырбаш керек.

Бирок Цезарь өзүнүн ылдыйкы койкасында жөнөтмөсүн териштирип отуруп калыптыр. Алып келгенин койкасына, тумбочкасына жайып салган, лампанын жарыгы ал жакка тийбейт, Шухов жаткан өөдөкү тактай калкалап, ал жерди караңгылатып турат.

Шухов эңкейип, кавторанг менен Цезардын койкалары ортосуна келди да кечки пайканы сунду:

- Сиздин нан, Цезарь Маркович.

«Не, алдыңарбы?» - деп сураган жок, анткени кезек алып, менин да бир үлүшкө акым бар дегенсип шылтоо айткандай болуп калмак. Ал ансыз деле акысы бар экенин билет. Бирок ал сегиз жыл жалпы иште белин бүгүп жүрсө да тилемчи кейпин кийген эмес – жана барган сайын ушуга бекемделип келатат.

Көзүнө бирок ээ боло алган жок. Анын көздөрү, лагерчинин карчыга көздөрү койкада, тумбочкада жазылган Цезардын жөнөтмөсүн бир паста серп сала койду, кагаздардын чекеси гана ачылган, айрым баштыкчалары буулган болсо да, - ошол көз жүгүрүм менен жана далилдеген жыты менен Шухов билди - Цезарь бул жолу колбаса, коюлтулган сүт, ышталган чоң балык, сало, жыттуу кургатылган нан, печений башка жыты менен, эки кило кант жана каймак май, тамеки, колдун тамекиси, дагы бирдеке, дагы бирдекелерди алыптыр.

Ушунун бардыгын: «Сиздин нан, Цезарь Маркович.» - дегиче түшүнүп койду ал.

Цезарь болсо, чачтары кеткен, бейжай, мас кишидей (азык-түлүк жөнөтмө алган ар киши ушундай болуп калат), нанга колун шилтеди:

- Аны өзүңө ал, Иван Денисыч!

Баланда жана эки жүз грамм нан – бул толук кечки тамагы жана, албетте, Шуховго Цезардын жөнөтмөсүнөн берилген толук үлүшү.

Шухов, кесип салгандай, Цезардын жазылган оокатынан өзүнө эч нерсе күтпөдү. Курулай алкымды ачып алгандан жаман нерсе жок.

Мына төрт жүз грамм нан, анан дагы эки жүз, анан дагы матраста эки жүздөн кем эмес. Жетет ошол. Эки жүздү азыр урдурабыз, эртең таңга маал беш жүз элүүнү, төрт жүздү жумушка алып барсак – жашайбыз! Тигил, матрастагы, жата берсин катылуу. Жакшы дагы, үлгүрүп тигип койгонун – анакей, 75-чиде тумбочкадан согуп кетиптир – сурай бер эми Жогорку Кеңештен!

Кээ бирөөлөр ойлошот: жөнөтмө алган – чандайган чанач, ошондон жулгун! деп. А бирок териштирип келгенде, канчалык жеңил келсе, ошончолук жеңил кетет алардыкы. Айрым учурда, жөнөтмө алаар алдында тигилер өздөрү ашыкча ботко иштеп тапканга жанталашат. Тамеки берчи деп калышат. Сакчыга, бригадирге, - жөнөтмөнү колуңа тапшырган немеге кантип бербейсиң? Жөнөтмөң башка жолу келгенде аны жумалап бербей ит-акмагың чыгарбайбы. Ал эми мына эртең Цезарь продуктунун бардыгын баштыкка салып, тапшыра турган сактоо камерадагы (уурулардан, тинтмелерден сак болот, начальник да ошентип буйруган) каптерго – ошого жакшы бербесең, аның чекесинен оюп, көбүрөөк жеп салат баштыгыңдан. Күн кечке отурат ошол жерде келемиштей болуп, бөтөндөрдүн продуктусун кайтарымыш этип, барып текшере бер эмне кылып атканын! Мына Шухов кызмат кылып жардам берди, буга кантип бербейсиң? Мончодо сага жакшыраак ич кийим берип турган немеге – аз болсо да бересиңби? Чач тарачта сакал алгычты сенин жылаңач тизеңе эмес, кагазга сүртүп тейлеген немеге – азбы, көппү бир-эки тамеки бериш керекпи? КВЧда катты унутуп, жоготуп, карабай койбосун үчүн – бериш керекпи? Бир күн иштебей, зонада эс алып уктап жаткың келсе, - догдурга бересиңби? Ал эми сен менен бирге бир тумбочкада тамактанган коңшуга, кавторанг менен Цезардай, - кантип бербейсиң? Ал ар бир үзүмүңдү санап турат да, бул жерде уятсыз да бетинен чыдабай берет.

Ошондуктан бөтөндүн колунда бөлкө чоң көрүнүп, көз арта берсин башкалар, Шухов болсо жашоону түшүнөт, башканын оокатына алкымын ачпайт.

Аңгыча ал бут киймин чечип, үстүнө чыкты, колгаптан темир аранын сыныгын алып чыгып карап көрдү, эртең жакшы таш таап, муну бут кийим тиккенге бычак кылып курчутуш керек экен деп чечти. Эгерде эртең менен жана кечкисин отуруп курчутса, төрт күндө мизи ийри сонун бычак жасаса болот.

Азыр болсо эртең мененкиге чейин аранын сыныгын катыш керек. Өзүнүн тактайында туурасынан кеткен жерде эки тактайдын ортосуна шыкап коюш керек. Азыр ылдыйда кавторанг жок, бетине ыпыр-сыпыр түшпөйт, Шухов жаздалган баш жагынан оор, кырынды эмес таарынды шыкалган матрасын омкоруп, - аранын сыныгын катканы киришти.

Мындай ишин үстүндөгү кошуналары көрдү: Алешка баптист жана наркы беттеги коңшу вагонкада – эки ага-инидей болгон эстондуктар. Бирок Шухов алардан чоочулабайт.

Барактын ичин бойлой Фетюков өттү, ыйдан улутунуп. Үңкүйүп алган. Жарылган ээгинде сүртүндү кан. Чөйчөк талашып, кайра токмок жеген турбайбы. Эч кимди карабай, көз жашын жашырбастан бүт бригаданын жанынан өтүп, үстүгө чыкты, матраска башын чүмкөдү.

Мындай карасаң, аяп кетесиң муну. Мөөнөттүн аягына жетпейт бул кебетеси менен. Өзүн койгонду билбейт.

Ошол тапта кавторанг кирип келди, көңүлү жайдары, казанчасына накта чай көтөрүп келген окшойт. Баракта эки челек чай турат, бирок не деген чай дейсиң аны? Жылуу жана сары түстүү болбогон бирдеме, челектин бууга бышкан жыгачы жана чиригени менен жыттанат. Бул чай жөнөкөй жумушчулар үчүн. Буйновский болсо Цезардан анык чайдан бир ууч казанчага салып, суу кайнаткан жайга барып келген окшойт. Көөнү ток, ылдыйда тумбочкага жайланып атат.

- Шоргологон кайнак сууга колумду күйгүзүбала жаздадым! – мактанып койду.

Тигил ылдыйда Цезарь кагаз жазып, анын үстүнө ар нерсесин коюп атат, Шухов матрасты жапты, көрүп алып дайыны жок бук болбош үчүн. А бирок кайра эле Шуховсуз алардын иши жүрбөйт – көтөрүлдү Цезарь, Шуховго көзүн кысат:

- Денисыч! Жанагы… Он сутканы берчи!

Анысы чакан, бүгүлмө бычакты берчи дегени. Андай Шуховдо бар, аны да тактайга катып жүрөт. Эгерде бармактын ортоңкусун бүксөң, макиси андан да кичирээк болот, а бирок, шумдугуң кургур, беш эли майды кесет. Ошол бычакты Шухов өзү жасаган, тыкандаган жана курчутуп жүрөт.

Алып чыкты бычагын, берди. Цезарь башын ийкеп, ылдыйга чөмдү.

Ошол эле бычак мына – таап берет. Аны сактап жүргөнүң үчүн – карцер. Абийрден качкан, адам сыягы жок неме гана мынтиши мүмкүн: сен бизге колбаса кескени бычакты бергин, сага болсо коколой тикен жок деп.

Эми Цезарь кайра Шуховго бересе болуп калды.

Нан жана бычактарды тыкандап бүтүп, Шухов тамеки салгычын алып чыкты. Карызга сурап чеккениндей бир ууч тамекини алып, наркы беттеги эстонго сунду: ме, ырахмат бергениңе дегенсип.

Эстон оозун чойду жылмайгансып, коңшу-байкесине бирдеке деп күңкүлдөдү, экөө жанагы бир ууч тамекини кагазга орошту – Шуховдун тамекиси кандай, жакшы экенби дегенсип.

Силердикинен жаман эмес, чегип көргүлө! Шухов өзү деле чегип көрмөк, бирок кайсы бир ичтеги сааты менен текшерүүгө аз-аз гана калганын сезип турду. Азыр сакчылар барактан баракка чуркап жүргөн кездери. Тамеки чегиш үчүн азыр коридорго чыгыш керек, Шуховго болсо өзүнүн керебетинде, үстүндө жылуурак көрүндү. Баракта эч бир жылуулук жок, төбөсүнүн бардыгын кыроо баскан. Түнүчүндө калчылдап каласың, бирок азыр чыдагыдай окшойт.

Шухов ушунун бардыгын жасап, эки жүз грамм нандан чекесинен сындырып жеп баштады, өзү болсо ылдыйда кавторанг менен Цезарь чай ичип, сүйлөшүп атканын аргасыздан угуп жатты.

- Алгыла, капитан, алгыла, тартынбагыла! Мынакей ышталган балыктан ооз тийгиле. Колбасадан алгыла.

- Рахмат, алып атам.

- Батонго май сүйкөп жегиле! Москвадагы накта батон!

- Ай-ай-ай, кайсы бир жакта азыр батон чыгарып атканына ишеналбай турам. Билесиңерби, мындай кокустан түшкөн молчулук бир окуяны элестетти көз алдыма. Бир жолу Архангельскиге барып калып…

Барактын жарымында эки жүз адам кыжы-кужу болуп атты, бирок Шухов жатаар маалды билдирип рельске балка урулганын уккансыды. Эч ким аны уккан да жок. Дагы бир нерсени байкады Шухов: Курносенький деген сакчы баракка кирди – чыпыйган жаш бала, бети кызыл. Колунда кагаз жүрөт, ошондуктан жана баскан-турганынан ал тамеки чеккендерди кармаганы эмес жана текшерүүгө чыгарганы эмес, башка бирөөнү издеп келгени билинип турду.

Курносенький кагазды карап, сурады:

- Жүз төртүнчү каерде?

- Бул жерде, - жооп беришти ага. Эстондор папиросту катып, түтүндү желпип жоготушту.

- Бригадир кана?

- И-и? – Тюрин койкадан үн чыгарды, бутун жарым-жартылай ылдыйга түшүрүп.

- Түшүндүрмө кат жазгыла дебеди беле, жаздыңарбы?

- Жазып атат! – Тюрин шек санабастан жооп берди.

- Тапшырыш керек болчу эчак.

- Менде жалаң сабатсыздар, оңой иш эмес. (Бул Цезарь жана кавторанг жөнүндө. Азамат, бригадир, сөздү бирөөдөн сурабай айтат.). Калем жок. Сыя жок.

- Болуш керек.

- Тартып алышат!

- Көрөсүң, бригадир, көп сүйлөсөң – сени да отургузуп салам! – кек сактабай коркутту Курносенький. – Эртең эртең менен тизилээрге чейин түшүндүрмө каттар сакчылар жайында болсун! Уруксат берилбеген буюмдар өздүк буюмдар каптеркасына тапшырылганы көрсөтүлсүн. Түшүндүңбү?

- Түшүндүк.

(«Кавторангды кудай жалгап отургузбайт экен!» - деп ойлоп койду Шухов. Кавторанг өзү эчтеке уккан жок, колбаса жеп жыргап сүйлөшүп атат.)

- Та-ак, эми – деди сакчы. – Ще – үч жүз он бир – сендеби ушул?

- Тизмектен караш керек, - буйтактап жооп берди бригадир.- Бардыгы эсиңе түшөбү, бу ит номурларың? (Убакытты чоюп, Буйновскийди бул түнү сактап, текшергенге чейин калтырып калыштын аракетин жасап атат бригадир.)

- Буйновский – барбы?

- А? Мен! – Шуховдун койкасы алдынан, далдаадан кавторанг үн чыгарды.

Мына ушинтип шамдагай бит таракка дайыма биринчи сыдырылат.

- Сенби? Туура, туура Ще – үч жүз он бир. Камдангын.

- Ка-яка?

- Өзүң билесиң.

Үшкүрдү капитан, жөткүрүндү. Караңгы түндө миноносецтер эскадрасын албуут деңизге чыгарганда, ал мына ушул ылымы жакын маектешүүдөн суук карцерге жөнөгөндөй кыйыналган эмес чыгаар.

- Канча суткага? – ырайы түшүп сурады ал.

- Он. Бол, бол эми батыраак!

Ошол замат дневальныйлар кыйкырышты:

- Текшерүү! Текшерүү! Текшерүүгө чыккыла!

Демек, текшерүүнү жүргүзгөнү келген сакчы баракка кирген экен.

Кылчактады капитан – бушлатты алыш керекпи? Бушлатты баары бир сыйрып салышат, жалаң күрмө тон менен калтырат. Ошол кейпиң менен кете бергин, демек. Волковой унутуп коёбу деп үмүт салды эле капитан (Волковой болсо эч кимге эч нерсени унутпайт), даярданбай отурган, күрмө тонго тамекини да катып алган жок. Колуңа алсаң – болбогон иш, тинтмеде ошол замат тартып алышат.

Ал шапкесин кийгиче Цезарь эки-үч тамекини колуна баары бир карматты.

- Кош калгыла эми, достор, - абдырап, башын 104-бригадага ийкеди кавторанг, анан сакчынын аркасынан жөнөдү.

«Чөкпө», «башың салба» деп артынан кыйкырып калышты балдар, - а башка эмне дейсиң? 104-чү өздөрү салган БУРду, билишет: дубалдары анын таштан, пол цемент, эч кандай терезеси жок, мешти жагышат – дубалдын музу эрип, полдо көлчүк болуп калгыча. Жатаар жериң – жылаңач тактай, тиш тишке тийбейт, бир күнгө – үч жүз грамм нан, баланда болсо – үчүнчү, алтынчы жана тогузунчу күнү берилет.

Он сутка! Бул жердин он сутка карцери, эгерде аны катуу эрежеси менен жана аягына чейин отурсаң, - ден соолуктан өмүр бою ажыраганың. Кургак учукка кабыласың, ооруканалардан чыкпайсың.

Он беш сутка катуу карцерге отургандар – көргө кетишкен эчак.

Баракта жашап жатасыңбы – кудайга тобо деп жүрө бер жана түрмөчүнүн колуна кармалба.

- Кана, чыккыла, үчкө чейин санаймын! – барак башы кыйкырат. – Ким үчкө чейин чыкпаса – номурларды жазып сакчыга берем!

Барак башы – мына үстүбүзгө дагы бир жүзүкара. Мындай карасаң, биз менен кошо баракта камалат, түн түнөйт, а бирок өзүн чоң коёт, эч кимден коркпойт. Тескерисинче, андан бардыгы коркот. Кимди сакчыларга сатып жиберет, кимди өзү тумшуктан нары бир коюп калат. Майып болуп эсептелет, анткени мушташта бир бармагын жулдуруп ийген, кебетеси болсо – урка. Чын эле урка, жазык статьясы боюнча отурган, бирок башка статьялардын арасында элүү сегиз – он төрттү илип коюптур мойнуна, ошондуктан бул лагерге туш келген.

Ал турган иш, кагазга жазып коюп, сакчыга карматат – мына сага эки сутка карцер жумушка чыгуу менен. Чыгуу тарапка шашпай сүйрөлгөн эл, бир убакта жык, жык толуп кетти, үстүнкү койкалардан күңк этип аюга окшоп секирип түшүп, кууш эшикте жүйөлөшөт.

Шухов көптөн тилеген, өзү орогон тамекисин колуна кармап, шамдагай секирип түштү, бутун чокойго салып кетейин дегенде, Цезарды көрүп боору ачыды. Цезардан дагы бир нерсе иштеп табайын деген аракети менен эмес, жөн гана аяп койду: тигил өзүн көтөрүп, чоңмун деп ойлойт, а бирок турмушта эч нерсени түшүнбөйт: жөнөтмөнү алып, аны ачып жайылбай, текшерүүгө чейин тезинен сактоо камерасына алып барыш керек болчу. Курсак тойгузушту – ананкыга деле калтырса болмок. Азыр мына – жөнөтмөнү Цезарь эмне кылмакчы? Текшерүүгө кабың менен чыксаң – күлкүгө калдың! беш жүз адам шылдыңдап күлөт. Бул жерде калтырса – баракка текшерүүдөн биринчи чуркап кирген неме акырын койнуна салып шилтеп кетиши мүмкүн. (Усть-Ижмада закондор мындан да кара мүртөз болчу: ал жактан жумуштан келатып, блатнойлор биринчи киришип, артыңкылар кирип келгиче, тумбочкалардын ичин тазалап кетишчү.)

Көрдү Шухов – алдастап калды Цезарь, тык-мык этет, а бирок кечикти. Сало менен колбасаны койнуна катат – эч болбосо ошолор менен текшерүүгө чыгайын деп, эч болбосо ошолорду сак калтырайын деп.

Аяды Шухов, мынтип үйрөттү:

- Отур, Цезарь Маркович, акыркыга чейин, тигил караңгы жерде үңкүйүп акыркы чекке чейин отура бер. Сакчы дневальныйлар менен койкаларды карап, ар тешиктин барын шимшигенде гана чыккын. Ооруп атам! дейсиң. Мен болсо биринчи чыгам да биринчи кирип кетем. Мына ушундай…

Деп безип кетти.

Башында Шухов эптеп сыгылышып чыкты (оролгон тамекисин бирок абайлап муштумда кармап). Барактын эки бөлүгүнө бир коридордо жана кире бериште алдыга талпынган эч ким жок, айбандай куу немелер зэктер, дубалга эки катар сол жакта жана эки катар оң жакта жабышып турушат – ортодо бир кишилик гана өтмө жер калды: ким келесоо, чыга бергин чилдеге, биз болсо бул жерде туруп турабыз. Ансыз деле күн кечке суукта жүрөбүз, азыр он мүнөт ашыкча суукта кимдин тургусу келет? Андай макоолор жок. Өлсөң бүгүн сен өлгүнүң, а мен эртең көрөйүн!

Башка күндөрү Шухов да дубалга жакын бүрүшүп турат. Азыр болсо кадамын кең таштап, жөн кетпей ырсыйды башкаларга:

- И-и жан бакмалар, эмнеден чоочудуңар? Сибирдин суугун көрө элексиңерби? Чыккыла, бөрүнүн күнүнө жылынабыз! Кел, кел байкеси чоктон, түтөтөлү!

Кире бериштен тамекини түтөтүп, эшиктин алдына чыкты. «Бөрүнүн күнү» - деп Шухов жашаган тарапта тамашалап айды айтар эле.

Бийиктеп калыптыр ай. Дагы ушунча чыкса – төбөсүнө жетет! Асман ачык, көк тартып турат, сейрек жылдыздар жымыңдайт. Каар жылтылдайт, барактардын дубалдары да жарык – фонарлар жарыгын баспайт.

Тээтиги барактын жанында карайган эл жыбырап калыптыр – тизилүүгө чыгып атышат. Тигине башка барактын жанында да. Барактан баракка элдин күбүр-күбүр сүйлөшкөнү эмес, каар гана кыйчылдайт.

Тепкичтерден түшүп, эшиктерге бет маңдай беш адам турду, алардын артынан дагы үчөө. Ошол үчөөнө экинчи бештикти түзүп Шухов кошулуп туруп калды. Нан чайнап, тамеки тиштеп бул жерде туруп турса болот. Тамекиси жакшы экен, калп айткан жок латыш – күчтүү да, жыттуу да.

Акырындап эшиктерден келе баштады, Шуховдун артына эки-үч бештиктер туруп калышты. Эми бияка чыккандар, тигилерге жиндери келет: эмне коридордо тырышып турушат чыкпай? Алар үчүн үшүп турасың бул жерде.

Зэктерден эч кимиси саатты көргөн эмес, сааттын бул жерде эмне кереги бар дейсиң? Зэк билиши керек – качан туруш керек? Тизилээрге канча калды? түшкү тамакка? жатканга канча калды?

Айтышат, кечки текшерүү саат тогузда деп. Бирок эч убакта ал саат тогузда бүтпөйт, экинчи, үчүнчү текшерүү деп жандары тынбайт. Ондон эрте уктабайсың. Саат беште тургузат дешет. Молдаван бүгүн жумуш бүтөөр маалда уктап калганы таң калычтуу эмес. Кай жерде зэк жылынса, ошол жерден уктайт заматта. Жума ичинде укталбаган уйкулар топтолуп, жекшембиде ишке куубаса – барак-барак катар укташат.

Эх, мына чыга бериштен каптап, каптап чыкты зэктер! – барак башы сакчы менен арттарынан үркүтүп койду окшойт! Ошентсин, айбандарды!

- Эмне? – биринчи катардагылар кыйкырды.- Арамзалык оош-кыйыш кылайын дедиңер? Боктон каймак чогулткан немедей эмине турасыңар? Эчак чыксаңар – эчак санап коймок.

Бүт баракты тышка чыгарышты. Баракта төрт жүз адам – бул сексен бештик чыгат. Биринин артынан бири, башында туура бештен, арты мындай эле тизилип калышты.

- Тияктагы, арттагылар, тизилгиле! – барак башы тепкичтен кыйкырды.

Дурайын десе, тизилишпейт шайтандар!

Эшиктен Цезарь чыкты үңкүйүп – оорулумун дегенсип, анын артынан эки дневальный барактын тигил жагынан жана экөө бул жагынан, дагы бирөө аксап чыкты. Ошолор биринчи бештик болуп туруп алышты, ошондо Шухов үчүнчү бештикте болуп калды. Цезарды болсо элдин аягына кубалашты.

Cакчы да чыкты тышка.

- Беш-тен бөлүн! – арттагыларга айкырды, кекиртеги жоон.

- Беш-тен бөлүн! – барак башы да айкырды, кекиртеги андан жоон.

Туруп калышпайт, дурайындар!

Барак башы эшиктин алдынан чыга качып, тигил жакка – сөгүп да, аркадан муштап да!

Бирок ар кимди эмес – көрүп урат. Момундарды гана.

Туруп калышты. Тигил кайтып келди. Сакчы менен бирге:

- Биринчи! Экинчи! Үчүнчү!...

Саналган бештик – баракты көздөй безип кетет. Бүгүн начальник менен эсептешип бүттүк!

Эсептешип бүтмөкпүс, экинчи текшерүү болбосо. Бул бекерпоздордун беттери табактай, жүдөгөн койчудан жаман санашат: койчу окуусун окубаса да, малын айдап бара жатып, жатка билет койлору түгөлбү. А буларды канча үйрөтүшөт, курулай убара.

Өткөн кышта бул лагерде кургатма жайлар жок болчу, бардык бут кийимдер түнкүсүн баракта калчу – ошондо экинчи, үчүнчү, төртүнчү текшерүүгө көчөгө кубалап чыгараар эле. Кийинбей, жуурканга оронушуп чыкчу. Бул жылдан баштап кургатма жай тургузулду, бардыгына эмес, бирок үч күндү биринде ар бир бригадага чокой кургатуу кезеги келет. Эми болсо экинчи жолкусун барактын ичинен санап баштады: бир бөлүгүнөн экинчиге өткөрүп санашат.

Шухов биринчи болбосо да, биринчиден көзүн албай ичке чуркап кирди. Цезардын койкасына чейин чуркап келип, отурду. Чокоюн чечип, мештин жанындагы вагонкага чыкты, ошол жерден чокойлорун мешке койду. Бул жерде – эртерээк орун алыш керек. Анан – кайра артка, Цезардын койкасына. Буттарын жыйып отурат, бир көзү – Цезардын баштыгын төшөктүн башынан суурубагыдай карап турат, экинчи көзү менен – мешке жабалактагандар анын чокойлорун түртүп, жерге түшүрбөсүн деп байкап турат.

- Эй! – кыйкырганга туура келди, - сен!сары! Чокой менен бетке жейсиң! Өзүңкүн кой, башканыкын тийбе!

Чууруп, чууруп кирип атат зэктер баракка. 20-чы бригадага кыйкырышты:

- Тапшыр чокойлорду!

Азыр аларды чокойлору менен барактан чыгарышат, баракты кулпулайт. Анан суранып чуркашат:

- Гражданин начальник! Баракка киргизиңиз!

Сакчылар болсо штабга чогулушат – тактайлары менен бухгалтерияны келиштирет, качып кеттиби ким же бардыгы ордундабы.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет